Назира Жетигенова: «КАЙЫН СИҢДИМДИ САБАП, КҮЙӨӨМ МЕНЕН АЖЫРАШКАМ»

Жакын адамдарын жоготуу – орду толгус күйүт

Куудул кыз Алина, Алмаз, Чолпон, Назгүл, Наргиза деген биртуугандардын бешинчиси. Бирок шум ажал мындан он жыл мурун жанындай көргөн атасын алып кеткен. Атасы о дүйнө кеткенин уккан Алмаз да ошол күнү жүрөгү ооруп каза болгон. Андан кийинки Чолпон аттуу чолпондой биртууган агасы жашоонун оор жүгүнөн кыйналып жүрүп, атасы менен агасынын артынан кете берген.

– Назира, кош келипсиз, биздин редакцияга. Сизди кыргыз эли куудул катары жакшы эле тааныйт. Ошондуктан бүгүнкү маек нугун жеке турмушуңузга буралы. Алгачкы сөз башы алтындай балалыгыңыздан башталса...
– Мен атамдын көзү өткүчө атамдын кызы болуп жүрдүм. Дегеним, атамды ушунчалык жакшы көрөр элем. Ал кайда барса, ар дайым жанындамын. Баса, атам кечинде үйгө келмейин мага үйгө кирмей жок. Анткени үйдө мен өзүмдөн улуу эжемди, ага кошуп сиңдимди урам, анан апам мени сыртка кууп чыгат. Качан атам келет, ошондо артына жашынып акырын үйгө кирип кетем.
– Алина эжеге алыңыз жетчү эмес беле?
– Ал улуу байкем Алмаз экөө айылда чоң апамдын колунда өсүшкөн. Мен андай эже-байкем бар экенин 1-класс болгонумда гана билдим.
– Бала кезиңизден эле эркек мү­нөз­сүзбү?
– Кыздар менен эмес жа­лаң балдар менен жүр­гөн­дүктөн бой жеткенде кыздын төшү чыгарын билбеп­тирмин. Чолпон байкем ган­тель көтөрүп күзгүдөн бул­чуңдарын, төшүн карап “мы­на кичине чыгып калды” дей берчү. Анан ал булчуңдарын көрсөткөн майкасын кийип, итибизди жетелеп шаарды көп аралачу. Байкем жокто мен дагы төшүмдү чыгарам деп гантель көтөрчүмүн. 7-класс болуп калсам керек, бир жолу анын майкасын кийип, итти жетелеп шаар аралап жүрсөм, апам көрүп калып, “өлүгүңдү көрөйүн шерменде, алдыгы эмне?!” деп үйгө кууп келди. Көрсө, көкүрөгүм машыккандан эмес, жетилгенден чыгыптыр. Ошондо апам отургузуп алып, кыз бала жетилгенде дене-мүчөсү өзгөрөрүн түшүндүрүп берген.
8-классты бүткөндөн кийин ата-энем Бишкекке көчүп кетишип, мени “дарыгер болосуң” деп Таластагы медициналык окуу жайына тапшыртып коюшту. Мен болсо атамды сагынып, анын үстүнө окугум келбей айылдан келген кыздар менен мушташа берип окуудан чыгып калдым.
– Апаңызга караганда атаңызды жак­шы көрүшүңүзгө бир нерсе себеп бол­со керек...
– Атамдын эки эркек, эки кызы бар да. Бешинчи баласын, мени, “эркек болот” дешип күтүшүптүр. Анан мен төрөлүп калам. Атамдын достору ага тамашалап “эркек экен” деп сүйүнчүлөшөт. Сүйүнгөн атам атымды Кылыч деп коюп, анан бир айлык болгонумда кыз экенимди билип, атымды Назира койгон экен. “Эркек болот” деп күтүшкөндүктөн, мүнөзүм эркектикиндей болуп калса керек. Апам мага “бир нерсе жаса” десе, атам “Назира кылбайт, келиниңе жасат. Назгүлүң турат го” деп мага болуша берчү. Төшүм чыккыча эле атамдын коюнунда жаттым го. Апамды такыр укчу эмесмин. Апам жинге тийгенде “атамдын аялы жинди, жинди” деп тилдей берчүмүн.
– Окуу жайдан чыгып калгандан кийин эмне кылдыңыз?
– Окуудан чыгып калгандан кийин борборго келдим. Алина “Ак марал” бий ансамблине киргизип койду. Өң-келбети, дене-мүчөсү сулуу кыздарды алдына тургузуп, мен семиз, анан баскан-турганым эркектикиндей болгондуктан, артына тизип коюшту. Жаныбызда Көркөм сүрөт орто окуу жайынын студенттери иштеген устакана бар болчу. Ошол жерден жолдошум менен таанышкам. Анын мени жакшы көрүп калганын деле байкаган эмесмин. Тогуз айдан кийин апам “бир үйдөн бир эле артист чыгат” деп мени ансамблден чыгарып, ашпозчунун окуусуна киргизип койду.
– Анда ашпозчулук кесиптин да ээси турбайсызбы?
– Ал жерден тамак жасаганды деле үйрөтчү эмес. Мүшөк-мүшөк картошка-пияз аарчып эле отурчумун. 23-февраль майрамга карата жолдошум “Назира, келбейсиңби, сени менен чогуу бийлеген кыздар болуп чогулуп жатабыз” дегенинен агасыныкына бардым. Барсам, чын эле ансамблде чогуу жүргөн досторум бар экен. Жолдошум апасынан беш жашында айрылып, өгөй эненин колунда өсүптүр. Ушунун баарын угуп отуруп жолдошумду аяп, жоолук салса эле кетпей отуруп калдым. Анда болгону 16 жашта болчумун. Ата-энем өтө катуу адамдар эле. Дискотекага такыр жиберишчү эмес. Оюмда күйөөгө тийсем эле эркин болом деп жүрбөйүмбү. Күйөөмө "дискотекага алып барасыңбы" десем, “алып барам” деди. Ошентип, экөөбүз “Дордой” жактан батир алып, эки матрац, эки чыны менен көчүп барып жашап калдык. Ош жакын болсо абысындарым, балким, жууркан-төшөк беришет беле, ким билет?! Апам болсо менин өтө жаш кезимде турмушка чыгып кеткениме таарынып, мени менен сүйлөшпөй койгон.
– Кайын журтуңуз ата-энеңиздин алдына жыгылып барышты беле?
– Андай салттардын бири да болгон жок. Ошентип, жолдошум Турдумамат “Ош” базарында жер-жемиш сатып иштеп калды. Анын иши жакшы болуп, Маевка айылынан үй алдык. Жолдошум экөөбүз эки айдан кийин эле урушуп, урушмак түгүл согуша баштадык. “Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” болуп ата-энеме качам. Ата-энеме күйөөм жетип барып мени жамандап таштайт. Турдумаматка ишенген атамдар “күнөө сенде турбайбы” дешип мени кайра кошуп берип коюшат. Мага кол көтөрүп отуруп бутумду, анан кабыргамды да сындырды.
– Мас болуп келгенде сабачу беле?
– Соо кезинде деле “мен беш жашымдан баштап таяк жегем” деп сабай берчү. Кичүү кызым төрөлүп ага бешик той бергени Ошко бардык. Ошол жерден кайын сиңдим Суусаркан экөбүз уруша кеттик. “Сусликтин сестрёнкасы Суусаркан” деген интермедиям бар го, ошону кайын сиңдимдин атынан койгом. Нанды дүкөндөн сатып жесек, анан тандырга нан жапканды кайдан билмек элем. Суусаркан: “Энең эшек такалап жүрдү беле, тандырга нан жапканды үйрөтпөй”,- деп мага тийишип жатпайбы. Жиним келип аны сабап салдым. Аны тез жардам келип алып кетти. Кайнатам “кайдагы аркалыкты алып келгенсиң, кетир эле кетир!” деп уулуна бакырды. Анан Бишкекке келгенде күйөөм карындашынын таяк жегенине жини келип, мени мурункудан катуу сабап кирди. Ошентип, кайын сиңдимди сабап салгандан кийин ажырашып кеттик. Кыздарым менен шаардын четиндеги бир курбумдукунда жашап жүрдүм. Кыздарым менен ачка калган күндөрүм көп болду. Отуруп алып ыйлайм. Ошондо да күйөөмдөн бир тыйын сураган жокмун. Ажырашып жатканда “сенин мага үйүңдүн да, бир сомуңдун да кереги жок. Болгону, жанымды тынч кой” деген элем. Буга карабай ажырашкандан кийин артымдан бир жарым жыл ээрчип жүрдү.
– Чиедей эки кызыңыз менен аябай кыйналган экенсиз да...
– Ажырашкандан кийин “Ош” базарынын жанынан батир алып, таежелерим менен оромо жасап сатып жүрдүм. Кийин Алина эжеме кошулуп гастролго чыга баштадым. Балдарымды каралашканга биртуугандарым жардам беришти.
– Азыр жолдошуңуз кыздарыңыз менен жолугуп турабы?
– Мени менен ажырашкандан кийин атасы катуу ооруп, ага каралашканы айылга көчүп кеткен. Кийин үйлөндү. Азыр эки эркек баласы бар. Ажырашканыбызга 13 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында кыздарын 4-5 жолу көрдү окшойт. Кыздарыма болгонун ачык айтып, баарын түшүндүргөм. Кичүү кызым былтыр атасынын жанында, Ошто жүрүп келди.
– Кыздарыңыз азыр канчанчы класста окушат?
– Улуу кызым Айпери 17де. Анын өңү-түсү, мүнөзү чоң атасына окшош. Кичүү кызым Азиза атасынын эле өзү.
– Өткөндө биздин гезитке “кидальшикке арнайм” деген ырыңыз чыкты. Бул кимдир бирөөгө арналганбы?
–Турмушумдан жаңылыш­кандан кийин өзүмдөн үч жаш кичүү жигит менен жети жарым жыл жүрдүм. Экөөбүздүн жолубуз эки башка экен, аргасыз ыр жаздым ошентип. Жашым 35ке келип калбадыбы. Буюрса, быйыл турмушка чыгам деп ниет кылып жатам. Бирок кимге чыгарымды өзүм деле билбейм.
– “13 жылдан бери чыгармачылык менен алпурушуп гастролдоп келем” дейсиз. Бул ишиңиз сизге эмне берди?
– Куудул катары элге таанылдым. Мурун акчага иштесем, азыр атыма иштеп калдым. Материалдык жактан айтсам, үй алайын десем, улам эле кымбаттап кетип, үйгө жетпей жатам.
– Чыгармачылыктагы акыркы жа­ңы­лык­тары­ңыз...
– Атайын куудулдарды тарбиялоочу театр ачкам. Анда 15 окуучум бар. Мен интермедия жазам, окуучуларым ошолорду аткарышат. Концерттерге да чыга башташты. Буюрса, эл жакшы кабыл алып жатышат.
– Назира эже, маегиңизге чоң рахмат. Кудай буюрса, быйыл ак жоолук салынып, жакын­да­ры­ңыз­га той жедириңиз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 329, 20-26-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан