Айжан Газиева: «АТАМ МЕНЕН БИР ДА ЖОЛУ СҮЙЛӨШКӨН ЭМЕСМИН»

Кыргыз музыкасында сейрек кездешчү джаз стилиндеги ырларды жагымдуу коңур үнү менен катыра ырдап, өзүнүн өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен шоу-бизнестен өз ордун тапкан ырчы кыз Айжан Газиева 1984-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үйбүлөлүү. Бир уулдун энеси.

– Айжан, сени тырышчаак, эмгекчил деп угуп калабыз...
Мени мындай сапаттарга апам тарбиялаган десем болот. Атам менен апам мен бир жарым-эки жашымда эле ажырашып кетишиптир. Атамды бул убакка чейин бир-эки жолу көргөм, бирок, бир дагы жолу сүйлөшкөн эмесмин. Апам болсо тапканынын баарын мага коротчу. Кичинекей кезимден эле катуу тартипке, эмгекчилдикке, өжөрлүккө көндүрдү. Биринчи классымдан баштап Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке берип койгон. Анда мен бир эле убакта пианинодо, комузда, хордо, бийде, актёрлук чеберчиликте окучумун. Убактым аябай тыгыз бөлүштүрүлгөндүктөн, бир мүнөтүмдү да текке кетиргим келбей, мектепте тыныгуу убагында үйгө берилген тапшырмаларды жазып койчумун.

– Мектеп жашына чейин эле музыкага болгон шыгың билинген үчүн музыкалык мектепке берсе керек?
Ошондой го. Себеби, чын эле кичинекей кезимде ырдаганга кызыкчумун. Апамдын жумушуна карап Бишкектен Балыкчыга көчүп барганыбызда мен беш жашта болчумун. Ошондо бир чоң майрам болгондо чачымды экиге бөлүп өрүп, кооз кытай көйнөгүн кийип алып көп элдин алдында “Жёлтые тюльпаны” деген ырды ырдаганым эсимде. Болбосо апамдын эч кандай музыкага тиешеси жок. Жөнөкөй бухгалтер болуп эле эмгектенчү. Таенем болсо убагында Гүлсүн Мамашевалар менен чогуу ырдап жүргөн экен. Шартка байланыштуу ал чоң сахнага чыга албай калыптыр да, Гүлсүн эжелер чыгып кеткен экен. Атам болсо акын. Бирок, атам менен катышпаганым үчүн ал жөнүндө эч нерсе айткым келбейт.

– Сени музыка күйөрмандары джаз ырчысы катары таанышат. Музыканын бул стилине кандайча багыт алып калдың эле?
9-классты бүткөн соң Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырдым. Бир күнү андагы фонотекадан эски пластинкалардын биринен джаз стилиндеги музыканы таап алып, ошондон баштап эмнегедир кызыгып кеттим. Мугалимден ал бөлмөнүн ачкычын алып, сабак бүткөн соң караңгы киргенче музыка угуп отура берчүмүн. Кийин бул стилдеги англисче ырларды угулушу боюнча орусча жазып алып жаттап, өз алдымча ырдаганга өттүм. Мага бул багыт боюнча жардам берип, кеңешин айткан эч ким деле болгон жок. Өз алдымча эле аракет кылып жүрүп кызыгып кеттим. Бир канча ырларды жаттап, өздөштүрүп алган соң кафе-ресторандарда джаз ырларын ырдап, өзүмө каражат тапканга жетиштим. Шаардагы көп ресторандарда иштедим, азыр деле иштейм.

– Чыгармачыл адамдар музыкадан тышкары да башка багыттагы билимге ээ болуп алууга аракет кылышат эмеспи. Анын сыңарындай, сенин да башка билимиң барбы?
Орто окуу жайын бүткөн соң өзүмдү сыноо максатында “Манас” университетинин котормочулук жагына тапшырсам, өтүп кетиптирмин. Ал кезде консерваториянын сырттан окуу бөлүмүнө да тапшырып койгон болчумун. Ал жакка да өтүп, бир эле убакта эки окуу жайда окуй баштадым. Тилекке каршы, экөөнү тең аягына чыгара албай калдым.

– Эмнеге?
Буга турмушка чыкканым себеп болду. “Манаста” аябай жакшы окучумун. Алгач кыргыз тилинен бир аз кыйналдым. Ошондуктан, түшкө чейин түркчө окусам, түштөн кийин өз алдымча кыргызча сөздүк менен иштеп жүрдүм. Ошентип, эки жыл бою эң жакшы окуган студенттердин катарында окуп жүрдүм. Мугалимдердин мени Түркияга жиберебиз деген ойлору бар эле. Ошого карабай окуумду таштаганга туура келди. Анткени, күндүзү окуп, кечинде иштеп, үйгө түн бир оокумда келчүмүн. Бул жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы келишпестиктерди жарата баштады. Бир чети өзүмө да ыңгайсыз болду. Кайсы аял үйүнө түнкү саат бир-экиде келип, эртең менен таң атпай кайра чыгып кетмек эле? Акыры мугалимдердин суранганына карабай кетүү чечимин кабыл алдым. Кеткениме өкүнгөн деле жокмун, анткени, ал окуу мен үчүн эмес болчу. “Балким, мен бул жерде окууну чындап каалаган адамдын ордун жөн эле басып жүргөндүрмүн” деп ойлоп, баса бердим. Кийин консерваториядагы окуума да барбай койдум. Мага турмушта буга чейин жалаң апам багыт көрсөтүп жүрүп, анан өз алдымча болгондо эмне кылаарымды билбей, баш-аламандыкка кабылып калдым.

– Жолдошуң менен кандайча таанышып калдың эле?
Мен иштеген ресторанда бармен болуп иштечү. Алгач бир жерде иштеген адам катары жөн гана тааныш болчубуз. Кийинчерээк бири-бирибизди жактырышып, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Анан үйлөнүүнү чечип койдук. Бул жөнүндө алгач апама айта албай коркуп жүрдүм. Кыйкырып аябай урушса керек деп ойлогом. Айтсам: “Жакшылап ойлонуп, чечтиңби? Анда өзүң бил”,- деп койду. Таң- калганымды жашыра албай: “Апа, кантип эле ушинтип койдуңуз?”- десем: “Кызым, сен 18ден өткөн чоң кызсың. Паспортуң колуңда. Мен өмүр бою сени карап жүрө албайм да”,- деди. Ошентип, той өткөрүп, Кеминге келин болуп калгам. Тоюбузда апам квартира белек кылды. Жыл айланып Данияр аттуу уулдуу болдук. Уулубуз азыр экиге чыгайын деп калды.

– А шоу-бизнеске киргениңе сага ким көмөкчү болду эле?
Менин сахнага башынан эле чыккым келип жүрчү. Апамдын, мугалимдеримдин мага сарптаган эмгегин көлөкөгө калтыргым келчү эмес. Сахнага жаш ырчылар келе баштап, менин да каалоом күчөп жүргөн күндөрүмдүн биринде “Алтын Ажыдаар” ресторанында Жаңы Жылдык “Көгүлтүр от” берүүсү тартылмай болуп калыптыр. Аны угуп алып Канат Култаевге телефон чалдым. Канат байке менен болсо 14 жашымда таанышкам. Арадан алты жыл өтсө да, Канат байкенин мени тааныганына ыраазы болуп, максатымды айтсам, Ассоль Абдыкалыевна менен сүйлөшүп, дароо эле мага “макул” деген жооп айткан. Кубанычым коюнума батпай, эки айлык баламды көтөрүп алып съёмкага баргам. Апам менен жолдошум баланы кармап бери жакта отурушат. Мен болсом улам барып эмизип коём. Ошентип отуруп акыркы болуп тартылгам. Ошондо Ассоль Абдыкалыевна менен таанышкам. Ага чейин аны менен жакындан таанышуу мен үчүн жомоктой сезилчү. Теледен же алыстан гана көрүп суктанып коюп жүргөн кумирим менен бирге иштешип калам деп такыр ойлогон эмесмин мен анда. Жолукканы жумушуна келгенимде сүрдөгөнүм такыр эсимден кетпейт. Ошентип, ал менден жакшы кеңештерин аябай, чыгармачылыкка туура жол көрсөтүп берди.

– Балаң жаш болсо чыгармачылык менен иштөө бир топ кыйынга турса керек?
Съёмкаларга барганда баламды апама же туугандарыбызга таштап кетип жүрдүм. Эч ким болбой калса, жаныма алып алчумун. Эми буюрса, чоңоюп калды. Азыр аны аталаш сиңдим карайт.

– Өзүң учурда эмне менен алектенип жатасың?
Мамлекеттик телевидениеде “Бардык мезгил үчүн музыка” аттуу телеберүүнүн орусчасын алпарып жатам. Андан тышкары, “Салам, Кыргызстан” телеберүүсүнө сюжет даярдайм. Ошондой эле кечинде ресторанда ырдайм.

– Жаңы ырлар жазылуудабы?
– Жакында эле “Аромат любви” деген ыр жаздырып, клип тарттырдык. Сөзү, обону толугу менен, аранжировкасынын 80 пайызы өзүмдүкү. Мен негизи ырларымдын баарынын эле сөзү, обонун өзүм жазам. Эми аранжировка жасаганды үйрөнөйүн деп жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА