Туулган жери – Фрунзе шаары, №1 төрөт үйү
Боюнун узундугу – 184 см
Салмагы – 80 кг
Жакшы көргөн тамагы – Французча бышырылган эт, палоо
Жакшы көргөн жаныбары – Күчүк
Кийинүү стили – Спорттук. Азыр классикалык кийинүүгө өтүп жатат
Корккону – Эч кимден коркпойт. Кудайдан дагы. Анткени, Кудайды сүйөт
Машинасы – Хонда Аккорд (Жаңы модели)
Уюлдук телефону – Nokia 6230
Максаты – Чыгармачылыкта из калтыруу
– Актан, сизди сахнадан көрбөй калганыбызга өтө эле көп болуп кетти го...
– Туура айтасың, күйөрмандарым мени сахнадан көрбөй калгандарына 5-6 жыл болуп калды. Мунун себеби, менин ырчы эмес продюсер болууну чечкендигимде. Азыр билимимди, талантымды жаштар үчүн колдонуп, ырчыларга чек араларды ачып, башка мамлекеттерге чыгууга жардам берүүнү көздөп жүрөм. Азыркы убакта бизде күчтүү продюсерлер жок. Бүгүнкү күндөгү продюсерлер төшүн чапкылап мактанганы менен эл аралык конкурс уюштурмак түгүл ушул турган Казакстанга чыга алышпайт.
– Эми сизди ырчы катары сахнадан көрбөй калабызбы?
– Жогоруда айтып кетпедимби, учурда негизги максатым продюсерлик. А бирок, сахнаны биротоло таштабайм. Убагы келгенде өзүм да ырдап чыгам. Жаңы ырларды жаздырып, ырдап чыкканга азыр менде эргүү болбой жатат.
– Жакында эле баарыбыз теледен көргөн “Беш жылдыз” фестивалында калыстардын катарында отурдуңуз. Ал сыйлуу орунга кандайча туш болуп калдыңыз?
– Ал конкурска тандоо туру өтүп жаткан учурда мен продюсерлик иштерим менен Түркияда жүргөм. Келсем, телевидениенин уюштуруу комитети жогорку деңгээлдеги конкурс өткөрүүчүлөрдөн кат келгенин айтты. Кыргызстандын атынан ал конкурска менин калыс катары барып келүүмдү сунуштады. Мага ушундай жоопкерчиликти жүктөп, ишеним көрсөткөндөрү үчүн уюштуруучуларга ыраазы болуп, бул сунушту жан дилим менен кабыл алдым.
– Өз көзүңүз менен күбө болуп келбедиңизби, Кыргызстандын шартында да ошондой деңгээлдеги конкурстарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар бекен?
– Албетте бар. Аракет кылсаң эле болот экен. Азыр биз “Чолпон жылдыз” деген ат менен биринчилерден болуп эл аралык конкурс уюштуруп жатабыз. Кудайга шүгүр, иш алдыга жылууда. Конкурска тээтиги Алтай, Кипрден баштап Түркиянын таланттууларына чейин катышат. Болгону, кыргызыбыздын аттуу-баштуу инсандары, бизнесмендери колдоо көргөзбөй жатканы өкүнүчтүү болуп жатат.
– Демөөрчүңөр жокпу?
– Демөөрчү да, мамлекет тарабынан жардам да жок. Болгону, достордун, санаалаштардын жардамы менен өткөзүп жатабыз.
– Бул конкурстун тандоо турунан Ислам Акматов башкалардан озуп чыгыптыр. Анын кыргыздын намысын коргой аларына ишенесизби?
– Кандай болсо да калыстардын чечимине мен кийлигише алган жокмун. Калыстар тандагандан кийин намысыбызды коргоого татыктуу деп эсептейм.
– Эмнегедир улуу муундагы ырчылардын кимисине кайрылба, жаш ырчылар жөнүндө тескери көз караштарын билдиришет. Бирок, ага карабай акыркы убактарда биздин эстраданы башка мамлекеттерге барып таанытып келген улан-кыздарыбыз биринин артынан бири чыкпадыбы...
– Албетте, баары бирдей эмес да. Азыркы көпчүлүк жаш ырчылардын кемчилиги – акча короткулары келбей, ырдын сөзү менен обонун өздөрү эле өтө жөнөкөй кылып жазып алып жатышат. Биз болсо сөзүн акынга, обонун обончуга жаздырып, анан аны аранжировкалап эмгектенчүбүз. Азыр бардыгы оңой болуп калды. Компьютер менен эле жаздырып калышпадыбы. Кыскача айтканда, алар ыр жаздыруунун мыйзамдарын бузуп жатышат.
– Анда алар тууралуу сиздин да оюңузду билдик. А өзүңүздүн балдарыңыз ырчы болгусу келсе колдойсузбу?
– Эгер өздөрү кааласа, албетте, колдомокмун. Улуу уулум Эмир бою меникинен узун, үнү меникинен жоон жакшынакай жигит болду. Музыкага жөндөмү бар болгону менен чет тилдерине кызыгат. Төрт тилде сүйлөйт. Учурда Канадада компьютердик технология боюнча 1-курста окуп жатат. Кызым Аяра болсо 2 жаш 3 ай. Ал ырдабай тура албайт. Басса-турса кыңылдап ырдаганы ырдаган. Канында бар болгондон кийин талант өтө берет окшойт.– Сиз үйлөнгөндө миңдеген кыздар ыйлашса керек эле. Көптөгөн кыздардын ичинен сиздин жүрөгүңүздү багынта алган жеңекебиз кандай кожойке болду?
– Ал жагынан мен мактанып кетсем болот. Буюрса, абдан акылдуу, назик жеңеңер бар. Менин ар бир ийгилигиме менден катуу сүйүнүп, дайыма колдоп, түшүнүп турат. Аты Гузаль.
– Атына караганда улуту кыргыз эмес көрүнөт?
– Анын каны абдан аралаш болгондуктан, улутун айтуу да кыйын.
– Азыр эмне иш кылат?
– Азырынча бала менен үйдө. Кызыбызды бала бакчага бергенден кийин буюрса, иштейм деп жатат.
– Учурунда сахнанын пири элеңиз. Күйөрман кыздарыңызга деги эле сан жетпесе керек эле. Азыр деле көптүр...
– Азыр деле бар. Бирок, мен абдан түз жүргөн катуу киши болгондуктан, мага жакын келгенге анча-мынчалар даабайт. Эгер мен бир аз тентегирээк болгондо, балким, башкача болмоктур (күлүп).
– Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
– Сөзсүз түрдө. Апам, үй-бүлөм, туугандарым, досторум, кыргыз элим бар мен дайым баймын. А материалдык жактан алганда эч нерседен кем да эмес, ашык да эмесмин. Ата-энем кичине кезибизден баштап «элден калба да, ашпа да» деп үйрөткөн. Азыр да «ашык алба, элдин көзү бар» деп калат. Ошондуктан, Бишкекте квартирам, машинам, балдарга деп алып койгон чакан жер тилкелерим бар.
– Ата-эненин тарбиясы демекчи, чыгармачыл анан да атактуу адамдардын уулу болуу оңой болбосо керек?
– Чындыгында эле белгилүү адамдардын уулу болуу өтө кыйын. Кайда гана болбо, дайыма ээн-эркин жүрө албайсың. Кичинекей кезимден баштап ар бир жасаган ишимди алдын ала ойлонуштуруп, кылдаттык менен ишке ашырып келем. Себеби, элдин урмат-сыйына арзыган ата-энемдин аброюна шек келтиргим келбейт. Бирок, кудайга шүгүр, бул аракеттерим ишке ашып азыр атанын уулу деген атка татыктуу болдум деп ойлойм.
– Ырчы катары качан элге тааныла баштадыңыз?
– Биринчи жолу мен ырчы катары Кыргызстанда эмес, Казакстанда таанылдым. Ал жакка өзүм курактуу беш ырчы жигит менен кеткем. Аты жок болгону менен топ катары бешөөбүз чогуу ырдап жүрдүк. Кийин мен бийден бутумду кокустатып алып операция болгом. Ошондон кийин алардан алыстап кеттим. Бул жакка келгенден кийин 1995-жылы «Элес» тобунун мурунку курамындагы солисти Азамат Ашырбаев менен бирге таркап кеткен топту кайрадан жандандырдык. Кийин «Элес» абдан популярдуу болуп турган кезде, 1999-жылы май айында чыгармачылык сапар менен Москвага жол тарттык. Ал жакта август айына чейин иштегенден кийин топтогу шериктерим менен пикир келишпестиктердин айынан бир аз чатакташып топтон чыгып кеткем. Ошол эле жылы «Ыр майрам» деген ырым менен жеке ырчы катары чыга баштадым. – Чыгармачылыктан алысырак бир суроо. Эл алдында ырдап, өз таланты менен таанылган Актан үйдө кандай адам?
– Эми үйдө кадимкидей эле үй-бүлө башчысымын. Баса, элге да кызык болсо керек бир сырымды айтып берейин. Мен үйдө камыр тамактарды жасаганды жакшы көрөм. Камырын өзүм жууруп, жайып дегендей. Лагманды да баштан аяк, камырына чейин чоюп өзүм жасай алам.
– Өзүңүзгө тиешелүү дагы бир кызыгуу бар. Кийимдериңизди кайдан аласыз?
– Мен көбүнчө чет жактан кийинем. Акыркы жолу Америкага барганда көп кийимдерди алып келгем. Азыр кийип жүргөндөрүм ошолордон. Ал жакта кийимдер өзгөчө, анан өтө кымбат эмес. Бишкектен жакшы кийим табуу кыйын.
– Азыр бизде ырчыларсыз той өтпөй калбадыбы. Сизди тоюнда ырдатууну каалагандар абдан көп болуш керек...
– Албетте, чакыргандар бар. Бирок, тойлорго барганга менин намысым чыдабайт. Себеби, мен сахнадан алыстаганы ыр жаңырта элекмин. Башка ырчылардай болуп эски ырларымды кайра-кайра ырдап, ал үчүн акча алууга менин дитим барбайт.
Маектешкен Гүлмира Турманбетова