Кудайберген Кутуев: «МЕНИ КӨРӨ АЛБАГАНДАР ЖАШООМО КАРА ТАК ТҮШҮРҮШКӨН»

Ырас, өз убагында бул ырчынын да ырларын жантыгынан жата калып уккан миңдеген күйөр­мандары бар эле. Азыр болсо муун алмашып отуруп, биздин каарман менен катар көптөгөн ырчылар “эски ырчылар” деген атка конушту. Бул – шоу-бизнестеги мыйзам ченемдүү кө­рүнүш. Ошентсе да коңур үндүү, кер мурут ыр­чы Кудайберген Кутуевдин ошондогу күйөр­мандарынын теңи болсо да бүгүнкү күнгө чейин сакталып калганында талаш жок.

«БАСМАЧЫНЫН БАЛАСЫ» ДЕГЕН СӨЗГӨ АРДАНЫП ЖҮРҮП ЧОҢОЙДУМ»
– Мен 1972-жылы 5-майда Чаткал районунун Акташ айылында төрөлүп, ошол айылда чоңойдум. Атамдын 65 жашында көргөн кенже уулу болгондугумдан, атымды Кудайберген койгон экен. Ырас, мен атамдын башка аялынан төрөлгөм. Айылыбыздагы ал дудук аялды мени төрөгөн аял катары билгеним менен ага энем катары мээримимди берген жокмун. Анткени, мен төрөлгөнүмдөн кийин эле атам менен өз энем ажырашып кетишип, мен өгөй эненин колунда калыпмын. Бирок, «тапкан эне эмес, баккан эне» демекчи, мен баккан энемди өз апамдай көрүп, эне деп ошону эсептечүмүн. Ал да мени өз уулундай көрүп, эч нерседен кем кылбай бакты. Дүкөнгө жаңы кийим түшсө эң биринчи мен кийип, велосипед түшсө биринчи мен тепчүмүн. Кыскасы, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип өтө эле кененчиликте чоңойдум. Бирок, мени балдардын “басмачынын баласы” деген сөзү ардантчу. Өзүм теңдүү балдардан мындай сөздү уксам мушташып кетээр элем да, күчүм жетпеген чоң балдарды таш менен уруп каччумун. Атамдын басмачынын тукумунан болгону да жалган эмес эле. Мен кичинекей кезимде жер жайнаган койлорунун санын да билчү эмесмин. Кийин 7-8-класстарга келип, басмачы деген ким болгонун билгенимден кийин арданганымды токтоттум. Атүгүл тарыхый чыгармалардан атамдын атын окуп сыймыктанып да калдым. Ошондон кийин мага мурункудай кайрылгандарга: “Ооба, басмачынын баласымын, эмнеси бар экен?”- деп жооп кайтарчу болдум.
– Атаңыздын жер жайнаган ошол койлорунан азыр анча-мынча калганбы?
– Атам ыраматылык мен 1-класска бараарда эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Апам болсо “апа, сиз мени бактыңыз, эми шаарга барып окуп, мен сизди багам” деп турган учурумда, 8-класста окуп жатканымда өтүп кетти. Негизи, алардан калган үй-жайды, мал-жанды кароо менин милдетим болчу. Бирок, мен бул милдетти жалгыз агама жүктөгөм. Ал эми мага таандык малды “тууган козулары силердики, негизгиси, мага башын сактап берсеңер болду” деп агам менен эжеме бөлүп берип койгом. Экөөндө биригип азыр менин үч жүздөн ашык коюм бар. Айылга барып калганымда: “Өзү­бүз­дүн эсебибизден кой соёлу, коркпо, сеникине тийбейбиз”,- деп күлүп калышат.

“БЕК МЕНЕН МУШТАШКАН ЭМЕСМИН”
– Кичинекей кезимден эле ырга шыктуу болдум. Беш биртуугандын ичинен мен гана искусствого жакын болуп чыктым. Жадакалса тукумубузда да ыр-күүгө шыктуу эч ким болбоптур. Биртуугандарым: “Сен баарыбыздан өзгөчө болуп, ырчы болуп калганыңа караганда биздин биртууганыбыз эмес окшойсуң”,- деп тамашалап калышат. Мектепти “Көк жылгаяк” жана “Кала берди танк алдында тепселип” деген эки ыр менен бүттүм. Кандай маданий иш-чара, кароо-сынак болбосун, ушул эки ырды ырдап чыга калчумун. 8-класстан кийин райондун борборундагы кесипчилик окуу жайында окуп жүргөнүмдө да ырдаганымды таштаган жокмун. Бирок, анда албетте, репертуарыма башка ырлар да кошулуп калган эле.
Ошентип, ырга болгон кызыгуум шаарга келип, филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыруума түрткү болду. Менин чыгармачылыктын чоң жолуна аттанууга жасаган аракетим ушул жерден башталды десем болот. Бек Борбиевди кумир тутуп, “аттиң, мен да ушундай болуп чоң сахнага чыксам, элдин уулу болсом...” деп кыялданып калаар элем. Арадан көп өтпөй эле кыялым орундалып, төрт ыр жаздырсам, төртөө тең элге бат сиңип кетти. Азыр ойлосом, күлкүм келет. 1996-жылы төрт ырым менен “жеке концертимди берем” деп филармонияны он күнгө алып алыптырмын. Дос-тааныштар: “Эй, болгону төрт ырың болсо, аны менен кантип жеке концертиңди бересиң? Эл суранса, кайсы ырыңды аткарасың?” дешсе, “эл суранса, ошол төрт ырымды кайра кайталап койсом сегиз ыр болот” деп тамаша иретинде жооп берип коюп жаттым. Анткен менен бир айдын ичинде дагы беш жаңы ыр жаздырып, тогуз ыр менен жеке концертимди бергем. Азыр күлкүлүү туюлганы менен ошондо концертимдин он күнү тең аншлаг менен өткөнүнө өзүм да таңкалгам.
– Анда өтө эле ийгиликтүү өткөн экен. Ошол алгачкы концертиңизден түшкөн каражатты эмнеге жумшаганыңыз эсиңиздеби?
– Эсимде эмей. Дароо эле “Семёрка жигулисин» сатып алдым. Ал кезде концерттен түшкөн акчага машина сатып алуу чанда гана кездешээр эле.
– Сизди “Бек Борбиев менен ыр талашып мушташкан” деген сөздөр бар. Чын эле ошондой болду беле?
– Мен Бектин “Бишкекке” жана “Эсиңдеби” деген эки ырын жаздырып, ырдап жүргөм. Ошол убакта Бекти кумир тутканымдан ырдасам керек эле. Бир күнү Спорт Ордосунда кайсы бир концерт болуп жаткан учурда Бек: “Жүрчү, сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар”,- деп калды. Барсам, “менин ырларымды мындан кийин ырдабай эле койчу?” деди эле: “Жаздырып койгон эки ырыңызды ырдабай коё албайм, анткени, алар менин үнүм менен элге сиңип калды, а башка ырларыңызды ырдабайм”,- дедим. Ошону менен маселе чечилген. Эч кандай мушташкан эмеспиз.

«АЙЗАДА – ЧОҢ СҮЙҮҮМ ЭЛЕ»
– Мен өмүрүмдө бир жолу өтө чоң сүйүүгө кезиккем. Анда филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окуганым менен Улуттук университеттин жатаканасында жашачумун. Айзада менен ошол жерден таанышкам. Экөөбүз бир жарым жылдай өтө ынак мамиледе жүрдүк. Экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө бир гана кадам калганда мен аны жоготуп алдым. Кандай десем... биздин тоюбуздун эле боло элеги болбосо, ал мендик болчу. Мен Айзаданы келинчегим деп сезгендигимден ага өтө ишенчүмүн, ошон үчүн алдырып жиберем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Бирок, мен ойлогондой болбой, бир күнү аны алакачып кетишти. Ошондо катуу соккуга туш болгом. Балким, ичкич да болуп кетээр белем, досторум болбогондо.
Кийин алгачкы концертимди бергенимде жолдошу, сиңдиси болуп концертиме келишиптир. Сиңдисин таанычумун, андан гүл берип жибериптир. Гүлдүн арасында кечирим сурап жазган каты бар экен.
“Айзада” деген ырым дал ошол жетпей калган сүйүүмө арналган.

«КЫРСЫК КАШ МЕНЕН КАБАКТЫН ОРТОСУНДА ЭКЕН... ҮЧ ЖЫЛГА ЭРКИМДЕН АЖЫРАТЫП КОЮШТУ»
– Менин чыгармачылыгым 2000-жылы тыныгууга туш болду. Бул тууралуу эл арасында ар кандай ушактар айтылып жүрдү. Эл оозунда элек жок экен, “Бек Борбиев сахнага чыгарбай коюптур” деген да ушактарды чыгарып жиберишиптир. А менин үч жыл сахнага чыкпай калганымдын себеби башкада эле.
“Кырсык каш менен кабактын ортосунда” дейт эмеспи, анын сыңарындай, мен да Оштогу “Кадыр түн” фестивалына катышканы барып, ошол жакта жанагы концертимден кийин алган “Семёркам” менен автокырсыкка учурагам. Жамгыр жаап жаткан. Мен жол эрежесин бузбай эле кетип бараткам, бир маалда бир киши машинама келип катуу урунду. Көрсө, ал кызуу абалында экен. Дароо эле ооруканага алып бардым, тилекке каршы, эки күндөн кийин тиги киши каза болуп калды. Ошентип, мени үч жылга шарттуу түрдө эркимден ажыратып салышты.
– “Жол эрежесин бузбай эле кетип бараткам” деп жатпайсызбы. Эгерде сизде күнөө жок болсо, эмне үчүн акталып чыкканга мүмкүнчүлүк болгон жок?
– Жабырлануучу каза болуп калган соң менин күнөөсүздүгүмдү далилдөөгө мүмкүн болбой калган. Ушул окуядан кийин мен тууралуу бир гезитке чоң макала жарыяланган. Ал макалада “бир кишини сүзүп, качып баратып балалуу аялды сүзгөн, андан кийин дагы бирөөнү сүзгөн” деп мага жок жерден жалган жалаалар жабылган. Дагы бир ушак боюнча, мен кыз зордуктаган имишмин. Булардын баары калп. Бул – жөн гана менин чыгармачылыгымды көрө албагандардын уюштургандары. Атүгүл бул ишке бир-эки ырчылардын да тиешеси бар. Бирок, алардын ким экени менин ичимде гана сакталып, мени менен кошо кетет.
– Жашооңузга ушундай кара так пайда кылып алганыңыз үчүн өкүнөсүзбү?
– Эми, өткөн иш өттү, өкүнгөндө эмне? Бирок, кээде “көрө албастар ушундай ишке барбаганда балким, баары башкача болмок беле...” деп ойлоп кетем. Өзүм спирт ичимдиктерине жакын эмесмин, бирок, жогорудагыдай ойлор келгенде өзүмчө сыгылып, эки-үч кружка пивону катар-катар ичип жиберем.
– Убактылуу тыныгуудан кийин сахнага кайтып келгениңизде өзүңүздү кандай сездиңиз? Мурдагыдай эле эркинби же?..
– Мурда өзүмдү кандай сезсем, ошондой эле эркин сездим. Азыр кээ бир ырчылардан: “Сен өзүңдү таланттуумун деп эсептейсиңби?” деп сурасаң, “билбейм эми... эл баалайт да...” деген сыяктуу жоопторду беришет. Эгер менден бирөө ушинтип сураса, эч токтоосуз эле “ооба, мен таланттуумун!” деп жооп берем. Өзүмдүн талантыма ишенгеним үчүн чыгармачылыкка кайрылып келээрим менен эле “Россия” кинотеатрында жеке концертимди бергем. Кудайга шүгүр, күйөрмандарымды жогото элек экенмин, алты күндүк ошол концертим эң жогорку деңгээлде өткөн. Андан кийинки үч жыл катары менен берген концерттеримдин да ийгиликтүү өтүп жатканына күйөрмандарым өздөрү күбө.
– Акыркы кездери эмне менен алек болуп жүрдүңүз? Сахнадан көп деле көрүнбөйсүз го?
– Сахнага көп чыкпаганым менен тойлордо активдүү кызмат кылам. Андан тышкары, чакан жеке бизнесим бар. Учурда эстрада ырчыларынын фестивалын өткөрүүгө даярдык көрүп жүрөм. Ал фестиваль 3-4-март күндөрү Спорт Ордосунда өтүп, жеңүүчүгө “Мерседес” автомашинасы ыйгарылат. Анан Кудай буюрса, ошол фестивалдан кийин жаңы ырлардын үстүнөн иштөөнү пландаштырып жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Xperiaedil
2014-09-11 13:34:25
Жаны чыгарма кутобуз, бар болунуз
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-12-23 17:45:50
Айзада деген ыры барбы админ силерде
0
№ 277, 22-28-февраль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан