Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Райхон: “Канчага чыкканымды эч кимге айткым келбейт”

№302 15-21-август, 2008ж.


- Райхон, Кыргызстанга кош келиптирсиң! Бул жак сага жактыбы?
- Кыргызстан аябай кооз өлкө. Эли меймандос. Негизинен, мага бул жак аябай жагат.
- Бишкекке канчанчы жолу келип жатасың?
- Бүгүнкүнү чогуу эсептесем, 4 жолку келишим.
- Биздин кереметтүү Ысыккөлгө барып эс алдың беле?
- Чынын айтсам, акыркы жолу качан эс алганым эсимде жок. Учурда чыгармачылыкка баш-отум менен киришип иштеп жаткан убагым. Ысыккөл тууралуу көп эле угам. Бирок, өзүм барып эс алган эмесмин. Эми сиздин сурооңуздан кийин сөзсүз барам.
- Анда чарчаган кезиңде кантип эс аласың?
- Чындыгында эле той-топурларда, гастролдордо жүрүп бутумду шилтей албай калганча чарчайм. Ошондуктан, аз болсо да уктап алганга шашылам.
- Уйкучулардын катарына киресиң го...
- (Күлүп) Билбейм. “Уйку баарынан таттуу” дейт эмеспи. Бирок, уйкучулардын катарына кошулбайт болушум керек. Себеби, ар бир саатым, мүнөтүмдү пландаштырып иш алпарам. Убактымдын 7-8 саатын гана уйкуга бөлөм.
- Туулган жылыңды эч кимге айтпасыңдан кабарыбыз бар. Эмне себептен канча жашта экениңди жашырасың же чыгып калган курагыңдан уяласыңбы?
- Жо-ок, уялбайм. Мен жаш эле кызмын. Болгону, эч кимге канчага чыкканымды айткым келбейт. Күйөрмандарым менин туулган күнүм 16-сентябрь экенин эле Жаңыдан сахнага чыккан кезибилишсе болду. Албетте, эгерде куттуктагысы келишсе.
- Качан турмушка чыгып, үйбүлө курайын деп жатасың?
- Алгач татыктуу адамыма жолугайын, анан турмушка чыгамын. Азырынча убагы келе элек го.
- Анда теманы таттуу балалыгың туурасында уласак. Учурдагы суйкайган ырчы кичинекей кезинде кандай кыз эле?
- Жоош, назик кыз элем. Үйдө бары-жогум билинчү эмес. Эсиме бир окуя түшүп кетти. Алты жашымда үйбүлөбүз менен Каспий деңизине эс алганы барганбыз. Өзүм кичинекей болуп алып чоң баллонго отуруп алып көлдүн жээгинен алыстап кетиптирмин. Бир маалда жанымда тюлендин баласы отурганын көрдүм. Чочуп, коркконумдан кыйкырайын десем таптакыр үнүм чыкпайт. Ал болсо буттарымды аймалап жатат. Бир аздан кийин атам жаныма сүзүп келип, мени жээкке алып чыккан. Азыр ал тюленден эстелик катары аймалап койгон жерлеринде тактар калып калган.
- Окуучулук кезиңди эстесең. Созулган кыздардан болсоң керек...
- Мектепте айтканын бербеген бир аз көктүгүм болгону менен жакшы окуган окуучулардын катарына кирчүмүн. Адабият, орус тили, англис тилдерин жакшы окучумун. Ошол эле учурда, сиз айткандай, созулган, токтоо кыз элем.
- Демек, чет тилдерди жакшы билет турбайсыңбы, канча тилде эркин сүйлөйсүң?
- Өзүмдүн эне тилимде, орус тилинде жана Дүйнөлүк тилдер университетинде англис тилинин котормочу бөлүмүн аяктагандыктан, англис тилинде да эркин сүйлөйм.
- Үйбүлөң да чыгармачылыкка жакын адамдарбы?
- Чоң атам өзбек киносуна чоң салымын кошкон актёр, режиссёр болчу. Атам Атабек Ганиев менен апам Тамара Шакировалар да өлкөбүздөгү белгилүү актёр, актрисалардан. Үйүбүздүн эркеси жана менин жалгыз сиңдим Насиба 14 жашта. Келечекте ким болоорун азырынча чече элек.
- Ата-энең искусство адамдары экен. Алардын жолун жолдоп кино дүйнөсүнө кетүү оюңда жокпу?
- Мен катышкан тасмалар бар. Бирок, бул тармакта мен ата-энемдин эмес, чоң атамдын жолун жолдоюн деп жүрөм. Өзүм режиссёр, продюсер болуп “Кечир” деген кино тарттым. Жакында бул тасманын монтажы толугу менен бүтөт. Кыргыз эли да өзбек кинолорун сүйүп көрөөрүн билем, буюрса, жакында күбө болуп каласыздар.
- Тасмага тартылсаң, тасма тартсаң, ырдасаң, дагы эл билбеген кандай таланттарың бар?
- Мектепте окуп жүргөндө фортепьяно үйрөнүү үчүн атайын ийримге барчумун. Кыскасы, фортепьянодо ойногонду билем. Ошондой эле бийлейм. Мактангандай болбоюн, бирок, 4 жыл катарынан дайыма Өзбекстанда 13-16-февраль күндөрү жеке концертимди өткөрөм. Жыл сайын сүйүшкөндөр күнүндө жеке концертимди берүү мен үчүн салт болуп калды. Дал ушул концертимде бийчилер менен чогуу бийлеген бийлердин баарысын өзүм ойлоп чыгам.
- 2007-жылы Бишкекте жеке концертиңди койбодуң беле. Бул жактын күйөрмандары кандай экен?
- Бул жакка келген күнү “эл аз келсе керек. Мени бул жактан ким таанымак эле?” деп чочуркап, корккон элем. Бактыга жараша, эл көп келип, концертим аншлаг менен өткөн. Бул жактын көрүүчүлөрү тартиптүү экен. Ар бир чыкканымды жылуу кабыл алышып, кол чабуулар менен узатып жатышты.
- Күйөрмандарың берген белектер туурасында сурагым келип турат. Сага арналган белектердин баарын ала бересиңби?
- Кымбат белектерди албайм. Көп жигиттер кымбат зергер буюмдарын белек кылышкан учурлар болгон. Аларды алган эмесмин, албайм дагы. Мага көбүнчө атайын арнап, колдо жасалган оригиналдуу белектер жагат. Үйүмдө күйөрмандарым берген эки гана белек бар. Бири, менин атым менен токулган күрмө, экинчиси, атым таштар менен кооздолуп жазылган сувенир.
- Кайрадан чыгармачылыгыңа кайрылсак. Эки элдин сулуу ырчы айымдары курбу болуп калганыңарды көпчүлүк билсе керек. Сурайын дегеним, биздин ырчы Бактыгүл Бадыева менен кандайча таанышып калдың?
- Бактыгүл менен 2007-жылы Бишкекте койгон концертимде таанышкам. Ошол кезде Бактыгүлдүн продюсери Элла эже менин концертимди уюштурган эле. Ошондо таанышып, жылдызыбыз келишип, бат эле тил табышып кеткенбиз. Негизи, мен көп адамдар менен тил табыша албайм. Бактыгүл жөнөкөй жана таланттуу ырчы.
Бул убакта жанында отурган курбусу Бактыгүл да маегибизге кошула кетти.
- Райхон 3-жолу Бишкекке азыркыдай бирөөлөрдүн жеке тоюна келген эле. Дал ошол күнү 29-май менин туулган күнүм болуп, мени менен майрамдап, мени куттуктап кеткен. Ошондо достугубуз бекемделе түштү десем болот.
- Жакында эле экөөңөрдү Орусиядагы “жаңы кыргыздардын” тоюна барып келди деп уктук эле...
- Чынында эле Райхон экөөбүздү чакырган. Тилекке каршы, мен бара албай калып, Райхон өзү барып келди.
- Суроону түз берейин, Райхон, айтсаң, эки өлкөнүн жылдызын бир сахнадан качан көрө алабыз?
- Ошондой десек да болот. Бактыгүл мага адам катары да, ырчы катары да аябай жакты. Мындан ары да чогуу иштөө планыбызда бар. Буюрса, сөзсүз чогуу ырдайбыз.
- Эми кайрадан Бишкекке качан келесиң?
- Кыргыз эли чакырган күнү жетип келем. Ар бир адамдын жакшылыгы үчүн келип ырдап берип кетүү – мен үчүн чоң ырахат.
- Анда эмесе, кийинки келишиңди чыдамсыздык менен күтөбүз. Ишиңе ийгилик!
- Сиздерге да чоң рахмат, бар болуңуздар!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: