ЭРМЕК НУРБАЕВ: «Cүйгөнүмдүн телефонун текшерип турам»

Эл арасындагы терс көрүнүштөрдү куйкум сөздөр менен алып чыкса, адам өз катасын көрүп уялышы мүмкүн эмеспи. Ошондой турмуштук көрүнүштөрдү тамашага айлантуу үчүн “Тамашоу” шайырлар клубу ачылган. Аталган клубдун уюштуруучусу, “Браво” көрсөтүүсүнүн алпаруучусу, тамашакөй Эрмек Нурбаев бүгүн бизде конокто.

– Эрмек, кош келипсиң биздин кеңсеге. Учурда эмне менен алек болуудасың?
– Жакында “Тамашоу” лигасына катышкан 16 команда финалга чыгуу үчүн ат салышат. 16 команданы экиге бөлдүк. Сегиз команданын ичинен үчөө финалга чыгат. Кыскасы, азыр алдыда болчу финалга даярдык көрүп чуркап жүрөбүз.
– Сен Кыргызстандын КВН курама командасында да ойночу элең. Өзүңчө клуб ачып, кыргызча тамашаларды эл алдына алып чыгып жатканыңа КВН командасынын жетекчилиги эмне деди?
– Мен азыр деле ал команданын курамындамын. Ал команданын жетекчиси мени колдоду деп да, колдогон жок деп да айта албайм. Кыргыз тилинде тамаша-шоу ачып жатканымды уккан Евгений Акопян: “Силер КВН деп көп айтпагыла. Анткени бул Кыргызстан брэнддеринин бири болуп калды”,- деп айткан эле. “Эл тамашоу эмне экенин түшүнгүчө КВН деген сөздү колдонобуз, анан бара-бара таштайбыз” деген сыяктуу сөздөр ортодо айтылган.
– Кыргызча КВН деге­ни­ңер менен айрым тама­шаларыңар орус тилинде кетет го?
– Айрым тамашалар орусча айтканда күлкүлүү, кыргызча которо келсең түшүнүксүз. Ушундай жагдайга туш болгон тамшаларды гана орус тилинде айтабыз. Негизи, биздин тамашалардын 80 пайызы кыргызча.
– Кесибиң юрист болуп туруп, чыгармачылыкка жакын болгонуң тукумдан болсо керек...
– Ушундай суроо берилген сайын атамды айта берип ал кишини жылдыз кылып жибердим окшойт. Атамдын кесиби географ болгону менен өтө сөзмөр, эл чогулган жердин лидери. Байкем КВН командада ойноп, мени тартып кеткен. Азыр ал Алматы шаарында мамлекеттик кызматта иштейт. Иним кесиби боюнча экономист. Ошентсе да КВНде ойнойт. Апам болсо тамашаны жакшы түшүнгөн, ачык-айрым адам. Анан үч баласына үч башка кайгырат. Боорукерлигине таянып, анын индия кинолорунда да кездешпеген сапаты бар десем жаңылышпайм.
– Үч эркек биртуугансыңарбы?
– Ооба. Карындашым болсо деп кыялданчумун. Бирок үч эркек боюнча калдык. Буюрса, байкем үйлөнүп, кыздуу болсо анан карындаштуу болом да.
– Балким байкеңден биринчи сен үйлөнөт чыгарсың...
– Балким. Бирок байкем менден улуу болгондон кийин анын биринчи үйлөнүшүн каалайм. Мен азыр үйлөнгөнгө чынында даяр эмесмин. Үйбүлө күтүү үчүн, биринчиден, туруктуу жумуш табыш керек. Экинчиден, жашаганга үй керек дегендей.
– “Үйлөнгөнгө даяр эмесмин” дегениң менен сүйлөшкөн кызың жок болбосо керек...
– Албетте бар. Сүйлөшкөнүмө эки жыл болду. 2007-жылдын март айында таанышкам. Аты – Динара. Кесиби боюнча фармацевт. Учурда Медакадемиянын студенти.
– Кандайча таанышып калдыңар эле?
– Динара менин күйөр­маным болчу десем болот. Динара КВНге катышкандарымды көрүп жүрүп, дос балдарыма “мени Эрмек менен тааныштырып койгулачы?!” деп сураныптыр. Алар “макул. Эртең, бүрсүгүнү” деп жүрө беришет. Анан Динара өзү балдардан телефонумду алып мага өтө жагымдуу билдирүү жөнөткөн. Билдирүүнүн мазмуну, чынында, эсимде жок, бирок катуу тасир бергенинен улам номурун жаттап калгам. Аңгыча Ильяздын концертин алып барып калдым. Концерт башталар алдында мага билдирүү жөнөткөн номурдан звонок келди. Толкунданып трубканы алсам, Саламат деген дос балам экен. “Биз концертке келдик эле, киргизе аласыңбы?” дейт. “Жаныңда ким бар?” десем, “карындашым” деди. “Бул карындашыңдын телефонубу?” десем, “ооба” деди. Сыртка чыксам, экөө келатат. Кыздын ошондогу уялыңкы жылмаюсу мага аябай жакты. Динара менен ошентип таанышкам. Эмнегедир, концертти алпарып жатып денем калтырап, оюм бөлүнүп, Динара отурган жакты улам көзүмдүн кыйыгы менен карай бердим. Концерт бүткөндөн кийин Динара менен дос балам “биз кеттик” деп келишти. Ичимден кетиргим келбесе да, сыртымдан “кетпегилечи” деп айта албай койдум. Ошол күнү жакын досумдун туулган күнү эле. “Каршы болбосоң, Динараны туулган күнгө алып албайынбы” десем, Саламат “эмне, мен барбаймынбы?” деп жатпайбы. Сен барбайсың дейин десем ал Динараны алып кетип калган жатат. Ошол үчүн “бетиң жок болсо бара бер” деп койдум. Ошентип, туулган күнгө үчөөбүз тең бардык. Ошондон тарта Динара экөөбүз кыз-жигитпиз.
– Динара анда досуңдун карындашы экен да...
– Жок. Жөн гана таанышы экен. Мен деле өзүмдөн кичүү тааныш кыздарды бирөөлөр менен тааныштырсам карындашым деп коём.
– Динарага кимдир бирөө сүй­лө­сө же телефон чалса сен жооп берет турбайсыңбы. Мунуңду кыз­ганчаактыгың деп түшүнсөк болобу?
– Аны ким айтты? Эгер ага чоочун бирөө телефон чалып же СМС жиберсе дароо “экинчи жазбаңыз да, чалбаңыз”деп айтам. Динара экөөбүздүн ортобузда жабык эч нерсе болбош керек деп ойлойм.
– Азыркы жаштар үйлөнгүчө эле бири-бирин ата-энеси менен тааныштырып, анан жарандык никеде жашап жатышат. Бул жагдайлар силерде кандай?
– Мен Динаранын, Динара менин ата-энем менен таанышкан. Ал гана эмес, ата-энелерибиз да бири-бири менен тааныш. Буюрса, кийин кудалар жактан пикир келишпестик болбойт деп ойлойм. Ал эми жарандык нике туурасында айта турган болсом, азырынча "кыз-жигит" деген статустан нары өтө элекпиз.
– Сенин көз карашыңда белгилүү айымдар арасынан сексуалдуусу ким? Сүйлөшкөн кызыңды сексуалдуу деп эсептейсиңби?
– Сексуалдуу айымдын дене-мүчөсү 90-60-90 болбосо да ошого жакын болуусу шарт. Ал эми өң-келбетинин жок дегенде бир жери адамды өзүнө тартыш керек. Шоу-бизнестеги айымдардын ичинен мен Анжеликаны кошсом окшойт. Ал эми сүйлөшкөн кызымды айтпайм, укмуш сексуалдуу деп. Бирок анын адамдарды тарта турган жери бар.
– Теманы сенин мүнөз жагыңа бурсак. Эфирде отурганда чакырган коногуңду көп какшыктаганыңа күбө болдум эле. Өзүңдү какшыкчылмын деп ойлобойсунбу?
– Албетте, айта турган сөзүмдү ойлонуп, тигил адамга катуу тийип калбайбы деп туруп сүйлөйм. Мага ким эмне деп айтса ошого жараша, тамаша аралаштырып жооп берем. Өзүмдү андай деле какшыкчыл деп айтпайм.
– Сени жакшы тааныгандар абдан “наглый” дешет го...
– Наглыйлыктын плюс жактары деле бар. Мен бул жашоодо эч кимге көз каранды эмесмин. Кандай жашагым келсе, кимге эмне деп айткым келсе өзүм билем да, туурабы? Мага эч ким “муну ушундай кылышың керек, тигил адамга мындай де” деп көргөзмө бере албайт.
– Баса, сени эл Акаевдерге да окшоштурушат экен.
– Мен “Бравону” алпарам деп кастингге катышканда Ассоль Молдокматова дароо эле “сен Акаевге окшош экенсиң” деп айткан. Мектептен ар түрдүү сценка аткарганда дайыма калпак кийип алып Акаевди туурачумун. Калпак кийгенде абдан эле окшош болуп калам. Негизи, ал адамды эл душманы катары карабашыбыз керек.
– Маек аягында берилчү суроону дипломуңа байланыштырсак. Кесибиң менен иштөөнү пландап жатасыңбы?
– Албетте, иштейин деген пландар бар. Жаңы эле сүйлөшүүгө барып келдим. Ал эмне жумуш экенин айтпай турайын азырынча. Буюрса, ишке орношуп калсам, дароо сиздерге билдирем.
– Эрмек, анда алдыга койгон пландарың ишке ашсын деп тилек кылып, маекти соңуна чыгаралы. Келгениңе рахмат.

Эрмек жөнүндө кыскача...

  • 1985-жылы, 8-октябрда туулган.
  • Үч эркек биртуугандын ортончусу.
  • Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин 2008-жылы аяктаган.
  • Косметика такыр колдонбойт.
  • Чачын бир айда бир жолу кырктырат.
  • Кийимдерин өзү жууп, өзү үтүктөйт.
  • Алгачкы жолу бир кыз менен мектепте өбүш­көн (канчанчы класс экени эсинде жок).
  • "Балалыгынан" эчак эле айрылган.
  • Кара-Балтадагы ата-энесине жумасына бир жолу барып учурашып турат.
  • Сүйгөн кызын “былтык” деп эркелетет. Бирок Эрмек да, сүйгөн кызы да бири-бирине Санчо деп кайрылышат (эмнеге экенин экөө тең билбейт).
  • Сүйгөнүнүн телефонун текшерип турат.
  • Тамак ылгабайт. Бирок баарынан бекер тамакты жакшы көрөт.
  • 15ке жакын досу бар.
  • Сүйгөнүнө жакында эле экөө жөнүндөгү кызыктуу окуялар жазылып, сүрөттөрү тартылган кружка белек кылды.
  • Акыркы жолу Кыргызстандын КВН курама командасы менен Сочиге барганда мекенин сагынып жашыган.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан