Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айнура Тургумбаева (Сакиш): «СҮЙҮҮГӨ КЕЗИККЕН ЭМЕСМИН, КЕЗИКПЕЙМ ДАГЫ

№231 6-12-апрель, 2007-ж.


Айнура эженин аткарган ролдоруна далай жолу боорубуз эзиле күл­гөнбүз. Ошентсе да эже өзүн куудул эмес, жөн гана драма актёрумун деп эсептейт. Эмнеси болсо да жө­нөкөй ролду да, комедиялык ролду да ийине жеткире ойногон Сакиш атка конгон бул актриса эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Үч кемпирдин бир кемпири Айнура Тургумбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Стрельникова айылында төрөлгөн. Кыргыз Драма театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктап, учурда Жаштар театрында эмгектенет. 11 бир туугандын алтынчысы. Бойдок.

– Айнура эже, кичинекей кезиңизде деле азыркыдай шайыр, тамашакөй кыз белеңиз?
– Кичинекей кезимде активист кыздардан элем. Кыздардын “атаманы” болчумун. Жаным жай албаган тентек да болгон экенмин. Бир жолу атамдын бир таанышы бир мүшөк алмасын атка өңөрүп сатканы алып баратса, “чай ичип кет” деп атам чакырып калыптыр. Мүшөгүн короого киргизип, өзү үйгө кирип кетээри менен мен мүшөктүн оозун ачып, алманы балдарга таратып салыптырмын. Коногубуз үйдөн чыкса эле мүшөгү жарымынан ылдый болуп калган. Ошол алманын айынан атамдан аябай уруш укканым алиге чейин эсимде. Ал эми тамашакөйлүк мага атамдан өтсө керек. Анткени, атам чукугандай сөз таап, тамашаны катыра сүйлөгөн чечен, ошол эле убакта айылдын эң беделдүү кишилеринен эле. Айылдагылар аны “Хан Жантай” деп коюшчу. Айылда кандай гана маанилүү окуя болбосун, айылдыктар атамдын акылына таянышчу.
– Театр адамы болуп калышыңызга кичинекей кезиңиздеги кыялдарыңыз себепкер болгондур?
– Кичинекей кезимде врачты көрсөм “ии, мен да врач болом” десем, бир туруп мугалимдерди көрүп мугалим болгум келип кетчү. Мектепте маданий иш-чаралардан калчу эмесмин. Ошентип жүрүп эле актёрлукка кантип кызыгып, окуусуна окуп калганымды өзүм да билбей калдым. Кээде бул нерсеге Таттыбүбү Турсунбаеванын да таасири тийдиби деп ойлоп кетем. Анткени, Таттыбүбү эже апамдын сиңдилеринен болуп кетет. Биз кичинекей кезибизде үйгө келип калганы элес-булас эсимде. Балким, ал кишинин кешиги аркылуу талантынын кымындай бир бөлүгү мага өткөндүр. Минтип айтып жатканымдын себеби, биздин үйдө искусствого жакын бир да киши жок. Менден башкасынын баары чыгармачылыкка такыр тиешеси жок кесиптерде иштешет.
– Сиздин кесибиңизге карата “аял кишиге артисттиктин эмне кереги бар?” деп каршы чыккандар болгон жок беле?
– Биздин үйдө “сен бул жакка эмес, бул жакка оку” деген нерсе таптакыр жок. Ким кайсыны каалайт, окуй бермей. Ошондуктан, мага да эч ким каршы болгон эмес. Мектепти бүтөөрүм менен Кыргыз Драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып алгам.
– Айнура атыңыз өчүп, Сакиш атка конуп калганыңыз тууралуу билбеген окурмандарыбыз үчүн дагы бир жолу ушул жөнүндө айта кетпейсизби?
– Бир жолу Марат Жантелиев экөөбүз “Кимдин баласы?” деген спектаклде аял-күйөөнүн ролун ойноп калдык. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш экен. Ушул ролду аябай жеткиликтүү ойногонубуздан улам болсо керек, ушундан кийин эле экөөбүздүн өз аттарыбыз өчүп, Сакиш-Бопуш болуп чыга келдик.
– Тааныш, туугандарыңыз да “Сакиш” дешеби?
– Жок, антип деле айтышпайт. Бирок, Айнура десем да таанышпайт. Бирөө­лөргө телефон чалып: “Мен Айнурамын” десем: “Кайсы Айнура?” дешет. “Ой, мен – Сакишмин” дегенде гана “Аа, жана эле ошентип айтпайт белең?!” деп калышат.
– Ал эле эмес, Марат Жантелиев экөө­ңүз­­дөр­дү жубайлар деп ойлогондор да болсо керек?
– Ооба, алиге чейин ошентип ойлогондор бар. Бир жолу концерттен кийин эки кыз келип: “Айтып коюңуздарчы, сиздер жубайларсыздарбы же жөн гана сахнадагы өнөктөш­сүздөрбү?” деп сурап жатышпайбы. Көрсө, экөө мелдешип кетишкен экен. Дагы бир жолу Таласта гастролдо жүрүп бир үйгө конок болуп калсак, үйдүн ээси бизди аялы менен күйөөсү деп ойлоп, экөөбүзгө бир төшөк салып коюптур. Мындай окуялар көп эле болот.
– Экөөңүздөрдүн чогуу иштешкениңиздерге канча болду?
– 15 жылдай болуп калды.
– Урушуп кеткен учурларыңыздар да болобу?
– Ой, урушмак түгүл мушташып кеткен учурларыбыз болот. Андай убактарда “сахнага чыкканда Маратка бир көрсө­төйүн” деп ойлойм да, ролумду жакшы аткарбай, көп сүйлөбөй баштайм. Бирок, элде эмне күнөө? Антсең өзүң эле уят бо­лосуң. Ушуларды ойлоп, кайра мурдагыдай аткара баштайм. Ошентип, бир жолу сахнага чыгып келгенден кийин эле экөө­бүздүн таарынычыбыз унутулуп, кайра мурдагыдай болуп сүйлөшө баштайбыз.
– Сахнада сальто ашып, шпагат отуруп жибермейиңиз бар эмеспи. Элдин көзүнчө ушинткенден уялбайсызбы?
– Эмнеге уялмак элем? Мен өзүм кандай болсом, сахнада ошону элге көрсө­төм.
– Мындай көнүгүүлөрдү жасаганды кайдан үйрөндүңүз эле?
– Мага буларды эч ким деле үйрөтпөгөн. Же сахнада элге көрсөтөйүн деп атайын деле үйрөнгөн эмесмин. Кичинекей кезимде өзүм эле жасай берчүмүн. Дубалга сүйөнүп башым менен туруп, бийиктиктерге оңой эле чыгып кетчүмүн. Муну көргөн апам: “Кокуй, жыгыласың, түш. Курсагың жарылат!” деп эле кыйкырып калчу. Ушинтип жүрүп эле сальто ашып, шпагат отурганды да үйрөнүп алгам. Менин мындай “өнөрүм­дү” билгендер “кызыңар чоңойгондо спортсмен болот” деп калышчу.
– Айнура эже, сиз элди күлдүрөсүз, ал эми өзүңүз да башкаларга күлө­сүз­бү?
– Күлө турган болсо күлөм. Айрыкча Күмөндөр байке немистер жөнүндөгү сатирасын айтканда эзилип калам. Жаныбек Алыкуловдун монологдоруна да күлбөй коюуга мүмкүн эмес.
– Интермедияңызга көрүүчүлөр күлбөй койсо кандай абалда каласыз?
– Андай учурлар да болот. Кээде чыкканда эле сөз сүйлөй электе күлө башташат. Кээде болсо тердеп-кургап болгон өнөрүңдүн баарын көрсөтүп жатсаң да мелтиреп отура беришет. Мындай учурда сахнанын артына өткөндөн кийин Бопуш экөөбүз “бүгүн концертке аябай оор адамдар келиптир, ээ?” деп өзүбүздү өзүбүз алдап коёбуз. Бул нерсе жеринен да көз каранды окшойт. Эсимде, Таластын кайсы бир жеринде Бопуш экөөбүз жанталашып, болгон күчүбүз менен аракет кылсак да эч ким күлбөй койгон. Бирок, интермедия бүткөндөн кийин ушундай бир кол чабышты дейсиң! Тим эле миллион адам кол чапкандай.
– Аялзаты сулуу, назик болууну каалашат эмеспи. А сиз тескерисинче, сырткы келбетиңизди бузуп алып сахнага чыгасыз...
– (Күлүп). Менин болгонум ошол да. Ары жагыңда мындай сапаттар жок болсо кантип назик, сулуу болмок элең? Кээде мен деле созолонуп калам. Бирок, анда мага “койчу, ай, сага мындай жарашпайт экен” деп күлүшөт. Менин ар дайым эркектей болуп жүргөнүмө көнүп калгандар маанайым чөгүп калган убактарда: “Айнура эже, сизге эмне болгон? Эмне башкача болуп калгансыз?” деп таңкалышат. Анда мен “мен деле адаммын го, бир жолу сүйлөбөй отурайынчы” деп калам.
– Белгилүүлөрдөн кимдер менен доссуз?
– Көпчүлүгү менен эле жакшымын. Айрыкча Асел Турдалиева экөөбүз­дүн мамилебиз жакын.
– Бопуш экөөңүздөр алпарган “Таңкы кат” телеберүүсү да элге бат эле сиңип кетти. Бул долбоорго кандайча туш болуп калдыңыздар эле?
– Жаңы жылда “Жаңы Жылдык түн” берүүсүн алпарганыбыз долбоордун продюсери Ассоль Молдокматовага жагып калыптыр. Ошондон кийин “Таңкы катты” алып барууну да өзү сунуштаган. Алгач менин өнөктөшүм башка жаш бала болмок экен. Бирок, айтылган убак келип, съёмка башталганы калса да, тигил бала кечиге берди. Буга Ассоль тынчсызданып калды эле, “Бопушту эле чакырбайлыбы, экөөбүз бири-бирибизди толуктап кете алабыз” десем дароо эле макул болду.
– Айнура эже, жумуш деп жүрүп жеке турмушуңузга көп көңүл бурбай калгандайсыз. Турмушка чыгайын деген оюңуз барбы?
– Менин күйөөм да, балам да – азырынча аткарган ролдорум. Ким билет, балким, кырк жашка келгенимде турмушка чыгаармын. Кудайдын маңдайга жазганын көрөбүз.
– Өмүрүңүздө сүйүүгө кезигип көр­дүңүз беле?
– Кезиккен эмесмин, кезикпейм дагы.
– Эмнеге минтип ишеничтүү айтып жатасыз? Балким, сизди алдыда чыныгы чоң сүйүү күтүп тургандыр?
– Күтүп турса ага деле каршы эмесмин. Бирок, мен сезем, баары бир мага сүйүү келбейт...
– Анда маегиңизге рахмат, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: