Азамат, 20 жашта:
– Неля, биринчиден, 2006-жылдын “Супер ырчы айымы” болушуңуз менен куттуктайм. Сурайын дегеним, өзүңүздүн жеке концертиңизди качан бересиз?
– Рахмат. Менин дал ушул күндөрү жеке концертиме даярданып жүргөн кезим. Буюрса, 10-11-мартта Спорт Ордосунда өтмөкчү. Азыр ошол боло турган концертке катуу даярданып жатам.
– Атыңызды Неля деп ким койгон?
– Менин чыныгы атым Неля эмес, Элмира. Неля деп сахнага келгенде гана өзгөртүп алгам. Анткени, Элмира деген менден башка да ырчылар бар эмеспи. Менин аларга окшошпой, жаңы ат менен чыккым келген.
Кызбурак, 16 жашта:
– Мектепте окуп жүргөн кезиңизде эле ырдачу белеңиз?
– Үчүнчү классымдан баштап ырдай баштагам. Чыгармачылык жолго алгач Асел Турдалиева эже алып келгенин буга чейин да айткам. Асел эже менен үч жылга жакын иштегенден кийин андан бөлүнүп кеткем. Ошондо деле өспүрүмдөр арасында өтүүчү ар кандай конкурс, фестивалдарга катышып жүрдүм.
– Эң бактылуу күнүм деп кайсы күнүңүздү эсептейсиз?
– Мен ар бир күнүмдү бактылуу деп эсептейм. Ошентсе да өзүмдү өзгөчө бактылуу сезген учурум сиңдим төрөлгөн күн деп айтсам болот. Сиңдим экөөбүздүн ортобуз 14 жаш. Ал төрөлө электе мен туугандарыбыздын жаш балдарын талаша берчү элем. “Апа, бөбөк төрөп берчи?” деп жанын койчу эмесмин. Анан апам менин тилегимди орундатып, 40 жашында сиңдимди төрөгөн. Азыр ал 10 жашта.
Рыскүл, 16 жашта:
– Өзүңүздүн сырткы келбетиңизди жана ички д&11199;йнөңүздү кантип сүрөттөйт элеңиз?
– Мен өзүмдү жөнөкөй, шайыр, бирөөгө жамандык каалабаган ак көңүлмүн деп айтат элем. А сырткы келбетим өзүңүзгө деле көрүнүп турбайбы. Өзүңүз эле сүрөттөп коюңузчу?!
– Сизге кандай учурлар жагат?
– Мага сахналаштарым менен кошо алыс жактарга гастролго барган жагат. Тамашалашып, күлүп, аябай көңүлдүү барабыз.
Айжамал, 20 жашта:
– Курбуларыңыз барбы? Эң жакын курбуңуз ким?
– Мен азыр классташтарым менен жакшы мамиледемин. Майрамдарда, жакшы күндөрдө жолугушуп, көңүл ачып турабыз. Ал эми эң жакын курбум менин айрым ырларымдын автору, өзүмдүн бөлөм Элиза болчу. Бирок, ал жакында эле Кореяга кеткен. Ошондон бери Элизадай жакын курбу таба элекмин.
Асел, 17 жашта:
– Сизге күйөрмандарыңыздын бири жакшы машина белек кылам десе алат белеңиз?
– Негизи, мен эч кимге көз каранды болбой, бардык нерсеге өзүм жетишкенди каалайм. “Алгандын бермейи бар” дегендей, ал дагы машинасын жөн эле берип койбосо керек. Ошондуктан, мындай белектен мен баш тартсам керек эле.
Айжамал, 16 жашта:
– Неля, үйбүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Атамдын каза болгонуна эки жыл болуп калды. Апам университетте мугалим болуп иштейт. Үйбүлөдө мен үч бир туугандын ортончусумун. Эжем турмушта. Сиңдим болсо мектеп окуучусу.
Айжана, 26 жашта:
– Неля, мен сенин Кубан деген жеке ишкер жигит менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүңөрдөн кабарым бар. Ал эле эмес, экөөңөрдүн ээрчишип жүргөнүңөрдү көрүп биз, кыздар силерге суктанчубуз. Сурайын дегеним, сен Кубан менен каласыңбы же чыгармачылыгыңдын айынан андан кол үзүп калышың мүмкүнбү?
– Сиз билгендей, менин Кубан менен кыз-жигит катары мамиледе жүргөнүмө беш жылдай болуп калды. Бирок, чынын айтсам, акыркы кездери Кубан менин чыгармачылыгыма каршы болуп жатат. Мен Кубандын айынан чыгармачылыгымды, чыгармачылыгымдын айынан Кубанды таштай албайм. Азыр жигитимди аз-аздан көндүрүп жатам. Бара-бара мага ыр, сахна кандай керек экенин түшүнөт болуш керек.
– А эгер такыр эле түшүнбөй койсо эмне кыласың?
– Аны убагында көрө жатарбыз.
Жайнагүл, 15 жашта:
– Чыңгыз Мырзаев менен мамилеңиз кандай? Ал сиздин ырыңыздын клибине кандайча тартылып калды эле?
– Чыңгыз экөөбүздүн ортобузда кесиптештик, достук мамиле бар. Ал эми клипке режиссёрдун сунушу менен гана тартылып калган. Андыктан, эгер Чыңгыздын күйөрманы болсоңуз, менден кызганбай эле койсоңуз болот.
Акылай, 16 жашта:
– Музыкалык билимиңиз барбы?
– Мен болгону шаардагы №7-музыкалык мектептин комуз бөлүмүн бүтүргөм. Мен өзүм гитарага кызыкчумун. Гитара бөлүмүнө өтсөм, агайым “манжаларың кыска экен” деп комузга которуп салган. Кийин билимимди Искусство институтунан улантайын деген тилегим бар болчу. Бирок, бул оюма атам такыр каршы болуп туруп алган. Ошентип, атамдын сөзүн жерге таштай албай, жогорку музыкалык билимге ээ болгон эмесмин. Эми деле кеч эмес. Буюрса, сөзсүз музыкалык билим алам деп ойлойм.
– Популярдуу болуш үчүн сөзсүз музыкалык билим алыш керек деп ойлойсузбу?
– Азыркы ырчылардан көпчүлүгүбүздүн билимибиз жок. Мисалы, Мирбек Атабеков кандай сонун ырдайт, кандай популярдуу, бирок, билими жок. Бирок, эгер билим болбосо, бул популярдуулук убактылуу гана нерсе болуп калат. Кеч болсо да сөзсүз билимге ээ болуш керек деп эсептейм.
Чолпон, 14 жашта:
– Сиз үчүн эң кымбат нерсе эмне?
– Мен үчүн эң кымбат нерсе – бул менин үйбүлөм. Башкача айтканда, апам менен сиңдим. Ушулар оорубай, аман болсо, менин байлыгым да, бакытым да ошол.
Мунара, 18 жашта:
– Сиздин экология тармагы боюнча билим алганыңызды билебиз. Эми өз кесибиңиз менен иштейсизби?
– Чынын айтсам, бул окууга апам мени кыйнап эле окутуп койгон. Өзүмдүн көңүлүм жок болчу. Ошондуктан, азырынча өз кесибим менен иштейм деген оюм жок.
Улан, 18 жашта:
– Неля, мен сенин сахнага кийип чыккан формаларыңа көп көңүл бурам. Анткени, мен өзүм да тикмечимин. Сенин кийимдериң башкалардыкынан өзгөчөлөнүп турат. Кийимдериңдин баарын бир адам тигеби?
– Мен форма боюнча такай Олег деген модельер жигит менен иштешем. Кездемесин алпарып берем да, өзүм каалаган фасонду сүрөттөп берем. Менин айтканыма ал өзүнүн фантазиясын кошуп, тигип берет. Кээде өзүм да тигишип, жардамдашып жибермейим бар.
– Деги сахнага кийген канча кийимиң бар?
– Өтө эле көп. Кийим илгичиме батпай кеткенде эскилерин Олегдин өзүнө алпарып берем. Ал убактылуу колдонуу үчүн башкаларга берет.
Акинай, 12 жашта:
– “Жалган” деген ырыңызды ырдаганда эмне үчүн бир эле көгүш көйнөгүңүздү кийип чыга бересиз?
– Мен негизи бир кийимимди 3-4 жолу эле кийем. Сен “Хит-Параддын” съёмкасын айтып жатсаң керек. Ал жакта бир гана жолу тартат, мага келген добуштарга карап ошону кайра-кайра көрсөтө берет.
Адинай, 14 жашта:
– Неля эже, мен түшүмдө сизди көрдүм. Аппак той көйнөгүн кийип алып сахнада жүрүптүрсүз. Менин ушул түшүм качан чындыкка айланып, качан той көйнөгүн киесиз?
– Түшүң жакшы экен. Мен азыр жеке турмушум жөнүндө эмес, көбүнчө чыгармачылыгым жөнүндө ойлонуп жүрөм. Март айында жеке концертимди берип алгандан кийин гана сиздин түшүңүздүн иш жүзүнө ашышы тууралуу ойлоно баштайм.
Замира, 23 жашта:
– Өзүңдү шаардыкмын деп эсептейсиңби же айылдыкмын деппи?
– Мен шаарда төрөлүп, шаарда өскөм. Атам таластык. Бирок, туугандарыбыз өздөрү келиш турушканы үчүнбү, Таласка көп барчу эмесмин. А апамдын айылы болгон Алабукага көп барар элем. Айылга барып турганым менен жашабагам. Ошондуктан, өзүмдү шаардыкмын деп эсептейм.
– Бир күндө канча сааттан уктайсың?
– Мурда жумуштан кеч барып, түшкү саат 12-1лерге чейин уктачумун. Ошонун айынан мага күн ушунчалык кыскадай сезилчү. Азыр болсо жаңы жумушка киргенден бери эртең менен эрте туруп кечке чейин иштеп, кечинде кафеге барып 12 чейин ырдап, 12ден кийин концертке ырларымды жаздырып жатам. 3-4 саат гана уктагандыгымдан, жакшы эс ала албай, уйкум канбай жүрөт.
Жанара, 23 жашта:
– Өзүңө кийимди кайдан сатып аласың?
– Эл катары эле “Ортосай” базарынан, “Дордой” базарынан сатып алам. Базарда жүрүп кээ бирлердин: “Опе-ей, Неля да базардан кийинет экен” деген күбүрлөрүн угуп калам.
– Бактыгүл Бадыева сенин атаандашыңбы же курбуңбу?
– Бактыгүл экөөбүз сырларыбызды жашырышпаган жакын курбулардан деле эмеспиз. Бирок, мамилебиз жакшы. Анын ачык, эч нерседен тартынбаган, ак көңүл мүнөзү мага жагат. Ошондой эле атаандашым да эмес. Экөөбүз чыгармачылык жактан дайыма бири-бирибизге сын-пикирлерибизди, кеңештерибизди айтышып турабыз.
Жоомарт, 27 жашта:
– Неля, сен жүз пайыз кыргызча сүйлөй аласыңбы?
– Мен негизи бала бакчада орусча тарбиялангам. Үйгө келгенде да орус кыздар менен ойночумун. Анткени, биз жашаган үйдө бизден башка бир да кыргыз жок болчу. Бирок, кыргыз мектепти бүттүм. Кийин университетте кайра орусча окудум. Ошондуктан, жүз пайыз билем деп айта албайм. Кыргыздын нукура сөздөрүн түшүнбөйм.
Наргиза, 16 жашта:
– Өзүңүз ыр жаратасызбы? Репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
– Менин өзүмдүн чыгарган ырларым жок. Эмнегедир ыр жаратканга аракет да кылып көрбөптүрмүн. Репертуарымда болсо дуэттер менен кошо 14 ыр бар. Концертке карата дагы ырларды жаздырып жатам.
– Кайсы ырыңыз өзүңүзгө өзгөчө жагат?
– Эң биринчи ырдап чыккан “Сагыныч” деген ырымды аябай жакшы көрөм. Бирок, ал “Сүйүү деми” чыккандан кийин ырдалбай калгандыктан, күйөрмандарым көп биле беришпейт. Ошондуктан, кайра ремиксин жаздырып, ырдап чыгайын деп жатам.
Мелис, 25 жашта:
– Неля, сизди кафеге түштөнүүгө чакырайын дедим эле. Бара аласызбы?
– Билесизби, мага мындай сунуш киргизгендер аябай көп. Алардын кээ бирлери чын дилинен чакырышса, балким айрымдарынын жаман ойлору бардыр. Ушуну ойлоп мен алардын сунуштарынан баш тартам. Көңүлүнө карап баары менен кафеге бара берсем ким иштейт? Капа болбоңуз, бирок, сиздин сунушуңуздан да баш тартууга туура келет. Сыйлап чакырып койгонуңузга рахмат. Балким, ылайыгы келгенде башка жолу жолугуп калаарбыз.
Жылдыз, 17 жашта:
– Неля, сизди ала качып кетсе эмне кылат элеңиз?
– Мени ала качып кетээрине аз эле калган. Мен иштеген кафеде коопсуздук кызматкери болуп иштеген жигит менен бир жерде иштеген адам катары эле мамиледе элем. Бир-эки жолу белек бергенде да алып койгом. Бир күнү ата-энеси апама “Кызыңды бер, болбосо ала качып кетебиз” дептир. Муну апамдан угуп алып аябай коркуп жүрдүм. Ансайын мени коркутуп күн сайын достору менен кафеге келип, үйгө барсам үйдүн жанында аңдып турушат. Ошентип, мен бир ай бою кайтарууда жүрдүм. Андай коркунучка кабылган аябай жаман экен. Ошондуктан, ала качпай эле коюшсун. Андан көрө сүйлөшүп, өз көңүлүң менен эле кеткениң жакшы.
Даярдаган Азиза Сатимбекова