Акылбек Жапаров: «ӨЗҮМӨ ИШЕНЧЭЭКТИГИМ ЖАКПАЙТ»

Кыргызстанда каржылык кризис болорун биринчилерден болуп Акылбек Жапаров айтып чыккан эле. Алдыда боло турган ишти алдын-ала так так боолгой турган сапаты бар Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүн бизде мейманда.

– Өткөндө байланышсак, “эки жумалык эс алууга кетип жатам” де­диңиз эле, кандай эс алып келдиңиз?
– Быйылкы эс алуум жаман болгон жок. Жоопкерчиликтүү иштерди аркалап жүргөндөн бери биринчи жолу үй-бүлөм менен 12 күн көл жээгинде эс алдым. Ушунча күн ичинде бир жолу гана жаан жаады. Кыскасы, күнгө укмуш күйдүм. Жакында эле таята болдум. Небере деген аябай таттуу болот экен, көлгө неберемди да алып алган элек. Андан сырткары айылга барганга да жетиштим.
– Кичи мекенге барганда “министр бала келди” деп сыйлап тосуп алышса керек...
– Айылда классташтарым анча деле көп эмес. Бирок менин барганымды укканда эле чогулуп келип калышат. Алар менен жолугуп, өткөн-кеткенди эскерип, жамандык болсо куран окутуп дегендей, бир болобуз. Ал эми кошуна-колоңдор өздөрү эле учурашканы келишет.
– Кичине кезде маңдайыңыздан сылаган адамдарды, чогуу ойногон досторду көргөндө балалы­к эске түшсө керек...
– Эсиме түшөт деп деле айтпайм. Анткени балдарым өзүмдөн чоң болуп аталап турушса, балалыкты элестеткиң келсе да уялат экенсиң.
– Айылга барганыңызда жакын­да­ры­ңызга эмне белек алып барасыз?
– Кийим-кечек, азык-түлүк дегендерге кийлигишпейм, аны келинчегим тейлейт. Депутат болгондон бери бир адатым бар. Айылга барарда чөнтөгүмө акча салып алам. Материалдык жардамга муктаж болгон адамдарга балаңа балмуздак алып берчи деп берип коём.
– Бала кезде тентек белеңиз?
– Тентек эле болчумун. Мектепте балдар бири-бирибиз менен мушташчубуз. Кулак-мурдум сынып, башым да жарылган. Мектептеги атамандар башка мектептин балдарына жекеме-жеке чыкчу элек. Ошентип, мен башка мектептин балдары менен да мушташканга жетишкем. Кочкордо беш мектеп болсо, ошончо мектеп боюнча бешинчи атаман элем.
– Ар бир эле адам балалык сүйүү­сүн жылмаюу, толкундануу менен эстейт. Сиздики эсиңиздеби?
– Мен азыр деле балалык сүйүүм менен жашап келе жатам. 7-классымда классташым Анараны жактырып калдым. Ал убакта сүйүүбүздү ачык айтып, кол кармашып жүрө алчу эмеспиз. Чогуу топ ойногондо, сабак боюнча олимпиадаларга, кино көргөнү барып калганыбызда сүйүүмдү билдиргенге аракет кылчумун. Сезимимди билип калгандан кийин кээде кечкисин жолугушууга үйүнө барып жүрдүм. Отурушка барганда да ата-энебиз түнкү саат 12ге чейин гана уруксат берчү эле. 12 болду дегенде үйдүн босогосун аттаганга аракет кылчу элек. Ал кезде азыркы жаштардай болуп ичимдик деле иччү эмеспиз. Болгону, кока-кола, лимонад дегендердин атасын таанытканыбыз эсимде.
– Качан үйлөндүңүз?
– Анара менен 7-класстан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 1-курсту бүткөндө үйлөнүп алдык. Ошентип, классташым менен жашап келе жатам. Мына сүйүү деп биздикин айт.
– Жубайыңыздын кайсы сапаты жакпайт?
– Кайсы бир сапаты жакпаса, ушун­ча жыл жашайт белем? Ысыкты да, суукту да чогуу баштан өткөрүп келе жаткандан кийин жаман жагы болсо деле байкалбай калат окшойт.
– Майрам сайын белек бересизби?
– Майрамдарда, туулган күнүндө роза гүлүн белек кылганды унутпайм. Балдарыма да убакыт-сааты келгенде каалаган нерселерин белек кылып турам.
– Азыр жубайыңыз эмне менен алектенет?
– Буга чейин кичүү кызым Ажар менен үйдө отурган. Азыр кызыбызды бала бакчага бердик. Андыктан өзүнүн чакан бизнеси менен алектенип жатат.
– Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Үч балам бар. Улуу кызым Саадат турмушка чыккан. Ушул кызым бизди таята-таене кылды. Азыр үйдө. Андан кийинки уулум Максат Пекинде окуйт. Кенже кызым Ажар үч жарым жашта.
– Балаңыз “Кытайда калам” десе уруксат бересизби?
– Албетте, өзү чечет дечи. Бирок жалгыз эркек бала болгондон кийин жанымда болгону эле жакшы го.
– Ачууңузду кантип чыгарасыз?
– Кээде жиним келгенде жумуштан кыйкырып, урушуп алам. Бир топ күпүлдөп алгандан кийин кыйкырган менен эч нерсе чечилбесин билип, өзүмдү кармап калам. Жиним укмуш келип турса да келинчегиме, балдарыма колум эч качан тийбейт. Бирок тилди тыя албайт экенбиз да.
– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз барбы?
– Жумшактыгым, анан ишенчээктигим жакпайт. Ушул эки сапатымдын айынан көп нерседен куру калдым.
Депутат болуп турганымда “китеп жазат элем. Мындай маселем болуп жатат” деп жардам сурап келе беришчү. Мен ишенип, колдон келген жардамымды бере берчүмүн. Ошол адамдар менден чыгып башка беш-алты депутатка кирип, дагы акча алып кетишчү экен. Муну кийин билдим. Мындан да жаман алдоолор саясатта болот. Бүгүн бир маселени сүйлөшүп кол алыштыкпы, эртеси эле “мындай болуп калды” деп, терс бурулуп кеткендер бар.
– Спорт менен машыгасызбы?
– Волейбол ойнойм. Андан сырткары сууда сүзүү менен машыгам.
– Эми жеке турму­шуңуздан алысыраак суроолорго кайрылсак. Сиздин оюңузча Кыргызстандын өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?
– Той-аш дегендерди кыскартыш керек. Намыс деген нерсе кыргыздын бутка турушуна тоскоол болуп жатат. Намыс дегеним, баласы үйлөнсө айылдан эмес, сөзсүз борбордогу кафе-ресторандардын биринен той өткөрүш керек болуп калды. Кызынын себин берерде намыстанып, карыздап болсо да гарнитур алып бериш кажет. Жамандык болсо да намыстанып, үч-төрт кара союш зарыл. Ушунун баары артыкбаш чыгым да, туурабы? Мен эсептеп көрсөм, бир жылдын ичинде кыргыздар 1 миллиард сомго жакын акчаны курулай намыс­ка кетирет экен. Курулай намысты жоюп, кичине сарамжалдуу болсок да жашообуз жакшырмак.
– “Кризистин экинчи агымы келе жатат, быйыл кыш катуу болот” деген божомолдор бар...
– Кризис боюнча божомолдорго мен каатчылык өтө элек деп жооп берет элем. Ошентсе да Америкада, Орусияда, Европада экономикага байланыштуу жакшы белгилер көрүнө баштады. Кыштын катуу болушу бул – Кудайдан. Бирок былтыркыга караганда быйыл “Токтогул” суу сактагычында суу көп. Менимче электр жарыгы өчүрүлбөйт.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.

Артка кылчайсак...

  • 1964-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
  • 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.

Аркалаган кызматтары:

  • Фрунзедеги Политехникалык институттун автомобиль жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери;
  • КРнын Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
  • Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору;
  • КРнын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 2000-жылдан 2005-жылга чейин КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
  • 2005-жылдан 2007-жылга чейин КРнын Экономика жана финансы министри.

Учурда...

  • КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 359, 18-24-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан