Урмат Усенов: «СҮЙҮҮДӨ ОБУ ЖОК КЫЗГАНЧААКМЫН»

“Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” демекчи, буга чейин ырчы катары гана өзүн көрсөтүп келе жаткан жигиттерибиздин бири Урмат Усеновдун көрсө, ачылбаган дагы башка таланттары бар экен. Ошондой эле бир топ жаңылыктарды жаратып жибергенге да үлгүрүптүр сүйүктүү ырчыңыз. Ушул эле дейсизби, Урмат бизге сүйүү жаатында да кызыктуу маек куруп берген.

– Урмат, күйөрмандарың сени эмнегедир аз убакытка “жоготуп” коюшту. Биздин шоу-бизнесте ырчы бир азга көрүнбөй калса эле “продюсери менен урушуп кетиптир” деген түшүнүк дароо пайда болот. Сенин көрүнбөй жүргөнүңдүн себеби эмнеде болду?
– Менин аз убакытка көрүнбөй калганым чын. Бирок, буга эч кандай бут тосуучулук себеп болгон жок. Буга менин сыртта көбүрөөк жүрүп калганым себеп болду.
– Чет өлкөгө барып келдиңби?
– Көптөн бери максат кылып келе жаткан оюм ишке ашып, Россиянын чоң-чоң алты шаарына барып, мекендештерибизге өз талантымды тартуулап келдим.
– Ырчыларды алар жакшы эле таанышат бекен?
– Алар бизди теледен көрүп, ырларыбызды радиодон угушпаганы менен кыргызча дисктердин тынымсыз жеткирилип тураарын айтышты. Анан ал жакта рейтингдин роль ойнобогону биз үчүн жаңылык болду. Мен барып концерт койсом деле, жаңыдан аты таанылып келе жаткан бир ырчы эки ыры менен концерт койсо деле бирдей деңгээлде кабыл ала беришет экен. Анын сыңарындай, бизди да ушунчалык сагыныч менен, меймандостук менен тосуп алышканы жүрөгүмдү жибитти. Капалантканы, өзү алакандай кыргыз болсок, алар­дын баары эле Россияга кетип, жадакалса атуулдук алып алышканы болду. Менин байкашымча, ошол 1,5 миллиондой кыргыздын 40 пайызы эле мекенине кайра кайтпаса, 60 пайызы ошол жакта калып калышат. Кичинекей балдары менен сүйлөшүп, “Кыргызстанга барасыңбы?” десем, “жок, барбайм, мага бул жак жакшы” дешет шыр эле. Ушуларды көрүп зээниң кейийт экен.
– Дагы бир талантыңды ачып өзүңдү актёрлук жактан сынап көрдүң эле. Экинчи киного тартылууга киришип жатканыңа караганда актёр болгон жаккан го?
– Албетте, адам өзүн ар тараптан сынап көрүшү керек. Мен да ушул максатта биринчи жолу “Кайып булак” тасмасына тартылгам. Бирок, чынын айтсам, бул фильм жарыкка чыккан соң мен мындан өзүмдүн көп кемчиликтеримди көрдүм. “Мындан жакшыраак ойносом болмок экен” деп өкүнүп калган жерлерим көп болду. Эми ошондогу кемчиликтеримди кайталабаганга аракет кылып, “Достор” деп аталган экинчи тасмага тартылуу алдында турам. Сценарийди али окуй элекмин, бирок, айтып бергендерине караганда, мурдагы фильмден айырмаланып, мында биз өзүбүздүн образыбызды эмес, такыр эле башка образдарды чагылдырат экенбиз. Балдар үйүнөн тарбияланып чыккан достордун кайсынысынын, кандай мү­нөз­дүүсүнүн ролу туш келет, азырынча бил­бейм. Ошондуктан, бул ролду жаратуу бир топ эле оор болоорун сезип турам. Ошентсе да болгон күчүмдү жумшап, мыкты образ жаратканга аракет кылам. Баса, кино жаатына аралашуум менин актёрлуктан тышкары дагы башка талантымдын ачылышына түрткү берди.
– Кандай талантыңдын?
– Режиссёрлук жактан да өзүмдү сынап көрсөм деп көптөн бери максат кылып келе жаттым эле, ошол оюм ишке ашып, “Тажадым” аттуу ырыма баштан-аяк өз эмгегим менен клип тарттым. Башкача айтканда, сценарийин жазып, режиссёрлукту да өз моюнума алдым.
– Анан жыйынтыгы кандай болду?
– Мен алгач пландаганда биздин шартта аткарылууга мүмкүн болбогон нерселерди кошо элестетип алыптырмын. Банкты карактоо иши клиптин негизги сюжети болушу керек эле. Тилекке каршы, бул сюжетти ишке ашыруу үчүн 16 банк менен сүйлөшүп, бирин да көндүрө алган жокмун. Атүгүл банктардын биринде жооптуу кызматта иштеген жакын агам да макулдугун берген жок. Көрсө, тоноо – банктар үчүн жаман ырым экен. Акыры башка эле имаратты окшоштуруп жасалма банк кылууга туура келди. Андагы негизги кыйынчылык – сигнализация орнотуу жана көпчүлүктү табуу болду. Ошентип, оюм жүз пайыз ишке ашпаса да, 70-80 пайыз ишке ашты. Башталышы үчүн бул жакшы эле нерсе болуш керек.
– Ырыңдын мазмуну менен клиптин мазмуну шайкеш келеби?
– Шайкеш келет. Узун, чатышкан коридордо туруп ырдаганым – жандүй­нөм­дүн адашканы. Ал эми бетимдеги жаракат бул –жүрөгүмдүн жаракаты. Айрымдар үчүн бир аз түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн, бирок, байкаган адамга ырдын мазмуну менен тыгыз байланышта экени дароо эле байкалат.
– А “Тажадым” аттуу ырың эмнеге байланыштуу жазылды эле?
– Менин дээрлик бардык ырларым сүйүү тууралуу. Мен сүйүүдөн башка теманы жаза албайт окшойм. Ырларымда сүйүүнүн бардык жагын чагылдырыпмын: махабатты даңазалап, майрамга салыштырып да, жетпей калган сүйүүнү да, «тумар кыз» деп жөн гана сыртынан суктанып да ырдаптырмын. Ойлоп көрсөм, сүйүүнүн ушул жагын чагылдыра элек экенмин. Сүйүү бар, бирок, анын келечеги жок. Бул ырымда мына ушул нерсе чагылдырылган.
– Балким, ушундай келечеги жок сүйүү өз башыңдан өткөн үчүн ырың жүрөгүңдөн чыгып, жүрөктөргө жетип жаткандыр...
– Чет-чебери өткөн десем болот. Бирок, ырда мен өтө эле көркөмдөп жибергем.
– Жакындарың “убактың келип калды, үйлөн” деп жатышса керек. Бул жагын да пландарыңа киргизип жатасыңбы?
– Ошентип жатышат. Бирок, мен убакыттан көз карандысыз жашагым келет. Мага жаккан мүнөздүү кызды жолуктура элекмин. Ошондой кыз менен таанышсам эле үйлөнмөкмүн.
– Сенин кыялыңдагы ал кыз кандай болушу керек?
– Эң негизгиси, мени түшүнө билүүсү керек. Жердигине, сырткы сулуулугуна, атүгүл улутуна да көп маани бербейм. Бизде, Кыргызстанда эң алыс жерлердин аралыгын көп болсо миң километр аралык бөлөт экен. Биз Россияда жүр­гөн­дө бир шаардан экинчи шаарга баруу үчүн күн сайын 1000-1500 километр аралыкты басып өтүп жаттык. Сырткы сулуулугуна маани бербейм дегеним, азыр кебетени ар кандай жолдор менен түздөп алууга болот эмеспи. Мен келечектеги жубайыма сулуулук салонун ачып берем деген тилегим бар. Ошондуктан, мага бир аз гана жылдызы болсо болгону. Дагы бир негизги талабымдын бири – мендеги кемчиликтердин анда болбошун каалайм.
– Өзүң моюнуңа алып жаткан кандай кемчиликтериң бар?
– Тартынчаактыгым бар. Анан кичинекей кезимден эле кереги жок жерден керсейип коймой адатымды таштай албай келатам. Шоу-бизнеске аралашканымдан бери бул сапатымдын көп жерде зыяны тийип калат. Кээде бир ооз сөзүм менен менин пайдама чечилип калчу иштерде да ошол бир ооз сөзүмдү аяп тура берем да, кийин бармагымды тиштеп калам. Чоң бизнесмендер “ме, муну чыгармачылыгыңа жумшап кой, жөн гана менин атымдан белек болсун” деп акчаларын алдыма ташташканда да анысын кайра жылдырып: “Жок, рахмат, жөн эле коюңуз”,- деп албай койгон күндөрүм болгон. Мунумду өзүм маданияттуулук деп эсептейминби, билбейм. Бирок, азыркы заманда, анын үстүнө сахна адамдары бир аз “наглый” болушубуз керек. Тилекке каршы, менде андай сапат жок. Ал эми сүйүү жаатына келсек, обу жок кызганчаакмын. Анымды эч кимге, ошол кызганып жаткан адамыма да билдирбейм, бирок, ичимден өзүмдү-өзүм жеп коём. Ушул нерсени таштай албай жүрөм.
– “Сүйөм-күйөм” деп кат жазып, жаныңды койбой телефон чалып жүргөн күйөрмандарыңдын арасында балким, сага керектүү сапаттары бар кыздар бардыр. Экинчи жарымыңды алардын ичинен издеп көргөн жок белең?
– Чын эле балким, бардыр. Бирок, мен күйөрмандарыма ишенбейм. Кат жазгандардын эмгегин баалап, катын аягына чейин окуп коём, телефон чалгандар менен көңүлүн калтырбай сүйлөшүп коём, бирок, аларга үйлөнүү тууралуу ойлонгон эмесмин.
– Жаңы фанаткаларың пайда болуп калгандыр?
– Пайда болуп калыптыр. Өткөндө үйдөн чыксам, машинамдын соо жерин койбой помадасы менен “кооздоп” кетиптир. Алгач сыр менен жазган экен деп чочуп кетиптирмин. Анан эжемди чакырып алып экөөбүз эринбей бардык сөздөрүн окуп чыктык: фанаткаларга таандык сүйүү сөздөрү, жүрөкчөлөрдүн сүрөттөрү, телефону... Машина жуучу жайга алып баруудан уялам. Эмне кылаарыбызды билбей эжем экөөбүз ойлонуп бир аз турдук да, анан кайра эле помада менен сөздөрдүн баарын түшүнүксүз кылып оңдоп чыгып, анан гана автожуучу жайга алып бардым. Кийин жазып кеткен телефонуна чалып: “Чоң кыз, машинада эмне күнөө, ошол сөздөрүңдү өзүмө эле айтсаң болмок, машинам сага таарынып жатат”,- дедим.
– Урмат, бир жолу “качандыр бир убакта өз кесибиме кетип, шоу-бизнестен алыстайм” деген сөздөрдү айткан элең. Ушул айткандарың жакын-арада иш жүзүнө ашпайбы?
– Ошентип айтканым ырас. Бирок, бул айтканым бекер кеп экен. Сахна, ыр деген нерселер өзүнчө эле бир оору тура. Бир башбагып алган соң мындан оңойчулук менен суурулуп чыга албайт экенсиң. Шоу-бизнесте жок дегенде бир муун эстеп жүрө тургандай кылып атымды калтырып кетүү тилегим бар. Көө­дө­нүмдө дагы жазыла элек көп-көп идеялар бар. Жок дегенде ошолорду ырга айландырып койсом дейм. Кыскасы, мен азырынча чыгармачылыктан чарчай элекмин. Репертуарыма англисче, итальянча ырларды кошсом дейм.
– Бул тилдерди өзүң билесиңби?
– Англисчени го түшүнөм. Италия тилин жакшы билген, мага жардам берген адам болсо, бул тилде да ырдоо кыйын эмес.
– Айрымдардын “шоу-бизнес – ыплас чөйрө” деген кептерин угуп калабыз. Сенин көзкарашыңда да ушундайбы?
– Андай эмес дегенге ооз барбайт. Ачыгын айтканда, шоу-бизнес аялзатына ылайык чөйрө экен: интрига, бүтпөгөн ушактар... Ушул сыяктуу нерселерге мен дагы деле көнө албай жатам. Баарынан өкүнүчтүүсү, бул чөйрөдө сөз териштирмей деген нерсе кеңири жайылган. Териштирмей деген нерсени мен мектепте кыздардан көрүп күлчү элем. Эми төрт бала маңдай-тескей туруп алып айткан сөздөрүбүздү териштиргенге туура келет. Кол шилтеп коёюн десең, жаман көрүнүп калганы турасың. Айла жок...
– Сүйүү күнүнө карата жеке концертиңди бергени жатыптырсың. Дал ушул күндү тандап алганың да бекеринен эместир?
– Жогоруда айтылгандай, менин репертуарымдагы ырлардын баары сүйүү жөнүндө. Бул майрамга карата концерт койгонум да ырларымдын тематикасына байланыштуу болду. Бул концертте 1-2 гана эски ырларым ырдалбаса, жалаң жаңы ырларым болот. Алардын арасында фольклордук стилде жазылган ырым да бар. Ал эми концертиме катышкан сахналаштарым жалаң менин ырларымды аткарышат. Ошондой эле бул жолу башка тилдеги ырлардан бир ыр ырдайм. Көптөн бери мага таарынып жүргөн мугалимдеримдин тилегин орундатып бир түркчө ыр жаздырган элем. Деканаттагы мугалимдердин баарына чакыруу баракчасын берип, концертиме чакырайын деп жатам. Тоодон эле түшкөн айылдык бир балага билим берип, адам кылган да жөнөкөй иш эмес. Менин ушундай деңгээлге жетишиме алардын да кайсы бир деңгээлде салымы бар болсо керек деп эсептейм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 274, 1-7-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан