Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Анжелика: «БИР ЧАКА МАЙДЫ ИТКЕ ИЧИРИП КОЙГОМ»

№243 29-июнь-5-июль, 2007-ж.


Наристе кезинен баштап сахнада чоңойгон ырчы кыз Анжелика турмушка чыга элегинде гезит, теле-радиолордон байма-бай чыгып турса, үйбүлө кургандан бери Анжелика жөнүндөгү маалыматтарды күйөрмандары күтүп калышты. Коомчулук деген коомчулук экен, “Анжеликага күйөөсү ырдаганга тыюу салыптыр”, “Анжелика чет өлкөгө кетип калыптыр”... сыяктуу ушактар өзүнөн-өзү тарай баштады эле. Биз болсок ырчы кыз менен баарлашып, акыркы жаңылыктарын сурап билдик.

– Анжелика, турмушка чыккандан кийин эмнегедир дайының чыкпай калды. Силерди Москвага көчүп кетишиптир деп уктук эле.
– Москвага көчкөн жокпуз, Бишкекте элебиз. Үйлөнүү тоюбуздан кийин эле жолдошумдун досу белек кылган жолдомо менен Египетке барып, бал айыбызды өткөрүп келдик. Ал жактан келгенибизге эки айга жакындап калды.
– Египеттен кандай таасирлер менен кайтып келдиң?
– Алгач бул жерден Москвага бардык. Анткени, ал жактан жолдомону өзүбүз тандашыбыз керек болчу. Урмат жумушунан бошобогондуктан, өзүм жалгыз бир жума күн сайын агенттиктерге каттадым. Курорттордун бири жакса, бири жакпай жатып, акыры туристтик агенттик аркылуу Египетке жол тарттык. Египеттин китептен окуп, теледен көрүп жүргөн тарыхый жайларын өз көзүм менен көрүп, аябай жакшы таасир менен кайтып келдим. Анан да мени ал жакта эч ким тааныбагандыктан, өзүм каалаганымдай аябай эркин жүрдүм. Кечки тамак маалында туристтерге атайын шоу көрсөтүшүп, бийчилер бийлеп да беришет экен. Аларга көңүл бургандар көңүл буруп, көңүл бурбагандар тамактарын жеп алып, чыгып кетишет экен. Мен чыгармачыл адам катары ар биринин бийлегенин дитимди коюп карап, кол чаап отурсам бир жолу бийчилер келип мени сахнага тартып жатышпайбы. Мен да каршылык көрсөтпөй, аларга кошулуп алып каалашымча бийледим. Байыркы өлкөнүн күндө бир кызыгына күбө болуп отуруп он эки күндүк сапарыбыз кантип бүтүп калганын да билбей калыптырбыз. Ошентип, кайра Москвага кайттык. Москвада Урмат иштери менен кармалып калды, мен Бишкекке келе бердим. Анткени, аз убакыттын ичинде эле Кыргызстанды аябай сагынып калыптырмын. Негизи, шашканымдын биринчи себеби, жеке концертиме даярдануу болчу.
– Жеке концертиңди бересиңби?
– Ушул жылы 12-июнь туулган күнүмө карата чоң концерт берүү Айчү­рөк эже экөө­бүздүн көп­төн бер­ки тилегибиз болчу. Анткени, ушул жылы өмүрдүн эң жакшы жашы болгон 18ге толдум, мектепти бүттүм жана сахнага чыкканыма туура он жыл болду. Бишкекке келээрим менен Айчүрөк эже менен акылдашсам: “Кеч болуп калды го. Эртерээк аракет кылыш керек болчу. Эми жетишпейбиз”,- деп койду. Спорт Ордосун да мага чейин ээлеп алышыптыр. Болбосо, көп пландарым бар болчу. Спорт Ордосунун сахнасына чоң торттун сүрөтүн тарттырып, торттун үстүнө чыгып ырдайм деп кыялданчумун. Мейли, эми деле өкүнбөйм. Быйыл болбосо, кийинки жылы бул оюм ишке ашып калаар.
– Концерт демекчи, чыгармачылыгың кантип жатат?
– Жаңы эки ыр жаздырдым. Алардын бирөөсү дуэт. Радидон берип жатышат. Жакында ыр жаздыруучу студиядан бир жигиттин ырдап жатканын угуп, ырын жактырып калдым. “Ырыңды мага берчи, мен ырдайын”,- десем, “Жок, мен бул ырымды өзүм жакшы көрөм”,- деп макул болбой койду. Мен кетип баратсам артымдан чуркап чыгып: “Эгер кааласаң дуэт кылып жаздыралы”,- деп калды. “Жаздырса жаздырып көрөлү, эгер жакшы чыкса ырдаганга эмнеге болбосун?!”,- деп жаздырдык эле, жакшы чыккандай болду.
– Азыр сен ырларыңды өз алдыңча жаздырып, Айчү­рөк эже кийлигишпей калдыбы?
– Айчүрөк эже башынан эле: “Өзүңөр ырдай турган ырларыңарды өзүңөр изденип, тапкыла”,- деп айтат. Биз өзүбүзгө жаккан ырларды таап, анан эжеге угузсак, ал бизге оюн айтып, оңдой турган жерлерин оңдойт. Мен жаңы жаздырган ырларымды угузайын десем эженин убактысы болгон жок. Мына, концерт өттү, буюрса, эми угузам. Эжеге жакпай калган жерлерин кайра оңдоп жаздырабыз.
– Сен Айчүрөк эженин эмгеги менен азыркыдай атакка жетиштиң. Бирок, эже эми эмгегинин үзүрүн көрөөрдө турмушка чыгып кеткениңди өзүңдүн катачылыгың деп эсептейсиңби?
– Албетте, мен жалгыз гана Айчүрөк эженин салымы менен ушул деңгээлге жеттим. Бирок, мен өзүмдү туура кылдым же туура эмес кылдым деп айта албайм. Бул тагдыр экен да. Мен деле Айчүрөк эжеге иштеп берээр кезимде турмушка чыгып кетем деп ойлогон эмесмин. Ошентсе да мен өзүмдү өмүр бою Айчүрөк эжеге карызмын деп эсептейм.
– Ошол карызыңдан кантип кутулам деген оюң бар?
– Качандыр бир кезде эженин кылган эмгегин кандайдыр бир жол менен сөзсүз кайтараарыма көзүм жетет.
– Сенин ырдаганыңа кайненең каршы болуп, тыюу салып жатыптыр деп уктук эле...
– Кайненем өзү искусствого жакын адам. “Атаң алакачып кетпегенде мен дагы ырчы болмокмун”,- деп азыр кээде айтып калат. Кайненем мени той-топурларда, конокко барганда ырдатпайт. “Ырчы келин ырдап койсун” дегендерге тамаша аралаштырып: “Менин келинимдин ырдай турган жери бул жер эмес. Анжелика сахнада гана ырдайт”,- деп коёт. Сахнада ырдаганыма эч кандай тыюу салбайт.
– Жолдошуңдун сенин чыгармачылыгыңа болгон түз мамилеси өзгөр­гөн жокпу?
– Урмат мени башынан эле “ыр­да” деп да, “ырдаба” деп да айтпайт. Кээде гана тийиштирип: «Ар нерсенин өз убагы болот. Мен дагы убагында Кыргызстандын намысын коргогон спортчу эмес белем»,-деп калат. Мен болсо “Мен сахнага кичине кезимде келгем, өмүр бою сахнадан кетпейм”,-деп өз оюмду бербейм. Катуу каршылык кылбайт. Баса, Урмат өзү да аябай жакшы ырдайт. Конокторго барганда тост сүйлөгөн­дөн кийин микрофонду Урматка карматып, өзүм унчукпай туруп алсам, ал айла жок ырдайт. Мени ырдайт деп күтүп турушкан коноктор эмне дээрин билбей эле унчукпай отуруп калышат.
– Анжелика, жакында туулган күнүң болбодубу. Он сегиз жашыңды кантип тостуң?
– Туулган күнүм өмүр бою эсте калаарлык болду. “Эмне кылсак? Кантип тоссок?” деп мен ойлонгуча эле жолдошум кафени даярдап, туугандарды чакырып, бүт баарын уюштуруп коюптур. Мындан башка дагы бир сонун сюрприз жасады. Бөкөнбаев-Правда кө­чө­лө­рүнүн кесилишине чоң көлөм­дөгү рекламалык щитке “Анжелика, туулган күнүң менен!” деп жаздырып, сүрөтүмдү илдирип коюптур. Мага 12-июнга өткөн түнү туура саат 12де көрсөттү. Аябай толкунданып, сүйү­нүп, жолдошума ыраазы болдум.
– Сен быйыл мектепти аяктабадыңбы. Классташтарың менен катар эле экзамен тапшырдыңбы?
– Экзаменге бардым. Мамлекеттик экзамендерди “4”, “5” деген бааларга тапшырдым. Ал эле эмес, аттестатымды да алдым.
– Бүтүрүү кечесине катыштыңбы?
– Бүтүрүү кечесине барган жокмун. Классташтарымдын баары кооз көйнөк­төрдү кийип, шаан-шөкөт кылып жүрүш­сө, мага эмнегедир ушулардын баары кызыксыздай туюлду.
– Жогорку окуу жайга тапшыруу планыңда барбы? Кайсы окууга тапшырасың?
– Окууга сөзсүз тапшырам. Бирок, кайсы окууга тапшыраарымды толук чече элекмин. Мен престиждүү же престиждүү эмес окуу деп бөлбөйм. Эң негизгиси, өзүмө жаккан бир кесиптин ээси болсом болгону.
– Баланы пландай элексиңерби?
– Бул жашыруун сыр...
– Сен эми кожойке болуп калбадыңбы. Бир үйдү тей­лөө кыйын эмес бекен?
– Мен турмушка чыга элегимде апам жумшамайынча иш кылчу эмесмин. Азыр үйгө барып калсам колум тынбайт. Атам да муну байкаган окшойт, “биздин кызыбыз тың болуп калган го” деп калат. А тамак жасоо – бул менин кичинекей кезимден берки хоббилеримдин бири. Үйгө отуздай конок келсе да тамактын түрүн жасап, жалгыз өзүм тосом. Менин жумуш жасаганымды көргөн­дөр: “Ырчылар да ушинтип иш кыла алышабы?”- деп таңкала беришет.
– Айылдын жумуштарын жасаганга да жетиштиңби?
– Айылга барсак биз көп деле турбайбыз. Ошентсе да жеңемдерге аралашып, жумуш кыла берем. Бирок, очокко от жакканда аябай жүдөйм. Бир жолу үйдө эч ким жок болчу, тамак жасайын деп такыр отту күйгүзө албай койдум. Солярканы кайра-кайра куюп жатып эптеп жасагам. Тамак бышкыча эки литр солярканы түгөтүп салыптырмын. Андан да кызыгы, бир чака толтура суу майды итке ичирип койдум. Чакадагы майды эшикке алып чыгып, кружка менен куюп тамак жасадым да, кайра киргизип коюуну унутуп калып уктап калыптырмын. Анымды ит келип эч нерсе калтырбай ичип кетиптир. Айылдын жумуштарын мына ушинтип чала-чарпыт кылганга жетиштим.

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: