Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Санжар Бердибеков: «ТРАКТОРИСТТИ» ЖАЗГАНЫМА ӨЗҮМДҮН ТРАКТОРЧУ ЭКЕНИМ СЕБЕПЧИ БОЛДУ»

№224 16-22-февраль, 2007-ж.


«Аккан арыктан суу агат» дегендей, кыргыздын залкар инсандарынын бири маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун да чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүн билбеген эч ким жок. Жакында Санжардын буга чейин эч ким ырдай элек трактор жөнүндөгү тамашалуу ыры да көпчүлүктүн кызыгуусун арт­тырды. Серёга «Чёрный бумер» деп ырдаса, «Трактир» деп кыргыз «бумерин» даңазалаган Санжардын «кыргыздын Серёгасы» деген атка коно баштаганы да калп эмес. Бул ырды уккандардын айрымдары “Бали, ата уулу” дешсе, айрымдары Санжардын жаңы табылгасына толук түшүнбөй да калышты...


– Санжар, көптөн бери сахнадан көрүнбөй, чыгармачылыктан алыстап кеткендей болдуң. Эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Жакында эле Чаткал, Алабука жактарга концерт коюп келдим. Андан бери эмне кылдым? Жүрөм, жатып-туруп... Досторго жолугуп, бильярд ойноп...
– Cен бул ырың аркылуу кыр­гыз эстрадасына кандайдыр бир жаңылык киргизгендей болуптурсуң. Ырчынын баары баягы эле түгөн­бөгөн тема болгон сүйүүнү даңазалап жатышса, сен эмне үчүн “жеке трактириңди” ырга айланттың?
– Менин ырымда деле сүйүү камтылган. Башкача айтканда, айылдагы Айгүл деген кызды сүйүп калгандыгым жө­нүндө айтылган. Бирок, бул көп байкалбайт. Ага караганда өзүмдүн трактириме болгон “сүйүүмө” көп басым жасалган. Мага чыгармачылыктагы улуу адамдар, алардын ичинде өкүл атам Бек Борбиев да “изденип, жаңылык табыш керек” деп көп айтчу. Алардын ушул сөзү көңүлүмө сиңип калганга кайсыл жерде болбоюн, жаңылык тапканга аракет кылчумун. Анан гастролдо жүргөн күндө­рүмдүн биринде эсиме трактор түшүп кетти да, ошол жөнүндө ыр чыгармай болдум. Жазып көрсөм окшошуп калды. Бул менин биринчи жолу өз калемимден жаралган ыр. Менин башка нерсе жөнүндө эмес, дал ушул трактор жөнүндө ыр жазганыма өзүмдүн тракторчу экеним да себепчи болду.
– Сен тракторчусуңбу?
– Ооба, тракторчулуктун кесипчилик орто окуу жайында окугам. Айылда бир тракторуң болсо айылдын эң байы аталып, чоң атакка ээ болосуң. Менин таята-таенемдин колунда өскөнүмдү көпчүлүгү эле билишсе керек. Мектептен соң “кичүү балабызсың, тракторчу болуп, бизди багасың” деп чал-кемпир мени тракторчулукка окутуп коюшкан. Өзүмдүн деле ал кезде шаарга келүү, ырчы болуу эч оюмда жок эле. Анан ошол окуу жайдын чакан эстрадалык тобунда ырдап жүрүп, баары ошондон башталып жатпайбы.
– Анан айылда тракторчулук кесибиң менен иштедиң беле?
– Жок. Айылга барып иштегенге үлгүргөн эмесмин. Ырчылыктын даамын татып калгандан кийин тракторчу болгум келбей калган. Окуумду бүткөндөн кийин шаарга келе бергем.
– Ырыңда айтылган Ай­гүлдү да чындап сүйдүң беле?
– Жок. Аны жөн эле жазып койгом.
– Бул ырыңа тартылган клип да өзгөчө экен...
– Клипке Гүлсина Чотонова режиссёрлук кылды. Шаардан, анан шаардын четиндеги Байтик айылынан эки күн тарттык. Бул клип үчүн баш-аягы 40тай адам иштедик го.
– Тракторду кайдан таптыңар?
– Айылдан тартылганда ошол айылдагы эле тракторду тарттык. Ал эми чоң кызыл трактор – Кытайдан келип, айылдарга таратыла турган мамлекеттин трактору. Тиешелүү адамдардын уруксаты менен төрт саатка сурап алганбыз.
– Ушундай клип чыгарыш үчүн канча каражат жумшадың?
– Баш-аягы болуп 1,5 миң доллардай сарптадык. Анын ичинен менин кийимдериме эле 500 доллар кетти. Андан тышкары, 40 адамды эки күн баккан да оңой эмес экен. Дагы жакшы, досторум, байкелерим жардам беришип, көп билинген жок.
– Бул клип жөнүндө кандай сындар айтылып жатат?
– Расул Маматкулов “сөзү начар болуп калыптыр” деди. Ушундай эле сынды дагы бир-эки адамдан уктум.
– Чыгармачыл адам тынбай изденүүнүн үстүндө жүргөндө гана ийгиликке жетише алаары белгилүү. А сенин “Мандалагың” менен “Трактористиңдин” ортосунда көбүрөөк тыныгуу болуп калгандай болду. Мунун себеби эмнеде?
– “Мандалактан” кийин деле 3-4 ыр жаздым. Бирок, эмнегедир аларды чыгара алган жокмун. И-и, баса, мен ал ортодо чыгармачылыкты таштап жиберейин деп аз жерден калбадымбы?
– Эмнеге? Тажадыңбы?
– Тажаган деле жокмун. Айылдан элдин өндүрүшүн жыйнап, Казакстанга алпарып сатып, бизнес кылган жакын досторум бар. Ошолор “чыгармачылыкты ташта, биз менен иште” деп такай айтып келишет. Иштесе иштейин деп кошулуп көрдүм. Бирок, болбоду. Бир чети өзүм уялдым. Экинчиден, улуу адамдардын “атаңдын жолун ула, акча деп таштап коёсуңбу?” деген акылдары менен ал ишке аралашпай эле коюуну туура көрдүм.
– Сенин атаңдын жолун улагандай куудулдугуңду деле көрбөй калдык.
– Мен куудул болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Айылда чыгармачылыгымды ырдан эле баштабадым беле?! Шаарга келип, “Бешиликке” киргенде эле куудулдана баштагам. Рахман аке: “Сен куудулданышың керек, атаңдын ордун басышың керек” деп күчкө салып эле куудул кылып жиберген. Манас Бердибеков деген дүй­нөгө бир жаралган инсан эле да. Аны эми эч ким кайталай албайт. Бирок, мен азыр атамдын элесин өзүмдүн уулум Беродордон издей берем. Кебетеси куюп койгондой окшош. Азыртадан эле куудулдугу да чыгып келатат. Мен эшикти такылдатсам: “Ким бул, ата?” дейт. Чоңойгондо чоң атасындай куудул болсо өкүнбөйт элем.
– Азыр канча жашта?
– Төрт жарымга чыгып калды. “Трактористтин” клибиндеги мени үйдөн чакырып чыккан кичинекей бала – ошол менин балам.
– Дагы жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатасыңбы?
– Жакында Асел Турдалиева менен дуэт ырдап чыгам. “Сиз баары бир мага тиесиз” деген тамашалуу ыр азыр жазылып жатат.
– Азыр ырчыларга продюсер менен иштөө жеңилирээк болот экен. Анын сыңарындай, сенин да продюсериң барбы же өз арабаңды өзүң тартып жатасыңбы?
– Менин чыгармачылыгыма азыр Рустам аке жардам берип жүрөт. Мен аны продюсерим деп деле айта албайм. Экөөбүздүн мамилебиз жөн гана ага-инидей. Чыгармачылыгыма байланыштуу маселелер чыгып калса “бир акем бар, ошого айтыш керек” десем көпчү­лүгү түшүнбөй калышат. Анан “азыркынын модасы менен айтканда, «продюсерим, ошого баргыла” деп коём. Бирок, экөө­бүздүн ортобузда кагаз жүзүндө түзүлгөн эч кандай келишим жок.


ТРАКТОРИСТ
Сөзү, обону Санжар Бердибековдуку

Ассолому алейкум, урматтуу элим,
Бала-чака аманбы, аманбы айыл?
Сүйөмүн деп жүгүрдүм, Айгүл сүйбөдү,
Сүйөмүн деп Айгүлдү ырдаймын дагы.
Туугандары менден ал кызды бөлөт,
А мен болсо жүрөмүн трактирди жөлөп.
Кана эмесе, калың барбы, айта бер мага,
Айылдагы трактирди алдым жетелеп.

Сүйгөн элем Айгүлдү, Айгүл сүйгөн жок,
Трактористсиң, жүрөсүң сенден пайда жок.
Менменсинип өзүнчө мени тоготпойт,
Трактир менчик экенин али билген жок.
Билсе билсин мага деле эми баары бир,
Эң жакыным менин “Белорусь” трактир.
Алмаштырбайм “БМВ”, “Мерседеске”,
Трактирим пайдама менин жарап тур.

Кайырма:
Жеке, жеке, жеке, жеке трактир,
Айылдагы трактир мага карап тур.

Колхоздогу трактир
баарыбызды каратты.
Тарылдаган угулуп
кулагымы жараттыр.
Кубанычым койнума
батпай барат ансайын.
Туугандарым, трактир
эми менде калаттыр.
Эч кимде жок талашы
элдин болом баласы.
Менменсинген кыйындар
эми мени карашты.
Элим мени карачы,
Жеримдин кең талаасы.
Тракторист Санжармын,
Мен кыргыздын баласы.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: