Роза Шакирова: «ЖИГИТИМ МАГА МАШИНА БЕЛЕК КЫЛДЫ»

Кичинекей кезинен эле элдин көңүл борборунда болууну жактырып, ырчылык талантын такшалтып келген Роза Шакирова азыркы тапта кыргыз журтчулугуна аты таанылган ырчы болууга үлгүрдү. Бул ырчы 1978-жылы 12-августта Баткен облусуна караштуу Хайдаркен шаарчасында туулган. Анда эмесе, «Карабачыны» катыра ырдаган Роза бүг&11199;н бизде конокто…

– Келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен! Жаңы жылга кандай даярдык көрүп жатасыз?
– Рахмат. Жаңы жылды Кудай буюрса, айылга барып, ата-энем менен чогуу тосуп келем. Алар менен кеңешчү да кептер бар. Келаткан жылдын ийгиликтүү болуусу үчүн ата-энемдин батасын алганы баратам. Анткени, кирип келаткан жаңы жылда алдыга койгон чоң-чоң максаттарымды ишке ашырсамбы деп турам.
– Ал максаттарыңыз тууралуу билсек болобу?
– Жылдын жаңырышы менен февраль айында концерт берүүгө камынып жатам. Концерттен кийин эле жигитим экөөбүз баш кошууну чечтик. Мындан бир ай мурун орусча айтканда «помолвка» кылып шакек салып койгон.
– Демек, сүйгөн адамыңыз бар экен да, ошол туурасында сөз козгосок?
– Сүйүүсүз жашоо – кызыксыз. Негизинен эле чыгармачыл адамдардын жүрөгүндө сүйүү болуп туруш керек деп ойлойм. Ошондой эле менин да жакшы көргөн адамым бар. Жердиги Таластан, жеке ишкер.
– Кайдан таанышып калдыңыздар эле?
– Токмокко тойго барып калып, ошол жактан таанышканбыз. Келатып үйгө жеткирип келген. Өзүмдү тааныбаганы менен мурдатан эле ырларымды угуп, жактырып жүрчү экен. Таанышкан күндөн тарта экөөбүз жолукпаган бир да күн боло элек. Башында күн сайын келип, Айгүл экөөбүз­дү кафеге чакыра берчү. “Эмне, мунун түгөн­бөгөн бир сандык акчасы барбы?” деп күлүп калчумун. Кийинчерээк жылдызыбыз келишип, кыз-жигит катары сүй­лөшө баштадык.
– Сиздин ырдаганыңызга каршы болбойбу?
– Жок, тескерисинче, учурда ырларымдын баарын өзү жаздырып берип жатат. Алтургай сахнага кийүүгө форма да тиктирип берди. Мурда биринчи жолу белекке сатып берген көйнө­гүмдү уурдатып жибергенден кийин Жаңы Жылга карата 15 миң сомго кыргыздын оймо-чиймелери менен заманбап жакшы форма белек кылды. Негизи эле күтүү­сүз белек берүүнү жактырат.
– Дагы кандай күтүүсүз белектер менен сизди кубантып келет?
– Өткөндө жолдо баратып эле бир машинаны көрсөтүп, “сага ушундай машина жагабы?” деп сурап калды. Машинага анча кызыкпагандыктан, көп деле көңүл бурган эмесмин. Андан көп узабай эле машиналар токтоочу жайга ээрчитип келип, “бул сенин машинаң” деп мага ак түстөгү бир машинаны көрсөтүп жатпайбы. Ошентип, жигитим мага машина белек кылды. Учурда айдоочу күбөлүгүн алуу үчүн окуп жатам. Бир жарым айдан кийин буюрса, машинамды айдап чыгам. Чынын айтсам, машина айдагандан коркком, кичинекей кезимде “ат араба айдасам” дегенде ак эткенден так эт­чү­мүн. Атама жалдырап атып жаңы эле араба жасатсам, атыбыз өлүп калган.
– Бал жыттанган балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен төрөл­гөн­дө 4 килограмм 600 грамм экенмин. Үй­­бү­лөдө 7 бир туугандын ортончусумун. Кичинекей кезимден эле ырга аябай кызыкчумун. Негизи эле балалыгымды эстегенде коноктордун алдына туруп алып, моюнумду созуп ырдап жатканым эске түшөт. Көрсө, үйдөгү­лөр мага ырдаган сайын акча бере берип көндүрүп коюшуптур. Келген кишиге эле сураса-сурабаса деле ырдап берчүмүн. Кээде унчукпай коюшса, “ата, эмне, акчасы жок бекен?” деп сурап койчу экенмин. Анан да ырчыларды же болбосо жөн эле адамдарды туураганды жакшы көрөөр элем.
– Балалыгыңызда шок кыздардан болгон окшойсуз...
– Чын эле өтө тентек болчумун. Үйдө жумуш кылганда да көбүнчө бирөөнү күлдүр­мөйүнчө иш бүтчү эмес. Апам уютуп койгон айранды төгүп алсам, аны тазалагандан эринип, үстүн төшөк менен жаап салып кетип калчумун. Ошондоюмдан ушуга окшогон чала иштерди көрсө эле “аа, муну Роза кылды” деп калышчу. Бир күнү сиңдим идиш-аяк жыйналып турган текчени кулатып жиберип, идиштердин баарын сындырып коюптур. Анан баягы “карышкырдын оозу койду жесе да кан, жебесе да кан” болуп, мени жазалап, сарайга камап коюшкан. Мен кичинекейимде өтө мыкаачы да болчумун. Темир шприцтер менен тоокторду кубалап жүрүп суу укол сайып салсам, ал байкуштар 4-5 метр ары жылып эле өлүп калышчу. Анан бакаларды суудан кармап келип, тең ортосунан бөлүп, операция жасачумун. Дагы бир жолу көй­нөгүмдүн төшүнө бычакты тигип алып синдиме “бар, Роза эжем өзүнө бычак сайып алды де” деп байкеме жибердим да, өзүм чалкамдан жатып алдым. Байкем чуркап келип бычакты албай эле, кайра басып жиберсе болобу?! Денеме сайылып баратканда кайра өзүм кыйкырып ыргып турдум. “Ушинтип да тамашалайсыңбы?” деп жини келген байкем мени сабап салган ошондо.
– Кичинекейинде ушундай тентек кыз чоңойгондо кантип ырчы болуп калды экен?
– Алгачкы жолу 1-класста “Айгөлөк”, “Баригал” деген ырларды ырдагам. Атамдын иниси Усман Шакиров Алматыдагы атактуу бир жазмендердин бири болчу. “Роза ырчы болот, өзүм тарбиялайм” деп жүрчү. Атам да макул болуп, “кызым ырдайт” деп калчу. Апам болсо “ырчылыкта эмнеси калыптыр? Жөн гана тигүүчү болот” дечү. Кийин 17 жашымда 1995-жылы музыкалык орто окуу жайдын кларнетте ойноо жагына тапшырып алдым. “Кларнет” деген сөздү ошондо биринчи жолу уккам. Унутуп калбайын деп дептерлериме жазып алчумун. Бирок, ошол кезде эле комуз менен ырдачумун. Азыр Сайкал ырдап жүргөн “Эстей жүр” деген ырды мен ырдап жүргөндө окуу жайдагылардын баары жаттап алып, биздин гимнибизге айланып кеткен. Кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырып, группалаштарым менен жатаканада жашап калдым. 5-курста “Туңгуч” театры менен чогуу гастролдорго чыгып, иштей баштагам.
– Анан ”Эстей жүр“ деген ырды эмнеге өзүңүз ырдап чыккан жоксуз? Кандайча Сайкал ырдап калды эле?
– Бул ырды мага Чынара Сеитбурханова деген курбу кызым жазып берген. 9 жыл комузда ырдап жүр­дүм, ошондо жаздырып коюу деген таптакыр оюма келбептир. Сайкалга кандайча жеткенин билбейм, бирок, элге жеткире жакшы ырдагандыктан, ичим деле ачышкан эмес.
– “Жатаканада жашадым” дебедиңизби, кыйынчылыктар болду беле?
– Албетте, жатаканада бир жолу үч күн ачка калгам. Айылдан бир айда бир жолу азык-түлүк келип турчу. Бирок, кээде жолдо кармалып калып, кечирээк жетчү. Эми анын баары өзүмдүн көктү­гүмдөн да. Вахтадан карызга нан сурап жесем деле болмок. А мен үйдөгүлөрдөн тамак-аш келмейинче суу ичип коюп жата бергем. Анан жалаң суу менен үч күн жашагандан кийин айылдан салып жиберген тамак-аш келип калды эле, андан ашыкча жеп алып, эсим ооп жыгылып калгам.
– Анан качантан баштап өз наныңызды өзүңүз таап иштеп баштадыңыз эле?
– Жогоруда айтып кеткендей, 5-курста гастролдорго чыга баштадым. Кафеде ырдап жүрдүм, ырдаганда да дайыма комуз менен ырдачумун. Ошондон бери минтип өз арабамды өзүм сүйрөп келатам. Азыр болсо концерттерге, той-топурга барып ырдап турам.
– Комуз менен ырдап, опера тармагынан билим алып, анан кантип эстрадага келип калдыңыз?
– Менин эстрадага келишиме түрткү берген касиет Гүлнур Сатылганованын талантына суктанганым болду окшойт. Ушул эжедей ырчы болом дечүмүн. Азыр Гүлнур эжеге “ырды кантип кооздош керек, кантип ырдаш керек?” деген сыяктуу суроолор менен кеңеш сурап кайрылып калам. Өзүм да башынан эле эстрада ырларына кызыкчумун. Эми минтип ыр жаздырып, эстрада ырчысы да болуп калдым.
– Демек, азыр жеке концертиңизге даярданып жаткан экенсиз да?
– Ооба, Кудай буюрса, даярданып жатам. Концерт бергендеги менин максатым – акча таап, машина минүү эмес, ата-энемди отургузуп алып, алар менен бирге менин ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарыма ыраазычылык билдирүү. Ошондуктан, учурда катуу даярдыктын үстүн­дө чуркап жүргөн кезим. Жаңы ырларды жаздырып, костюм тиктирип дегендей. Буюрса, башкача концерт болот. Биринчи бөлүгү жалаң дуэттерден, экинчиси комуз коштогон ырлардан жана үчүнчү бөлүгү эстрада ырларынан турат.
– Сахнага кийген кийимдериңизди тиктирип киесизби же сатып аласызбы?
– Мурда тиктирчүмүн. Анткени, өзүм толук болгондуктан, кенен кийимдерге заказ берчү элем. А азыр болсо базардан эле сатып алууга өттүм. Тескерисинче, кайра денеге жабышкан кийимдерди кие баштадым. Атайын мындай кийим кийгенимдин себеби – азыраак тамак ичүү десем да болот. Анткени, денеге жабышып турган кийим кийсең, көп тамак жей албайсың да.
– Сизди “диета кармап, арыктоого киришти” деп уктук эле, кантип арыктап жатасыз?
– Кечкисин 6дан кийин тамак ичпегенге аракеттенем. Бирок, негедир арыктаганым билинбей жатат. Элдер концертке даярданып чуркап жүргөндө 10 килограммга чейин арыктап кетишет экен, мен тескерисинче, толуп жатам. Өткөндө “Жоокер жылдыз” долбоорунан да элдин баары кичине болсо да арыкташты. Мен канча кыйналып чуркаганыма карабай арыктабай койдум. Концетимдин болоор күнү белгиленгенден баштап чындап диета кармап арыктабасамбы, карап тур! Таптакыр башка Роза болуп чыгам.
– Чыгармачылыктан тышкары бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
– Айылга барганда килем токуганды жакшы көрөм. Жалпысынан, кол өнөр­чү­­лүк­кө кызыгам. Ал эми бул жакта бош убактым болсо жылуу жатып алып уктаганды жактырам. Андан тышкары, курбу-досторуң менен чогуу эс алууга не жетсин?!

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Isikkolumkeremet
2020-03-02 17:09:14
Укмуш+.
Балалыгы укмуш+ экен.бирок мен сизди эчааак эле куйоого тийип кетсе кк дегем.сапоги подартетти куйоом деп окудум эле .коп жыл мурун...
-2
meni_kut
2020-03-02 23:21:48
Isikkolumkeremet,2007- жылкы интервью экен
+4
№ 268, 21-27-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан