МИРБЕК АТАБЕКОВ: «СУЛУУ КЫЗДАРГА АЯБАЙ КЫЗЫГАМ»

«Мен жөнүндө кыскача» ...

  • Ачуумду таратыш үчүн мага 5 мүнөт жетет.
  • Элди күлдүргөндү жакшы көрөм.
  • Кудай сактасын, канча жолу мушташсам да, бир да жерим сынган эмес.
  • Кайнатылган тооктун этин таптакыр жей албайм.
  • Терезе чийилгендеги үндөн денем титиреп кетет.
  • Ноталарды бузуп ырдашса, чыдабай кетем. Байкуш бузулган ноталарды аяйм.
  • Ырдан, сүйүүдөн, уйкудан ырахат алам.
  • Үйдүн төрүнө чейин бут кийимим менен кирип кетмей жаман адатым бар.
  • Тынч отурганда бутумду титирете берем.
  • Кооз машинага, кооз шаарга, сулуу кыздарга, жалпы эле кооздукка аябай кызыгам.
  • Унутчаак жагым бар (мен тааныбай калгандар таарынбасын). Көбүнчө концерттерде алпаруучулардын атын же фамилиясын унутуп калып, башка ат менен чакырып коём. Анан сахнанын артынан кечирим сурап кутулам.
  • Англис тилин тереңирээк өз­дөштүрүп жатам.

– Кандайсың, Мирбек? Көптөн бери көрүнбөй кеттиң го?
– Жакшы. Гастролдон келбедимби. Буюрса, эми күндө көрүнүп турам.
– Гастролдук сапарың кандай өт­тү?
– Ой, толтура тажрыйба топтоп келдим. Анан да бул гастроль мурдагылардан берекелүү болду. Эки ай бою күн сайын сахнага чыга берип көнүмүш болуп калды окшойт. Бирок, албетте, бирине-бири таптакыр окшобогон күндөр өттү.
– Баарынан эсте калганы кайсы күн болду?
– Ош шаарына концерт коюп жатканыбызда бир кызыктуу, ары коркунучтуу окуяга туш болдук. Жаңы эле концерттен чыгып батирге келсек, эшиктин алдында толтура кишилер, анан милициянын машиналары турат. Эмне болуп кетти экен деп эле ичкери киргенибизде бир милициянын аппак кийинген арбакты суракка алып жатканын көрүп, жүрөгүбүз оозубузга тыгылды. Ал арбак болсо: “Бир аз коё турбайт белеңер?! Мен Мирбекти коркутайын дегем”,- деп жаткан экен. Көрсө, ал кыз менин ошол үйгө токтогонумду билип, башкалардан өзгөчө сюрприз камдайын деп ойлоптур. Концерттин бүткөн убагын болжолдоп, менин келер маалымда биз турган 4-кабатка бараткан жеринен аны кошуналар көрүп калып, коркконунан милиция чакырышыптыр. Көрсөңөр чынында эле коркосуңар. А баса, мына уюлдук телефонума да тартып алгам.
– Ай-ий, муну баарынан биринчи сен көргөндө эмне болмоксуң?
– Жүрөгүм жарылып кетмек го.
– Кой, коркунучтуу темага кирип кеттик. Мындай күйөр­мандарыңды санасаң, түгөн­бөйт болушу керек...
– Акыркы күндөрү, байкашымча, мага мурдагыдай жаш кыздар эмес, улуу эле эжелер күйөрман болуп баратышат. Тойлорго барганда кыздар унчукпай эле отурушат. Алардын апалары келип алып, телефондоруна сүрөткө тартып, автограф алышат. Бул, албетте, мени кубандырбай койбойт. Себеби, улуу муундун да көңүлүнө жаккан ыр ырдап жатат окшойм.
– Мирбек, акыркы жаңы­лык­­та­рыңдан бир аз айта кетпей­сиң­би?
– Эң башкы жаңылык – Канат байкенин мага белек катары өзүмдүн www.mirbekatabekov.kg расмий сайтымды камдап жатканы. Мындай сайтты кыргыз ырчыларынын арасынан биринчилерден болуп түзүп жатабыз. Буюрса, бул мени күйөрмандарым менен байланыштырган көпүрө болот деп ишенем. Анан дагы бир жаңылыгым, 3-4-5-декабрда Бишкекте концерт берүүгө камынып жүргөн убагым. Кыскасы, болгон күчүмдү азыр чыгармачылыгыма жумшап жатам.
– Жеке жашооң кантип жатат?
– Жеке жашоомду быйыл жайында жумуш азыраак маалда калыпка салып алдым окшойт. Жашырганда эмне, жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар.
– Эми качан үйлө­нөйүн деп жатасың?
– Үйдөгүлөр «үйлөн» деп эле кыйнап жатышат. Улуу агам Москвада. Балким, ал ошол жакта калат. Карындашым келаткан жазда турмушка чыгат. Үйдө апам экөөбүз эле калабыз. Апам “эртерээк үйлөнүп, мага небере жытын жыттатсаң боло!” деп көп айтчу болду. Өзүм деле үй-бүлө курууга даяр болуп калдым окшойт. Баса, жайында сүйүүбүз кызып турган маалда бир сыйра “үйлөнмөкчүмүн” деп дүрбөп алгам. Анан кайра бир аз токтоп турууну чечтим. Бирок, негизи, үй-бүлө башчысы болууга даярмын деп чечкиндүү айта алам. Анткени, акыркы бир жылда ушул жаатта көбүрөөк ойлончу бодум. Туугандарым менен да көбүрөөк катташа баштадым.
– Үйлөн­гөн­­­­­­­дөн кийин чыгарма­чы­лы­гың кантет?
– Буюрса, үй-бүлөмдү да, чыгармачылыгымды да аксатпай алып кеткенге күчүм жетет деп ишенем. Менимче, үй-бүлөлүү болгондон кийин чыгармачылыкка дагы бир топ дем кошулат болуш керек.
– Сүйлөшкөн кызың тууралуу айтып бер­бей­сиңби?
– Аны азырынча жар салуунун кереги жок болуш керек. Анын үстүнө, жарым жылда адамды толугу менен өздөштүрүү мүмкүн эмес. Жок дегенде бир жылдай убакыт сүйлөшүү керек. Анан гана тууган-туушкандар менен тааныштырып дегендей. Ким билет, Кудай маңдайы­быз­га эмне деп жазып койсо, ошол болот да. Алдын-ала божомолдоо туура эмес. Балким, ал кыз экөөбүз келечекте урушуп кетип же тил табыша албай калаттырбыз.
– Көп уру­ша­сы­ңар­бы?
– Кээде болот. Негизи эле учурдан пайдаланып, ырчылардын сүйлөшкөн кыздарына “бизди түшүнгүлө, жумушубуз ушундай” деп айтып кетер элем. Бизде көбүнчө пикир келишпестиктер ишенбестиктен келип чыгат. Мисалы, мен аны бүгүн кечкиге киного чакырсам, анан эле Канат байке мага телефон чалып, «концерт бар» деп калса, албетте, концертке кетип калам. Анан ал “калп айттың” деп мага таарынат.
– Кино демекчи, эс алуула­рың туурасында айтып бербей­сиңби?
– Биздики күн­дө эле шаан-шө­көт болгондуктан, эс алуу мен үчүн – үйдө тынч уктоо. Негизнен, бала чагымдан бери эле кафелерде ырдап жүрүп, жаштыктан арман деле калган жок. Тескерисинче, азыр андайлар мени чарчатып жиберет. Болгону, досторум менен кээде түнкү клубдарга барып калабыз.
– Досторуңдун арасында кандай адамсың?
– Негизи эле өтө тамашакөй жанмын. Анан да эки мүнөз­дүү­мүн десем болот. Бир туруп кабагым түйүлүп, тез эле кайра каткырып күлүп калышым мүмкүн. Айтор, алар менен жүргөндө өзүмдү эркин сезем. Баса, досторум мени Мирба, Майк Атаба деп коюшат. Ал эми үйдө болсо Мику дешет.
– Мику кичинекейинде эрке уулдардан беле?
– Мушташка жакын, аябай тентек болчумун. Байкуш карындашымды эле сабай берчү экенмин. Күндөр өтүп, азыр аябай жакын болуп кеттик. “Жакында турмушка чыгам” десе, ого бетер ичим ачышып жатат.
– “Мушташка жакын болчумун” де­бедиңби. Акыркы жолу ким менен мушташтың эле?
– Акыркы жолу былтыр бир байкелер менен түнкү клубга барган элем. Ал жактан бир кызды бийге чакырып бийлей койсом, анын жигити ошол жерде жүрүптүр. Бир маалда сыртка чыгып турсам, келип эле бетке бир сок­ту. Ошентип, мушташа кетип, экөө­бүздүн тең бети башыбыз көгала болгон. Жигитчилик да. Андай учурлар көп эле болгон.
– Мирбек, кызыктуу маегиң үчүн чоң рахмат. Акыркы суроомо да жооп берип койсоң. Учурда хит болуп жаткан “Сагынам” деген ырыңды биз жаңы эле WWW.SUPER.KG сайтындагы Медиа-порталга жүктөгөн элек. Ушул ырың туурасында кыскача...
– Ар дайым сахнага чыгууну жана күйөрмандарымды дайыма сагынып турам деген мааниде кабыл алышса болот. Ошол себептен кыш алды менен боло турган концертимди да “Сагынам” деп атадым. Ырдын обону өзүмө тиешелүү. Ал эми сөзү К.Кач­кымбаеваныкы.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aizirek...
2020-04-21 09:53:16
ойййй менин жаштык кезими эске салды го бул маек. Мирбек суперге чыгыптыр дегенди укканда карызга болсо да алчумун газетаны. окуп анан суротторун кыркып алып дептерлерге чаптап алчумун. мектепте эле окуйт элем ал убакта. суроттору чапталган дептер дагы деле турат
0
№ 315, 14-20-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан