«АРТЫК & САПАР» ДУЭТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАРКАДЫ?

Шоу-бизнестин кезектеги дагы бир сенсациясы пайда болду. Башкача айтканда, сахнада такай эгиз козудай ээрчишип жүргөн ырчы жигиттер Артык менен Сапар чыгармачылыкта эки башка жол менен кетүүнү туура көрүшүптүр. Мунун себебин Артык, Сапар жана алардын продюсери Дана төмөнкүчө тү­шүн­дү­рүш­тү...

«Артык & Сапар» дуэтинин продюсери ДАНА:

– Дана, Артык менен Сапарды­ өз- өзүн­­чө бөлүп салганыңыздын себеби эмнеде болду?
– Мага буларга чейин “продюсер болуңуз” деп он чакты ырчы кайрылган. Бирок, алардын бирине да макул болбой, Артык менен Сапарга ойлонбой туруп эле эки күндүн ичинде продюсер болууга макулдугумду берип койгонума азыр өкүнөм. Негизи эле жашоодо адамдын кыялы чоң роль ойнойт экен. Топтун бөлүнүшүнүн негизги себеби Артыктын кыялына байланыштуу болду. Башкача айтканда, анын өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип алганы менин кыжырымды келтирди. Мен аларга продюсер болбой эле, Артык бизге продюсер болуп алыптыр. Буга мен бир нече мисалдарды келтирип бере алам. Ырас, кышында берген концертти туура эмес убакка уюштуруп алып, жакшы болбой калганын моюнума алам. Ушул концерттен кийин Карабалта тарапта афишаларынын илинип турганын бирөөлөрдөн уктум. Тактасам, чын эле мага айтпай концерт уюштуруп алышыптыр. Мен үчүн канчалык оор болсо да, “макул эми, концерт жакшы болбой калганга жараша өздөрүнө аз да болсо тыйын кылып алышсын” деп бул кылыктарын кечирип койдум. “Үч концерттен кийин шаарга баргыла”,- деп айткам. Анткени, 14-февралга карата болгон “Кардио-хит” концертине катышышмак. Концерт башталаар күнү телефон чалсам, гастролун андан ары улантышып Токтогулга, андан ары түштүктү кыдырып кетип калышыптыр. Бул бир гана мисал. Мындан башка толгон-токой жоруктары бар.
– Анда эмне үчүн Сапарды алып калдыңыз?
– Артыктын жашы менден улуу болгон үчүнбү, мен башынан эле Артык менен көбүрөөк кеңешип, Сапардын пикирин көп көңүлгө алчу эмесмин. Сапар жаш болгондуктан, ким эмне десе кыла берет. Ошондуктан, бул жерде Сапарда күнөө азыраак. Сегиз ай бою иштеп, бир да жолу анын оозунан жаман сөз уккан жокмун. Анан да ал таланттуу бала. Буюрса, Сапардан мыкты ырчы чыгаарынан күмөнүм жок.
– “Өзү­бүз­гө таандык акчаларыбызды бербейт” деген сизге коюлган күнөө жөнүндө эмне дейсиз?
– Бул көпкөндөн айтылган сөз. Мен буларды кийинткендей өзүмдүн кызымды да кийинтпейм. Буларга болсо башынан ылдый кымбат баалуу кийимдерди сатып берем. Керек болсо менин булар үчүн сарптаган акчам акталбай калды.
– Балдардын популярдуу болушуна канчалык деңгээлде эмгек сарптадым деп айта аласыз?
– 90 пайыз эмгегим кетти деп токтолбой эле айта алам. Артык: “Сапар менен Дана менин артымдан таанылышты. Мен “Атага катты” жазбаганда аларды эч ким таанымак эмес”,- деп айтып жүрүптүр. “Атага катты” мага келгенге чейин беш жыл мурун жазган экен. Эгер чыгарса ошондо эмне үчүн чыгарбайт? Азыр элге таанылбаган Артыктан он эсе таланттуу балдар, “Атага каттан” он эсе жакшы ырлар бар. Алардын колдоочусу, продюсери жок, ошон үчүн элге тааныла албай жатышат. Анын сыңарындай, атасына эмес, апасына кат жазса да жүгүрүп, аракет кылбаса ал элге сиңбейт болчу. Балдар мага келишкенде “Атага каттын” жарыкка чыкканына жыйырма гана күн болгон. Санап көрсөм, бул ыр бир эле айдын ичинде КТРден 23 жолу кетиптир. Мына ушинтип жүрүп бул ыр менин эмгегимдин арты менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарады. Клипти да алардын бир тыйынын коротпой, демөөрчүбүз Болотбек Дыйкановдун жардамы менен тартканбыз.
– Эми кетирген чыгымдарыңыздын акталбаганына да кайыл болуп, баарын нөлдөн баштаган турбайсызбы.
– Ошентүүгө туура келди. “Атага кат” менен “Байкуштан” башка ырларынын баарын радиодон алдыртып салдым. Анткени, буларды жаздырууга жеке менин акчам кеткен. Ал эми жогорудагы эки ырды өздөрү жаздырышкан. Артыктын кийимдери ошол бойдон менде турат. Аларды да мен сатып бергениме карабай жакында бирөөдөн берип жиберем. Өзүнө буюрсун. Негизи эле ырчылар ыраазы болгонду билбеген калк болушат экен. Алар үчүн жаныңды аябай чуркайсың, алардын аты чыгат, акырында келип өзүң жаманатты болот экенсиң. Эми башка бала алсам да эки айдай анын мүнөзүн сынап көрүп, анан алайын деп жатам.


Артык Саитов: «ОН МИҢ ДОЛЛАРДАН КУТУЛУУ ҮЧҮН
ЭКИ АЙ БЕКЕР ИШТЕДИК»

– Артык, сени продюсериң менен өнөгүң топтон бөлүп салганын кандай кабыл алдың?
– Мен бул жөнүндө алгач “Браво” телекөрсө­түүсүнөн уктум да, аябай жаман абалда калдым. Мага эч нерсе айтпай эле өздөрү чечим чыгарып коюшуптур. Баарынан да “Артыктын жоопкерсиздигинин айынан топ тарады. Эми Артык чыгармачылык менен иштешеби, иштешпейби, белгисиз” деп жок жерден жалаа жаап, жамандап койгонуна жиним келди.
– Эмне кылып жоопкерсиздик кылдың эле?
– Бул жерде жоопкерчиликсиз мен эмес, продюсерибиз Дана эже өзү болуп жатат. Башында түзүлгөн келишим боюнча түшкөн пайданын 45 пайызын мен, 25 пайызын Сапар, калган 30 пайызын продюсерибиз алышы керек болчу. Андан тышкары, эки жылдын ичинде толгон-токой убадалардын ичинен квартира убада кылганда мен: “Мага квартиранын да кереги жок. Болгону, менин үч жаштагы кызым тубаса жүрөк оорулуу. Ошону операция кылганга каражат бөлүп берсеңиз болду”,- дегем. Ага макул болгон. Ошондон бери кайсыл жакка концертке же башка иш-чараларга барбайлы, бир тыйын ала албайбыз. “Берген жок. Эл келбей калды. Банкрот болуп калдык”,- деп эле турат. Атүгүл өзүбүздүн кышында берген концертибизден бир тыйын алган эмеспиз. Алмак тургай, тескерисинче, он миң долларга карыз болуп калганбыз. Ошол он миң доллардан кутулуу үчүн эки ай бою Ошто демөөр­чү­бүз­гө бекер иштеп берип жүрбөдүкпү. Андан келип Нарынга бир иш-чарага катышып келсек, “ала элекмин” деп анын акысын да бербей койду. Биз менен барган башка ырчылардан сураштырсам, алар акыларын ошондо эле алышыптыр. Ушинтип жүрүп каражат жагынан аябай кыйналып кеттим. Мен деле үйбүлөмдү багышым керек, квартира акысын төлөшүм керек да. Ушуларды ойлоп маанайым чөгүп отурсам, Дана эже телефон чалып: “Эртең Опера-Балет театрына кел”,- деди. “Эмнеге?” десем, “жумуш бар” деп койду. Ал жактан деле эч кандай акыбызды ала албашыбызга көзүм жетти да, баруудан баш тартып койдум. Жоопкерсиз деп мага күнөө коюп жатканынын себеби ошол.
– А Сапар менен мамилең кандай?
– Сапар менен болгон мамилем жакшы эле. Экөөбүз ошондон бери жолугуп, сүйлөшө элекпиз. Жакында жаңы ырын жаздырганда мага телефон чалган экен. “Сапар, ушул убакка чейин экөөбүздүн репертуарыбызда он үч ыр бар болсо, баарынын сөзү, обону меники. Мен ырларымды сени менен бөлүшүп эле жүрчү эмес белем. Сен бир ыр жазып алып, ошонуңду менден аядыңбы?”- дедим. Анда Сапар: “Дана эже минтип жатат, тигинтип жатат... Андай болсо келиңиз, чогуу жаздыралы”,- дейт. Мен чакырбагандан кийин өзүм барууну туура көрбөдүм.
– Эми кандай кыласың? Сапардын ордуна башка өнөк табасыңбы же өзүң жалгыз эле иштей бересиңби?
– Аны толук ойлонгонго да үлгүрө элекмин. Балким, Сапар экөөбүз кайрадан иштешебиз, балким, башка өнөк табам. Эмнеси болсо да чыгармачылыкты таштабайм. Түзүлгөн пландарды да үзгүлтүккө учуратпайм. Ал эми Сапар экөөбүз аткарган менин ырларым радиолордон өзүмдүн аткаруумда гана жаңыра баштайт. Анткени, ал ырлар документ түрүндө менин атыма катталган.
– “Артык & Сапар” дуэтинин элге таралышына продюсериңер канчалык деңгээлде өз салымын кошту деп ойлойсуң?
– Биз Сапар экөөбүздүн иштеше баштаганыбызга бир топ убакыт болуп, “Атага кат” хитке айланып турган маалда продюсер менен иштеше баштаганбыз. Эгерде “Атага каттан” кийин дагы бир ырыбыз хит болсо анда продюсердин салымы бар деп айтмакмын. Андан кийинки ырларыбыз бүдөмүк бойдон эле калып калбадыбы. Демек, күйөр­ман­дарыбыз өздөрү жыйынтык чыгарып алышсын.


Сапар Эркебаев: «БУГА МЕНИ АРАЛАШТЫРБАГЫЛА»

– Сапар, дуэттин тараганы тууралуу өз оюңду сен да айтсаң?
– Шоу-бизнесте өзгөрүү­лөр, жаңылануулар – боло берчү көрүнүш. Ал эми Дана эже менен Артык байкенин ортосундагы ызы-чууга мени аралаштырбай эле койгулачы, сураныч.
– Сенин оюңча, Дананын айткандары туурабы же Артыктын айткандары туурабы?
– Чынын айтсам, экөөнүн чырына мен алиге чейин толук түшүнө элекмин. Ошондуктан, мунусу туура кылып жатат, мунусу туура эмес кылып жатат деп айтуудан алысмын. А менин жеке мамилем экөө менен тең бирдей. Артык акенин ырларын ырдап, аздыр-көптүр элге таанылып алдым. Ал эми ошол ырларды элге таратканга Дана эженин салымы чоң.
– Артык экөөңөрдү “сахнада чогуу ырдашканы менен сахнанын артына өтөөрү менен экөө эки жакка кетет, мамилелери ит менен мышыктай” деп уккан элек. Чын эле мамилеңер начар беле?
– Минтип айткандар жаңылышат. Артык аке экөөбүздүн мамилебиз кадимкидей эле болчу. Эми деле ошол бойдон калат деп ойлойм.
– Артык “кайра чогуу иштешели” деп чакырса барат белең?
– Бөлүнгөн соң кайра баруунун кереги жок деп ойлойм. Дана эже менен эле иштеше берем деген оюм бар.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан