Эл билбеген фактылар
– Мирбек, иштериң кандай?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы.
– Биз сени кечээ да күттүк эле…
– Чынын айтсам, өткөн жумада Орусияга болгон бир айлык гастролдук сапардан келгенден бери өзүмө келе албай жүрөм. Сиздер чакырган дүйшөмбү күндү мен жекшемби, дем алыш күнү менен алмаштырып алып, телефонумду өчүрүп үйдө жатып алыптырмын. Күндөрдү алмаштырып алганымды кечинде билдим.
– Уйкунун ордун толтура албай жүргөн экенсиң да...
– Ошондой го.
– Орусиядан эмне жаңылык бар?
– Ал жакта бир айдын ичинде 9 шаарга концерт койдук. Баары жакшы өттү. Бир гана бармактай болгон чиркейлери жаккан жок. Баса, Иркутскта жүргөнүбүздө 6,5 баллдык жер титирөө болуп, жүрөгүбүздүн түшкөнүн айтпа. Эртеси аман-эсен өз элибизге жетели деген ниетте куран окуттук.
– Келгенден бери эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Келгенден кийин бир аз эс алып, кайра эле чыгармачылыкка кириштик десем болот. «Карагат», «Достор» деген эки жаңы ырыма клип тарттырдык. Үстүбүздөгү айдын 15инен баштап Ысыккөлгө гастролдоп жол тартканы турам. Андан тышкары, ноябрь айында боло турган жеке концертиме даярдана баштадык.
– Оо, бул күйөрмандарың үчүн чоң жаңылык болсо керек. Даярдык кандай?
– Эми мурда деле концерттерим, Кудайга шүгүр, жакшы эле өтчү эмес беле, эми андан да жакшы өткөргөнгө аракет кылабыз.
– Бул чыгармачылыктагы жаңылыктарың болду. Ал эми жеке жашооңдо эмнелер болуп жатат?
– Жеке жашоо дегенде эле бир нерсе оюма келет. Учурда ушактардын үстүндө калкып жүргөн кезим. Эл «Мирбек минтип кетиптир, Мирбек антип кетиптир, Мирбектин үйбүлөсү бар экен, жакында кыздуу болуптур» деген сыяктуу жалган кабарлар менен сугарылып калыптыр.
– Өткөндө биздин «Супер почтага» «Мирбек, мен сенин кошунаңмын, кызың ыйлап уктатпайт. Өзүң да арыктап жүдөп кеттиң» деген SMS-билдирүү келген эле…
– Ошол билдирүүнү жазган кызды биз таап сүйлөштүк. Көрсө, душманды алыстан издебеш керек экен. Ал кыз менин таанышым болуп чыкты. Билдирүү ошол кыздын телефонунан жөнөтүлгөнү менен «мен жазган эмесмин, ким жөнөтүп жибергенин билбейм» деп танып койду. Бирок, бир күн кечке жалдырап кечирим сурап жаныбызда отурду. Анын кайсы жерде жашаганын да билебиз. Кааласаңар ал кызды ээрчитип келейин, бул ушак кептин кандайча таралганын өзү айтып берсин. Мунун баарын айтпас элем, бирок, чынында мындай ушактар менин кекиртегиме жетип кетти. Ал тургай силерге далил катары паспортумду да ала келгем. Мына, эч кандай «үйбүлөлүү» деген мөөр жок.
– Мындай ушактар кайдан чыгып, кимге керек болду деп ойлойсуң?
– Сахна адамы болгондон кийин сөз деген туш тарабыңдан ээрчий берет экен. Анын кайсы бирин басат элек. Акыркы кезде менин дарегиме айтылган жалган кабарларга көңүл да бурбай калгам. Айтор, чыгармачылыгыма да, жеке жашоомо да асылгандар көбөйүп кетти го.
– Мирбек, айтсаң, эгерде чындап үйлөнсөң, элге ачыгын айтат белең?
– Сөзсүз, биринчи орунда кыргыз элиме мактаныч менен жар салмакмын.
– Качан үйлөнөйүн деген оюң бар?
– Кудай буюрса, келерки күздө дүңгүрөгөн үлпөт тоюн өткөрөм деген ниетим бар. Калганын убакыт көрсөтөт да.
– Демек, сүйлөшкөн кызың бар экен да?
– Мени менен үйбүлө куруп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу болочоктогу түбөлүктүү жарымды издеп жүрөм.
– Анда үйбүлө курганга даяр экенсиң да?
– Ошондой десем да болот. Төкөлдөш жактан, анан «Манас» аэропорту жактан эки жер тилкесин караштырып койдум. Кудай буюрса, бирин тандап алып, быйыл үйдүн жер пайын куюп койсомбу деп турам. Эмки жылы болсо, үйлөнгөндө жубайымды өзүмдүн үйүмө алпарам. Баягы «катын албай, отун ал» деп коюшат эмеспи, анын сыңары, отунду жыйнай баштадым.
– Асыл эже экөөңөрдүн ортоңордогу келишим качан аягына чыгат? Мүмкүн, үйбүлө курууну да келишимдин аякташына пландап жаткандырсың...
– Келишим 3 айдан кийин, 2009-жылдын жаңырышы менен аяктайт.
– Андан кийин да келишимди улантуу жөнүндө ойлонуп көрдүңөрбү?
– Ал убакыттын иши, аман болсок көрө жатаарбыз.
– Кел, эми маегибизди башка нукка буралы. Колуңдагы шакек, чынжырчаларыңды көрүп, жасалгаларга кызыгасыңбы деген суроо бергим келип кетти.
– Ооба, негизинен жасалгаларга кызыгам. Бирок, аларды мен өзүм сатып албайм, баары белекке келгендер.
– Күйөрмандарыңдан да көп белек алсаң керек?
– Күйөрмандарым берген белектерге сан жетпейт болуш керек. Эсте калганы «Мирбек» деген жазуу менен шым, моюн орогуч, кагаздан жасалган ак куу, 26 метрлик кат жана алтын чынжырча.
– Күйөрман демекчи, чыгармачылыгыңды колдоп, өзүңө ашык болгон күйөрман кыздар туурасында айта кетсең…
– Алардын ар бирине сый мамиле жасайм. Бирок, кээде аша чапкандары болот. Алардын айтканы менен болбой койсоң, таарынымыш этип, жаман сөздөр менен сөгүп да кетишет. Кээде жолдо машина айдап жүргөн кезде да ыңгайсыздыктарды жаратышат.
Бул учурда жаныбызда отурган Асыл эже да кепке аралаша кетти:
– Баса, Мирбектен дагы бир жаңылык, январда алган машинасынын документтерин өткөн жума күнү гана тууралап, номерин да эми алды.
– Ай-ий, 8 ай номери жок машинаны айдап жүрсөң, МАИчил ерге канча айып төлөдүң?
– Айыптарым деле көп эле болуп калды. Бирок, ошол тармакта иштеген тааныш акелериме эркелеп жүрдүм да. Орусияга кетээр алдында машинамды алып коюшкан. Андыктан, келээрим менен документтерин бүтүргөнгө туура келди. Айтмакчы, машинама номер алып сүйүнүп айдап жүрүп кечээ бир жерден токтоп түшө калсам эле бир ит дуу-уу этип чуркап келсе болобу! Чочуп кетип, минтип оозума учук чыгып кетти.
– Иттен коркосуңбу?
– Аябай корком, кичинекейимде иттерге таланып эле жүрчүмүн.
– Дагы эмнеден коркосуң?
– Жыландан, чычкандан, м-мм… анан (күлүп) Асыл эжеден корком.
Асыл Апасова: (күлүп) – Байкап сүйлө.
– Тамаша да, албетте, биринчи Кудайдан, анан бөөдө кырсыктан корком. – Башкасы го түшүнүктүү, жылан менен чычкандан эмнеге коркосуң?
– Бир жолу айылдан оролуп жаткан жыланды жылаңаяк тепселеп кеткем. Катуу ылдамдыкта келатыптырмын, жыландын жатканын көрүп туруп эле өзүмдү токтото албай калгам. Ошондон бери жыландан катуу корком. Ал эми чычканды билбейм. Өзү кичинекей болсо да корко берем. Байкабай турсаң, тыпыр-тыпыр этип жаныңан чуркап кетет го.
– Баса, унута элегимде сурап алайын, биздин «WWW.SUPER.KG» сайтыбыздагы Медиа-порталга жаңы гана жүктөлгөн “Карындашым” деген ырың туурасында кыскача айта кетсең...
– Бул ырдын сөзүндө менин репертуарымдагы ар бир ырымдын аталыштары камтылып жазылгандыгы менен өзгөчө. Ал эми клип комедия жанрында тартылган.
– Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сага ийгилик.
– Рахмат, сиздердин редакцияга да ийгилик каалайм.
Маектешкен
Чолпон Сүйүнбаева