Ибрагим Жунусов: «САЯСАТТЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН АЙЫРМАСЫ ЖОК ЭКЕН»

Мындан бир нече жыл мурун “Алтын апа”, “Эламан” деген ырларды ар бир адам эле созуп калган. Бул ырлардын автору Ибрагим Жунусов өзүнүн башкача стили менен сахнада татыктуу ордун таап, көптөгөн угармандардын жүрөгүн багындырган. Карьерасын музыка мугалими болуп баштаган ырчы ОшМУнун проректоруна чейин көтөрү­лүп, андан кийин “Акжол” партиясынан ЖКнын депутаты болуп шайланган. ЖКнын Илим, билим берүү жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болгон депутат менен болгон маек сиздердин назарыңыздарда.

– Алгач сөзүбүздү сиздин депутаттыкка келгениңизден эмес, балачагыңыздан баштасак.
– Бала кезимди эстегенде чектен ашкан тентек болгонумду айтпай койбосом болбос. Кошуналарым, мугалимдерим, классташтарымдын баары менден тажашып: “Эртерээк эле бир жакка кетсе экен”,- деп тилешчү. Апам мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштечү. Көпчүлүк апама келип: “Сени ушул балаң катуу уятка калтырат”,- деп даттанышчу. Анткени, төрт биртуугандын ичинен эки агам менен карындашым жакшы окушчу. Класстагы эң шок бала мен болгондуктан, кыздар да абдан жаман көрүшөөр эле. Менден тажагандардын багына 8-классты бүткөндөн кийин Орусиядагы Свердловск шаарындагы Суворов атындагы аскердик орто окуу жайына тапшырганы баргам. Бирок, өтпөй калып кайра келсем, мугалимдеримдин маанайы бузулганы эсимде.
– Эс тарта баштаганда токтолсоңуз керек?
– Кайдан?! 9-класс болуп алып 10-класстын балдарын башкарып, өзүнчө бир топту баштап жүрчүмүн. Ошол топ балдар болуп азыркынын тили менен айтканда, Карасуу шаарынын автобекетин “кармачу” элек. “Кармачумун” дегенде акча жыйначу деле эмеспиз, жөн гана башка айылдык балдарга ал жерден басканга такыр уруксат берчү эмеспиз. Бизге ал жердеги чоң адамдар, жадакалса милициялар да эч нерсе дей алышчу эмес. Бирок, айылда болгон уурулукту биз кылбасак деле, баарын бизден көрүшчү.
– Ата-энеңиз бул кылыгыңызды кой дечү беле?
– Апам мени үйдө кармаганга аракет кылса да болбой эле көчөгө чыгып кетчүмүн. Жадакалса агаларым көчөдө мендей көп басышчу эмес. Менин артымдан даттануулар болуп, апамдын маанайы бузулганда үйдү бир аз байырлап калам. Ошондо апам акыл-насаатын айтып, какыс-кукус кылчу. Ал эми атам мен экиге чыкканда апам экөө ажырашып кетишкен экен. Ал башкага үйлөнүп, Казакстандын азыркы Астана шаарында жашайт эле. Мен кичинекей болгондугумдан, атамды жакшы тааный албадым. Анын үстүнө атам 1994-жылы каза болуп калган. Башкага үйлөнгөнү менен андан балалуу болбоптур. Апамдын “өлгөндө балдары карабай койду деп эл кеп кылат” дегенинен сөөгүн Астанадан алып келип, айылга койгонбуз.
– Ырдоо өнөрү апаңыз жактан өткөнбү же атаңыз тараптанбы?
– Апам жакшы ырдаган, ооз комузда ойной билген өнөрлүү адам болчу. Улуу агам Шамурат аккордеондо жакшы ойночу. Мен аккордеон черткенди 6-классымда ошол агамдан үйрөнгөм. 9-класста окуп жатканымда куудул Манас Бердибековдун “Сүйүүгө ишенүү” деген ырына биринчи жолу обон жараттым. Андан сырткары, Абдыкадыровдун, Казаковдун, Эшпаевдин ырларын аккордеон менен ырдап жүрчүмүн.
– Жогоруда “мектепте кыздар мени жаман көрчү” дебедиңизби. Ошентсе да башыңыздан балалык сүйүү өтсө керек?
– Балалык сезимди ар бир эле адам баштан кечирет го... Ошонун сыңары, балалык сүйүү мага 4-классымда келип, 3-класста окуган бир кызды жактыргам. Ал кызды мектепти бүткүчө сүйүп, тийишкен балдардан коргоп жүрдүм. Эч нерседен тартынбаган тентек бала болсом да эмнегедир ушул сезимимди ал кызга айтканга даабай койгом.
– Ошол бойдон сүйүү­ңүз­дү билбей калган тура?
– Мектепти аяктап жаткан мезгилде башка жашоо башталат экен. Турмуш агымы ал кызды да унуткарып койду. Борбордогу Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырып өтпөй калдым. Анан Карасуудагы пахта заводуна орноштум. Заводдун аймагы абдан чоң эле, үч маал аны шыпырам, андан кийин үйүлгөн пахта чирип кетпеши үчүн араларын ачам. Чарчап кыйналганым менен бул ишимдин маянасы көп болчу. Ошол кезде мугалимдер 90 сом алышса, мен 160 сом айлык алчумун. Айлыгымды алаарым менен дароо апама берчүмүн. Анткени, үйдө апам жалгыз иштеп, эки байкем тең студент болчу. Бир жылдан кийин азыркы ОшМунун музыкалык факультетине тапшырдым. 1-курсту аяктап, 2-курска барып калганда “Алтын апа” деген ырым менен белгилүү болуп калдым. Бул ыр айылдан келип ата-энесин сагынып жүргөн студенттерге майдай жаккан ырлардын бири болду. Музыка сабактарынан жалаң “5ке” окусам, математиканы “3кө” эле бил­чү­мүн. Азыр деле жакшы эмесмин.
– Студент кезде жаңы сүйүүгө кабылгандырсыз?
– Студент кезде тапкан сүйүүм түбө­лүк сүйүүм болуп калды. Чынара экөө­бүз бир тойдон таанышып калып, ошол боюнча жакшы мамиледе болуп кеттик. Биз үйлөнөлү десек, Чынаранын ата-энеси каршы болушту. Анда эл «артист» десе эле аракка жакын, жеңил ойлуу адамдарды элестетчү. Чынаранын макулдугу менен 1982-жылы машинамды кооздоп алып уурдап кеткем. “Чынара” деген ырым ошол кезде пайда болгон. Келинчегим адистиги боюнча математика мугалими. ОшМУну аяктагандан бери ошол эле окуу жайда усулчу болуп иштеп келе жатат.
– Сиздин ысым менен кошо бүтүн кыргыз элине “ажырашып кетиптир, башканы сүйүп калыптыр” деген сөздөр да тараган эле...
– Эркек болгондон кийин сулуу кыздарга карайсың, көңүл бурасың дегендей... Бирок, бир да жолу ажырашып, кайра жарашкан эмесмин. Аялыма болгон сүйүүм балалуу болгондон кийин балдарыма өттү, балдарымды сүйгөндөн улам “Аялымды кайрадан сүйдүм” деген ыр жаздым. Эл “ажырашып кайра жарашканда ушул ырын чыгарды” деп ойлоду окшойт. “Сүйдүм деп сүйө албадым, ай, кызым, Жан баламды сен үчүн кыя албадым” деген саптар жалпы күйөрман кыздарыма арналган.
– Сөзүңүздө калет жок, сулуу кыздарга жигиттер бир кылчаймайын ыраазы болбойт эмеспи. Сулууларды көргөндө ала жипти аттаган учуруңуз болбой койбосо керек?
– Ала жипти аттаган күндө деле ар бир эркек “аттадым” деп айтпаса керек. Мен үчүн эң биринчи орунда үйбүлө турат. Атасыз өскөн кандай жаман экенин өз башымдан өткөргөндөн кийин балдарымдын атасыз калышын эч убакта каалабайм.
– “Эламан” деген ырыңыздагы кичинекей Эламан азыр эмне менен алек болуп жатат жана кыздарыңыз туурасында айтып кетсеңиз?
– Ал балам 1990-жылы «кыргыз-өзбек урушу болот» деген кезде төрөл­гөн­дүктөн, “элим аман болсун” деген тилек менен атын Эламан койгом. Ал азыр ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин 1-курсунда окуйт. Улуу кызым Асел Борбордук Азиядагы Америка университетинде офис-менеджер болуп иштейт. Турмушка чыккан, бир баласы бар. Экинчи кызым Алина Кыргыз-Орус-Славян университетинин 4-курсунда окуйт.
– Эми ырдоо жаатына кайрылсак. Башка ырчыларга салыштырмалуу башкача стиль менен ырдайсыз...
– Ар бир ырчынын өзүнө гана тиеше­лүү стили болууга тийиш. Рыспай Абдыкадыров бир жолу: “Сен мени туурап ырдасаң эч ким боло албайсың. Эл сени жөн гана мени туурап ырдаган адам катары кабыл алышат”,- деген. Ошол үчүн мен эч кимди туурабай, өзүмдүн стилим менен стандартты бузуп ырдайм. Мисалы, адатта апалар кичинекей балдарына алдей ырын ырдашат го, мен болсо апамдын жер алдында тынч жатып укташын айтып алдей ырын ырдагам.
– Апаңыздын бул жарык менен коштошконуна канча болду?
– Апамды жоготконума төрт жыл болду. Ал гана эмес, эки агамдан да айрылып калдым. Улуу агам Шамурат жүрөк оорудан көз жумду. Андан кичүүсү Абдалимди атып кетишти. Ал эми карындашым Мавлюда азыр алты баланын, үч неберенин энеси, Карасууда жашайт.
– А саясатка кантип аралашып калдыңыз?
– Саясатта жүргөн адамдарды жакшы билчүмүн. Аларды карап туруп «менден деле жакшы депутат чыгат» деп ойлодум. 2000-жылы талапкерлигимди коюп, бирок, өтпөй калгам. Бул жолкусунда партиялык система менен шайлоо болбосо өтмөк эмесмин.
– Өзүңүздү маданият адамы деп көбүрөөк эсептейсизби же саясатчыбы?
– Саясат деле чыгармачылыкка окшош экен. Мурда обон жаратып маданият адамы болуп жүрсөм, азыр мыйзам жазган саясатчымын. Мен жаңыдан депутат болуп келгенимде кесиптештеримдин арасынан: “Бул жерге ырчы кайдан келди?! Эми бизге куудул эле жетишпей жатат”,- деген күбүр-шыбырларын кулагым чалган. Беш жыл отуруп деле бир мыйзам киргизбегендер бар. Мен беш айдын ичинде эки мыйзам киргизгендигим менен өзүмдү депутат катары көргөздүм деп эсептейм.
– Депутаттар арасында кимдер менен жылуу мамиледесиз?
Карап көрсөм депутаттар арасында көз-караштарыбыз төп келишкен адамдар барбыз. Анын ичинен Мелис Мырзакматов, Бегалы Наркозуев, Санжар Кыдыралиев менен иш жаатында гана эмес, үйбүлөлүк катышыбыз да бар.
– Ырчы кезиңиздеги мүнөзүңүз депутат болгондо өзгөрдүбү? Дегеле, мүнөзүңүздү кандай баалайсыз?
Мурун кандай болсом, азыр деле ошондоймун. Мүнөзүмдүн өзгөрөөрүнө көзүм жетпейт. Негизи, бир калыпта жүргөн адаммын.
– Саясатка биротоло кирип, чыгармачылыкты таштап койбойсузбу?
– Экөөнү тең бирдей алып кетем деген ниеттемин. Күзүндө жеке концертимди берейин деп жатам. Бул – дале ыр чыгарып жатканымдын далили.
– Бишкекке үйбүлөңүз менен көчүп келдиңизби?
– Негизи, мамлекет борбордо үйү жок депутаттарды үй менен камсыз кылууга милдеттүү. Мен үч бөлмөлүү батир таптым, буюрса, эртең-бүрсүгүнү кирели деп турабыз. Азыр мындай батирдин ижара акысы 18 миң сом болуп жаткандыктан, мамлекет берген 14 миң сомдун үстүнө өзүм кошуп төлөшүм керек.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан