Айжамал Кабылова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫ ТҮШҮНГӨН КАЙЫНЖУРТУМА МИҢ МЕРТЕБЕ ЫРААЗЫМЫН»

Тээ өспүрүм кезинен айтылуу “Кыз-Бурак” тобуна келип, сахнада жүрүп чоңойгон Айжамал Кабылова эми бойго жетип, турмуш жолуна аттанды. Муну укканда канчалаган жигиттердин жүрөктөрү канап, балким, көздөрүнө жаш алышты го, чиркин! Эмнеси болсо да өз сүйгөнүнө жеткен ырчынын азыр бакытка мас болуп турган чагы.

– Айжамал, куш бооң бек болсун!
– Рахмат.
– Чоочун үйбүлөгө көнө албай кыйналган жоксуңбу?
– Бат эле көнүп кеттим. Аябай заманбап үйбүлөгө туш болдум. Кайненем кыргыз тили жана адабияты мугалими, мектепте өзүмдү окуткан. Кайнатам да мамлекеттик кызматта иштеген аябай тамашакөй, шайыр адам. Балким, ошон үчүн да буларга бат көнүп кеттим болуш керек. Менин жолдошум төрт бир туугандын экинчиси. Бир кайнежем, эки кайним бар.
– Алар менен чогуу жашап жатасыңбы?
– Ооба, очор-бачар болуп баарыбыз чогуу турабыз. Эртең менен эрте туруп, келинге тиешелүү бардык жумуштарды кадимкидей жасап жатам.
– “Кыз-Бурактан” алган тарбияңдан улам бул жагынан кыйынчылыктар болбосо керек?
– Эч кандай кыйынчылык болгон жок. Бул жагынан бизге Гүлшайыр эже жетиштүү эле тарбия берген. Кандай гана жумуш жасаба, ар бир кыймылыңды көзөмөлдөп турчу. Тамак жасаардын алдында кадимкидей чачты жыйдырып, колду самындап жуудуруп туруп баштатчу. Ал эми камыр жайган жагынан бизди тажрыйбалуу адис кылып чыгарган. Азыр ошолордун баарынын пайдасы тийип жатат.
– “Ошто салтты катуу кармайт” дешет. Ошондой салттарды сага да колдонуштубу?
– Эгер салттын баарын колдонсо, анда мен азыр отуз жылдык концертке катышпайт болчумун. Үйдө бир жума отургандан кийин эле кайненем мени өзү жумушка алпарып, стол жасап, аралаштырып келди. Оштун көп жерлеринде жаңы келинди кыркы чыкканга чейин, башкача айтканда, келгенине кырк күн болмоюнча көчөгө чыгарышпайт. Мен да ичимден “салтты кармап концертке катыштырбай коюшса эмне кылам?” деп ойлоп, чочуладым эле. Бактыга жараша, баары башкача болуп чыкты. “Мурун кандай иштесең, ошондой иштей бер” деп коюшту. Туугандар арасынан да көрө албагандар чыгат экен да, бир-экөө кайненеме “келиниңди кыркы чыга электе эмнеге жумушка чыгарып койдуң?” дешкен экен, кайненем: “Силер өзүңөрдү билгиле, мен келинимди жумушка качан чыгарам, өзүм билем”,- деп ооздорун жааптыр. Ошентип, азыр мурункудай эле иштеп жүрөм.
– Кайындарың искусствого жакын адамдарбы?
– Кээ бир үйбүлөлөр бар го, ырга кызыкпаган, менин кайындарым ошондой адамдар. Ошого карабай менин чыгармачылыгыма туура мамиле жасашкандарына миң мертебе ыраазымын.
– Анда жолдошуң да кызыкпайт экен да?
– Ооба, Азамат да кызыкпайт. Бирок, “ырдап берчи” деп мени көп ырдатат. Ырдап берсем, берилүү менен угат. Кенже эжелер жакында ырдатып көрүштү эле, үнүнүн тембри жакшы экен. “Бир ыр жаздырып, сени да сахнага чыгарабыз” деп тамашалап жатышат.
– Азамат менен кайдан тааныштың эле?
– Экөөбүз тээ бала чагыбыздан бери таанышпыз. Мен 5-класста окуганда Гүлшайыр эженин колуна келгем да. Ошондо кошуна болуп жашачубуз. Башкача айтканда, бир үйдүн биз биринчи подъездинде, алар экинчи подъездинде. Мен Сайкалды ойнотуп короодо жүргөн­дө бешинчи кабаттан терезесинен карап тура бергенин байкачумун. Анан калса, экөөбүз бир мектепте параллель класста окучубуз. Ошондо көптөгөн каттар менен кошо мага Азаматтан да кат келчү. Бир жолу эшик шыңгыраганынан Кенже эже ачса, бир кичинекей бала кат карматып коюп кетип калыптыр. Эсимде, ашканада жүргөн кыздарга барып алып үнүн катуу чыгарып окуп берсе, менин сырымды бирөөлөр билип алгансып ызаланып ыйлагым келген эле. Бирок, башка каттарга караганда алда канча сабаттуу, маанилүү, кудум чоң адам жазгандай романтикалуу да жазылганы алиге чейин эсимде. Кийин да көп каттарды жазып жүрдү. Бирок, мен бирине да жооп кылган жокмун. Азамат ма­га ошондо эле жакчу. Ошого карабай уяңдыгымдын айынан катына жооп жазалбай же сүйлөй албай эле жүрө берчү элем. Бир жылдан кийин Азамат түрк лицейине которулуп кетти да, анда да кат жазганын токтоткон жок. Мен болсо дагы эле жооп жазбайм. Ошентип, экөөбүз бир да жолу сүйлөш­көнгө үлгүрө элегибизде ал лицейди бүтүп, 2000-жылы Түркияга окууга кетип калды.
– Анан ошону менен качан сүйлөштүңөр?
– Кийин биз аларга кошуна болуп жашаган үйүбүз­дөн башка жакка көчүп кеткенбиз. Ошондуктанбы, мен аны кээде гана эстеп койгонум болбосо, дээрлик унутуп калган болчумун. Мындан эки жыл мурун Көлдө гастролдо жүргөн күндөрүбүздүн биринде Азамат эмнегедир түшүмө кирди. Эртең менен туруп Кенже эжеге: “Кенже эже, баягы Азамат деген кошуна бала бар эмес беле, мага кат жазып жүргөн, ошол бала түшүмө кириптир”,- десем, Кенже эже: “Эмнеси болсо да биринчи сүйүүң да”,- деп күлүп койгон. Ошол күнү негедир Азаматты эстеп, өзүмчө эле телефон чалгым келе берди. Ал мага кат жазганда такай үйүнүн дарегин, анан телефонун жазып койчу. Ошол телефонду эсиме сактап калганымды карабайсызбы. “Ушундай болуш керек” деп божомолдоп бир номерди терсем, бир кыз алды. Азаматты сурасам, “ал азыр жок эле” деп жатпайбы. “Түркиядан келди беле?” десем, “ооба” дейт. Өзүмдүн эске сактоомдун күчтүү­лү­гүнө тан бердим. Ошондон бир жумадан кийин Ошко барып, дагы телефон чалсам, өзү алды. “Мен Айжамалмын” десем, сыр бербегени менен сүйүнүп кеткени сезилди. Көрсө, чын эле менин чалганымды угуп, ошондон бери үйүнөн жылбай, дагы чалышымды күтүп отурган экен. Экөөбүз сүйлөшүп, мен аны негедир түшкү тамакка чакыргым келди. Бул сунушума Азамат да дароо эле макул болуп, эртеси түшкү тамак үстүн­дө экөөбүз кенен сүйлөштүк. Ошондо ачык айтып жатпайбы, көрсө, Түркияга кеткенден бери мен тууралуу ойлоп жүрчү экен. Өзү эки жылда бир келгени менен башка кыргыз балдар келип-кеткен сайын “Кыз-Бурак” жөнүндө, мен жөнүндө алар аркылуу маалымат алып турчу экен. Баарынан таңкалганым, “Кыз-Бурактын” өзүмдө жок дисктерин, концерттерин, сүрөттөрүн толтура кылып жыйнап жүрүптүр. Ошондо экөөбүз кыз-жигит болуп жүрүүнү макулдашканбыз.
– Анан Азамат кайра Түркияга кеттиби?
– Ооба, кетти. Экөөбүз интернет аркылуу, телефон аркылуу тез-тез кабарлашып турдук. Жакшы жагы, Азамат мурун Кыргызстанга эки жылда бир келсе, экөөбүз мамиле түзгөндөн баштап бир жылда эки жолу келип, ата-энесин таңкалтырып да, сүйүнтүп да жатты.
– Үйлөнүү тууралуу качан сунуш киргизди эле?
– Мурун “үйлөнгөнгө чейин мен жумушка орношушум керек, бутума турушум керек” деп айтып жүрдү. Окуусун бүткөн соң келишим менен ошол жакта иштеп калганга мүм­күн­чүлүк түзүлүп калыптыр. Өзүнүн кесиби эко­номист. Стамбулдагы эмерек чыгаруучу фирмада өз кесиби боюнча иштеди. Анан үйлөнүү тууралуу 14-февралда сунуш киргизип, тоюбузду ноябрь айына пландаштырганбыз. Планыбыз ишке ашып, тоюбуз ойдогудай өттү.
– Тойду кайсы тарап өткөрдү?
– Албетте, Азамат тарап.
– Гүлшайыр эженин кызындай эле болуп калбадың бе­ле? Анын эмне белек кылганы окурмандарга да кызык болсо керек.
– Гүлшайыр эже эмнегедир уктоочу бөлмөгө көп көңүл бурат. Гүлнара эже турмушка чыкканда да уктоочу бөлмөгө ылайык мыкты сапаттагы гарнитур белек кылган. Мага да ошондой белек кылды. Бирок, ал белегим дапдаяр болуп Гүлшайыр эженин үйүндө турганы менен азырынча үйгө жеткирише элек.
– “Кыз-Буракта” он беш жылдай иштеп, Гүлшайыр эже өз апаңдай, кыздар бир тууганыңдай болуп калса керек. Турмушка чыгып жатканыңда алардан кеткениңе ичиң ачыштыбы?
– Биздин муундан биринчи болуп Гүлнара эже күйөөгө тийгенде ал да, биз да аябай жаман болуп, үч күн ыйлаганбыз. Ошондон кийин бир топ үйрөнүп калган экенбиз, бул жолу анчалык болгон жокпуз. Кенже эже Гүлшайыр эжени “качан ыйлайт экен” деп кечке аңдып жүрүп, такыр “кармай” албай коюптур. Кийин газетадан көрүп алып: “Аа, кантип эле ыйлабай калды дейм да. Ыйлаган турбайсызбы?”- деп күлүп жатпайбы.
– Эми чыгармачылыгың кандай болот? Үйбүлө менен айкалыштырып кете алаарыңа көзүң жетип жатабы?
– Мурун Азамат чыгармачылыгым жөнүндө такыр кеп козгочу эмес. Бир-эки жолу “турмушка чыккандан кийин ырдаймынбы?” деп сурасам: “Үйлөнө береличи, анан калганын турмуш көрсөтөт”,- деп койчу камаарабай. Мен ичимден “балким, ырдатпай койсо эмне кылам?” деп тынчсызданып жүрчү элем. Кудайга шүгүр, андай болгон жок. Мага жолдошум ушундай шарт түзүп берип жаткан соң чыгармачылык менен үйбүлөнү бири-бирине тоскоол болбогудай кылып чогуу алып кеткенге аракет кылам. Бирок, “Жаңы Жылдан кийин Москвага кетебиз” деп жатат. Эгер кетсек деле сахнаны биротоло таштайм деп айта албайм. “Кыз-Бурактын” чоң-чоң концерттерине сөзсүз түрдө келип катышып турганга аракет кылам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 267, 14-20-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан