Эрмек Нурбаев: “ЖЫЛ САЙЫН БАЗАРДА БИР АЙ СООДА КЫЛАМ”

Эрмектин куйкум сөздөрүнө боору эзиле күлбөсө да, бир жылмайып албагандар аз болсо керек. Анткени, Эрмекти ар кайсы чөйрөдөн, башкача айтканда, экрандан, КВНден, концерттен жолуктуруп, анын талантына күбө болуп жүрөбүз. Өзүнүн келечектеги кесиби юрист болсо да, чыгармачыл чөйрөдөн өз ордун тапкан Эрмек Нурбаев 1985-жылы 8-октябрда Карабалта шаарында төрөлгөн. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин 4-курсунда окуйт. Үч бир туугандын ортончусу. Бойдок.

–Эрмек, алгачкы сөздү ата-энеңден баштасаң. Алардын сенин чыгармачыл чөйрөгө аралашып калганыңа канчалык деңгээлде таасирлери бар?
– Менин атам да, апам да окуу жайдын география факультетин аякташкан. Бирок, жыйырма жыл бою апам эмнегедир кыргыз тилинен сабак берип мектепте иштеди. Атам да өзүнүн кесиби боюнча эмес, башка жерлерде иштеп, азыр убактылуу бош. Менин тамашага жакын болуп, шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып калышыма атамдын таасири тийди окшойт. Анткени, атам аябай тамашакөй, куудул киши. Досторунун арасында да куудулданып, эч кимди зериктирбейт. Атамдын ушул өнөрү бизге, балдарына өтсө керек. Биз үйбүлөдө үч бир тууганбыз, үчөөбүз тең КВН командада ойнойбуз. Алгач агам баштаган. Бишкектин тандалма КВН командасында ойночу. Ошондо анын алып келген КВНдеринин дисктерин көрүп жүрүп мен да кызыгып кеткем. Агаларымдан кем бекенмин деп иним да КВН командада ойнойт.

– Баарыңар эле КВНчилер болсоңор үйүңөрдө да тамашалашып сүйлөшөсүңөрбү?
– Биздин үйдө айрым орчундуу маселелерди гана жөн отуруп чечпесек, такай бири-бирибизге тийишип, тамашалашып сүйлөшөбүз. Баарыбыз шаарда тургандыктан, Карабалтага, ата-энебизге дем алыш күндөрү гана барабыз. Ар ишемби сайын апам көчөнүн башында бизди күтүп турат. “Ой, апа, үшүбөй үйдө эле отура бербейсизби? Келмекмин да” десем апам: “Санаам тынбай карап турам” деп ээрчитип кетет. Анан үйгө алпарып, бир жуманын ичинде өздөрү жегендерден алып койгон нерселерин катып койгон жеринен алып чыгып берип калат. Анан атама бир жума бою эмне иш кылгандарыбызды баарыбыз айтып беребиз. Сөздөн сөз чыгып, тамаша тамашага уланып, анан каткырып эле жатып калабыз. Бизде тамашакөйлүк кичине кезибизден эле бар болчу. Үчөөбүздүн ортолорубуз үч жарым жаш­тан. Кичине кезибизде үчөөбүз бир керебетке тыгылып, чоң атабыздын тонун жамынып жатып алып бири-бирибизди шылдыңдап, өзүбүз оюбуздан чыгарып акый айтышчубуз. Ушул үчөөбүздүн тең сүйүктүү “оюнубуз” болчу.

– Мектептин да активист окуучуларынан болдуң беле?
– Мектепти артыкчылык күбөлүгү менен аяктадым. Окуу менен катар эле маданий иш-чараларга да активдүү катышчумун. Ошону менен катар шоктук жагынан да бир топ элем. Бир жолу дене тарбия сабагында мугалим «алты километрге чуркайсыңар. Мен артыңардан велосипед менен барам» деди. Бизге бул жакпай калды да, мен бир амал ойлоп таптым. Ошентип, менин амалым боюнча агайдын велосипединин дөңгөлөгүнүн желин чыгармай болдук. Агайды велосипеди менен баарыбыз тегеректеп турдук да, мен болгон үнүм менен бакылдап сүйлөй баштадым. Ушундан пайдаланып, балдар шиш нерсе менен дөңгөлөктүн желин чыгарып жиберишти. Биз бир аз чуркап барып артыбызды карасак, агай калып калыптыр. Ойлогон оюбуз ишке ашып, алты километрге чуркагандан кутулдук. Бирок, кайра эле өзүбүз уруш укканбыз.

– Азыр кайсы КВН командада ойнойсуң?
– 1-курста өзүм окуган университеттин командасында ойнодум. Алгач мени карабалталык дешиппи, көп теңдерине албай, кош­пой жүрүштү. Анткени, бул жакта жалаң шаардык балдар болчу. Кийин факультеттер аралык КВН болуп, командада жалгыз өзүм он беш баладан турган командаларды жеңип салдым. Ошондон кийин гана баягы мени теңине албай жүргөн балдар мага башкача мамиле кыла башташты. Азыр Карабалтанын курама командасынын капитанымын. Менин командам Кыргызстандын атынан Алматыга барып, ал жактан да ийгилик менен келгенбиз.

– Мугалимдериңди да тамашалап жатып баа койдуруп алсаң керек?
– Андай учурлар да болот. Бирок, биздин мугалимдердин баары менен эле тамашалаша бергенге болбойт. Бир жолу экзамен учурунда бир агай: “Нурбаев, баалуу кагаз деген эмне?” деп суроо берди. Аудитория толгон студенттердин баары тымтырс болуп менин жообумду тыңшап калышты. Мен ордумдан турдум да: “Баалуу кагаз деген туздалган бадыраңды жеп, анын артынан сүт ичип алганда...” десем эч ким эч нерсе түшүнбөй бир саамга туруп калышты. Анан гана “туздалган бадыраңдын артынан сүт ичип алганда дааратканага чуркап, анан кагаздын баалуулугун билесиң” деген мааниде айтканымды түшүнүшүп, аудитория каткырып эле жатып калды. Агай өзү кошулуп күлүп, бир топко чейин каткырдык. Анан гана чыныгы эрежесин айтып берсем, агай “3” деди. Зачёткамды ачып карасам “4” экен. “Мен дагы сени тамашаладым” деп жатпайбы агай.

– Сенин өз кесибиң менен шоу-бизнестин эч кандай тиешеси жок эмеспи. Окууңду бүтсөң кайсы жагына оойсуң?
– Атам кээде тамашалап: “Сенин мунуңду билгенде Искусство институтунан эле окутмакмын” деп калат. Бирок, мен юридикалык билим алып жатканыма өкүнбөйм. Кудай буюрса, бир жылдан кийин адвокат болуп чыгам. Азырынча кайсы жакка кетээримди толук чече элекмин. Өзүмө КВНчи болгон көбүрөөк жагат. Бир эле убакта адвокат болуп да, КВНчи болуп да жүрө бергим келет. Менин КВН командамды Москвага алпарып, аларды “кыргыздарда ушундай таланттуу балдар бар экен” деп тамшандырып келсем деген максатым бар. Ал эми келечекте өлкөнү башкарган президент болсом дейм. Бул менин бала кездеги тилегим болчу. Ушул оюмдан дагы деле кайта элекмин. Акаевдей акылдуу президент болсом арманым жок эле.

– Акаевди кумир тутасыңбы?
– Мени көпчүлүгү Акаевдерге окшоштура беришет. Бирок, мен Аскар Акаевди ага окшош болгонум үчүн эмес, акылдуулугу, кылган иштери үчүн сыйлайм. Ал эми өлкөсүн таштап качып кеткени өзүнүн акылы менен эмес, башкалардын акылы менен болду.

– «Браво» теледолбооруна кандайча келип калдың эле?
– Үйдө телевизор көрүп отурсак кастинг жөнүндө жүгүрт­мө сап чыгып калды. Анда да атам: “Эрмек, барып көр­бөйсүңбү?” деди эле, шашып телефонун жаза койдум. Эртеси Бишкекке келип телефон чалып, айткан саатында телевидениеге келсем, 150дөй кыз-жигит туруптур. Карасам, көпкө күтчү­дөй­мүн. Кезек күтүп тургандарды жөөлөп: “Мен кастинг боюнча эмес, башка жумуштар менен...” деп өтүп кеттим. Кирсем Ассоль Молдокматова менен Канат Култаев кабыл алып жатышыптыр. “Айта бер” дешти эле, “эмнени айтышым керек?” деп түшүнбөй туруп калдым. Көрсө, сырттагылардын баары даярданып келишиптир. “Өзүңдү программа алпарып жаткандай элестетип, бир нерсе айтып бер” дешти. Мен токтолбостон туруп эле ошол убакта “Хит-парадды” алпарышкан Алексей менен Назираны туурап кирдим. Үндөрүнө чейин окшоштуруп туурагандарымды көрүшүп дароо эле кабыл алышты.

– «Бравонун» хит-парадында айткан тамашалуу ырларыңды өзүң жазасыңбы?
– Өзүм жазам. Биринчи жолу мындай идея Урмат Усеновдун “Махабатым” ырын жарыя кылыш керек болгондо пайда болгон. Ошондон кийин ар бир ырга ылайыктуу кылып тамашалуу саптарды токуганга көнүп алдым.

– Тойлорго тамадалыкка да чакырышабы?
– Тойлорду алпара элекмин. Бирок, ар кандай кечелерди алпарып жүрөм.

– Өзүңдүн чыгымдарыңа кеткен каражатты өзүң таап, башка студенттердей болуп ата-энеңден акча сурабай калыптырсың да?!
– Ооба, менин тапканым өзүмө эле эмес, кээде иниме да, ата-энеме да артат. Бирок, мен азыр эле эмес, окуучу кезимден баштап эле өзүмө өзүм акча тапканга үйрөнгөм.

– Кантип?
– Апам Карабалтанын базарында кийим-кече сатат. 5-6 жылдан бери жыл сайын август айында мен окуучуларга керек болгон концелярдык товарларды алып чыгып соода кылам. Бул убакытта апам да бир ай эс алат, мен өзүмө жарым жылга жеткидей кылып акча жасап алам. “Браво” жаңыдан башталып, жүзүм элге тааныла баштаганда да мен базарда соода кылып отурчумун. Өткөндөр мени колу менен жаңсап көрсөтүшүп, шыбырашып калышчу. Бир жолу топ кыздардын бурчта туруп алып мени көрсөтүшүп, бири: “Эрмек” десе, бири: “Жок, Эрмек эмес” деп талашып жатышкандарын апам өтүп келатып угуп калыптыр. Жөн эле өтүп келе бербей: “Ооба, кыздар, ошол – “Бравону” алпарган Эрмек. Жүргүлө, дептер алгыла” деп ээрчитип келиптир.

– Популярдуу боло баштаганыңдан бери күйөрман кыздарың кө­бөйүп жатса керек. Ошолордун арасынан өзүңө бийкеч тандай элексиңби?
– Бир бийкеч менен таанышып, мамиле түзө баштаганыма 4-5 күн гана болду. Сиз айтмакчы, ал менин күйөр­маным экен. КВНден соң мага ар кандай телефон билдирүүлөр келет. Бир жолу ошол билдирүү­лөрдүн арасынан бирөөсү жагып калып, сактап койдум. Номерин да жаттап алган элем. Жакында эле телефонум шыңгыраганынан карасам, баягы мен жаттап алган номер экен. Алсам, өзүмдүн эле тааныш баламдын үнү. “Аа, ушул тамашалап жазган экен” деп ойлодум. “Эрмек, менин тааныш кызым сени менен таанышкысы келет” дегенинен жолугуп, тааныштык. Жакшы кыз экен. Ошондон бери сүйлөшүп, жолугуп жатабыз. Бирок, ал кыз экөөбүз бири-бирибизди сынап бүтө элекпиз. Азыр жөн гана достук мамиледе жүрөбүз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:53:22
ушу адамды сыйлайм
0
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан