Ар бир адам табиятынан бир кесипке шыктуу келет. Мисалы, Садык Шер-Нияз кино тартууга шыктуу болсо, Айнура Турганбаева (Сакиш) актёрлук таланттын ээси. Бирок экөө тең бош убактыларында башка иш менен алектенишет. Андыктан биз бир нече белгилүүлөрдүн хоббисине кызыгып, саресеп салдык.
Байпакка кызыккан Айнура (Сакиш)
Хоббисин сурап, Айнура эжекебизге байланышарым менен “азыр айтсам бооруңар эзилет” деп менден мурун өзү каткырып жатып калды. Эмнени айтып оозумду ачырат болду экен дегиче болбой бош убактысында базар кыдырарын айтты. Базар кыдырганда да байпак издеп кыдырат экен. “Байпакты ушундай бир жакшы көрөм дейсиң, түсү боюнча да, сапаты жагынан да ар башкача байпак алганды жактырам. Менин байпактарыма сан жетпейт. Кээде маанайым чөгүп турганда бошобосом да атайын жумуштан суранып, байпак сатып алганы барам”,- деп күлдүрдү актриса.
Айкелчи Улан
“Пластилинден кичине балдар гана ар нерсе жасайт” деген туура эмес. Сураштыра келсек, рэпер Тата Уландын хоббиси – пластилинден ар нерсенин айкелин жасоо экен. Мындай шык Уланда кичине кезинен бери келе жатат. Ал буга чейин пластилинден ат минген адам, кыз-келиндин асем буюмдарын, ар түрдүү курулуштагы үйлөрдү, жаныбарларды жасаган. Анын баары гарнитурунун бир көзүндө сакталып турат. Бошой калса эле пластилинди колуна алган рэпердин “архитектор же айкелчи болсом” деген кичинесиндеги тилеги азыр деле өчө элек.
Бактыгүл ырчы гана эмес бийчи дагы
Шоу-бизнестеги кыздардын алдыңкы сабында Бактыгүл Бадыева бар. Ошко, Жалал-Абадга, андан кийин ордо калаабыз Бишкекке концерт коймокчу болуп чуркап жүргөн ырчы кыздын учурда чын эле бош убактысы жок. Ошого карабай, бийлөөнү хобби кылып жүрөт. Бийге бала кезинен эле кызыккан ырчы бир кезде бийчи болсомбу деп да кыялданган. Жарым жылдан бери латын америкалык бийлерди үйрөнүү менен алектенген Бактыгүлдү күйөрмандары ырчы гана эмес, бийчи катары да тааныша башташат өңдүү.
Кыздар менен сүйлөшүүнү хобби кылган Руслан
Шайыр, ачык-айрым, тамашакөй спортчу Руслан Түмөнбаев биздин соболго азил-чыны аралаш жооп берди. Башкача айтканда, спортчунун хоббиси – кыздар менен сүйлөшүү экен. “Жаш кезде ойноп-күлүп ал” деген сөздү жүрөгүнө бекем сактап алганбы, айтор, Руслан «кыздар менен сүйлөшкөндөн эч тажабайм» дейт. Бир келген жаштыкты ким гана болсо ушинтип өткөрүүнү самайт эмеспи. Бирок ал көпчүлүктүн эле колунан келе бербейт. Ушундан улам Русланды бардык жактан чемпион десе болчудай.
Эркиндин “Шүмшүк кыздар” деген ыры бар
“Дем” театрынын жигиттеринин арасындагы Эркин Эгембердиев деген актёрду ким тааныбасын. Бул жигиттин хоббиси – жата калып ыр жазуу. Акындык чымыны бала кезинде эле ойгонгон. Жадакалса өзүн таарынткан кыздарга арнап “Шүмшүк кыздар” деген ыр да жараткан. Андан сырткары, үйдү ичинен бекитип алып, 74 килограммга жеткен салмагын ары-бери оодарылтып бийлейт. Ал бийлегенди өтө жакшы көрөт. Өзү айтмакчы, ал бийлегенде үй укмуш сапырылат да калат.
Замир– ди-джей анан боксчу
“Түнкү белес” радиосунун продюсери Замир Казакбаевдин жумушу чачтан көп. Радиодо гана эмес, Улуттук телевидениенин жарнамаларында да үнү жаңырат. Радио угармандарга да, телекөрүүчүлөргө да үнү тааныш Замирдин хоббиси – бокс менен машыгуу. Жумушунан чыгып алып күнүгө машыгуучу залга барат. «Боксту канчалык деңгээлде өздөштүргөнүмдү байкайын десем, бир да адам тийишпей жатат»,- деп тамашалайт Замир.
Жаңылыктар + Садык Шернияз
Ата-бабабыздан келе жаткан төкмөлүк өнөрдү аздектеген уулдарыбыздын бири болгон Садык Шер-Нияздын хоббиси чын эле өзгөчө экен. Техникалык жаңылыктарды берген каналдардан көзүн албай, дайыма жаңы техника менен кабардар болуп турат. Аны менен эле тим калбастан, турмушунда да колдонот. Мисалы, “Айтыш фильм” киностудиясынын жабдыктарын дал ушундай маалыматтарды пайдаланып, заманбап техникалар менен камсыздап турат.
Роза китеп окуйт
Ырчы, дастанчы Роза Аманованын хоббиси – китеп окуу. Ырчы колго тийген эле китепти окуй бербейт. Жалаң тарыхый китептерге басым жасайт. Өзүнө жаккан китепти сөзсүз бүгүн болбосо эртең сатып алат. Окуп бүткөн китебин кастарлап сактап коюу – ырчынын адаттарынын бири.
Сүйүн Кулматова,
star@super.kg