Тынар Курбаналиев: «КЫЗДЫН МЕНИКИ ЭКЕНДИГИ ЫРАС»

Ырас, азыр таш ыргытсаң, ырчынын башына тийет. А бирок, куудулдарыбыз саналуу гана. Анткени, каалаган эле адам куудул боло албайт. Ал үчүн табиятынан берилген шык, аракет, изденүүчүлүк керек. Ушундай сапаттарынын аркасында куудул катары өзүн көрсөтүп келе жаткан Тынар Курбаналиев 1977-жылы 13-ноябрда Сузак районунун Алмалуубулак айылында төрөлгөн. 7 биртуугандын эң кичүүсү. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

– Тынар, куудулдук – айрымдарга Кудай Таала тарабынан берилген талантпы же бул өнөрдү ар бир адам өркүндөтүп-өөрчүтүп кетсе болот деп ойлойсуңбу?
– Куудулдук эле эмес, ырчылык болобу, устачылык болобу, кандайдыр бир деңгээлде Кудай тарабынан берилген талант болот деп эсептейм. Бирок, кандай гана өнөр болбосун, Кудай тарабынан бир гана пайыз берилээрин унутпашыбыз керек. А калган 99 пайызын өзүбүздүн аракетибиз аркылуу иш жүзүнө ашырабыз. Анын сыңарындай, биздин уруктан эч кандай куудул чыкпаганына карабай Кудай мага талант берип койгон экен, аны өзүм аракет кылып өөрчүтүп-өркүндөтүп келатам.
– Силердин урууңарда жалгыз эле сенде барбы куудулдук шык?
– Менин атам Кудайдын бир момун пендеси болгон. Балдарынын бирөөсүнө бир жолу да катуу айтканын уккан жокмун. Апам экөөнүн мен төрөлгөнгө чейинки мамилесин билбейм го, мен акылыма киргени экөөнүн бири-бирине өйдө карап катуу айтышканын уккан жокмун. Бирок, апам чындыгында сөз баккан аял. Бирөөгө бир сөз айтыш үчүн “кыргыздын мындай сөзү бар эмеспи, анын сыңарындай...” деп сөзсүз бир макал кошуп сүйлөйт. Анан менин биртуугандарым эле эмес, жалпы Курбаналиевдердин менден башкасынын баары кыргыздын музыкалык аспаптарында ойношот.
– Атаң жоош киши болсо, өзүң үйдүн кенжеси болсоң, тентектиги ашынган бала болсоң керек?
– Ооба, үйдүн кенжеси болгондугумдан, мени ата-энем бир топ эле эрке өстү­рүш­тү. Агамдардын баары жапырт жумуш кылып жатышса да мен эч качан аларга кошулуп жумуш кылган эмесмин. Бир агам бир нерсени көтөрө албай жатканын көрсөм да карап коюп жанынан өтүп кетчүмүн. Ал эми тентектикти да менден калган десем болот. Бир жолу бир досум экөөбүз чыт курсак тентек балдарбыз да, “жумуртка чокко бышат” деп ойлосок керек, кошунанын үйүлүп турган чөбүнө от жагып, анын чогуна жумуртка бышырып жемей болдук. Чөптүн кичине бөлүгүн бери жакка алып, ошого от жаксак деле болот го, жок, биз жайы менен топтогон бир үймөк чөптүн түбүнө от коюп жибериптирбиз. Кургап турган чөп дуулдап күйө баштаганда экөөбүз дыргаяктап качып жөнөдүк. Аз эле убакыттын ичинде бир чоң үймөк чөп бат эле күйүп кетиптир. Чөп эле күйсө мейли го, ага кошулуп астына «үй салам» деп жыйнап койгон тактайлардын да бири калбай күйүптүр. Эмне кылышмак, тиги бала экөөбүздүн аталарыбыз кошунанын чөбү менен тактайын төлөп берип, жок жерден чыгым тартышкан. Жайлоодогу кошуналарыбыз 25-май болду дегиче “ии-ий, баягы дагы келет турбайбы” деп безилдеп турушчу. Анткени, окуу жылы аяктаары менен жайлоого ата-энеме барып, ал жактагы кошуналарды да тажатчу экенмин.
– Сенин куудулдугуң канча жашыңдан баштап ойгоно баштады эле?
– Менин ата-энем кой баккан колхозчулар болгондуктан, мен ар кайсы ага-эжемдин колунда жүрүп окууга туура келип, натыйжада, 5-6 мектепке көчүп окудум. Куудулдугум качан ойгонгону өзүмдүн эсимде жок, бирок, классташтарымдын айтуусуна караганда, 8-9-класстарда бул өнөрүм аябай күч алып кеткен имиш. Азыр эстесем, эмнелерди айтканымды өзүм деле билбейм, бирок, класста отурганда сүйлөп койсом эле классташтарым кыраан-каткы түшүп калышчу.
– Чоң чыгармачылыкка качантан баштап аралаша баштадың эле?
– Мен мектепти бүткөн жылы атам каза болуп калды. Башка классташтарым сыяктуу шаарга окууга тапшырайын десем апам үйдө жалгыз калат, неберелери жаш. Анан апама карап окуй албай калдым. Мал менен алек болуп төрт жылдай үйдө болуп калдым. Бирок, анда деле зерикмей жок: улак оюнунан калчу эмесмин. Анан калса Жалалабат шаары менен биздин айылдын ортосу болгону он эки километр. “Шаардагы классташтарыма жолугуп келем” деп эки күндүн биринде жөнөп калчумун. Шаардык кыздар менен таанышып, “бирөө­нүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт” болуп, шаардык кыздар көзүмө жакшы көрүнүп айылдагы сүйлөшүп жүргөн кызыма да көңүл бурулбай калган.
Ошентип жүргөн күндөрүм­дүн биринде агаларымдын бири “айылда жөн эле жүрө бергенден көрө” деп Жалалабат театрына алпарып, свет койгуч кылып ишке орноштуруп койду. Ошол жерде иштеп жүрүп бир күнү кокусунан бир роль ойноп калып, чыгармачылык жолум дал ошол актёрлуктан башталды.
– Тиешелүү билимиң жок болсо, кантип актёр болуп кеттиң эле?
– Театрдын актёрлоруна, алардын аткарып жаткан спектаклдерине көңүл деле бурчу эмесмин, өзүмө тийиштүү иштерди аткарып коюп эле жүрө берчүмүн. Бир күнү коридордо кетип баратсам, бир киши кечке мени карап калды. “Бул эмне, адам көр­гөнбү?” деп коюп өтүп кеткем. Көрсө, ал ошол кездеги театрдын башкы режиссёру Акылбек Абдыкалыков экен. Менин сырткы келбетимден актёрго керектүү сапаттарды көрүп калса керек. Кийин бирөөдөн чакыртып жибериптир. Барсам: “Буга чейин сахнага чыктың бе­ле?”- деди эле, “чыккам, концерттерди алпарчумун” дедим. Ага чейин Жалалабаттан чыккан бир кездеги популярдуу “Нур” тобу менен да анча-мынча иштешип калган элем. Анымды уккан Акылбек байке: “Анда бү­гүндөн баштап актёр болосуң, “Курманбек” спектаклинде Аккандын ролун аткарасың”,- деди. Мен өзүмө ишенбей бир аз ойлонуп турдум да: “Андай болсо мага кичирээк роль бериңиз”,- десем, сакчынын ролун берди. Сакчынын ролун ойноп жүрдүм, бир күнү спектакль болоорго 4-5 күн калганда Аккандын ролун ойногон бала жумушка чыкпай коюп жатпайбы. Дароо эле мени ойнотушту эле, мурун угуп жүргөм да, эч кандай даярдыгы жок эле дароо ойноп кеттим. Менин бир жакшы жерим – куйма кулактыгым. Бир нерсени эки жолу уктумбу, дароо жаттап алам. Бул жерде да куйма кулактыгымдын пайдасы менен Аккандын ролуна ээ болуп калдым. Акылбек байке мага аябай ыраазы болуп “Москвага окууга жөнөтөм” деп жүрдү. “Өзүм айылдан жаңы эле чыксам, анан Москванын кайсы жеринде жоголуп өлөйүн?” деп ойлоп, макул болбой койгом. Ошондо кете бергенимде “Учур” театрынын балдары менен кошо бүтүп келип калмак экенмин.
– “Нур” тобуна да аралашып калганмын деп жатпайсыңбы. Бул кандайча башталды эле?
– Бул топ өтө популярдуу болуп турган убакта менин биртууган агам алардын алпаруучусу эле. Бир күнү гастроль учурунда агамдын «кайненеси каза болду» деген кабар келип, агам концертти таштап ошол жакка кетип калды. Топтун жетекчиси эмне кылаарын билбей агамдын кийимдерин мага кийгизди да, “эмне кылсаң да сен алып барасың” деп мени алпаруучу кылып койду. Элге уят болбош үчүн болгон аракетимди жумшап концертти алып барып жаттым. Ошентип, кийин агам келгенде да мени кетирбей коюшту.
– “Бешилик” куудулдар театрында да иштеп жүрдүң эле...
– Менин чыгармачылыгым негизи, бирөөнүн ордун басып алуу менен байланыштуу окшойт. “Бешиликке” да ушундай жол менен кокусунан келип калгам. Театрда төрт жылга жакын иштегенимден кийин мүдүр менен тил табыша албай, арыз жазып чыгып кеткем. Агамдын жардамы менен “Бешиликке” да алгач аппарат койгуч болуп ишке орношком. Күндө эле бир концертти эки саат карап отурам да. Ар биринин сөздөрүн жаттап, кээде аларды сындап да жиберчү элем. Бир күнү топтун бир мүчөсү Кубаныч деген байке достору менен майрамдап, кызып калган экен, Рахман байке аны дароо эле топтон чыгарып жиберди. Чыгарышын чыгарып алып, анын ролдорун кимге ойнотоорун билбейт. Өзүмдүн аткара алаарыма көзүм жетти да: “Рахман байке, мен ойноп көрөйүн­бү?”- десем, мага ишенбегендей бир топко ойлонуп турду да, макул болду. Мен мурун көрүп жүргөндөрүмө өзүмдүн фантазиямды кошуп Кубаныч байкеден да ашыра ойноп салыптырмын. Биринчи сахнага чыккан күнүмдөн тартып эле ошентип, “Бешиликтин” бир мүчөсү болуп калдым.
– Жакында болуп өткөн концертиң аншлаг менен өткөнүнө күбө болдук. Өзүң канааттандыңбы?
– Кудайга шүгүр. Элим бар экен, колдоп берди. Болгондо да аябай жакшы колдогон экен, концерттен түшкөн каражатым өзүмдөгү анча-мынча акчамды кошуп жер участогун алганга жана “Мерседес” үлгүсүндөгү темир тулпар сатып алганга жетти. Ошон үчүн мен дайыма “менин биринчи демөөрчүм – элим” деп айтып, элиме таазим кылып келем.
– Чыгармачылыгың го өз нугунда уланып жатыптыр. Жеке жашооңдо бир аз олку-солкулуктар болуп кеткендей болду эле...
– Турмушта пешенеңе жазганын көрөт экенсиң да. Турмуш сен ойлогондой боло бербейт тура. Анын сыңарындай, мен да көпчүлүк билген мурунку жубайым Лилия Абдубаитова менен ажырашып, турмуш жаңырттым. Бирок, бул жерден Лилияга кыпындай да күнөө коё албайм. Анда күнөө жок экенин досторум да, туугандарым да билишет. Лилия экөөбүз азыр чогуу жашабаганыбыз менен ал менин досторум, туугандарым менен катташып эле турат.
– А экөөңөрдүн мамилеңер кандай?
– Биз эч кандай урушуп-тартышпай эле, чай үстүндө маңдай-тескей отуруп, тынчтык жолу менен чечишип алдык. “Лилия, турмушубуз болбой калды окшойт, ажырашалы” деген сунушума Лилия да “мен сенин колуңду кармай албайм” деп жооп берди. Ошон үчүн азыр экөөбүздүн тең жүзүбүз жарык. Көрүш­көн жерде ал-абалды сурашып, кадимкидей эле сүйлөшөбүз. Жакында эле концерттен жолугуп калып, мен аны үйүнө жеткирип келдим. Балам менен да каалаган убагымда барып көрүшүп, каалаганымча отуруп сагынычымды таратып келе алам.
– Балаң канчага чыкты?
– Уулум Эмир үч жашта. Мага аябай окшош. Жакында эле апам келип, айылга убактылуу алып кетти.
– Учурдагы келинчегиң менен Лилияга үйлөнө элегиңде эле мамилең бар экен дешет. Атүгүл кызыңар да бар экен...
– Ооба, экөөбүз мамиле түзүп жүрчү­бүз. Кыздын да меники экендиги ырас. Бирок, ортодо таарынычтар болуп, мен Лилияга үйлөнүп алган элем. Тагдыр экен, минтип кайра ага үйлөнүп, бирге түтүн булатып отурабыз.
– Лилия менен жашап жатканыңда да кызыңа каттап турчу белең?
– Каттап турчумун. Атасы экенимди кызым башынан эле билип, мени “папа” дечү.
– Балким, үйбүлөңөрдүн бузулушуна ушул себеп болгондур?
– Жок, мунун тиешеси жок. Лилия бул жөнүндө билчү эмес. Эмне себеп болгону Лилия экөөбүздүн эле ортобузда калганы жөн. Анын баарын коомчулукка жарыялаганды туура көрбөйм. Лилия жакшы аял. Анын башка жактан бактысын таап кетишин каалайм жана ага ишенем.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 279, 7-13-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан