Кайрат Нуртас: «ЖАТАКАНАДА ЖАШАП ЖҮРГӨНДӨ НАН ЖАПЧУМУН»

Акыркы күндөрү коңшулаш мамлекеттердин ырчылары да биздин өлкөгө байма-бай каттай башташты. Алардын катарында жаш ырчы Ильяз Абдыразаковдун эмгегинин натыйжасында казакстандык ырчы жигит Кайрат Нуртастын да концертине күбө болдук. Кайрат жергебизде конок болуп турганда эбин таап, аны менен кененирээк баарлашып, маек курууга жетиштик...

– Кайрат, айтсаң, сен бүгүн кыргыз элинин алдында ырдап жатасың, биздин аудитория кандай экен?
– Өтө маданияттуу экен десем болот. Мага концерттин жүрүшү аябай жакты. Эл да тынч отуруп, ырды берилүү менен угат экен. Мисалы, бизде, Казакстанда ырчы алгач сахнага чыкканда, анан ырдап жаткан учурда кол чаап отурушат. Ал эми бул жакта ыр бүткөндө гана кол чабышат экен.
– Кыргыз жерине биринчи ирет келип отурсаң керек? Кыргызстан жактыбы?
– Мындан беш күн мурун да эл-жер менен таанышып, кыргызча ыр жаздырып кетүү үчүн келип кеткен элем, аябай жакты. Тили, өңү-түсү, кең пейилдиги жагынан бири-бирине өтө жакын улуттардан экенбиз. Баарынан да мага кыргыздын улуттук тамактары жакты. Мындай даамдуу тамактарды мурда эч жерден жеген эмесмин.
– Жакынкы аралыкта алдыга койгон пландарың туурасында сөз козгосок...
– “Жаздын соңу” деп аталган экинчи альбомум жарык көрүү алдында турат. Буюрса, ушул айдын 24-25инде Жалалабат, Ош шаарларында ушул эле концертти коёбуз, ошондо ала келем. Дагы бир чоң планыбыз, кийинки жазда сүйүү туурасында менин катышуум менен кино тартканы жатабыз. Ал эми ага чейин Кытайга гастролдук сапарга аттанам.
– Буга чейин кайсы өлкө­лөр­гө бардың эле?
– Буга чейин Өзбекстанда концерт коюп, Түркияга жеке кечеге ырдоо үчүн барып келгем.
– Кел, эми маегибизди сенин жеке жашооң тууралуу улайлы. Өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?
– Мен 1989-жылы 25-февралда Казакстандагы Шымкент облусунун Туркестан шаарында төрөлгөм. Балалыгым Алматыда өтүп, учурда борбор калаабыз Астанада жашайм.
– Алгачкы жолу ырчы болом деген ой качан келгени эсиңдеби? Кичинекейиңде ким болууну каалачу элең?
– Ырчы болом деген ой качан келгени эсимде жок. Анткени, төрөлгөн күндөн баштап эле мен ырчымын. Апамдын айтымында, жаңы төрөлгөн кезимде эле ыйлаганда да кооз, жагымдуу үн менен ыйлачу экенмин. Туугандарыбыздын баары: “Бул балаңдын ыйлаган үнү өзгөчө жагымдуу го, ушул ырчы болот окшойт”,- деп калышчу тура. Алар айткандай эле кийин мага тил чыккандан баштап эле бала бакчада ырдай баштадым.
– Демек, сенин ырчы болооруңду ата-энең деле төрөлгөндөн баштап билип-туюп, ырдап чыгышыңа каршы болушпаптыр да?
– Мен качандыр бир кезде баарыбир атамдын жолун жолдоп жеке ишкер болом. Ырчылык менин түбөлүктүү кесибим эмес. Ошентсе да ата-энем ырчы болушума таптакыр каршы болушкан жок. Учурда апам менин продюсерим. Чыгармачылыгымды толугу менен колдоп, мени ырчы катары таанытып келет. Аты Гүлзира.
– Темадан алыстай электе үй­бүлөң менен да тааныштыра кетсең?
– Атамдын аты Нуртас, учурда жеке бизнес иштери менен алектенет. Үй­бү­лөдө үч уулбуз, мен эң улуу­сумун. Менден кийинки иним Аян 7-класста окуйт, футболго өтө кызыгат. Баса, өткөн жумада футбол оюндары менен ал да Бишкекке келип кетти. Кичүү иним Заңгар болсо азыр 5-класста окуйт. Заңгар менин жолумду жолдоп ырчы болот окшойт. Жакшы ырдайт.
– Үйбүлөдө жа­лаң балдар экенсиңер, анын үстүнө сен эң улуусу турбайсыңбы. Апаңа үй жумуштары боюнча да жардам берсең керек?
(Күлүп). Ооба, баарынан да пол жууганымды айтайынчы. Үйдө дайыма пол жуучумун. Үй шыпырып, идиш жуумай, тамак бышырып кичүү инилеримдин курсагын тойгузмай да мен үчүн катардагы иштерден эле. Азыр андайга колум бошобой калды. Себеби, айына 2-3 күн гана үйдө болом. Учурда үй кызматчыларын жалдап алганбыз.
– Анда сен ашканада да мыкты ашпоз турбайсыңбы?
– Көп эле тамактардын түрлөрүн даярдаганды билем. Мисалы, жумуртка бышыра алам, шорпо, макарон менен картошка кууруган колумдан келет. Айтор, ошол кезде апама жардам берүү менен бирге студент болгондо ачка калбай тамак жасап жегенге даярданыптырмын. Жатаканада жашап жүргөндө нан да жапчумун. Мен Алматыдагы Жусипбек Елебеков атындагы колледжде эстрада жана вокал тармагында окугам. Ал кезде ата-энем Астанада турушчу. Мен жатаканада да, туугандарыбыздыкында да, батирде да жашадым. Кыйналган күндөрүм көп эле болгон.
– Эмнеден кыйналдың эле?
– Студент кезде кыйынчылыктар боло берет эмеспи. Бир күнү ачка калсам, бир күнү дос балдар менен жүрүп акча жок талааларда түнөп калган күндөрүм болгон.
– Ошол кезде эле ырдап жүрчүсүң да?
– Ооба, атактуулукту алып келген “Арман” деген ырым дал ошол кезде чыккан. Бул ырды мен мындан үч жыл мурун 16 жашымда ырдадым.
– Сени кыргыз эли да “Арман” деген ырың аркылуу тааныды. Ушул ырыңдын жаралуу тарыхы туурасында кеп салып берсең?
– Бул ырды мен өзүм жаратпасам да анда менин жеке жашоомдогу сүйүү арманым айтылган. Сүйгөн кызым таштап кетип, арзуунун азабын чегип жүргөн кезде ырдап калдым. Сөзү, обону Бауржан Эсебаев деген адамга таандык.
– Сөзүңө аралжы, анан сени арманга салган сүйүүң эмне болду?
– Эми жаштыкта бо­ло берет турбайбы, ал кыз мени таштап кетип, “Арман” деген ырдын башкаарманы болуп калбадыбы. Кийин аны сагынып жүргөн кезимде “Сагынсам кантип чыдаймын?” деген ырым чыккан. Мен ырчы болуп чыккандан кийин ал кыз кайра мага келген, бирок, ал кезде сезимдерим өчүп калган эле да, ага арналган дагы бир “Көз жашың жардам бербейт” аттуу ырды ырдап чыктым. Ошону менен мени таштап кеткен кызга арналган ырларым токтоп, учурдагы сүйүүмө арнап “Эч кимге көрсөт­пөймүн” деген ыр жаздырып, ырдап келем.
– Сөздүн төркүнүнө кайрылалы. “Арман” ырынын клиби кайда тартылган?
– Алматы облусуна караштуу Капшагай деген тегерегинде суусу көп шаар бар, ошол жерде тартылган. Клиптин сценарийин апам түзгөн, кээбир жерлери жогоруда айтылгандай, менин башымдан өткөргөн сүйүү арманымдан алынган. Ал эми суудагы отургучтар болсо жөн гана кооздук үчүн оператор байкенин сунушу менен коюлган эле. Кийин дал ошол отургучтар да клипке өзгөчө көрк бергени билинди. Себеби, КВНдерде, пародияларда сахнага отургучтарды коюп алып, мени туурап калышат. Дагы бир айта кетчү нерсе, клиптеги жигит кызга берген моюн чынжырчасы да Казакстанда модага айланып, канча деген жаштар так ошондой чынжырчаларды бири-бирине белекке берише башташкан.
– Сенин бул ырыңдын бизде да суроо-талабы чоң болду, алтургай кыргызчага да которуп ырдашты. Буга көз карашың кандай?
– Менин ырымды башка тилдерге которуп ырдашса, мен сүйүнөм. Демек, ыр жагыптыр. Бул ырды бир гана кыргыз тилине эмес, өзбек, түрк тилдерине да которушту. Ал эми ырдын кыргызча ырдалышын уга алган жокмун. Бирок, мага кыргызча ырдаган жагат. Дегеле, кыргыз тили сонун да. Биринчиден, так, назик болсо, экинчиден, кооз дагы.
– Баса, сен ушул ырың менен жаңыдан биздин элге таанымал боло баштаганыңда “Кайратты бычактап өл­түрүп кетишиптир”, “бир кыздын айынан автокырсыктан каза тааптыр”, “Кайрат тирүү эле, болгону, анын көзү тубаса сокур экен” деген ушактар чыкты эле?..
– Минтип бир эле Кыргызстан эмес, сен айткан ушактардын баары Казакстанда да бир жылдай желип-жортуп жүрдү. Бир күнү түз эфирге чыгып калсам, ал жакка бир айым чалып алып: “Кайрат, сенин көзүң кантип көрүп калды?”- деп сурап жатпайбы! Башында мындай кептерди укканда жаман боло берчүмүн, азыр “өмүрүм узун болот экен” деп жоруп коём.
– Ошондой эле болсун. Кайрат, кел, анда маегибизди ушак кептерден алысыраак улайлы. Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Бош убактымда бильярд ойноп эс алуу­ну жактырам. Анан 7-классымдан бери күрөшкө катышып келем. Кээде убактым андан да артып калса, досторум менен эс алам. Астанада өзүмдүн коттеджим бар, ал жакта болом.
– Машинаң да бар болсо керек?
– Мурда “Мерседес” айдачу элем, жакында “Жип Лексус” алып, эски машинамды апама бердим.
– Жогоруда “сүйгөн кызым бар” дебедиңби, ошол туурасында эки ооз сөз?
– Эми ал кыз туурасында кенен айтып берүүнү кажети жок деп ойлойм. Эң негизгиси, менин талаптарыма жооп берет.
– А талаптарыңдын кандай экендигин билсек болобу? Дегеле, сага кандай кыздар жагат?
– Ыймандуу, ак көңүл, конок келсе күлүп турган, чачы узун, ачык кийинбеген заманбап кыздар жагат.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 288, 9-15-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан