ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ: «МЕНДЕ ДЕЛЕ АТТЕСТАТ БАР»

Ильяз тууралуу кыскача статистика

  • Болгону, 1 кепкасы бар болчу аны уурдатып жиберген.
  • 2 туфли, 3 спорттук бут кийими бар (Буларды көчөгө да сахнага да киет).
  • Жалпысынан алты клиби бар.
  • Бүгүнкү күндө репертуарындагы ырлардын саны 34.
  • 9 кафеде музыкант болуп иштеген.
  • Алгачкы жолу 7 жашында атасынын УАЗын айдаган.
  • Учурда 9-машинасын айдап жүрөт.
  • 5 квартира алмаштырган.
  • Китепти шыр окуй албайт (бирок, окуганды билет).
  • Телефон номерин 1 айда 2 жолу алмаштырып турат.
  • 17 жашында айдоочулук күбөлүгүн сатып алган.

– Ильяз, биздин редакцияга кош келипсиң. Иштериң кандай?
– Рахмат. Баары жакшы.
– Жакында эле концертиңди бербедиңби. Эми эс алып жүрсөң керек?
– Ошондой десем да болот. Бирок, ырчылыкта эс алуу деген болбойт да. Ар бир күнү иштейбиз.
– Концертиңе казак ырчысы Кайрат Нуртасты да чакырдың. Негизи, Кайратты бизге жакшы эле жылдыз кылып койдуң, ал Казакстанда сени таанытып жатабы деген суроо бергим келет...
– Ооба. Кайрат менен Алматыда жашаган бөлөм аркылуу таанышып бирге иш алпарып калган элек. Ошондон бери жакындан катташып турабыз. Кайраттын ырларын мен бул жактагы радиолорго берип койгом. А Кайрат болсо менин ырларымды, клиптеримди Казакстандын радио, телевидениелерине бериптир болчу. Ал жактан көргөн, уккан туугандарым мага чалып айтып жатышат.
– Жакшы экен. Чыгармаларым демекчи, биздин www.super.kg сайтындагы Медиа-порталга жүктөлгөн “Эргүү” аттуу ырың жана анын клиби тууралуу айта кетсең. Угушума караганда, биздин сайт аркылуу да Казакстандагы жердештерибиз биздин ырчылардын жаңы ырларын угуп турушат экен.
– Бул ырымдын сөзү Урмат Усеновго таандык. Калганы өзүмдүкү. Ал эми клипти болсо биртууган иним Нияз тарткан.
– Иниң да сенин чыгармачылы­гың­ды толуктап, клип тарта баштадыбы?
– Ооба, башында “мен дагы ырдамакчымын” деп чыккан. Анан “кой, ырчылык жагынан мен эле жетишем. Үнүң да жакшы эмес” деп койгом. Азыр болсо клип тартуу менен алектенип, «келечекте режиссёр болсомбу» деп жүрөт. Анын бул тармактагы алгачкы эмгеги катары кичинекей куудул Мажит экөөбүздүн “Салам, братан” деген дуэтибизге тарткан клипти айтсак болот.
– Биртууган жөнүндө сөз козгоп калбадыңбы. Ата-энең туурасында да кыскача айта кетсең. Алар учурда эмне менен алектенишет?
– Ата-энемдин өзүнчө чакан бизнеси бар. Астанага барып-келип иштешет. Бул жакка келгенде Бишкектеги үйүбүздө турушат.
– Сенин Бишкекте квартирада жашарыңдан кабарыбыз бар. Ата-энеңдин шаарда үйү болсо, эмнеге алар менен жашабайсың?
– Мен кичинекей кезимден эле өжөр, тырышчаакмын анан да өз алдынчалыкка көнүп алгам. Ата-энемдин көзүн карап отурганды жаман көрөм. Жумушума байланыштуу квартирада жашайм.
– Бала кезиңден чоңдорго аралашып, өз арабаңды өзүң тартып жүрүп, “балалык күндөрүм ойдогудай өтпөй калды” деп өкүн­бөйсүңбү?
– Мен төрөлүп, тилим чыккандан баштап эле өз курагымдагы кыз­дар-балдар менен тил табыша алчу эмесмин жана алар менен бирге жүрүү мен үчүн кызык да эмес эле. Ал убакта мен ырдап, атактуу ырчы болгум келчү. Ошол себептен 6-классты аяктаарым менен эле Абдумалик Шерматовдун тобу менен гастролдоп кетип калгам.
– Ата-энеңден уруксатысыз гастролдоп кетип калганың үчүн тил уктуң беле?
– Апамдан тил уккам. “Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” дегендей, шоктугум кичинемде эле болгон. Кийинчерээк апама “Нарынга гастролго баратам” десем, “ал жак суук да барбай эле койчу” деп сарсанаа боло берчү. Ошол себептен апамды санаага батырбайын деп учурда кайсы жакта гастролдо жүргөнүмдү да айтпай калдым.
– Окууңду эрте таштап окубай койгонуңа да “ырчы болом” деген тилегиң себеп болгон тура. Сурайын дегеним, окууңду улантайын деген оюң барбы?
– Ооба. Көптөр окуумду эрте таштап койгонумдан улам “окуганды билбейт” деп ойлошот экен. Сонун эле окуйм. Грамматика менен жакшы эле досмун. Буюрса, келе жаткан 2009-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, билим алып чыксам деген чоң ниетим бар.
– Аттестатың барбы?
– Мурда апам музыка сабагынан мугалим эле, апамдын жардамы менен аттестат алып алгам. Менде деле аттестат бар (күлүп).
– Эми сөз нугун жеке жашооңо бурсак. Жогоруда квартирада жашайм дебедиңби. Кимдер менен турасың?
– Ырчы Алтынбек Алымов жана менден он жашка улуу болсо да менин оң колум болгон Кылыч деген байке менен жашайм.
– Үч мырза кантип кирин жууп, курсактарын тойгузат болду экен?
– Үйүбүз бир айда жыйналса жыйналды, жыйналбаса жок ошол бойдон тура берет (күлүп). Жадакалса чай ичкенден кийин идиштерибизди да жуугандан эринип, коюп коёбуз. Качан кийинки чай ичкени идиш керек болгондо анан жууйбуз. Болгону, компьютеримди күн сайын эртең менен чаңын сүртүп, тазалап турам.
– Үйдө өзүңдү карап, таранып, сулууланып турасыңбы? Кантсе да, аты алыска таанылган ырчыларыбыздын бири эмессиңби?
– Сахналаш кесиптештеримди карасам, чачтарын ар кандай жасатышып, кийимден кийимди тандап кийинишет экен. Ал эми менде андай нерсе жок. Айылда өскөн эле жөнөкөй жигитмин да. Андай нерселер мага жарашпаса да керек. Такыр чачыма гель жугузган эмесмин. Алгачкы концертимде чачымды жасалгалаш керек болуп калып, шаарыбыздагы бир жөнөкөй эле чачтарачканага барган болчумун. Бүткөндөн кийин өзүмдү күзгүдөн көрүп күлкүм келген. Ошондон кийин экинчи чачымды жасалгалаткыс болгом. Болгону, тегиздетип кырктырып гана турам. Чынын айтканда, өзүмө жакшы деле карабайм.
– Жок дегенде убагында тамак­танасыңбы? Аябай эле арыксың го...
– Кичине толуш керек эле (күлүп). Бирок, эртең менен, түштө өз убагында тамактанбайм. Анан да көп чуркайм, жакындан бери футбол ойной баштадым. Баса, тамак жеп жатып тамакка кыл же чымын-сымын түшүп калганын көрүп калсам, жийиркенип ошол күнү таптакыр тамак жей албай калам. Негизи, аябай жийиркенчээкмин.
– Анда үйдө болгондо тамакты өзүң даярдап жесең керек?
– Үйдө жумуртка менен пиязды эле кууруп жей берем. Башка тамакты жасаганды билбейм. Үйдө эртеден кечке кылган ишим эле аранжировка. Эртең менен ордумдан турарым менен кийинбей, бетимди да жуубай туруп компьютерге отурам. Күнүм ошентип башталат.
– Күнүң компьютер менен башталса, аягы кыздар менен бүтпөйбү? Анткени, сенин алар менен жакшы мамиле курарыңдан көпчүлүк кабардар.
– Чынында эле күйөрман кыздарым көп. Алардын мени баалаганына ыраа­зы болуп турам. Андыктан, алардын да көңүлүн калтыргым келбейт. Бирок, кээ бирлерине таң калам. Мага кат, белек-бекчектерин беришип туруп “биз Султан менен Мирбекти дагы сүйөбүз. Аларга да айтып коюңузчу?!” дегенде эмне дээримди билбей “өчүп” калам. Же күйөрмандарымдын жүрөктөрү ушунча чоңбу билбейм.
– Негизи, Ильяз Абдыразаковго кандай кыздар жагат?
– Баары эле “ички дүйнөсү сулуу анан жө­нө­көй кыздар жагат” деп айта беришет. Антип айткандары менен бардык эле мырза жанында сулуу кызды көргүсү келет. Өзүм кичинекей болгонум менен суйкайган сулуу, назик, анан “фигурный” кыздарды жактырам.
– Ал эми кандай кыздарды жак­тыр­байсың?
– Өтө семиз, анан кээ бир кыздар бар го жарашпаган кийимди кийип алып, ойсолоңдой берген ошолорду анча жактыра бербейм. Баса, баарынан да кээде колтугу тердеп кийиминен көрүнүп калган кыздар болот го, ошолордон аябай жийиркенип, кыздардан көңүлүм да калып кетет (күлүп).
– Ушундай эле жийиркенчээк жигит өзүн карыганда кандай абышка катары элестет болду экен?
– Өзүм 50-60 жашка чейин сахнанын ырчысы катары элестетем. Андан кийин опера-балет театрынын директору болсом дейм. Карыган кезде сулуу кыздардын бийлеп жатканын суктанып карап отурган жакшы да (күлүп).
– Тилегиңе жет. Бизге келип кызыктуу маек куруп бергениңе чоң рахмат.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 313, 31-октябрь - 6-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан