Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Эрмек: «ЖҮЗ МИҢ СОМ УТСАМ, МАШИНА САТЫП АЛАМ ДЕП ОЙЛОГОМ»

№256 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.


“Браво” телеберүү­сү­нүн таланттуу алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында эле спорт тармагында да ийгилик жаратты. Анын “Көк жал” чемпионатынан баш байгеге кандайча ээ болгондугу тууралуу маек назарыңыздарда.

– Эрмек, жакында эле бокс боюнча “Көк жал” чемпионатына катышып, жеңүүчү болбодуңбу. Спорттун бул түрү менен мурдатан эле машыгып жүрчү белең?
– Мен кичинекейимден спорттун көп түрлөрүнө кызыктым. 8-класста окуп жүргөнүмдө кикбоксинг менен бир жума машыккам. Акыркы машыгууда таяк жеп калып, ошол боюнча барбай койгом. Андан кийин таэквондо менен машыгып, бул боюнча эки жолу чемпион да болгом. Жогорку окуу жайда баскетбол, волейбол ойноп жүрдүм. Ал эми бокс менен 11-классымда жарым жылдан көбү­рөөк машыккам. 1-курска келген соң КВН жана башкалар менен алаксып жатып машыгуумду токтотуп койгом. Азыр кээде аныма өкү­нүп кетем. Анткени, ошол кезде мени менен бирдей эле машыгып жүргөн досторумдун бири спорт чебери болсо, калгандары чемпион болууга жетишишти. Анан кээде “мейли, мен анткен менен башка чөйрөдө ийгиликтерге жетишип жатпаймынбы” деп ойлоп коём.
– “Көк жалга” кандайча катышып калдың эле?
– Мындай чемпионат өтөөрү жөнүндө алгач “Супер-Инфо” гезитинен окугам. Дароо эле уюштуруучусу Ильяз байкеге чалып, дагы кимдер катышаарын сурасам, Мирбек, Акбар, Урмат, Султан сыяктуу толтура ырчыларды айтканынан мен да катышмай болгом. Гезиттен чемпионго 10 миң доллар берилээрин окуп: “Чын эле 10 миң долларбы?”- десем: “Ооба”,- деди. Ошентип, августтун биринен баштап катуу машыгууга кириштим. Бир жумада эки жолу катышуучулар атайын “Гермес Профи” залында бекер машыктык. Андан башка күндөрү деле мен башка залдарга барып өзүмчө машыгып жаттым. Бул убакыт аралыгында тойлорду, кечелерди алпарууга түшкөн сунуштардан баш тартып жаттым. Ушул тынымсыз машыгууларымдан кийин мен бул чемпионатта жеңүүчү болуп табылдым.
– Чемпион болом деп ойлодуң беле?
– Алдыма максат койгом, бирок, ишенген эмесмин.
– Атаандаштардын арасында бокс бүткөндөн кийин душмандашып калгандар болгон жокпу?
– Жок, тескерисинче, катышкан 16 баланын баары бири-бирибиз менен дос болуп калдык. Айрыкча мен жарым финалда уткан Уланга аябай ыраазы болуп калдым. Биринчи, экинчи урушта мен анын кол кабы менен шлемин кийип чыккан болчумун. Үчүнчү урушта өзү менен чыга турган болуп калдым. Тамашалап: “Улан, кол кабыңды бересиңби?”- десем: “Жок”,- деп күлүп коёт. Анан мен бир Анарбек деген боксчу байкенин кол кабын алып кийдим. Уланды утуп, Камчы байке менен финалга чыкканда болсо Улан мага кол кабын берип, өзү мени колдоп турду. Жаман жери, рингден келсем, Анарбектин кол кабын бирөө алып кетиптир. Ошол бойдон таппай койдум. Эгер ушул жумада да таппасам, жаңысын сатып бергенге туура келет. Азыр Улан экөөбүз жакшы достордон болуп калдык. Ал эле эмес, жогоруда айтылгандай, катышуучулардын баары бири-бирибизди көрсөк сүйүнүп, аябай жакшы учурашабыз. Болгону, мен Камчы байкени эле ошол боюнча көрө элекмин.
– Камчы мушташып жатып “жеңилип бербесең өлтүрөм” деген имиш. Чын эле ушинтти беле?
– Жо-ок, Камчы байке антип айткан эмес. Ал менден башкалар менен мушташканда куудулданып, шоу көрсөтүп жатпады беле?! “Мага келгенде шоу көр­сөтсө, мен дагы көр­сөтөм”,- деп ойлонуп турсам, мени менен аябай олуттуу мушташты. Бир да күлүп койгон жок. Мен ага рингдин ортосун бербей жаткам. Бир маалда эки мушту катарынан узатсам, кокусунан экөө тең тийип кетип, мурдунан кан атып кетип жатпайбы. Аны көрүп өзүм коркуп кетип, рингдин ортосун бошотуп бере салдым.
– Ал ошончо салмагы менен жаш баладан жеңилип калганына ызаланган жокпу?
– Ызаланбаса деле керек. Видеодон көрүп калдым, аягында мен аны кучактап: “Камчы байке, капа болбоңуз, эми бул оюн да”,- десем: “От души, от души...”- деп эле жаткан экен.
– Катуу мушту кайсыл учурда жедиң?
– Бир көз ирмем болду, Камчы байке бир муш бергенде мурдум катуу ооруп кеткен эле. Эртеси күнү менин чемпиондугумду майлап кафеде отурсак, байкемдин врач досу мурдумду көрүп: “Эрмек, мурдуң көгөрүп калыптыр, сынса керек. Эртең менин жумушума бар, көрүп берем”,- деп калды. Эртеси барсам, текшерип көрүп, сынбай эле бир аз жаракат алганымды айтты.
– Убада кылышкандай 100 миң эмес, 40 миң эле берилбедиби. Буга сен нааразы болуп калдыңбы?
– Албетте, нааразы болбой койбойт экенсиң. Айтылган нерсени аткарыш керек да. Бизге уюштуруучулар ар кандай варианттарды айтышты. “Эл аз келип калды, финалды кийин өткөрөлү” да дешти, “40 миңди он миңден бөлүп алгыла” да дешти. Акыры, бир чечимге келип, бири-бирибизди түшү­нүштүк. Бирок...
– Утуп алган акчаңды эмнеге жумшадың?
– “Эгер жеңүүчү болуп, 100 миңди утуп алсам, машина алам” деп кыялданып койгон болчумун. Атүгүл байкемдин сатканы жаткан “Гольф-2” машинасын саттырбай, өзүм сатып алам деп ойлоп жаткам. 40 миң эле болуп калган соң “сатыңыз” десем, 40 миңге сатпай койду. Азыр ал акчанын анча-мынчасын “майла” деп тооругандар үчүн короттум. Калганын сактап койдум. Жазга чейин өзүм акча топтоп, үстүнө кошуп эңсеген машинамды баарыбир алам.
– Сенин күйөрмандарың кимдер болду?
– Менин күйөрмандарым аябай көп болду. Досторум, байкелерим, кесиптештерим, курсташтарым... Баарынын кыйкыра берип эртеси күнү тамактары ооруп калыптыр. Мурунку өнөгүм Элнура күн сайын келип, мени колдоп турду. Нурзат болсо Кочкордо болгондуктан, улам-улам телефон чалып жатты. Эң күчтүү күйөрманым байкем болду. Анын үнү аябай бийик да, үнүнүн болушунча кыйкырып жатты.
Үнү бийик демекчи, бир окуя эсиме түшүп кетти. Байкемдер бир жолу КВН коюп Сочиге барышкан. Телевизордон көр­сөт­көндө баарыбыз карап отурганбыз. Апамдар болсо: “Кана, сен жок дегенде көрүүчүлөрдүн арасынан да көрүнбөйсүң го?”- деп жатышкан. Бир маалда эле казак команда чыгып калып, казакча бир нерсени айтканда эч ким түшүнбөй калды эле, бир гана каткырык тынчтыкты бузуп жиберди. Өзүн көрсөткөн жок, бирок, байкемдин үнү экенин жазбай тааныдык. “Кана...” дейсиңер. Мына, мен”,- деп күлүп жатат, биз да күлүп жатып араң токтогонбуз.
– Мушташыңа ата-энең да күбө болуштубу?
– Атам финалга барды, апам барган жок. Апам барса рингге мени менен кошо чыгып кетсе керек эле. Ал мындайга чыдабайт. Сотканын камерасына тартып алышкан экен, ошол жактан көрүп эле жүрөгү түшүп калды. Финал бүткөн соң атам, байкем, иним төртөөбүз кафеде отуруп, түнкү саат 1-2лерде үйгө барсак, апам уктабай бизди күтүп отуруптур. Курумду көрүп бир чети аябай сүйүндү, кайра мени аяп кеттиби: “Койчу, балам, ушунун сага эмне кереги бар эле?”- деп кейип коёт.
– Эми бокско кызыгып “Браводон” кетип калбайсыңбы?
– Жок, мен азырынча “Браво” аркылуу элге өзүмдү толук ачып бере элекмин. Дагы көп иштешим керек деп ойлойм.
– Түз эфирдеги эң кызыктуу учурлардан айтып берсең...
– Бир убактарда “Браво” аябай кеч болуп калбады беле. Ошондо уйкум келип кетчү. Бир жолу да клип кетип жаткан учурда уктап кетиптирмин. Анан эфир башталганда ойгоно калып студияда отурган Мирбек Атабековго келген smsти окуп калдым. “Мирбек, Токмокко качан келесиз?”- десем, Мирбектин да уйкусу келип отурган окшойт, “рахмат, рахмат...” деп коюп, сөзүн бүтүрүп отуруп алып жатпайбы. “Качан келесиң?”- деп кайра сурап койсом, чочуп кетип: “Аа, жакында келем”,- деп коёт.
– Иниңдин, агаңдын да шоу-бизнеске аралашканга каалоолору жокпу?
– Агамдын болбосо да, инимдин каалоосу бар. Атам да “Ай, сен өзүң эле кыйын болуп жүрө бербей иниңди да чыгарсаң”,- деп калат. Иним жакын арада телевидениедеги бир берүүнү алып барып калышы мүмкүн.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: