АРАКЕЧТИК ЖЕ ИЧИМДИКТИН ЗЫЯНЫ

Аракка берилген адамдардын саны жыл өткөн сайын арбып барат. Буга акыркы 10 жыл ичинде спирт ичимдиктерин чыгаруу Кыргызстанда 10 эсе өскөндүгү да себеп болгондой. Аракечтик кантип пайда болот? Ал өнүгүп кеткенде адамга кандай зыяндарды алып келет? Бул жаатында Республикалык наркология борборунун нарколог дарыгери Асанбекова Венера баяндайт.

Аракечтиктин стадиялары

Спирт ичимдиктерине: сыра, коктейль, коньяк, шарап, арак кирет. Булардын баары спирт аралашмасы болуп эсептелет.
Ичимдиктерди көп ичүү аракечтикке алып келет. Бул төмөндөгү стадиялар боюнча өнүгөт.

0-стадия

Аракечтик оорусу пайда боло элек. Адам спирт ичимдигин кырдаалга жараша ичип, кээде ичкенде эс-учун жоготуп коёт. Бирок бул стадияда адам каалаган учурунда спирт ичимдигин ичпей коё алат.

1-стадия

Спирт ичимдигин анда-санда ичет. Бирок ичпей калганда эңсөө пайда болот. Ичсе канча ичкенин көзөмөлдөй албай калат. Психикасы өзгөрүлө баштайт. Эмоцияга бат алдырып, жакындарынын көп ичип баратасың деген эскертүүлөрүн капарына албай калат. Башкача айтканда, өзүн сын көз менен карай албайт. Убагында ичкенин токтотуп, дарыгерлерге кайрылбаса, анда оорусу 2-стадияга өтүп кетет.

2-стадия.

Спирт ичимдигин ичүүнү эңсөө күчөйт. Аз эле өлчөмдөгү ичимдикке мас болуп, эмоцияга бат алдырып, эмне кылып жатканын билбей калат.

3-стадия

Бул стадия алкоголдук психоз стадиясы деп аталат. Элге “белая горячка” деген аталыш менен белгилүү.
Адам күн сайын ичпесе тура албай калат. Эс тутуму, ойлоо, кабыл алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Ичкенде убакытты жана кайсы жерде жүргөнүн аныктай албай, жакындарын тааныбай да калат. Өзүнүн же жакындарынын өмүрүнө кол салуусу да мүмкүн.
Нерв системасынын катуу жабыркашынан улам галлюцинация (көзгө ар нерселердин көрүнүшү) келип чыгат. Жөнү жок коркуу жаралып, бирөөлөр өзүн өлтүргөнү келе жаткандай сезимге да кептелет.
Ички органдарында оорулар жаралып, дарылаганда да ал жабыркаган органдар калыбына келбейт. Нервдин шал оорусунун келип чыгуусу да мүмкүн. Мында адам тулку боюн кармай албай, шал болуп калат. Боордун циррозу, алкоголдук гепатит, ашказан жарасы, панкреатит келип чыгат. Жүрөк-кан-тамыр оорулары жаралып, адам инфаркка же инсультка кез келүүсү да ыктымал.

Дарылоо

Адам оорунун стадиясын өнүктүрбөй ичкиликти таштоосу зарыл. Оорусу 0-1 стадиядагы адам дарыгерге кайрылып, текшерилип, канын тазалатуусу керек. Бул оорулардын пайда болушуна чек коёт.
Эгер адам өз эрки менен ичкиликти таштай албай калса, анда дарылануу үчүн наркологиялык борборго кайрылуусу зарыл.
Дарылоодо: Дары-дармек менен организмдеги уулар чыгарылат, психологиялык жана витамин терапиясы чектелет. Организмди чыңдоочу жалпы терапия сунушталат жана комплекстүү терапия жүргүзүлөт (гепатит, жүрөк-кан-тамыр, бөйрөк ооруларын айыктыруу багытында).
Дарылоо 10 күнгө чейин созулат.

100 грамм арак ичүү 40 грамм уу ичүү менен барабар!

Алкоголдук азыктардын бардыгында этил спирти бар. Этил спирти организм үчүн уу болуп саналат. Мисалы, заводдо жасалып, таза делинген ичимдиктерде канча уу бар экенин карап көрөлү.

100 грамм аракта 40 грамм уу, башкача айтканда, этил спирти;
100 грамм шарапта 20 грамм уу;
100 грамм коньякта 40 грамм уу;
100 грамм самогондо 20-70 граммга чейин уу;
100 грамм сырада 6-12 грамм уу;
100 грамм шампанда 17 грамм уу бар.

Ал эми колдо жасалган арактарда уунун өлчөмү мындан да көп. Анткени аларга көбүнчө техникалык спирттерди да аралаштырып жиберишет.

100 грамм арактан 2миңге жакын нерв клеткалары өлөт.

Арактан организм кандай зыянга учурайт?

Алкоголь, анын ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан канга 2 мүнөттөн кийин кошулат. Кан аны организмдин бүт клеткаларына ташыйт.
Алкоголдон улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт. Бул нерв борборлорун кескин дүүлүктүрөт. Ичкенде шайырдыктын келип чыгышы ушуну менен түшүндүрүлөт.

Алкоголь кандагы эритроциттерди (кызыл кан денечелери) жана лейкоциттерди (ак кан денечелери) зыянга учуратат. Натыйжасы анемияга, инфекциялардын бат жугушуна, кан агууларга алып келет.
Жүрөк. Ичкиликти көп ичүү кандагы холестеринди жогорулатат. Жүрөктүн миокард оорусуна, кан-тамыр ооруларына жеткирет.
Ичеги. Көп ичкенден ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада адам арыктайт. Ашказанда жара пайда болот.
Боор. Организмге кирген ичимдиктин 95 пайызын боор зыянсыздандырат, андыктан аракечтикте боор гепатитке, кийин циррозго учурайт.
Уйку бези. Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат да, кант оорусу (диабет) келип чыгат.

• 2008-жылы Кыргызстанда 1,5 миллион декалитр (1 декалитрде 10 литр бар) арак жана ликер-арак жасалып чыгарылган. Башкача айтканда, Кыргызстанда жашаган ар бир жаранга орточо эсеп менен 3,2 литр арак, 9 литр сыра, 900 грамм шарап, 70 грамм коньяк, 90 грамм шампан туура келген.

• Өлкөбүздө орточо эсеп менен ар бир үй-бүлө жылына 7-11миң сомду арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62ге, аялдардыкы 67ге чейин кыскарып кеткен.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
toybosjigit
2009-09-22 18:02:38
Kanimjan,sizge chon raxmat. Meniki 0-stadiyada eken. Mindan ari buyursa ichpegenge araket kilam. Bar bolunuz.
0
dogdurbeka
2009-09-22 21:05:46
rahamat eje!ushundai oto kerektuu maalymatty izildep jarya kylganynyzga.
0
bakmiraz
2009-09-25 10:56:03
siler arkyluu kop adamdar ichpei kalat dep oiloim
0
Niko
2009-09-26 14:33:56
Assalomu aleykum!meniki 0-2 stadiyalardan otkon okshoyt!Kudayga shygyr 2 jyldan beri 0-stadiyaga da kirbeym,oozuma albaym!silerge da keneshim,ichpegen ele on!
0
Mirkamil
2011-10-26 12:53:06
Арак ичуу чон куноолордун бири болуп эсептелет,
Кудайга да жакпайт.
0
kanatchik94
2013-09-09 17:57:08
алкаголь көздун көруусун жакшыртабы же начарлатабы?
0
Gsuita
2014-08-07 13:41:35
kanatchik94, Созсуз начарлатат да
0
Shekerbek
2013-09-09 18:05:41
ushintip jazgandyn oorduna je bolboco aldyn aluu maksatynda liker-vodochnyi zavoddorgo limit koiup je bolboso tiyuu salyp koiso bolboitbu! SUPER ushul arak chygargan zavoddun direktorun da chygarsanyzdar jakwy bolmok tyz efirge suroolorubuz bar ele!
0
№ 359, 18-24-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА