Мирбек Атабеков: «СҮЙҮҮДӨН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ»

Жалпы эл үчүн кызыгуу туудурган белгилүү ырчыларды күйөрмандары менен телефон аркылуу түз байланыштырып келебиз. Бул жолку түз байланышта бир гана жаштардын эмес, улуу-кичүү муундун жакшы көргөн ырчысы Мирбек Атабеков болду.


Жанара, 20 жашта. Бишкек шаары:

– Кайсы жерде окуйсуз?
– Улуттук университеттеги финан­сы жана кредит факультетинде күндүзгү бөлүмдө окуйм. Буюрса, быйыл аяктап жатам. Университетке күнүгө барам, жакшы окуйм деп айтпайм. Чыгармачылыгыма байланыштуу окууга убактысы менен барып турам.
– Бирөө сиздин же сиз бирөөнүн көңүлүн калтырган учур болду беле?
– Бул жашоодо, албетте, көңүл калтыруу болот экен. Менин көңүлүмдү эч ким калтырган жок, мен дагы бирөөнүн көңүлүн калтырган эмесмин десем анда жашоонун кандай экенин билбейт болчумун. Менин көңүлүмдү калтырган адамдар болгон. Айрыкча сүйүү жаатында. А мен атайлап бирөөнүн көңүлүн калтырганга аракет жасабайм.
– “Көңүл калтыра албайм” де­бе­­ди­ңизби, анда телефон ному­руңузду бербейсизби?
– Сиздин берген суроолоруңуз жакты. Эми сиздин көңүлүңүздү калтырбай номурумду берсе берейин 0555 58 XX XX.


Айтурган, 20 жашта. Бишкек шаары:

– Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Үйүбүздүн куту болгон апам, буюрса, 2 жылдан кийин 50гө чыгат. Карындашым Нурайым февраль айында турмушка чыккан. Бишкекте жашайт. Үйгө жума сайын эле келип турат. Аны мурункуга караганда да жакшы көрүп калдым. Үйгө келчү маалынан бир аз өтүп кетсе эле сагынып кетем. Азыр күйөө балам экөө ынтымактуу, жакшы жашап жатышат. Күйөө баламды дагы өз инимдей жакшы көрөм.
– Менин туулган кү­нүм­дө аз эле досум келди. Сиз дагы ушундай абалга кабылдыңыз бе­ле? Ка­былсаңыз, досторуңуздун сизге кылган мамилесине капа болосузбу?
– Убакыттын өтүшү менен досто­руң да тандалып калат. Бир нече до­суңдун ичинен бир-экөө эле калышы мүмкүн. Бирок сенин жаныңда аска-тирегиң болгон ата-энең, биртуугандарың дайыма болот. Жакындарыңдын курчоосунда болуу өзүнчө чоң бакыт эмеспи.


Бермет, 18 жашта. Бишкек шаары:

– Кудай жөнүндө ырдайын деген оюңуз барбы?
– Мындай оюм бар. Бирок ал үчүн туура жолдо жүрүш керек. Мен бул жакта Кудай деп ырдап коюп туура эмес иш кылсам күнөө болот да. Негизи, Кудайды таанып жүрүүгө ниет кылып жатам.
– Кээде көз алдыңызда болуп жаткан ишке мурун кабылгансыган сезим болобу?
– Ооба, андай нерсе кээде менде да болот. Бир окуя эле кайра кайталангансыйт. Ойлоп көрсөм, андайга кезикпеген болом. Ошондо мындай нерсеге, балким, мурунку жашоомдо кездешсем керек деп өзүмчө ой жоруп коём.


Саадат, 22 жашта. Бишкек шаары:

– Кримавторитеттер менен бай­ланышыңыз барбы?
– Андайлар менен байланышым деле жок. Алар чакырган жерге барган ырчылар, балким, бекер ырдашар. Мен барып ырдаган жерлеримден айтылган суммадагы акчаны алам да кетем. Кримавторитеттердин бул жашоодо кереги бар десем деле болот. Анткени алар коомдогу кайсы бир туура эмес көрүнүштөрдү жөнгө салып турушат.
– Саясатчылардан кимди баалайсыз?
– Эми мен баалаган көп эле адам бар. Ошолордун ичинен өзгөчө Өмүрбек Бабанов жагат.


Гүлнара, 17 жашта. Бишкек шаары:

– Чыныгы сүйүүгө кабыл­дыңыз беле?
– Чыныгы сүйүүгө жолуккам. Жадакалса азыр ал сүйүүнүн азабын тартып жатам. Башкача айтканда, сүйгөн кызым мени түшүнө алган жок.
– Үйбүлөдө аял көбүрөөк сүйүш керекпи же эркекпи?
– Үйбүлөдө эркек аялзатын көбүрөөк сүйүш керек деп ойлойм. Канчалык катуу сүйсө ошончолук жакшы жашоо, бекем үйбүлө болот. Эркек сүйүп турса аял “мени күйөөм катуу сүйөт” деп сыйлап калат. Эркек сүй­бөсө ала жипти аттап, туура эмес жакка барып аялын капа кылат.


Бегайым, 18 жашта. Бишкек шаары:

– Динге көз карашыңыз кандай?
– Мен мусулманмын. Мусулман динине берилем жана Кудайдан корком.
– Жыйырма жылдан кийин өзү­ңүздү кандай элестетесиз?
– Жыйырма жылдан кийинки өзүм­дү элестете албайм, бирок кыялданам. Кудай буюрса, жыйырма жылдан кийин кыркка чыгат экем. Жанымда жаркылдаган жубайым, тартиптүү балдарым болсо, өзүм үлгүлүү ата жана күйөө болсом деп кыялданам.


Самара, 20 жашта. Бишкек шаары:

– Арманыңыз барбы?
– Жашоодо өзүмдүн принциптерим бар. Алардын бири таптакыр өкүнбөө, бир нерсеге арман кылбоо. Ошондуктан менин бул жашоодо арманым болсо да жок деп айтам. Байкасаңыз керек, арман деген сөздү мен эч качан ырларыма да кошпойм.
– Апаңызды сүйүндүрүп качан келиндүү кыласыз?
– Кудайдын буюрган күнү апамды келиндүү кылам. Бирок жакында кыла албайм го. Анткени сүйүүдөн көңүлүм калды.


Наргиза, 17 жашта. Бишкек шаары:

– Бул турмушта эмнени ут­ту­ңуз да эмнени уттур­дуңуз?
– Негизи, уттуңуз деген суроо туура эмес го. Эмнеге жеттиңиз?- десең туура болсо керек. Биринчиден, бул жашоого жаралып калганымдын өзү жетишкендик. “Ырчы болсом” деп кичинемден кыяданган тилегиме жеттим. Азыр мен жашмын, жетпеген нерсеме өз убагында сөзсүз жетем.
– Бир кыз сизге “мен сени аябай сүйөм. Мага үйлөн, үйлөнбөсөң өлөм” деп жатса ага эмне деп жооп кайтарасыз?
– Адамга канчалык жылуу сөз айт­саң, ошончо ага жылуулук алып келет. Ошондуктан мен ага болушунча жакшы сөздөрдү айтып, жөн жерден жанын кыйнабоону түшүндүрмөкмүн.


Мунара, 45 жашта. Кочкор айылы:

– Мен Кочкордон чалып жаттым эле. Биз үйбүлөбүз менен сенин ырларыңды жакшы көрөбүз. Кочкорго качан концерт коюп ке­ле­сиң?
– Негизинен, Кочкорго концерт коюп көрө элекмин. Бирок күзүндө ошол тарапты кыдырсамбы деген пландарым бар.


Азеля, 19 жашта. Ош шаары:

– Жеке концер­ти­ңизди качан бересиз?
– Мен ушундай суроолорду күткөм. Концерт коюу боюнча финансы жактан чоң маселе деле жок. Болгону, сизге окшогон күйөрмандарым суранышса эле концерт коюуга даярмын.
– Ырчылыктан башка дагы өнө­рүңүз барбы?
– Негизи, мен жалкоо баламын. Бирок эмнеге кызыксам ошонун майын чыгарам. Экинчи өнөрүм бильярд ойногонум болушу мүмкүн. Анткени теңтуш балдардын арасында абдан жакшы ойнойм.


Бермет, 15 жашта. Бишкек шаары:

– Мен ыр жазам. Сизге ыр берсем ырдап чыга аласызбы?
– Жакшы ыр болсо сөзсүз ырдайбыз. Ырдын текстин “Супер-Инфонун” редакциясына алып келип таштап кетсеңиз эле мага жетти деп билиңиз.
– Кантип эс аласыз?
– Көзүм менен көрүп эс алам. Үй­бү­лөм толугу менен дасторкон үстүндө, күлүп-жайнап отурушса ушул көрүнүштү көрүп эс алам, ырахат алам. Учурда арабызда байкем гана жок. Ал “үйлөнөм” деп Москвада иштеп жүрөт.


Жылдыз, 14 жашта. Бишкек шаары:

– Саламатсызбы, сиз мага абдан жагасыз. Биринчи суроом, учурда сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Бар болчу. Бирок экөөбүз эки жакты беттеп кеттик. Көп жактан туура эле мамиле кылып жаткам. Бирок ал байкабай койду.
– Чыгармачылыкта дагы канча жүрөйүн деп жатасыз?
– Отуз жашка чейин ырдасамбы деген оюм бар. Жетеби?
– Сиз жакшы ырдайсыз го, көпкө чейин эле жүрбөйт белеңиз.
– Чоң рахмат. Чынында, муну убакыт өзү көргөзөт.


Рахат, 23 жашта. Бишкек шаары:

– Мирбек байке, сизге алгач чыгармачылык ийгилик каалайм. Биринчи суроом, адам канткенде улуу адам болот?
– Түз жолдо Кудай деп жүргөн адам улуу адам болот деп ойлойм.
– Эркек төрдүн көркү, аял чырдын көркү. Бул азыркы жаштардын заманбап макалы экен, ушуга кошуласызбы?
– “Эркек төрдүн көркү” дегенге, ал­бетте, кошулам. Бирок аял чырдын көркү дегенге кошулбайм. Чыр чыгарбаган, күйөөсүн сыйлаган жакшы айымдар четтен табылат.
– Бизге бир аз материалдык жар­дам бере аласызбы, эжем оорук­чан эле...
– Мен финансы жагынан эмес, моралдык жактан жардам берейин. Сиз эгер эжеңизди жакшы көрсөңүз иштеңиз. Кыргызда “бирөөгө жардам берем десең, балык кармабай, кайырмагыңды бер” деген макал бар эмеспи. Менин сизге кеңешим, алдыга жакшы максаттарды коюп иштеп, акча таап эжеңиздин ден соолугуна каралашыңыз. Мен жардам бермекмин, эгер сиз да, эжеңиз да оорукчан болсо. Сиздин эки колуңуз, эки бутуңуз соо экен, талыкпай иштеңиз деген жакшы тилек, кеңеш айтам.


Асел, 16 жашта. Бишкек шаары:

– Алина Жетигенованын кызы Азеля экөөңөрдүн ортоңордо чын эле кыз-жигиттик мамиле барбы?
– Азеля мага кичинекей карындашымдай сезилет. Карындашымдай көргөн кыз менен эч кандай мамиле болбошу керек го деп ойлойм.
– Майрамдарда сизге SMS жазып турсам болобу?!
– Албетте, болот. Номуруңузду мага айта кетсеңиз, өзүм чалам.


Жибек, 22 жашта. Бишкек шаары:

– Гастролго чыкканда ата-энеңиздин кадыр-баркын сезип, сагынасызбы?
– Гастролдо жүргөндө, албетте, сагынам. Бирок бир чети жер кыдыруу мен үчүн бакыт. Анткени күйөрмандарым менен жолугам дегендей...


Жазгүл, 20 жашта. Бишкек шаары:

– Сиздин көп эле ырлары­ңыз­дын мазмуну жакшы. Аларды өзүңүз жазасызбы?
– Ата Мекен, патриоттук сезимди козгой турган ырларды радиодо иштеген классташым Кундуз Качкынбаева жазып берет. Ал эми сүйүү сезимдери тууралуу ырларды өзүм эле жазам.


Айпери, 16 жашта. Бишкек шаары:

– Жашооңуздун маңызы эмне?
– Жашоомдун маңызы апам, андан сырткары, менин келечекте болчу үйбүлөм, балдарым.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан