Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА: «700 роза берген жигит колумду сурады»

№334 27-март-2-апрель, 2009-ж.


Биздин бүгүнкү мейман кичинекей кезинен эле ырга-бийге шыктуу, жылдыздуу жүзү бар таланттуу кыз. Учурда ал "Адашпайм", "Баёо сезим" ырлары менен белгилүү. Сөз Бегимай Карабаева жөнүндө болуп жатканын сезсеңиз керек...

Саламатсыңбы, Бегимай?
– Саламатчылык. Өзүңөр кандай­сыңар?
Жакшы. Бүгүнкү баарла­шуу­ну акыркы жа­ңы­лык­тарың менен баштасаң...
– Мурдагы күнү “Жалгыздык” деген ырыма клип тарттык. Клип азыркы адамдардын жеке турмушундагы орчундуу делген маселелердин бирин чагылдырат. Башкача айтканда, айрымдар карьера, байлык деп жүрүп үйбүлөнү 2-орунга чыгарып жатышпайбы, ошолор үчүн сабак болсун дедик. Клипте бардар жашоодо жашаган бир бай келиндин жашоосу сүрөттөлөт. Бирок ага бала жетишпейт. Бул сюжет болгон окуядан алынды. Мындан сырткары, 1-майдан 10-майга чейин өзүмдүн кичи мекеним Баткенде жеке концертимди берсемби деп жатам. Ошого карата жаңы формаларды тиктирүү, ырларды жаздыруу менен алекмин.
Шоу-бизнеске аралашканыңа көп эле убакыт болуп калды. Өзүңө кандай таасир ала алдың?
– Шоу-бизнестен жамандык деле көргөн жокмун. Жамандыр-жак­шы­дыр бир топ күйөрман таптым. Андан да жакшы жагы мурункудай жалкоо болбой эмгектенгенге үйрөндүм.
– Окууларың кандай?
– ОшМУнун юридикалык факультетинде 4-курста окуп жатам. Окуум, жалпысынан, жакшы эле. 2-курска чейин күндүзгү бөлүмдө окудум. Андан кийин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алгам. Буга менин сахнаны дегдеп туруп алышым себеп болду. Башкача айтканда, окууга төлө деп берген апамдын акчасын ыр жаздырууга, аранжировка жасатууга жумшап, кыздарды көрүп улам жаңы телефон сатып ала берчүмүн.
– Окуу акысын төлөбөсөң окуудан айдалып кетесиң да...
– Андай учурларды да башымдан өткөрдүм. Окуудан айдалышыма акча төлөбөй койгондон сырткары, ыр-бийге катышып сабакка барбай койгондорум да себеп болду. Окууга ушундай мамиле жасаганымды апам билип калып: “Сени ырчы кылбайм деген оюмдан жыйынтык чыкпайт окшойт. Мейли эми сырттан окуу бөлүмүнө которулсаң которул. Ырчылыктын да даамын татып көр”,- деп ырдашыма уруксат берген. Апам ага чейин ырчылыкты да, ырдаганды да жаман көрчү. Азыр мени телевизордон көрсө сүйүнүп калат.
– Апаңда ырчылык талант жок болсо, ырдоо жагынан кимди тарт­кансың?
– Ырдоо жагынан атамды тарткам. Атам аскер кызматкери болгонуна карабай обон жазат. Кичинемден эле ыр-бий дегенде эт-бетимен кетер элем. “Любовь без слов” деген индия киносундагы кызды аябай жакшы көрчүмүн. Ал кыз кинодо жамгырдын алдында суу болуп ырдачу да. Ошол кино менен "ооруп" жүргөнүмдө апам мага сары юбка, анан сары топик сатып берди. Эртеси нөшөрлөгөн жамгырдын алдында ошол сары кийимчен кечке ырдагам. Экинчи күнү да жамгыр алдында кызды туурап жерге томолонуп, асманды карап айланып ырдадым. Үчүнчү күнү да ырдамакмын, бирок дене табым 40 градуска жетип ооруп калдым. Баса, мектептен эле “Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун вокал бөлүмүндө сабак алгам. Анан иним Төлөгөн, Айгүл деген кыз үчөөбүз “Трио Айденек” деген топ болуп “Жаш талант” конкурсуна катышчубуз. Иним кичинесинде жакшы ырдаганы менен азыр ырдаганды жаман көрөт. Аябай сурансаң гана ырдап бербесе, таптакыр ырдабай да калган. Ал азыр борбордогу Юридикалык академиянын 3-курсунда окуйт.
– Эки күн катары менен жамгыр алдында ырдаганыңа караганда өжөр окшойсуң...
– Ооба, кичинемден эле өжөрмүн. 9-класста окуп жатканымда кабаттуу үйдөн жер тамга көчүп калдык. Апам, бөлөм үчөөбүз диван алганы дүкөнгө бардык. Апам менен бөлөмө жаккан диван мага таптакыр жакпай койду. Ага болбогон мен өжөрлөнүп жатып өзүм жактырган диванды алдырттым. Арадан эки жума өткөндөн кийин залга кирсем, мен жактырган дивандын ордунда апам менен бөлөм жактырган диван турат. Жиним менен классташ балдарымды ээрчитип келип, диванды алып барып баягы өзүм жактырганга алмаштырып салдым. Ошентип, акыры өзүмдүн каалаган диваныма жеткем.
– Өжөр кыз ашканада кандай кожейке болду экен...
– Мен жасаган манты менен палоону жегендер “укмуш даамдуу жасайт экенсиң” деп мактап калышат. Негизи эле тамакты 9-классымдан бери жасайм. Тамак жасоо боюнча апамдын ашкана курсун аяктагам десем болот. Мен башкаларчылап билбеген тамагымды дептерге жазып алып жасабайм. Бир көргөндө эле ага өзүмдүн фантазиямды кошуп жасап кетем.
– Өзүң кайсы тамакты жакшы көрөсүң?
– Мага даамдуу жасалган бардык тамак жагат. Бирок кайсы жерден болбосун, кайсы тамакты жебейин пиязды алма тиштегендей тиштеп жеп турмайын алымсынбайм.
– Эмнеден улам пиязды жакшы көрүп калдың? Баса, пияз жегенден кийин “көчөгө чыкканда пияз жыттанам” деп уялбайсыңбы?
– Мектепте окуп жүргөнүмдө бутума сыздоок чыккан. Ошондо тааныштардын бири “пияз көп жесең, эртең эле жоголот. Ал гана эмес, аттай болуп эле басып каласың” деген. Ошондо пиязды күйгүзүп бутума басып, андан сырткары жеген да элем. Ошондон тарта пияз менин эң жакшы көргөн тамагыма айланган. Көчөгө чыкканда жыттанарын билсем дагы, жакшы көргөндүктөн жей берем.
– Баса, өткөн сандарыбыздын биринде белгилүү кикбоксчу жигит сага Бишкектен атайын Баткенге барып 700 роза белекке бергенин айткан эле...
– Чындыгында, ал белек мен үчүн кү­түү­сүз, укмуш белек болду. Мурда "30, 100 даана гүл белекке алдым" дегендерге абдан кызыкчу элем. Мен 700 даана гүл алганымда эмне айтарымды билбей, оюмду жыйнай албай калсам болобу! Ал күйөрманым мен мектепте окуп жүргөндө эле биздин айылга конокко барып мени жактырып калыптыр. Өзү Токмоктон мен Баткенден экениме карабай мени чоңойсун деп күтүп жүрө бериптир. Менин Баткенге кеткенимди билгенден кийин 14-февраль Сүйүү күнүндө Бишкектен атайын 700 роза гүлүн алып барып, колумду сурады. 700 экенине ишенбей дос кыздарым болуп санап да чыктык. 50 даанадан 14 кучак гүлдүн баарынын тикенектери алынып, тыкан оролуптур. Гүлдүн бир азын кошуналарга, дос кыздарыма таратып бердим. Менин ырымды, өзүмдү жактырган мындай күйөрмандарыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.
– Роза гүлү – “сүйөм” деген сөз­дүн синоними деп коюшат. Күйөрманыңдын кыйыткан белегине эмне деп жооп бердиң?
– Чоң рахматымды айтып, жылуу узаттым. Азырынча менин алдыга койгон максаттарымдын чети да оюла элек. Ошондуктан мен үчүн сүйүү али эрте деп ойлойм.
– Болбой эле ала качып кетсе эмне кыласың?
– Аны убакыт көргөзөт. Азыр андай кылмакмын, мындай кылмакмын дей берсек, баары бир иш башка түшкөндө башкача чечилип кетиши мүмкүн. Учурда курбу кызымдын сулуулук салонуна барып, андан маникюр, педикюр жасаганды, чач жасалгалоону үйрөнүп жатам. Кудай буюрса, өрүкзарлуу Баткениме барып, кийим сатуучу чоң соода түйүнүн жана сулуулук салонун ачайын деген тилегим бар.
– Жакшы экен. Ал эми бош убак­тыңда эмне кыла­сың?
– Бош убактымда бассейнге барып чөмүлөм. Бирок азыр бассейнге караганда муз үстүндө бийлөөгө көбүрөөк кызыгып жатам.
– Досторуң барбы? Ырчылар арасында кимдер менен жакын мамиледесиң?
– Досторумдун баары эле Баткенде. Ырчылардын улуулары менен ага-эжедей, теңтуштары менен теңтуштардай сый мамиледемин.
– Кызыктуу маегиңе рахмат.

Бегимайдын сыр сандыгынан...

  • Помидорду, сүрөткө түшкөндү, сотка алмаштырганды аябай жакшы көрөт.
  • Баткендин өрүгүн канча жесе да тойбойт.
  • Бышкан да, чийки да сүттү иче албайт.
  • “Ошол, анан, блин” деген сөз­дөрдү көп колдонот.
  • Пол жууганды жаман көрөт.
  • Көчөгө чыгарда кийим тандоо үчүн шкаф алдында 20 мүнөт, күзгүнүн алдында 15 мүнөт турат.
  • Бийик такалуу бут кийимди көп убакытка кие албайт.
  • Алтын болобу, күмүш болобу чынжырча гана тагынат. Шакек та­гынса деми кысылып кеткендей болот.
  • Бирөө өзүн мактаса, жасалма сүйлөп жаткандай кабыл алат.
  • “Пупа”, “Жаде” фирмаларынын косметикаларын колдонот.
  • Ээгин таянып, бир жерди тиктеп ойлонуп кала турган адаты бар.
  • Жанындагы адамдын көзүнө ти­ке карап сүйлөй албайт.
  • Кечинде саат 10-11де уктап, эртең менен саат 10-11де ойгонот да шыпты карап 15 мүнөт жатат.
  • Келечектеги жолдошунун юрист болушун каалайт.
  • Телефондо 1 саатка чейин деле сүйлөшө берет.
  • Белекке мамалактын сүрө­тү бар топик алганды жакшы көрөт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: