КЫРГЫЗ ТИЛИМ ЖОК БОЛБОЙТ!

«Ысык-Көлдүн мобильный справочник... Эң чындыктуу информация...» Бул жарнаманы жергиликтүү телеканалдар күнүнө жок дегенде он ирет беришет. Аларды көргөн сайын кыжыр кайнайт. Кыргыз тилин ушинтип кор кылгандан көрө толук кандуу кылып, орусча берсе болбойбу?! Ушул жарнаманы акысына эч нерсе сурабай эле бүгүн кыргызча которуп берели деп чечтик. Анан да “качан кыргызча сүйлөйсүз?” деп өкмөт башчы Игорь Чудинов баш болгон чиновниктерге тийиштик.

20 жыл!

Урматтуу кыргыздар жана кыргызстандыктар, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрь күнү биз үчүн чоң майрам. Анткени кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 20 жылдын жүзү болду.

Кыргыз тили өлкөбүздө мамлекеттик тил катары СССР урай электе, 1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин токтому менен кабыл алынган. Арадан жыйырма жыл өткөнүнө карабай, эне тилибиздин тагдыры татаал бойдон келүүдө. Журт башында тургандар, атка минерлерден тартып бала бакчаларыбызга чейин көпчүлүгү орусча сүйлөшөт. Мамлекеттик мекемелерде бардык иштер орусча жүргүзүлөт. Бул көрүнүш баш калаада өзгөчө курч. Баланы бакчага, мектепке берем десең да, тоок же уюлдук телефонуңду уурдатып, милицияга арыз берчү болсоң да орусча жазышың керек.

“Чудинов кыргызча сүйлөйт”

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча мыйзамынын 8-беренесинде “КРнын Президенти, ЖКнын төрагасы, премьер-министри, Жогорку жана Конституциялык Соттордун төрагалары мамлекеттик тилде жазууну, эл алдында сүйлөөнү билиши керек” деп айтылат.

Биз премьер-министр Игорь Чудиновдун пресс-кат­чысы Айбек Султангазиевге бул тууралуу суроо узатсак, төмөндөгүлөрдү айтып берди:
– Игорь Витальевич 9 айдан бери кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Ал кыргыз тилин жакшы түшүнөт, анча-мынча сүйлөйт дагы. Бирок көпчүлүк учурда орусча баарлашат.
– Жакында эл алдына кыргызча сүйлөп чыгат деп күтсөк болобу?
– Чыгып калышы мүмкүн...

Чуй эмес, Чүй

Ошондой эле кыргыз тилинин абалын борбор калаабыздагы көрнөк-жарнактар, мекеме-имараттардын ысымдары да тастыктап турат. Бул туу­ра­луу Мамлекеттик тил боюнча улуттук ко­миссиянын котормо жана жарнама бөлү­мүнүн башчысы Аалы Молдокановго кайрылдык.

– Айтсаңыз, учур­­да көчөлөрдө илинген, гезит, те­ле-радиолордо берилип жаткан көрнөк-жарнак, жарнамалар кыргыз тили тууралуу мыйзамга канчалык деңгээлде жооп берет?
– Бул тармакта кыргыз тилинин абалы жыргап кеткен жок жана жакын арада жыргап кетет деп айтыш да кыйын. Алсак, Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда “Республиканын аймагында жер-суулардын жана көчөлөрдүн аттары бир гана кыргыз тилинде жазылышы керек” деп так көрсөтүлгөн. Ага карабай, борборубуздун башкы көчөсүнүн аты көпчүлүк жерде Чүй эмес, орусчаланып Чуй деп жазылып турат. Мындай мисалдар толтура. Бул көрүнүштөрдү оңдоо үчүн бийликтегилердин моюндары жар бербей жатат.
– “Мен өлкө үчүн, эл үчүн!” деп кыйкырган чоң­дорубузга тилибиздин тагдыры баары бир де­гиңиз келеби?
– Тил жөнүндөгү мыйзам 2004-жылы оңдолуп чыккан. Бирок анда мыйзам мурдагыга караганда да чабалыраак кабыл алынган. Ошондогу мамлекеттик катчы баш, “киргиз” депутаттарыбыз каш болгон азаматтарыбыз атайлап эле ушул чабал мыйзамды кабыл алып коюшкан. Өздөрү сүйлөй алышпаса, чыныгы патриоттор болбосо, ошону кылышат да. Эми азыркы бийликтен чечкиндүү чечимдерди күтөбүз. Жакшы мыйзам керек.

Өткөн замандын балдары...

Мамлекеттик тилдин абалы Жогорку Кеңеште да мышык ыйлагыдай. Трибунага чыгып сүйлөй баштаган депутаттар кебин кыргызча баштап, үчүнчү сөзүн орусча, аягын кайра кыргызча бүтүрөт. Алардын катарында жалаң орусча сүйлөгөндөрү да толтура. Биз бул суроо менен эл өкүлдөрүнүн бири, “Ак жол” фракциясынын депутаты Орзубек Назаровго кайрылдык. Ал да “кыргыз тилин 100 пайызга түшүнөм, бирок жакшы сүйлөй албайм” деп мукактанды. Ал эми кыргыз тилин билбеген кыргыз кесиптештери тууралуу: “Эми бул алардын күнөөсү эмес да. Ал бийлик системасынын күнөөсү. Бир кезде жалпы СССРде орус тили гана негизги тил болуп, кыргызга окшогон майда улуттардын тили атайын көмүскөдө калтырылган. Биз ошол замандын балдары болуп өсүп калбадыкпы. Мисалы, мен өзүм өзбекмин. Бирок кыргыз тили сыяктуу эле өзбекчени жакшы түшүнгөнүм менен, сүйлөй албайм”,- деди.

Төрайымдар кыргызча билишет

Учурда Жогорку Сотту Жаңыл Алиева, Конституциялык Сотту Светлана Сыдыкова жетектээрин баарыбыз билебиз. Бул мекемелердин басма сөз кызматтарына кайрылып, жетекчилеринин кыргыз тилге мамилесин сураштырдык. Эки мекемеден тең, “төрайым кыргыз тилин жакшы билет” деген жоопторду алдык. Бирок бул эки айым эл алдына чыгып сүйлөгөндө көбүнчөсү мамлекеттик тилге эмес, расмий тилге ыкташат. Эмне үчүн?..

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Барс
2009-09-21 12:23:04
Эми ушинтип эле койгонубуз менен жанагы бийликтегилер буга:"Көтүм ий..." дебей эле келишип атпайбы!!!
0
botokoz
2009-09-22 11:32:32
мен да кыргызча жакшы небилбейм да...:)
0
Барс
2009-09-23 13:37:13
мен да кыргызча жакшы небилбейм да...:)

Мактана турган сапатты тапкан экенсиң!!! Буга минтип :) күлгөндүн ордуна, минтип :( боздоп ыйлашың керек,Ботокөз!..
0
shantell
2009-09-23 14:35:09
Кыргыз тилинде суйлош кээ бироолор учун уят экен, чынында кыргыз тилин билбегендер кыргызбыз деп айтпай эле коюшса.Кыргыз тилин сыйлабай журуп, мекенибизди жоготуп, кул болуп кетпесек болду Айланайын Кыргыздар.
0
shantell
2009-09-23 14:43:29
Чала кыргыздарды азайтыш керек тезинен.
0
saraltyn
2009-09-27 17:01:57
Заман Кыргызстан гезитинен Жусуп Абдрахманов тууралуу бир макала окудум, тилге тиешел.

Союз тптл баштаганда Жусуп Абдрахманов бийликтин ээси болуп турганда Москвага барып Лениндин з менен жолуккан экен. Лениндин кеп-кеештерин алгандан кийин Кыргызстанга келип Кыргыз тилин билгендердин айлык маяналарын жогорулаткан экен.
0
№ 359, 18-24-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан