Клип эмне милдетти аткарат? Кооз машина, заңгыраган үйлөр менен мактануубу? А балким, клиптин милдети ырды көркүнө чыгарып, анда берилбей калган сезим-туюмдарды, ойду толуктап, элге тартуулоо чыгар? Ушул ойдон улам кыргыздын клиптер дүйнөсүнө көз жүгүрттүк.
Урмат Усенов, Неля, «Ак сүйүү»
Кош жылдыздар Урмат менен Неля баш кошушкан соң чыккан «Ак сүйүү» деген ырына клип тартышыптыр. «АКШдан тартып келдик» дегендерин угуп, көргөнчө шашкандар көп эле. Бирок аны клип деп айтуу кыйын. Жакшысы, үй-бүлөлүк архивге сактап, досторго, кийин бала-чака, неберелерге «көрдүңөрбү, биз АКШга барып, бал айын өткөрүп келгенбиз» деп жылмаюу менен эскерүү үчүн сактап коюуга арналган видео десе болчудай. Башкача айтканда, клипте кандайдыр ой же өзгөчөлүк жок, жөн гана эки ырчынын АКШга барып, шаарларын аралай баскандарынын далили болуп калыптыр.
Азыр чет өлкөлөргө чыгып жатканда ар бир адам жанына камера алып, баскан-турган жерлерин видеого, сүрөткө тартып келүүгө аракет кылышат эмеспи. Урмат менен Неля да ошондой эле үй-бүлөлүк видеосун клип деп элге жарыялашты. Мүмкүн, анын да себеби бардыр. Балким, анча-мынча дос-душманга көрсөтүп, туз жалатуу керек болгондур. Ошентсе да үй-бүлөлүк видео менен жалпы элге арналган клиптин айырмасын биле жүрсөк оң болор беле?..
Зарина Хасанова, 9 мүнөт»
Заринанын бул ыры да, үнү да өзүнө күйөрман чогулта албачудай. Ал эми клип жөнүндө сөз кылсак, аны көргөн соң өзүңө алар маани-маңыз жок. Болгону, Заринанын келишимдүү келбети, көз айнеги, купальниги, анан 2 миллион доллардык яхта клиптин аягына чейин жарнама кылынган. Балким, бул Заринанын чөнтөгүм калың, чөкпөймүн дегенидир... Айтор, аталган клип аркылуу Зарина өзүнүн чыгармачылыгына кайдыгер мамиле кылгандай ой калтырат.
Максат Бегалиев, «Түшүмдө»
Эски ырларды жаңыча ырдап, жаштарга тартуулоо жакшы көрүнүш. Ошентсе да акыркы күндөрү ырчылар муну оңой оокат көрө башташты. Мен да куру калбайын деген го Максат мырза «Түшүмдөнү» ырдап чыкты. Ырдаганы жакшы, бирок клипке түшүнүп болбойт. Ырда каарман түшүндө көргөнүн айтып, сүйүктүүсүнө кайрылат эмеспи. А ошол учурда клипте Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасынан, Чыңгыз Айтматовдун жашоосунан алынган кадрлар биринин артынан бири алмашылат. Ойлонуп-ойлонуп, ыр менен «Ак кеменин», Чыңгыз Айтматовдун байланышын таптакыр эле таппай койдук. Ак өңгө караны жамагандай эле көрүнөт экен. Максат мырза менен клипти тарткан режиссёр улуу жазуучунун, бакыраң көз Нургазынын жүзү клипте көрүнсө, ал популярдуу болот деп ойлошкон көрүнөт.
Сема, «90-60-90» 2
Сема өзү таланттуу бала, бирок бул жигит ырларды түркчөдөн которгонун, анан кыздардын параметрин өлчөгөнүн койбоду да. Албетте, көз талдырган сулуулардын келишкен келбетинен көздү буруп кетүү жигиттерге кыйын дечи. Бирок клипти деле кыздардын келбетине суктангыдай кылып тартса сонун болмок, ээ? Андай клипти тим эле тамшанып отуруп көрмөкбүз. А мында жылаңач ырды эптемей клип менен кийинтип койгондой эле болуп калыптыр. Бул жоктон көрө жогору дегени го. Ырчы жигит келечекте өзүнүн, күйөрмандарынын кадыр-баркын эске алып клип тарттырат деп үмүт эте туралы.
Жанета Бобкова, «Ойлодуң бекен?»
Ооба, Жанетанын үнүндө сөз жок, ыр жакшы ырдалган. Бирок ырдын клибине да ушул бааны берүү мүмкүн эмес. «Ойлодуң бекен мени сен?» деп бечара каарман сыздап жатканда, клипте кичинекей балакайлардын оюндары (анын ичинде Жанетанын өзүнүн кызы да бар) көрсөтүлөт. Ооба, балалык сүйүүлөр да болот. Бирок клиптин каармандары ырда айтылгандай «атканы калды таң дагы, а бирок уйкум канбады... Мурунтан неге айтпадың, сүйгөнү белең бирөөнүн?» дечү жашка такыр эле жете электер эмеспи. Кыскасы, клипте берейин деген ой туман.
Самат Дөөлөтбаков, «Ишенүү»
Кыргыз жери өз уулдарына ишенсе, Самат «жан жерине» ишенет. Албетте, Самат бул саптарды алыста жүрүп сагынганынан туулган жерине арнаган деңизчи. Ошентсе да ырчы жигитибиздин кыргыз тилин жакшы билбестиги оркоюп көрүнүп калган. Биз бул ыр жөнүндө эмес, ырдын клиби жөнүндө айткыбыз келип турат. Кайрадан Урмат менен Неляныкындай көрүнүш. Самат бул клипти тарттырганга өтө убара тарткан эмес. Жөн гана Түркияда жүргөндө саякаттап барган жерлерин видеого түшүрүп койгон. Болгону, беш-алты кадрда кыргыз желегин желбирете кармап турат. Анан да клиптин сапаты начар.
Айтор, айта берсе сөз көп. Кыргыз клиптерин тизмектеп алып караган адамга мындай кемчиликтер четтен табылат. А биз болсо жалпыга жагымдуу маанай тартуулап, жан дүйнөсүн байытар клиптер көбөйө берсин демекчибиз.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg