«Миң кыял FM» радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков: «АКЧА СУНУШ КЫЛГАНДАРГА БИЗДИН РИДИОНУН ЭШИГИ ЖАБЫК»

Талыкпаган аракет, тынымсыз изденүү, тартип – бул нерселер кандайдыр бир иштин ийгилигин улам жакындатып отурат. Бул нерсени “Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков баштаган жамаат далилдеп отурат. Ушул айда аталган радио толук бир жашка чыкты. Мындай кыска аралыктын ичинде чоң ийгиликтерге жетишүү дайыма эле боло берчү көрүнүштөрдөн эмес.

– Тынчтык, сен жетектеген “Миң кыял FM” радиосунун ачылганына толук бир гана жыл болсо да, жумурай журтка белгилүү, популярдуу радиолордун катарына кирди. Негизи, мындай радиону ачуу идеясы кимдики эле?
– “Миң кыял FM” радиосунун идеясынын жаралыш тарыхы 2003-2004-жылдарга барып такалат. Ошол жылдары эле “Би-Би-Си” радиосу менен биздин “Кыргыз Радиосунун” ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, келишимдин негизинде ушундай бир радио ачылмак болгон экен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишим толук бойдон каралып бүткөн соң бул долбоорду ишке ашыруу иши менин бактыма туш келип калды. Улуттук Биринчи каналдын мурунку президенти Кыяс Сатарович Молдокасымов мени өзүнө чакырып, мага ушундай милдетти жүктөгөн.
– Биринчи жолу кайсы күнү эфирге чыкты эле?
– Негизи, план боюнча 2006-жылдан 2007-жылга өткөн түнү саат так 12де эфир ачылышы керек эле. Бирок, мен суранып отуруп 2007-жылдын 1-январына түшкү саат 1ге жылдырткам. Анткени, дал ошол 31-декабрь күнү келинчегимдин туулган күнү. Анын үстүнө Жаңы Жылда үйдө болууну чечкем.
– Ошол 1-январь күнү кандай уктуруу менен ачылган?
– Биринчи берген ырыбыз эле Саламат Садыкованын аткаруусундагы “Кыргыз жери” деген ыр болгон. Кыргыз жерин даңктаган белсемдүү ыр деп атайын ушул ырды тандаганбыз. Ушуну менен эки ай бою ди-джейлер сүйлөбөй эле, жалаң гана ырлар кетип турган. Ди-джейлерди ушундан кийин гана кастинг аркылуу кабыл ала баштаганбыз.
– Ди-джейлерди кабыл алаарда кандай талап коёсуң?
– Негизи, адам өзүнө-өзү тың болушу керек. А радиодо иштөө үчүн эки эсе тыңдык керек. Ошондой эле тили жатык, кыргыз тилин жакшы билген, кругозору кенен болууга тийиш. Кастинг боюнча бизге келгендердин көпчүлүгү чет элдик сөздөрдү так айта алышпайт. Мен кадр тандоодо ушул нерсеге да чоң маани берем. Ошону менен бирге жылдыздуу, ажарлуу ди-джейлерди тандаганга аракет кылам.
– Учурда радиодо жалпы канча кызматкер эмгектенет?
– Негизи, биздин штат 13 адамга ылайыкташтырылган. Азыр бизде жалпы 12 адам иштейт. Алардын алтоосу ди-джейлер, калгандары менеджер, техникалык кызматкерлер дегендей. Он үчүнчү кесиптешибизди 13-14-январь күндөрү боло турган концертибиздин жүрүшүндө тандайбыз. Биздин бардык талаптарга жооп берген бактылуу адам дал ошол күндөрү биздин жетинчи ди-джейибиз болуп калышы мүмкүн.
– Концерт демекчи, бул жылдык жыйынтык концертиңерби?
– Ошондой десе болот. Бул концертте биздин күйөрмандар көптөгөн ырчылардын таланттарына күбө болгондон тышкары, үнүн гана угуп, өздөрүн көрбөй жүргөн ди-джейлерди жакындан көрүшөт, ар кандай кызыктуу оюндарга, сюрприздерге, белектерге күбө болушат. Бул “Миң кыял FM” радиосу уюш­турган биринчи ири иш-чара. Буюрса, концерттен кийин ай сайын ар кандай иш-чараларды уюштуруп турууну максат кылып жатабыз.
– Ырларын силердин радиоңордон жаңыртууну каалаган ырчылар кандай талаптарга баш ийүү керек?
– Биздин болгон талабыбыз – ыр сапаттуу болушу керек. Бизге чоң-чоң композиторлор, профессионал музыканттар көп келет. Алар ырларды угушуп: “Ай, мобул эмне деген ыр, ыя? Ушуну бербей эле койбойсуңарбы?”- деп калышат. Ошентип, сөз бизге тиет. Андан көрө ырчынын көңүлүнө карабай эле болбосо “болбойт” деп айтып, кайтарып жиберебиз. Азыр бизде жарабаган ырлар жазылган эки коробка диск турат. Алардын сөзүнүн мааниси начар же обонуна аранжировкасы айкалышпайт, кыскасы, сапаты начар ырлар.
– Ырлары өтпөй калган ырчылар таарынышабы же туура эле кабыл алышабы?
– Көпчүлүгү түшүнө беришпейт. “Ай, Тыке, мобул дискти ал да, бул акчага чай ичип кой” деп акча сунушат, болбосо конфетин же дагы бир белегин көтөрүп келишет. Мага алардын биринин да кереги жок. Көпчүлүк учурда мен акчасын кайра алдына таштап: “Андан көрө ушул акчаңа ырыңды дагы жакшыраак кылып жаздырып келчи”,- дейм. Такыр эле болбой туруп алгандардын акчасын алабыз да, ырын баарыбир деле бербейбиз. Ушундай ырчылардан менде беш-алтоо бар. Булардын ырлары алиге чейин биздин радиодон кетпейт. Бизге акча сунуш кылган ырчылар үчүн радионун эшиги жабык.
– Сени айрым жаш ырчылардын продюсери катары да билебиз. Кээ бирлердин “ырчылардын продюсерлери өз кызматтарынан пайдаланып жатышат, бардык ырчыларга адилет карабайт” деген сыяктуу нааразычылыктарга сенин канчалык деңгээлде тиешең бар?
– Менин өзүмө келип да мындай нааразычылыктарын билдиргендер бар. Бирок, мындай нерселердин мага тиешеси жок. Биздин радиодо бардыгы тартипке салынган. “Саат мынчада кыргыз классиктеринин ыры кетиши керек, мынчада эстрадалык ырлар кетиши керек...” деген тартипти эч ким буза албайт. Мен тарбиялап жаткан Ильяз Андаш, Азат сыяктуу жаш ырчылардын ырлары элдики кандай берилсе, ошондой эле чыгат. Андай нааразы болгондор мага келишсе, радио ачылган күндөн берки отчётту көрсөтүп коюшум мүмкүн. Бирок, биздин жумуштун уставы боюнча мен бир ырчынын же кимдир-бирөөнүн алдында отчёт бере албайм.
– Бир жылдын ичинде радио үчүн оозго алаарлык эмне иш кылдым деп айта аласың?
– Менин эң чоң ишим – радиону бутка тургузганым болду. Канча радиолор ачылып жатат, бирок, бир жылдык кыска убакыттын ичинде биздей тез жайылган радио болгон эмес. Радио ачылаарда менин алдыга койгон негизги максаттарымдын бири ушул болчу, буюр­са, максатыма жеттим.
– Радио өзүн-өзү каржылай турган деңгээлге жеттиби?
– Негизи, бизди мамлекет каржылайт. Бирок, рекламалардын эсебинен радио өзүн-өзү каржылай ала турган деңгээлге мына эми жетти. Бул да болсо биздин чоң жеңишибиз.
– Жаңы жылга кандай пландарды коюп жатасыңар?
– Радионун программаларын кеңейтип, дагы көптөгөн берүүлөрдү кошкону турабыз. Мисалы, тамашалуу берүүлөрдү. Андан тышкары Чүй, Бишкектен тышкаркы аймактарга да жайыл­туу тууралуу ойлорубуз бар.


Алтын Мырза
– Эмне үчүн ди-джейлик кесипти аркаладың?
– Ар бир инсандын Жаратканым тартуулаган кең жолу бар. Ошол жол бирде кууш болсо, бирде кең болот, бирде өйдө болсо, бирде төмөн болот эмеспи. Мен ди-джей болом деп таптакыр ойлогон эмесмин, балким, бул дагы табияттын мага тартуулаган белегидир. Кубанганым, радио тармакка келгенден бери баскан жолу тарыхта калган агай-эжелер менен таанышып, алардын кеп-кеңешин угуп келем. Алдыга койгон кыялымдын орундалышына ушул адамдар чоң көмөк көрсөтү­шүү­дө. Мени курчаган адамдардын баарына таазим этип, рахматымды айтам. Досторума, ага-эже, бир туугандарыма, кесиптештериме жана сүйүктүү угармандарга. Ар бирибиздин келечегибиз өз колубузда! Достукту баалап, ата-эне мээримин унутпайлы. Кыялдар орундалат!!!

Гүлназ Бакир кызы
– Радио дүйнө сен үчүн...
– Радио дүйнө – мен үчүн түбү чексиз мейкиндик. Ал мейкиндиктин ичинде миң түркүн кыялдар, көрөөргө көз, айтаарга сөз жеткис жаңы ийгиликтер убакыттын ар бир ирмеминде жаралып турат. Эң маанилүүсү, аты аталган дүйнөнүн эң негизги каарманы – угарман. Алардын ар бири биз үчүн кымбат.
– Он жылдан кийин өзүңдүн ордуңду кайсы жерден элестетесиң?
– Кыз бала – үйбүлөнүн шам чырагы. Анын жарыгы бардык үйдү жаркытып турат. Анын сыңарындай, мен үйбүлөдө жалгыз кызмын, аябай эркемин, ошол эле мезгилде көздөгөн кыялдарым орундалып, тилегим ишке ашмайын жаным тынчыбайт. Ошондуктан, жараткан өзү жар болсо, он жылдан кийин эң биринчи кезекте өз кесибин жакшы таанып-билген журналист, үйбүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне жана жакындарын жанындай жакшы көргөн кадимки эле Гүлназ Бакир кызы болом.

Деңиза Акыл кызы
– Радиодо эмгектенип эмне таптың?
– Радиого келип калуумдун өзү эле жашоомдогу чоң, күтүлбөгөн жетишкендик болду. Биринчи кезекте жашоого болгон көз карашым өзгөрдү, жамаат ичинде кантип иштөө керек, деги эле кесиптештердин, угармандардын кулк-мүнөзүнө байкап мамиле жасоону үйрөндүм. Сүйүктүү байке, эже, ини, сиңди, курбу, сырдаштарымды да таптым. Албетте, бул – менин кесиптештерим жана угармандарым.

Канат Кадыржан
– Жашооңдон алган ийгиликтериң...
– Канчалык адам баласы жашоонун жакшы жагына талпынбасын, баарыбир ошол ийгиликтин ачкычын таап, оор кулпуну ачып коёт деп мен ишенем. Жашоомдогу ийгиликтерим өтө чексиз. Мен бактылуумун, анткени, ушул ажайып кооз жергемде аба жутуп келем. Кубанычтамын, мени курчап турган бир туугандарым көп. Алардан кем калбаган кесиптештерим. Жашоомдун дагы бир кубанычтуу ийгилиги – “ушул популярдуу радиодо иштейм” деген сөздүн өзү эле. Менин бактым ушул касиеттүү радио “Миң кыял FM”.

Лилия Абдубаитова
– Мурда иштеген жериңе салыштырмалуу «Миң кыял FMде» айырмачылыктар бар бекен?
– Жумуш системасында бир топ айырмачылыктар бар. Алардын эң башкысы – “Миң кыял FMде” кагаз иштеринин көптүгү, техникалык жактагы айырмачылыктары. Ал эми калганы бир тармак болгондуктан, мурункудай эле. Бул жерде дагы эч нерседен тартынбаган, өз күчүнө ишенген, жакшы максаттарды көздөгөн жаш жамаатка кошулдум.
– Жаңы жыл менен байланыштуу кандай таттуу кыялың бар?
– Жаңы жылда бир гана радиодо эмес, башка тармактарда дагы өз күчүмдү сынасамбы деп турам. Деги эле кай жакта иштебейин, ар бир иштин майда-баратын билип, ошол жаатка салым кошкон профессионал болуу – мен үчүн башкы максат.

Нуржан ШАМ кызы
– Ди-джейдин негизги максаты эмнеде деп ойлойсуң?
– Биринчи эле ирет ди-джей элдин кишиси болгондуктан, эфирге чыгаардын алдында убакытка, мезгилге, учурга жараша оюн топтоп, «канткенде элдин көңүлүнө жакшы таасир тийгизем, жылуулук арнайм» деген ой менен түз эфирде иштеген инсан.
– Дагы кандай чыгармачылык иштерге жакынсың?
– Кичинекей кезимден бери эле сүрөт тартам, мектепте ырдап да жүрдүм, кийин 4-курска келгенде журналисттик чеберчилик аттуу сабактын артынан философиялык ой жүгүртүп, проза жана ыр жазып баштагам. Азыркы күндө чыгармаларым эч жерде жарык көрө элек, бирок, жыйнак чыгарсам деген кыялым бар.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 271, 11-17-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан