Ильяз Андаш: «МАНТЫНЫ БАШ КЫЛЫП ТАМАКТЫН БАРДЫК ТҮРҮН ЖАСАЙ АЛАМ»

Мекенибиз таланттарга бай. Алардын ар бири көөдөнүндө оргуштаган талант бар үчүн ыйык сахнаны мекендеп келишет. Ошолордун катарында биз сөз кыла турган жаш ырчы Ильяз Андаш да сахнага жөн жеринен келип калбаган экен. Анткени, Ильяз музыка менен төрөлүп, музыка менен өсүп келатыптыр...

– Ильяз, сахнага келип, жөнөкөй адамдан эл тааныган белгилүү адамга айланып калышыңа Кудай берген талантың себепкер болгондур?
– Албетте, талант, мүдөө болбосо, сахнага чыкмак кайдан? Анын үстүнө мен таланттуу адамдардын үйбүлөсүнөн чыкканмын. Атамдын кесиби актёр болсо да, өз кесиби менен катар айылдан чыккан жаш таланттарды таптап, ырчылыкка үйрөтүп келет. Апам болсо ушул күнгө чейин музыкалык мектепте комуз сабагынан мугалим. Тайларым да өнөргө жакын адамдар. Тайларым демекчи, мен алты айлыгымдан баштап Тоңдун Бөкөнбаев айылындагы таене-таятамдын колунда өстүм. Ал кезде атам да, апам да студент болушкандыктан, таенем мени өзүнө алып кетип калган экен. Эсимде, таятам комуз ойногондо мага комуздун башын тиштетип койчу. Комуздун зыңылдаганы мага кызык туюлуп, канча болсо да тиштеп тура берээр элем. Ошентип, мектепке барганча таятамдын эрке баласы болуп өстүм да, мектепке бараарда ата-энем Караколго, өз колдоруна алышты. Таятамдын эшегине учкашып, малга аралашып жүргөн айылдык жашоого көнүп калсам керек, эч кимге айтпай эле айылга качып кетип калган күндөрүм да болгон.
– Атаңдын колунан чыккан жаш таланттардын арасында сен да бар болсоң керек?
– Мен 4-классымдан баштап бирдей курактагы үч баладан турган атамдын “Бакай” деген тобунда ырдачумун. Кичинекей болуп алып үчөөбүз үч түрдүү аспапта ойноп, жандуу үн менен ырдаганыбыз элге аябай жакчу. Мен ошол кезден баштап эле клавишалык аспапта ойноп, азыркы ырдап жүргөн “Кыргыз жери”, “Ак бантик” жана башка ырларды ырдаар элем. Ысык­көлдөгү райондорду кыдырып гастролго чыксак, концертибиз аншлаг менен өтчү. Айтмакчы, ал топ азыр деле бар. Биздин убагыбызда эле Ысыккөл облусунун дээрлик жарымына популярдуу болчу, азыр деле ошондой деңгээлде.
– Жаш балдар үчүн гастролдоп жүрүү кыйын эмес беле?
– Биз үчүн тескерисинче, аябай көңүл­дүү болчу. Бир жолку окуя такыр эсимден кетпейт. Жакшы маанай менен чыгуу үчүн сахнага чыгаар алдында такай ар кандай анекдотторду айтышып, бир сыйра күлүп алчубуз. Анан сахнага чыккандан кийин жөн турбай ошол анекдотторду бири-бирибизге эстете бермей адатыбыз бар эле. Бир жолу топтогу бир бала экөөбүз дуэт ырдоо үчүн сахнага чыктык да, ыр башталаарда мен жанымдагы балага сахнанын артында айтылган анекдотту эстете койбоюнбу. Шайтаны кармаган бала ырдай албай күлүп жатса, аны көрүп өзүм да күлө бердим. Эл болсо эч нерсени түшүнбөй, бизди карап күлүп жатат. Ошентип, ырдай албай кирип кеткенбиз. Бирок, бул кылыгыбыз үчүн атамдан катуу тил укканбыз. Ушул топтун артынан көптөгөн фестивалдарга катыштык, жер көрүп Казакстандын көп эле шаарларында болуп кайттык.
– Анда сен кенедей кезиңден эле өз эмгегиң менен акча таап баштаган турбайсыңбы. Гастролдон түш­көн акчаңарды эмне кылчу элеңер?
– Ал кезде эмне, балмуздак алып берип койсо, ошого сүйүнүп, ырдаганыбызга кайыл болуп эле жүрө берчүбүз. Түш­көн акчаны атам бизге форма тиктиргенге, кийинчерээк фонограмма деген нерсе пайда болуп калганда ырларыбызды жаздырганга сарптачу. Бирок, гастролго каникул кезинде гана чыкчу элек. А мен биринчи жолу тойдон акча тапканым эсимде. Атам менен көп тойлорго барып ырдачумун. Ошондой тойлордун биринде коноктордун бири келип 100 сом берген эле. Мындай акча ал кезде мен үчүн өтө чоң акча болчу. Атам деле ага тийген эмес, сүйүнүп эртеси сабакка барганда балдар менен май токоч, таттууларды сатып жегенбиз. А чыныгы кирешени мен 13-14 жаштарымдан кафеде иштеп таба баштадым.
– Ошол курагыңда эле иштеп баштасаң, сабагыңды көңүлдөн чыгарып койгон жоксуңбу?
– Мен мындан башка да көп нерселерге жетишчүмүн. Музыкалык мектептин аккордеон бөлүмүнө барганга, спорттук ийримдерге катышканга, анан кечинде иштеп, эртеси кайра сабакка барсам да класстагы алдыңкы окуучулардын катарында элем. Ал эми кафеден тапкан акчам менен үй салдым десем жаңылышпайм. Чоң үй баштап алган элек, атам экөөбүз­дүн тапкан каражатыбыз менен жети жылдын ичинде толук бүтүрүп алдык.
– Мектепти бүткөндөн кийин эле борборду көздөй жөнөдүңбү?
– Жок, мектептен кийин Караколдогу музыкалык орто окуу жайынын эстрада бөлүмүнө тапшырдым. Азыр 4-курстамын.
– Бишкекке чыгармачылыгыңды өнүктүрүү үчүн келсең керек?
– Мен Караколдо жүргөндө жаңы чыгып жаткан ырчыларды сыналгыдан көрүп ушунчалык суктанчумун да, алар катышкан музыкалык берүүлөрдүн бирин калтырбай көрчүмүн. Жаңы Жылдык “Көгүл­түр от-2006” берүүсүн көрүп отуруп “эмки жылкы ушул программага мен да чыгам” деп өзүмчө тилек кылган элем. Тилегим орундалып, “Көгүлтүр от-2007ге” чын эле катышып калып жатпаймынбы.
– Тилегиңди иш жүзүнө ашырууга кантип оңой жетиштиң?
– Бир нерсени чындап тилек кылсаң, Кудай берет окшобойбу. Алгач шаарга барам деп ээликкеним менен жөн гана келип-кетип жүрө бердим. Чынын айтсам, өтө көп акча короттум. Ыр жаздырам, аранжировка жаздырам... Бирок, аракетимден жыйынтык чыгара албай койдум. Мунумду ата-энем да сезип: “Бишкекке барып эмне кыласың? Андан көрө окууңду бүт”,- деп менин максатыма каршы чыга башташты. Мен болсо айтканымдан кайтпай тобокелге салып борборго келе бердим. Ошондо эле ырчылардын анча-мынчасы менен тааныш болчумун, ошолор аркылуу Тынчтыкбек байкеге жолуктум да, ал менин тилегимдин ишке ашышына көмөгүн көрсөттү.
– Экөөңөр кандай жол менен иштешесиңер?
– Ал мага продюсер катары эмес, ага катары мамиле кылат. Экөөбүздүн ортобузда түзүлгөн эч кандай келишим деле жок. Той-топурдан бир аз тыйын таап калып берсем: “Салып кой, өзүңө керек болот”,- деп коёт. Биздин ортобузда акча жок, бир гана ага-инилик мамиле бар.
– Азыркы ырчылардын көпчүлүгү ырларына өздөрү автор болуп жатышпайбы. Сенин да өзүңдүн калемиңе таандык ырларың барбы?
– Менин ушул убакка чейин өзүмдүн жазган 30дай ырым бар. Бирок, алардын үчөөн эле жаздырып, өзүм ырдап чыккам. Айрымдарын Караколдогу балдар ырдап жүрүшөт, айрымдары мээмде сакталуу, анан унутуп калгандарым да бар. Эң алгач алтынчы класста окуп жүргөнүмдө “Мама” деген орусча ырымды жазганымда, үйдөгүлөр ишенишкен эмес. Кийин концертте ырдаганымда алдыңкы катарда концерт көрүп отурган апам толкунданганынан ыйлаганы эсимде. Негизи, обонду аябай бат жазам. Кыргызча сөз жазгандан бир аз кыйналам. Көпчүлүгү башынан өткөн нерсени ыр кылып жазышат го, мен идеяны кинодон алам. Бир жакшы кино көрсөм, андагы окуяларга таасирленип, сөзсүз жаңы ыр жаратам. Ырларымдын көпчүлүгү албетте, сүйүү жөнүндө.
– Сүйүү өз башыңа келгенби?
– Менде сүйүү деген болгон эмес, жөн гана жактыруу болгон. Эмнегедир мен кыздарды эмес, чыгармачылыгымды көбүрөөк сүйөт окшойм.
– Сен сахнада өзүңдү эркин алып жүрүп, бийлеген жагынан да мыкты экениңди күйөрмандарың билишсе керек. Бийди атайын ийримдерден үйрөнөсүңбү же бул да өзүңдүн талантыңбы?
– Менде анча-мынча актёрдук чеберчилик бар. Анткени, “Бакай” тобунда жүр­гөнүмдө атам менен интермедия да аткарып сахнага чыкчумун. Ал эми бийлегенди өз алдымча үйрөнөм. Азыр батирде Медер деген досум экөөбүз жашайбыз. Үйдө сыналгыны коюп алып экөөбүз Майкл Жексондон баштап туурап бийлейбиз. Жакында эки ырыма өз алдымча бий даярдадым. Анымды бишкектик күйөрмандарым али көрүшө элек, Талас менен Нарынга барганда бул номеримди көрсөттүм эле, көрүүчүлөр аябай жакшы колдошту.
– “Батирде жашайм” деп жатасың, кыздарга тиешелүү үй жумуштарын ким жасайт?
– Мен ата-энем менен чогуу жашап жүргөндө деле өз киримди өзүм жуучумун, апам менен эжем жууса эле таза жуулбагандай сезиле берчү. Ал эми эжем турмушка чыккандан кийин үй жумуштарынын баары менин моюнума түшкөн. Апам башка иштер менен катар камыр жууруп, нан жасаганга чейин үйрөткөн. Ошондо үйрөнүп алганым жакшы болгон экен, азыр мантыдан баштап тамактын бардык түрлөрүн жасай алам. Бирок, кафеде иштегениме байланыштуу көбүнчө кафеден тамактанып келем. Анткен менен үйгө келгенден кийин досум экөөбүз божурашып отура берип кээде кантип таңкы саат төрт болуп кеткенин билбей калабыз. Анан курсагыбыз ачканын сезип, тамак жасап баштайбыз. Ошентип, тамагыбызды жеп алып, саат 5-6ларда жатабыз да, түш оогонго чейин уктайбыз. Биздин жашоо ушундай.
– Жеке концертиңди бергенге деңгээлим жетти деп айта аласыңбы?
– Антип айта албайм. Мен жеке концертимди бериш үчүн дагы убакыт керек. Балким, бул нерсеге бир жылдан кийин даяр болом...

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 280, 14-20-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан