Айпери жөнүндө кызыктуу фактылар:
– Айпери, жакында эле концерт берип, көптөн бери жүрөгүңдү өйүп келген бир маселеден арылып алсаң керек...
– Ооба, бул концертке атам экөөбүз аябай эле катуу даярдандык. Эң негизги максатыбыз, менин ырчылыктагы тушоомду кесүү болчу. Максатыбызга жеттик деп ойлойм.
– Биздин Толик сынчыбыз сенин концертиңди катуу сынга алды эле. Сынды окуп кандай абалда болдуң?
– Мен Толик сынчыга таптакыр таарынган жокмун. Сынды туура кабыл алуу керек да. «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» деген бар эмеспи. Албетте, сындардын баарын эске алабыз.
– Канткен күндө да ырчы катары элибизге таанылып калдың. Мунун эң башкы себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Менин атым тез таанылып калышына атамдын эл арасындагы аброю чоң таасир берди. Себеби, жөн гана Айпери деген ырчы чыгыптыр десе, көптөр анча деле маани беришмек эмес. Ал эми «Кубиктин кызы ырдап жатыптыр» десе, кызыгуу пайда болуп, сындаш үчүн деле мени бир көрүүгө аракет кылышты деп ойлойм. Анан, албетте, жөндөмүм, ырчылык талантым да себеп болду.
– Ырчы болууң атаңа да абдан жагат го, ээ?
– Кызын да ырдатып койду деп айтып жатасыз го. Чынын айтканда, башында атам «ырчылык кыз киши үчүн өтө эле оор болот. Сенин ырдап чыгышыңды каалабайм. Андан көрө бийле» деп бий ийримдерине катыштырып койгон. Анан атама акыры өз каалоомду жетиштүү түшүндүрө алдым окшойт. «Кийин мен ырдайын десем, атам каршы болуп койду эле деп айтпа» деп акыры макул болду.
– Ырчылык сен үчүн кесиппи же…
– Ырчылык мен үчүн жөн гана хобби десем болот. Негизи, мен кичинекей кезимден эле ырдап жүрчүмүн. Бирок, көбүнчө эч кимге көрсөтпөй, үйдө жалгыз калган күндөрү күзгүнүн алдына туруп алып, үнүмдүн болушунча бакырып-кыйкырып ырдаганды жактырчумун. Эми ырчылык менен убактылуу гана алектенип турсам, кийин келечекте «деловая» болуп, бир чоң кызматта иштесем деген тилегим бар.
– Кыялыңда өзүңдү 10 жылдан кийин кандай элестетесиң?
– 10 жылдан кийин, буюрса, балалуу эне, сүйүктүү жар, анан да машина айдаган, чоң кызматта иштеген саркеч айым катары көрө алам.
– Анан бул кыялдарыңа жетүү үчүн аракеттенип жатасыңбы?
– Ооба, учурда университетте жакшы окуганга болгон аракетимди жумшап жатам. Баса, биздин окуу жайда Жапониядан окууну улантууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан, экинчи курстан кийин Жапонияга кетсемби деп жүрөм.
– Жапондук жигиттердин бирин сүйүп калып, биротоло калып калбайсыңбы?
– Жо-ок, жапониялык жигитке турмушка чыкпайм. Өзүмдүн эле кыргызымдын жакшынакай жигиттерине эч ким жетпейт.
– Болочок жолдошуңдун кандай болушун каалайсың?
– Кудай менин маңдайыма атамдай болгон жөнөкөй, акылдуу, бир эле учурда оор басырыктуу дагы, тамашакөй жигитти буйрук кылса, өмүр бою ыраазы болоор элем.
– Ошондой жигиттер четинен келип, сүйүүсүн арнап жаткандыр сага…
– Албетте, сүйүүсүн арнагандар бар. Бирок, менде азырынча жигит менен сүйлөшүүгө убактым деле жок. Анан да азыр бир аз эртерээк го дейм. Убагы келгенде сүйлөшөрбүз.
– Ошентсе да, күйөрмандарыңдын көбөйгөнү талашсыз болсо керек?
– Чындыгында эле күйөрмандар көбөйдү. Алардын арасында мени чычалаткысы келгендери да бар. Көбүнчө университеттен балдар тийишип калышат. Болгондо да эмне деп дебейсизби. Жакшынакай эле «ак куу болуп учкум келет, жакшынакай кезимде» деп ырдаган ырымды бузуп, «карга болуп учкум келет, карып калган кезимде» деп алышыптыр. Биринчи укканда ыйлагым келген. Анан албетте, жакшы «подход» менен келип таанышкысы келгендери толтура.
– Күйөрмандарың үчүн да кызык болсо керек. Айпери, кыскача айта кетсең. Үйдө сен…
– Үйдө мен ата-энемдин эң улуу кызы болгон үчүн таптакыр эрке эмесмин. Бир гана туулган күнүмдө, анан Жаңы Жыл тоскон үй-бүлөлүк кечеде эркелейм. А калган күндөрү үйдө кадимкидей эле үй жумуштарын кылам. Мисалы, жер үйдө жашагандыктан, жайкысын огороддо иштейм, тооктор менен иттерге тамак берем. Анан үй жыйнайм дегендей... Кээде сабак, ырдоо, бийлөө деп жүрүп апама жардам бере албай калсам, мени «сен эми ырчы бол десе эле Алла Пугачёва болуп кетпе» деп урушуп калат. Баарынан да чаң соргуч менен үй тазалаганды жактырам. Анткени, чаң соргучтун үнү менен кошо андан аша кыйкырып, үнүм жетпей жүргөн ырларды ырдап алам.
– Кичинекейиңде эле ушундай шайыр кыз белең?
– Кичинекейимде апамдардын айтымында, өтө эле ыйлаак болчу экенмин. Анан да 7 айлык болуп төрөлүп, бир нече убакыт вакуумда жатыптырмын. Ошол кезде атам биз жаткан төрөт үйүнө күндө бир баштык таза жалаяктарды көтөрүп келип, бир баштык кир алып кетип үйдөн жуучу экен. Эң кызыгы, көтөрүп турганда дайыма кыймылдатып турса ыйлабай, токтоп калса эле ыйлай берчү экенмин. Ал эми кыймылдатса, ичкен тамагымды кусуп салчу экенмин. Иши кылса, араң чоңоюптурмун.
– Мектепте кандай окудуң?
– Мектепте канчалык тентек кыздардан болбоюн, жакшы окудум. Бирок, ошол эле учурда жүрүш-турушум боюнча эжейлерден көп тил уктум. Акыркы парталарга отуруп алып эле көп сүйлөчү элем. Анан балдар менен мушташып эле ойноп жүрчүмүн.
– Курбуларың көппү?
– Чынын айтканда, мен кыздарга караганда эркек балдар менен жакшы тил табышам. Кичинемден эле досторумдун көпчүлүгү эркек балдар. Менимче, алар сырга бекем, анан достуктун баркын билишет. Албетте, кыздардан да жакшы курбуларым бар. Алар кээде мен бошобой калганда сабактардан мага жардам берип, менин ордума тапшырмаларды жазып койгон учурлары да болгон.
– Маегибизди башка нукка буруп, акыркы суроолорумду узатып алсам. Сени акыркы учрларда кинодон да көрүп калбадыкпы. Актрисалыкка шыгың бар беле?
– Кичинекей кезимде эле кинолорду көргөндөн кийин аларды күзгүнүн алдына туруп алып туурай берчүмүн. Эң кызыгы, ошондо эле образга кирип кетсем керек, аткарып жатып кадимкидей ыйлачумун.
– Бул тармакта да талантыңды мындан ары өстүрүүгө аракет кыласыңбы же «Достор» фильми сен тартылган акыркы кинобу?
– Эгер мага жаккан роль сунуштап калышса, балким, дагы тартылам. Аны убакыт көрсөтөт.
– Айпери, убактыңды бөлүп, биз менен кызыктуу маек курганыңа чоң рахмат.
– Сиздерге да рахмат. Ишиңиздерге ийгилик.