Жеңишбек Айтиев: «ЭЛДИ АЛДАП ЛОТЕРЕЯ ОЙНОТЧУМУН»

«Ордолуу Ош шаары – орошон таланттардын мекени» деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Өзүнүн тамашалуу ырлары жана клиптери менен элинин жүзүнө жылмаюу тартуулап келе жаткан ырчы, куудул жигит Жеңишбек Айтиев – дал ошол Оштун кулуну. Ал 1976-жылы 3-ноябрда Ноокат районунун Караташ айылында туулган. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. Учурда ОшМУнун музыка факультетинин 2 курсунун студенти.

– Жеңишбек, сени көпчүлүк ырчы катары акыркы бир жылдан бери эле тааный баштады. Ага чейин кайсы чөйрөдө эмне иш менен алектенип жүрчү элең?
– Оо, сахнага келгенге чейин мен кылбаган иш калган жок. Мектепти бүткөн соң Бишкекке техникумга келип, муздаткыч оңдоочунун окуусуна тапшырып алдым. Бул окууга эмнеге тапшырып алганымды өзүм да билбейм. Мен ыр менен футболго гана кызыкчумун, а техника боюнча такыр түшүнүгүм жок болчу. Музыкалык окуу жайга тапшырайын десем атам каршы болуп койгон. Ошентип, муздаткыч оңдоочунун окуусунда 4-5 ай эле окудум. Ал убактарда коммерсант деген кесип укмуш мода болуп кеткен эле. Коммерсант болсоң барктуу да болчусуң. Айылдаш балдар “коммерция кылабыз” дешти эле, ошого кызыгып окуумду да таштап кетип калгам. Коммерциябыз – шампан, кока-кола, коньяк жасамай. Топ балдар бир үйгө чогулуп алып, түнү менен «самопал» жасап чыкчубуз. Анан аныбызды оптомунан өткөрүп жан бакчубуз. Кийин айылга барып базарда лото ойноткон жумуш таап алдым. Менин куудулдугум ошол жерден башталса керек эле. Анткени, элди өзүмө тартыш үчүн күлкүлүү сөздөрдү сүйлөп, элдин көңүлүн бурууга туура келчү. Мисалы, сексен – “кемпир”, токсон – “чал”, элик (элүү) – “акча уталы деп келдик” деген сыяктуу сандардын ар бирине өзүм ат коюп алчумун.
– Оюнду адилет ойнотчу белең же элди алдаган учурларың да болду беле?
– Кээде алдаганга да туура келчү. Андагы толтура таштардын ичинен беш- алтоону түнү бою муздаткычка салып коюп, эртеси башка таштарга аралаштырып жиберчүбүз. Аны мен алдын-ала даярдап койгон бала жакшы билчү. Башкалар колуна тийген ташты алса, тигил бала муздак ташты сууруп чыгып, жеңүүчү боло берчү. Түшкөн акчаны экөөбүз тең экиге бөлүп алчубуз.
– Анда чыгармачылыкка кокусунан келип калгансың го?
– Ошондой десе да болот. Кичинекей кезимден баштап ырдаганга кызыгып, мектепте маданий иш-чараларга катышып жүргөнүм менен сахнага чыгам деп ойлогон эмесмин. Болгондо да куудул болуп чыгам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бир күнү адатымча лото ойнотуп отурсам, бир досум келип, “райондук куудулдар сынагы өтөт, катышуучуларды чакырабыз” деген жарыяны көрсөтүп: “Ушул конкурска катышып көрбөйсүңбү?”- деп калды. Мен алгач: “Мен куудул боломбу?”- деп чочуп кеттим. Бирок, досторум ой-боюма койбой жатып макул кылышты. Бирөөсү Борончунун анекдотторун алып келип берди. Ошентип, конкурс өтө турган күн келгенде бир топ досторум мени тегеректеп жүрүшөт. Чачымды кыскартышып, ак көйнөк, кара шымды кийгизишип, моюнума бабочканы тагып чыкыйтып коюшкан. Мен болсом кезек мага жакындаган сайын сүрдөгөнүм күчөп, калтырай баштадым. Кезегим келгенде жүз граммды ичиришти да, сахнага түртүп чыгарып коюшту. Айткан анекдотторум элге жагып, он эки катышуучунун ичинен үчөөбүз 2-турга чыгыптырбыз. 2-3 сааттан кийин эле 2-тур башталды эле, берки атаандаштарым башка сатираларын айтышса, мен кайра баягы анекдотторумду кайталадым. Башкасы жок болсо эмнени айтам? Ошон үчүн калыстар мага 3-орунду беришкен. Ушундан кийин топторго кошулуп, гастролдорго бара баштадым. Менин чыгармачылыкка түшкөн чыйыр жолум мына ушинтип башталган.
– Сени элге тааныткан “Беш бармак” деген ырың кандайча пайда болду эле?
– Өзүм да жазып, сатираларым көбөйүп калган соң сатираларымдан турган кассета чыгарууну ойлодум. Ал жердегилер мага “сатиранын арасына сөзсүз тамашалуу ыр керек, бир ыр жаздыр” деген кеңеш беришкен. Бул жөнүндө бир тууган агама айтсам, биз кичинекей кезибизде ырдап жүргөн ырды кайрадан иштеп чыгып, “Беш бармак” деген ыр жазып берди.
– “Мерседести” ушул агаңа белек кылган экенсиң да?
– Ооба, тойлордон топтогон акчама агама машина сатып берүүнү чечтим. Мен агамдын ушул ыры менен элге таанылбадымбы. “Алгач өзүңө машина сатып албайт белең?”- деп сурагандар да болуп жатат. Мен үйдө кичүүсүмүн. Анан эң улуу агам машина мине электе мен минип алсам уят го. А эң улуу агама алып берейин десем, ал машинага кызыкпайт, айылда жашайт.
– Тамашалуу ырлардан олуттуу ырларга өтүп, чыгармачылыгыңа жаңылык киргизейин дейсиңби?
– Азырынча олуттуу стилге өтөйүн деген оюм жок. Элиме жылмаюу тартуулап, тамашалуу эле ырларды ырдап жүрө турайын. Мага “сенин турган турпатың өзү тамашалуу, ошондуктан, сага ушундай эле ырлар жарашат” деп айтып калышат. Көпчүлүк билгендей, “Беш бармактан” кийинки ырларым да тамашалуу, ошого жараша алардын клиптери да тамашалуу болуп чыгып жатат.
– Чыгармачылыгыңа сын айткандар да кездешсе керек?
– Болуп калат. Бир жолу бирөө: “Атаң барбы, апаң барбы, чакырып койчу танцага... Бул эмне деген ыр?- деди эле: “Бул ыр чыкпайт болчу. Акыркы кездерде пикет, митингдер көбөйүп кетти. Ата-апаларыбыз пикетке чыга берип чарчашты. Аларды бир тойго, танцага чакырып коёюн дедим”,- десем унчукпай калды.
– Чыгармачылыгыңа демөөрчү­лүк көрсөт­көндөр барбы?
– Бул жагынан Таалай Кожонов деген байкеге чоң ыраазымын. Клиптеримди тарттырганда анын көп колдоосун көргөм.
– Чыгармачылык кээде үйбүлөгө тескери таасирин тийгизип коёт эмеспи. Сенин үйбүлөңдө кандай?
– Алгач менин келинчегим да чыгармачылыгымды түшүнбөй жүрдү. Үйгө кеч келсем кабагын түйүп дегендей. Бирок, азыр баарын түшүнөт, моралдык жактан ар дайым колдоп турат.
– Канча балаң бар?
– Бир уул, бир кызым бар. Уулум Туратбек 3 жашта, кызым Арина 1,5 жашта. Экөө тең менин ырларымды аябай жакшы көрүшөт. Телевизордон берип калса башка бөлмөдө жүрүшсө да чуркап келишип, үйдү чаңытып аябай бийлешет. Аларга кошулуп алып мен да бийлейм.
– Балдарыңды көрүп отуруп өзүңдүн балалыгың да эске түшсө керек. Мындай учурда эмнелер көз алдыңа келет?
– Мен Ноокат районунун Караташ айылында өткөн балалыгыма кайрылганымда бактылуу күндөргө караганда кыйынчылык күндөр көбүрөөк эске түшөт. Биз тогуз бир тууганбыз. Атам тракторист, апам биз менен үйдө эле отурчу. Тилекке каршы, мен бир жашка толгонумда атам менен апам ажырашып кетип, атам Ош шаарында жашап, ошол жакта университетте лаборант болуп иштеп калган. Атам бизге каралашып, келип-кетип эле турчу. Ошентсе да жалгыз апама чиедей балдарды жалгыз тарбиялаган жеңил болгон эмес. Атам жаңы окуу жылга карата баарыбызга кийим-кечек сатып берчү. Бир жолу мен “жок, өзүмдүн кийимимди өзүм кылам” деп кошунабыздын коюн бир күн кайтарып берип, акысына алган сегиз сомго ак көйнөк менен кара шым сатып алганым эсимде. Ошентип жүргөндө “какаганга муштаган” болуп, мен 4-класска киргенимде апабыздан айрылып калдык. Ушундан кийин Ошко атамдын колуна бардык. Ошол бойдон окууну Оштогу Гагарин атындагы мектептен аяктадым. Азыр да Ошто турам. Айылдагы үйүмдөн бир айда бир-эки жолу барып кабар алып келем.
– Оштогу таланттардын өз ара ынтымагыңар кандай?
– Биз аябай ынтымактуубуз. Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Алишер Тоотаев жана башкалар болуп жумасына бир жолу чогулуп, палоо жеп турабыз. Антип чогулганда чыгармачылык жөнүндө, башкалар жөнүндө чер жаза сүйлөшөбүз, анча-мынча карта ойнойбуз, бильярд ойнойбуз. Замир Мырзаны жоро башы деп коёбуз. Анткени, ал баарыбызга тегиз карап, ушундай жолугушууларды уюштуруп турат.
– Күйөрман кыздарга бир топ эле байып калгандырсың?
– Мен Ошто аябай көп той алпарам. Анын үстүнө, Оштун телеканалдарынан да ырларымды тынбай берип турушат. Ошондон уламбы, түш­түктө жакшы эле популярдуулукка жетишип калдым. Андыктан, кыздардан келген коңгуроолор да көбөйүп кетти. “Сиз бойдоксузбу?”- деп сураган кыздардан: “Ооба, бойдокмун, ишенбесең, үйгө барып аялымдан сура”,- деп кутулуп кетем.
– Түштүктүк күйөр­мандарың менен борбордогу күйөрмандарыңдын кандай айырмасы бар?
– Түштүктө албетте, бул жакка караганда менин ырларымды аябай жакшы кабыл алышат. Ошондуктанбы, мен өзүмдү ал жакта өзгөчө эркин сезем. Бишкекте болсо биринчи сахнага чыкканда сүрдөп барып анан өзүмө келем. Жакында “Россия” кинотеатрына концерт койгону жатам. Менин бул жакта канчалык күйөрманым бар экенин мына ошол жеке концертимден кийин көрөбүз да.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 251, 24-30-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан