Акыркы кезде эмнегедир куудулдарыбыз жоголуп бараткандай сезилет. Балким, сахнаны ээлеп алган жаш жылдыздардын арасынан көрүнбөй калып жаткандыр, балким, чын эле элди күлдүрүүдөн чарчап, эс алууга чыгышкандыр. Эмнеси болсо да өнөктөштөрүнүн арасынан суурулуп жыл башында жаңы программалары менен “Бешиликтен” чыккан таланттуу жаш куудул Талант Анарбаев Оштон келип калган экен. Биз куудул менен баарлашканга шаштык.
– Талант, элди күлдүрүп, элге жагып, куудул деген атка татыктуу болуштун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Албетте, ташкындаган таланттын болушу зарыл. Анан талантым бар деп эле изденбей жүрө берсең деле элди тажатып алышың мүмкүн. Ошондуктан, дайыма аракетте болуп, бардык жаңылыктардан кабардар болуп турушуң керек. Ошону менен бирге элдин жашоо турмушун, жашоо деңгээлин да өздөштүрө билүү зарыл. Кыскасын айтканда, өзүңдөн-өзүң эле куудул боло албайсың. Азыр акча берип юрист болсоң болот, акчаң болсо депутат болсоң да болот. 500 долларың бар болсо ырчы болуп, бир айдын ичинде “звезда” боло аласың. Ырдай албасаң үнүңдү компьютерден жасатып, бир клип тарттырып, КТРге берип койсоң бүттү, сен ырчысың. Азыркылар ушинтип эле ырчы болуп жатышпайбы. Ал эми акча берип сен эч качан куудул боло албайсың. 500 доллар эмес, миллион долларың болсо да ары жагыңда чымының болбосо куудул болуп элди күлдүрө албайсың да, туурабы?
– Демек, куудулдук талант менин канымда бар деп коркпой айта аласыз...
– Менин оюмча, атым да бекеринен Талант деп коюлбаса керек. Анткени, адамдын аты жашоосуна таасирин тийгизет. Ар бир адам атына жараша болоорун көп байкаймын. Кичинекейимден суур көрөмбү, коён көрөмбү, айтор, көргөнүмдүн баарын окшоштуруп туурай берчүмүн. Аны байкаган апам: “Так өзүндөй кылып туурайсың”,- деп мактап калчу. Жаңыдан тилим чыгып баштаганда эле күлкүлүү ырларды жаттап алчумун. Мурда жиптен токулган баштык болоор эле, ошого мени салып туруп, дубалда кагылып турган чоң мыкка илип коюшчу. Баштыктын ичинде отуруп алып манас айтып, жаттаган ырларымды айтсам, үйгө келгендердин боору эзилип күлүп калышчу. Кичине чоңоюп калганымда өзүмдөн 10-15 жаш улуу балдар “эй, Талант, бери кел” деп чакырып алышып, “бизди күлдүрчү” дей беришчү. Мен ойлонбой туруп жаттап алган сатираларымды айтып берсем, ичтерин кармап алып күлүшчү. Ошентип, менин кылыгыма эл күлсө, ага сүйүнүп, эрдемсинип калчумун. Атам айылда маданият үйүнүн кызматкери болчу. Ата-энем отуруш, кечелерде жакшы ырдашып, артисттерди баалашчу. Ошондон улам болсо керек, мени “куудул болбо” деп тыйган эч ким болгон жок. – Кичинекей куудул мектепте кандай окуучу эле?
– Мектепте жалаң “беш” деген баага окубасам да, жакшы окуучулардын эле катарында болчумун. Мен окубай коюп эмес, тентектик кылып мугалимдерди көп ыйлатчумун. Бирок, коомдук иштерге активдүү катышып, конкурс, кароо-сынактарга барып, ийгиликтерге жетип, кайра эле тентектигимди артынан жууп, тазалап алчумун. Антпесем мектепке чакырыла берип апамдын жаны калбай калбайбы. Шоктук кылган мектептеги “хулиган” балдардын төрт баланын үчүнчүсүндө сөзсүз менин фамилиям бар болчу. Мектепте окуп жүргөндө эшиктен кар алып келип эжей ары карганда журналга кар ыргытып коюп, кыздардын чачын жулуп, иши кылса, жаным тынчу эмес. 3-4-класста окуп жүргөндө автобуста баратып кемпирдин үнү менен “айланайын, шопур балам, ушул жерге токтоп койчу” деп тамаша кылып кыйкырганды жакшы көрчүмүн. Айдоочу токтотсо, эч ким түшпөйт. “Ким токтотту?” деген кыязда баары бири-бирин карап калышчу. Сүйлөнгөн айдоочу эми эле автобусун айдап жөнөгөндө: “Ээ, балам, токтоп койчу” деп чалдын үнү менен кыйкырам. Автобус токтосо, дагы эле эч ким түшпөй койчу. Анан айдоочу кыйкырып чал-кемпирлер менен урушуп, автобустун ичи ызы-чуу болуп жатып калчу. Дагы бир жолу автобуста кетип баратып элдин көптүгүнөн кысылып калдым. Зеригип эмне кылаарымды билбей “маа, ма-аа” деп эчкини туурасам, “автобустун ичине ким эчки салып алган” деп ызы-чуу болуп кетсе болобу. Ызылдашып жатып эчкини таппай, өздөрүнчө таңкалышып, тынчып калышкан. Ошентип жүрүп 10-класска чейин эле окудум. Менин оюмча, 11-классты сөзсүз окуунун кереги жок. Анткени, кайдагы бир акылга туура келбеген астрономия, дагы ушул сыяктуу түшүнүксүз нерселерди окутушат экен. Бирок, мен окубасам да, 11-классты бүттү деген атестатты мугалимдер өздөрү алып келип беришкен.
– Үйдө да шоктук кылып атаңыздан таяк жеген күндөрүңүз көп болсо керек...
– Мен аябай шок болгонум менен ошончолук өжөр да болчумун. Үйдө 6 бир туугандын экинчисимин. Менден кичүү эки иним, эки карындашым бар. Үйдүн чоңу болгондуктан, шоктонбой, тескерисинче, апама жардам берип, үйдүн да, короонун да жумуштарын жасай берчүмүн. Уй саап, короо шыпырып, кой багып, талаага иштеп, турмушка бышып чоңойдум. Колумдан бардык жумуш келген универсал адаммын. Азыр бир туугандарымдын баары үйлүү-жайлуу, өздөрү менен өздөрү. Үйлөнө элек мен эле калдым. Ана үйлөнөм, мына үйлөнөм деп жатып 30га чыгып калыптырмын. Анын үстүнө апам ооруп жүрүп мурдагы жылы каза болуп, андан кийинки жылы иним каза болуп, үйлөнгөнгө такыр көңүлүм жок жүрдүм. Мына, азыр бир аз өзүмө келип калдым, үйлөнгөнгө убакыт эми келди деп ойлойм.
– Үйлөнүү керектигин моюнуңузга алып калыпсыз, көзүңүздүн астына баскан бирөө барбы?
– Азыр көңүлүмө төп келе турган кызды издеп жүрөм. Эгерде таап калсам, дароо үйлөнмөкмүн. Анткени, менин жашоомду түшүнгөн адамдын табылышы кыйын. Айлап гастролдо жүрөсүң, бир бутуң шаарда болсо, бир бутуң айылда. Бирде ачка, бирде ток болосуң. Мына ушунун баарына чыдаган кызга жолуксам, үйлөнөм. “Артисттин көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн кул көрбөйт” деп коёт эмеспи. Ошондуктан, мен айылдык же шаардык, билимдүү же билими жок деп бөлбөйм. Эң негизгиси, ыймандуу, сабырдуу, адамды сыйлай, кадырлай билген жан болсо эле болду.
– Мына ушинтип артист болуп айлап-жылдап гастролдо жүрүп эмне таптыңыз?
– Артист болуп эң негизгиси, көкүрөгүмдөгү талантты элге тартуулап куудул деген ат таптым. Эл-жерди көрдүм, эл менен мамиле түзгөндү үйрөндүм. Бар-жокту көрүп, кыйналып-кысталып өзүмдү таптым. Эл сени колдоп, дүркүрөтө кол чаап сүйүп турса, артист үчүн мындан өткөн байлык да, бакыт да жок болушу керек. Ал эми материалдык байлыкты айтсам, куудулдуктун арты менен 5-6 машина алмаштырып миндим, Оштон үй салганга жер алып койгом.
– Куудулдуктан башка дагы эмнеге жөндөмүңүз бар?
– Эгерде мен артист болбосом, анда бизнесмен болуп кетмекмин. 8-9-класста окуп жүргөндө эле чөп сатып, эптеп бир аз акча кылып алып, үйдөгүлөргө айтпай, шаарга келип базарда соода кылгам. Анан атамдар эптеп алдап чакырып алышып, Манас акеге кошуп берип койгон. Манас акеде жүрүп кыйналып кеттим. Анан бир аз акча чогултуп, ага үй-тиричилигине керектүү жип, кайчы, топчу, резина сыяктуу майда-чүйдө товар алып сата баштадым. Ошентип, Турбазада уйгурлар менен талашып иштеп жүрдүм. Андан кийин Ошто өрүк, мейиз сатып да иштедим. Базарда иштөө үчүн да талант керек. Мен быдылдап сүйлөп жатып жанымдагылардын да кардарларын тартып алчумун. Бал сөзгө алданган кардарлар келип менин товарымды алса, кардарын тарттырып койгондор албетте, мени урушушат. Андай учурларда күлүп же өздөрүн күлдүрүп кутулуп кетчүмүн.
– Сахнадан тажап базарга чыгып байып кеткиңиз келеби?
– Учурда “дарак бир жерден көгөрөт” деген принцип менен куудулдук кылып алектенип жатам. Эми карып сахнага чыга албай калсам да, төшөктө отуруп “Талант шоунун” балдарына сатира жазып берип тураармын. Негизи, куудулдар патриот калк болушат. Ырчыларга окшоп ар бир сатираны ар кайсы элден которуп акча таппайт. Мисалы, бир сатира жазып даярдаш үчүн эле бир ай убакыт кетет. Менимче, кыргызды улут кылып сактап калуучулардын бири бул – өнөр адамдары. А биздин өнөр адамдарыбыз, башкача айтканда, азыркы “звездалар” ар кайсы ырды которуп, чет элди туурашып, улуттук маданиятыбызды талкалап жатышпайбы.
– Азыркы сатираларыңыздын баарын өзүңүз жазасызбы же “атаңыз” Рахман Разыковдон жардам сурайсызбы?
– Рахман аке чыгарып элге таанытып койду, эми мындан аркы жолумду таап кетүү өзүмдөн. Азыр сатиралардын баарын өзүм жазам, кээде гана саясый сатираларга күчүм жетпесе, анда Рахман акеден кеңеш сурайм. Адам сахнага чыга берсе, өзү бышат. Мен Рахман акеде тарбияланып жүрүп жаштарга жол көрсөтүүчү жакшы сапатын алдым окшойт. Эртең өлсөң да эл “эй, бул бай эле, эки кабат үйү бар эле, 5-6 машинасы бар эле” деп айтпайт экен. Тескерисинче, «адамгерчиликтүү, ыймандуу эле» деп айтат тура. Ошондуктан, үйрөнгөн, билген, көргөнүмдү жаштарга үйрөтүп жол көрсөтүү максатында “Талант шоу” деген куудулдар тобун түзгөм. Учурда төрт таланттуу балдар иштөөдө. Кудайга шүгүр, ишибиз жакшы. – Качандыр бир кезде депутат болоюн деген оюңуз барбы?
– Чоң ой-максат, тилектерим бар. Мен ойлойм, депутат болуш үчүн сөзсүз орус тилин билиштин кереги жок деп. Анын үстүнө кыргыз болгондон кийин кыргызча эле сүйлөгөн оң. Негизи, адамдын ойлонуусу баарыныкы эле бирдей, болгону, ар кимисинин тагдыры ар башка. Эми азыркы депутаттардын менден өзгөчөлүгү, диплому бардыгы эле болбосо, башка айырмачылыгы жок. Бирок, депутат болуп иш жасабагандан көрө, депутат болбой иш жасасаң да болот.
– Сиз жогорку окуу жайды аяктаган жок белеңиз?
– Мен артисттик менен алектенип жүрүп окуганга убакыт жоктугунан документтеримди Зулпукар деген жээниме тапшыргам. “Бир университетке тапшырып койчу”,- деп контрагымды кошо берсем, ал тапшырып коюптур. Бир жыл өткөндөн кийин “2-курс болдуң, контрагыңды төлө” дегенинен төлөп койгом. Ошол бойдон жүрө берипмин. Анан өткөндө: “Жок дегенде 6-курс болуп калдымбы?”- деп сурасам: “Жок, сен окуудан айдалып кеткенсиң. Эми кайра 1-курска отурушуң керек”,- дейт. Билим алуунун эрте кечи жок эмеспи, 30га чыгып алып университетте окуйт окшоймун. Жогорку билимдүү деген диплом баарыбир керек нерсе да.
– Концерт берейин деп камынып калыпсыз...
– Жылына бир жолу концерт берем. Жылдагы концертим бири-бирине окшошпойт. Быйыл да 30га чыгып калыпмын, сахнага чыкканыма да 15 жылдан ашык убакыт болуптур. Анан элиме “отузга чыкты курагым, элиме күлкү сунамын” деп отчёттук концертимди тартуулоонун алдында турам. Буюрса, жалаң жаңы сатиралар, жаңы форма, кызыктуу конкурстар болмокчу. Саясатчы, ырчынын баарын туурап, Султандын “13 жашар баланын арманы” деген ырын 8 тилде ырдап бермекчимин. Кыскасын айтканда, концертке келген эл кайдыгер кайтпайт.
Маектешкен Замира Рахманбердиева