Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

РОЗА АМАНОВА: «АППАК ХАЛАТ КИЙГЕН ДАРЫГЕР БОЛГУМ КЕЛГЕН»

№272 18-24 январь 2008-жыл


– Кичинекей Роза Аманованы кандай элестетсек болот?
– Кичинекей кезимде бир үйдүн түй­шүгүн моюнуна көтөргөн, жаны тынбаган, уй кайтарган, отун чогулткан кадимки кыргыздын айылдык кызы болчумун. Атадан эрте ажырап, энелүү эрке жетим болуп чоңоюп, апам түзгөн күн тартибине баш ийип, бардык ишти так жана тез аткарууга абдан далалат кылчумун. Ант­кени, апамдын “балакетиңди алайын”, “алдыңа кетейин”, “сен адам болосуң” деген алкоо сөздөрүн укканга аракет кылаар элем. Апам комуз чертип, дастан айтса, балалыкка салып көп көңүл бурчу эмесмин. Мешке салган чамындыны кыргыздар ичеги деп коюшат, ошонун ичкелерин апам сол колума карматып, комузду туура кармаганга үйрөтчү. Бир күнү кошуналардын сыналгы көрүп жаткандарын байкап, апама: “Биз деле сыналгы көрөлүчү”,- дедим. Үйдө сыналгы болгону менен апам кээде гана көрсөтүп, калган убакта чоң жоолугуна түйүп коюп, “Манас” эпосун, таятам Чоңмурун, таенем Уулбала туурасында өзүнчө керемет жомокторду айтып бергени азыр да эсимде.
– Кичинекей кезиңизден эле ырчы болом дечү белеңиз?
– Аппак халат кийген дарыгер болсом деп тилек кылчумун. 8-классты аяктагандан кийин музыкалык жана медициналык эки окуу жайга документ даярдап, борборго келдим. Биринчи эле Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аткаруучулук боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшыруум келечекте искусство жаатындагы адис болуп калуума түрт­кү берди.
– Сиздин жүзү­ңүз­дү элге таа­ныт­кан “Өрүк комуз” дастанын кандайча аткарып калдыңыз эле?
– Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайында студенттерди чыгармачыл кечелерге көбүрөөк жиберишчү. Экинчи курста окуп жүргөн кезимде “Китеп сүйүүчү­лөр коому” уюштурган Акбар Рыскулов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу акындар менен жолугушууга Таласка барып калдым. Эл менен жолугушуу өзгөчө мендей болгон жаш аткаруучуга таасири күч болду. Талас жергесинде обон-кайрыктары жазбай ырдалып, сый-урматта жүргөн Кожакмат Абдыралиев ага менен дал ошол чыгармачыл сапар тааныштырды. Ал кишинин обондорунун мукамдуулугу мени өзгөчө кызыктырды. Кожакмат ага менен баарлашып отуруп мага таасир берген “Өрүк комуздун” обонун уктум. Бул обонду ал Жолон Мамытовдун:
“Жашым жаш, чачым кара болгон менен,
Эң алыс өмүр деген жолдон келем.
Ушул жол такыр бүтүп калмайынча,
Мен сени миң жаңыртып ойлой берем”,- деген сөздөрү менен ырдачу экен. Чыгарма мага лирикалык маанай тартуулап, эң жакын адамың жөнүндөгү ойго жетелеп, бир терең сыр бардай туюлган эле. Көрсө, аганын ушул ырда айтылып бүтпөс арманы, эч ким менен бөлүшө алгыс кайгысы бар экен. Бул кабарды билгенден кийин мүмкүн окуянын тегерегинде жаңы чыгарма жаралаар деген ой менен Акбар Рыскуловго кайрылдым эле, ал “Өрүк комуздун” сөзүн жазып берди. Ушул чыгармачыл сапардан келгенден кийин өзүңөр билгендей, Акбар Рыскуловдун сөзүнө жазылган “Өрүк комуз ” дастаны менен 1990-жылы өткөн “Биз элдик таланттарды издейбиз ”аттуу конкурста Гран-приге ээ болдум. “Өрүк комуз” дастаны менин чыгармачылык жолума чыйыр салуу менен катар бул жарыкчылыкта өнөргө кызмат кылуума жол көрсөттү десем туура болоор.
– Ырчыларга карата айтылган сын-пикирлер көп болот эмеспи...
– Эгер сын туура багытта айтылса, чыгармачылыгыңдын калыптанышына өбөлгө түзөт. Ал эми сын деп эле ар кандай маанидеги сөздөрдү чыгармачыл инсандарга айта бериш, өзгөчө жаш өнөр ээлерине тескери жагын тийгизиши мүмкүн. Себеби, жайнаган жылдыздар жөнүндөгү апыртма кабарлар ушул жолду басып өткөн өнөр ээлеринин алдында жаштардын кадыр-баркын төмөндө­түп жатат деп ойлойм. Мени улуу инсандарыбыздын сыны туура жолго багыттады деп ойлойм. 20 жылды камтыган өнөр жолум артта калды, алигиче канаттануу эмне экенин сезе элекмин, билгенден биле элегим көп экенин сезип, тартынып турам. Азыркы айрым жаштар чыгармачыл сын эмне экенин сезбегендей байкалат. Ошол жаштарды элге алып чыгып жаткан продюсерлер алардын келечеги жөнүндө да ойлошу керек го дейм.
– Орто жерден сахнадан оолактай түштүңүз окшойт?
– Бул жарыкчылыкта аялзатынын вазийпасына эне болууну, жар болууну, очок ээси болууну буюрган болсо, ошонун баары жоопкерчиликти талап кылат экен. Менин тагдырымда бул жоопкерчиликтер чыгармачылыгым менен катар жүрдү. Кубанычбек Жумалиевдин татыктуу жары болуу, эл керегине жараар уул-кыздардын энеси болсом деген чоң тилегим менен жашап келем. Чыгармачылыктын адистик сырларын аспирантурада окуп жүргөн кезимде (1999-2004, Алматы, Казак Улуттук Курмангазы атындагы консерваториясынын казак музыкасы жана дүйнөлүк музыка кафедрасында) теориялык жактан изилдөө менен уланттым. Консерваторияда сабак беришим ошол салттык музыканын бирден-бир багыты болгон “Элдик профессионал ырчылык өнөр” тууралуу диссертациямды изилдөөдө Кубанычбектин академик, илимпоз, ишмер катары көрсөткөн багыты өзгөчө жардам берди. 2006-жылы “Элдик профессионалдык ырчылык өнөр” деген темада Казакстандан диссертациямды жактап, практикалык ишти теория менен айкалыштыруу мен үчүн чоң табылга болду. Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясы (НАК) дипломумду тааныды (2007), учурда колума алып, жакын туугандар, достор менен жакшылыгымды бөлүшсөм, чакырып чай берсем деп турган кезим.
– Кийинчерээк көп жерде иштеп, үйдө азыраак болуп жатпайсызбы, буга жолдошуңуз нааразы эмеспи?
– Ал каршы болгон жок. Тескерисинче, кеңешин берип, колдоп турат.
– Балдарыңыз тууралуу айтып кетсеңиз...
– Балдарымдын төртөө тең азыр мектеп жашында. Байкасам баарынын тең музыкага жөндөмү бар. Бирок, алар ырчы болууну көздөшпөсө да, ар кимиси өздөрү үчүн гана музыка менен алектенишет.
– Акыркы мезгилдерде чет өлкө­гө тез-тез барчу болдуңуз...
– Ооба, чет өлкөлөргө көп барам. Салттык музыканы сактоо, өнүктүрүү жана калыптандыруу маселелери боюнча уюштурулган дүйнөлүк денгээлдеги ар кыл, симпозиум, илимий-практикалык конференциялар, семинарларга чакырык алам. Ырчылык өнөрдү алып жүрүүчү катары да комузумду колго алып, дастан, ыр-күүлөрдү тартуулоону да унутпайм.
– “Казактын артисттери менен тууган болуп кетти” деп угуп калабыз...
– Бул улуттан эмес, адамдын өзүнөн болсо керек. Мамилени да кастарлаш керек. “Казак-кыргыз бир тууган” деген кеп бар эмеспи. Бекеринен, Жамбыл менен Токтогулдун, Осмонкул менен Кенендин достугу чыгармаларда сакталып калбагандыр. Биз андай улуу талант болбосок да, өнөр багып жүргөн­дөн кийин көңүлдү кошо аздектегенге аракет кылабыз.
– Комуз чер­түү каныңызда болсо керек?
– Таятам Чоңмурун кадимки Токтогул Сатылгановдун шакирти, таенем Уулбала айыл боюнча атактуу кошокчу болгон экен. Таланттуу үйбүлөнүн кызы болгон апам Маржангүл да дастан айтып, эл алдында ырдаган. Бирок, турмушка чыккандан кийин шартка байланыштуу ырдабай калган. Таятамдын жолун Жусуп деген баласы улаган. Ал киши да таланттуу чыгып, бир топ жаштардын устаты болууга жетишип, кийинчерээк айылдын маданият үйүн жетектеген. Жусуп таякем тууралуу Тууганбай Абдиевдин жакшы эскерүүлөрү бар. Бирок, тилекке каршы, ал таякем эрте каза болуп калган. Апам “атамдын өнөрү уланбай калат турбайбы” деп катуу кайгырчу. Таятамдын өнөрүн уланткан небереси мен болдум го деп ойлоп калам.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Жакшы эле, “4”, “5” деген бааларга окугам. Ал учурда окууга көбүрөөк көңүл бурулуп, мугалимдер экинчи ата-эне катары өзгөчө милдет өтөшкөн. Уруксат болсо, сиздердин гезит аркылуу Токтогул районундагы Ю.А.Гагарин атындагы (бул мектептин аты жоюлуп кеткен) мектепте 1979-1987-жылдары кыргыз уул-кыздарынын катарында билим алган окуучу катары мугалимдериме терең ыраазычылыгымды, урмат-сыйымды билдирем. “Чыккан кыз чийден тышкары” болуп төркүнүмө көп каттабасам да, балалыктын издери ошол мектепке барчу жолдо, мектептин айланасында жана коридорунда калды....
– Устат катары кандай мугалим болуп жатасыз?
– Биринчиден, мен өзүмдүн улуу устаттарым, бул дүйнөдө өчпөс из калтырган залкар инсандардын Болуш Мадазимовдун, Эстебес Турсуналиевдин, Асек Жумабаевдин атын атап, салттык музыкабыздын бүгүнкү денгээлде сакталышына зор эмгек өтөгөн өнөрпоздордун арбагына баш ийип, анан сөз уласам.
Устат катары шакирттериңдин ийгиликтерине кубанасың. Мээрим Карыпова эл аралык фестиваль, конкурстардын лауреаты, бүгүнкү күндө менин кесиптешим болуп Бейшеналиева атындагы искусство институтунда эмгектенип жатат. Андан башка деле окуучуларым жакшы аракет кылып жатышат. “Саргара бөр­т­сөң, кызара жортосуң” дегендей, алар дагы салттык музыканы алып жүрүүчү катары жакында эл алдына чыгып калышат.

Маектешкен Сүйүн Кулматова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: