Шоу-бизнес өзү көп нерседен баш тарттырып, болсо да жок дедирип, жадакалса каалап турган тамагын да жедирбей, кысымга алат окшобойбу. Дегеним, буга чейин “үйбүлөм жок” деп жүргөн ырчы Сапар Эркебаев жашырып келген сырын айтып оозубузду ачырды.
– Сапар, үйбүлөң тууралуу айтайын деп турасың. Ырчы катары таанылганыңдан бери "бойдокмун” деп келдиң эле. Жаап-жашырууга эмне себеп болду?
– Үйбүлөмдү күйөрмандарым азайып калат деген ой менен жашырган жокмун. Дана эже экөөбүздүн ортобуздагы келишим аягына чыкмайын үйбүлө күтпөшүм керек эле. Улуу байкелерим үйлөндү, мага кезек келди дегендей. Анан үйлөнүп алдым.
– Продюсериң эмне деди?
– Продюсерим экөөбүздүн ортобузда келишимден сырткары, бири-бирибизди түшүнүүчүлүк бар. Дана эже “болор иш болду. Эми үйлөнгөнүңдү элге айтпай тур” деди. Ошондон улам буга чейинки интервьюларымда үйбүлөмдүн бар экенин жашырып келгем.
– Сенин бүгүн бизге үйбүлөң тууралуу айтып берериңди продюсериң билеби?
– Ооба, билет. Мен ушинтип баарын ачык айтып бергени жатам десем, албетте, колдогон жок. Бирок мурункудай так секирбеди. Анткени Дана эже өзү азыр үйбүлөлүү болуп, наристе күтүп жаткан учуру. Ошондуктан ал менин бул кадамымды туура кабыл алат деп ойлойм.
– Үйбүлөңдүн бар экени тууралуу бизге канчалаган каттар келип, телефон чалуулар болчу. Ошондон улам биз сени жарандык никеде жашаса керек дедик эле.
– Жок, андай эмес. Борборго 2003-жылы келгем. Келинчегим менен ошондо эле таанышкам. Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш коштук. Кадимкидей эки тарап, досторум келип, нике кыйылып мусулманча үйлөнгөнбүз. Келинчегиме, кайын журтума ыраазымын, үйбүлөм жок деген интервьюларыма түшүнүү менен карап, мени жаман көрүшкөн жок. Бирок досторумдан, сахналаштарымдан үйбүлөм бар экенин жашырган эмесмин. Ырчылар кимибиздин кызыбыз, кимибиздин аялыбыз бар экенин жакшы билебиз.
Чынында, "үйбүлөм" жок деп жооп бергенден кийин көпкө жаман болчумун. Мени жакындан тааныгандар “балаң бар турбайбы?” десе эч качан жок деген эмесмин.
– Аялың, кызың тууралуу айта кетсең...
– Аялым Мунара азыр тигүүчү болуп иштейт. Кызымдын аты – Мээрим. Кечээ Орусиядан эжем келип айылга алып кетти. Буга чейин сүрөткө да тартпаптырмын. Ошондуктан силерге кызымдын сүрөтүн бере алган жокмун. Кызымдын кеткенине эки эле күн болсо да сагынып кеттим.
– Кандай күйөө, кандай күйөө бала жана кандай ата болуп жатасың?
– Жакшы эле күйөө болсом керек. Келинчегим өз жумушу менен, мен өз жумушум менен дегендей. Үйдө казан-аяк көп деле кагышпайт. Кайын журт менен абдан жакшы мамиледемин. Кызым болсо апасына караганда мага жакын. Анткени кичине тентектик кылса, апасы какыс-кукус кылып коёт да.
– Эми сөз нугун чыгармачылыкка буралы, акыркы жаңылыктарыңа токтоло кетсең...
– Аранжировка жасоочу чакан студия ачкам. Ал жерде азырынча өзүмдүн гана ырларымдын үстүндө иштеп жатам. Андан сырткары, жакында эле Ильяз Абдыразаковдон бир ыр алдым. Ошону элге алып чыгуу үчүн кам көрүүдөмүн.
– Ильяздан ырларды сатып аласыңбы?
– Ильяз ырларын башкаларга сатабы, сатпайбы билбейм. Мен бекер эле алам.
– Артык, Сапар дуэти тарагандан кийин өзүңдү кандай ийгиликке жетиштим деп ойлойсуң. Балким, “тарабай эле койсок болмок” деп өкүнүп жүргөн чыгарсың?
– Андан бери канчалаган окуялар болуп кетти. Артык байке экөөбүз иштешип жүргөндө мени эл Артык-Сапар деп билчү. Ал мезгил деле жакшы. Бирок тарап кеткенибиз андан да жакшы болду. Анткени азыр Артык-Сапар эмес, Сапар Эркебаев деген өз атым менен элге белгилүүмүн.
– Артык менен мамилең кандай?
– Байкеге жолукпаганыма көп болду. Ал чыгармачылыкты таштап койду окшойт. Мурда жолугуп калганда баягыдай эле кучакташып көрүшүп, жакшы сүйлөшчүбүз.
– Азыр көпчүлүк ырчылар ырларынын сөзүн да, обонун да өздөрү жазып калышпадыбы, а сага ким жазып берет?
– Мага ырдын текстин бирөөлөр жазып беришет же өзүм жазам. Ал эми обондорду өзүм жаратам. Мисалы, “Коштошуу”, “Ак шам”, “Башаламан”, “Жалдыратпачы” ырларымдын обондору өзүмө таандык. Башка бирөөнүн обонун ырдай албайм.
– Ырчылар арасында ким менен жакын доссуң?
– Оштук ырчылардын баары менен досмун.
– “Оштук ырчылар менен досмун” дегениңе караганда жердешчилик менен “ооруйт” окшойсуң...
– Жердешчилмин деп деле айтпайм. Эмнегедир, түштүктүк ырчылар менен көп байланышам. Негизи, кайсы жердик ырчы болбосун, баары менен жолуккан жерден жакшы саламдашам. Ошентсе да менин эң жакын досум деп жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы Алмаз Алыкуловду билем.
– Өзүңө кайсы мүнөзүң жагат да, кайсы мүнөзүң жакпайт?
– Болсо болот, болбосо жок деген мүнөзүм жакпайт. Сөзсүз жетишим керек деп аракет кылбайм да. Калган сапаттарымдын баары эле жагат.
– Мага, эмнегедир, сенин азыркы турушуң бир нерсеге өкүнүп, нааразы болуп тургандай сезилип жатат...
– Ичимде андай деле капам жок. Мен кечкисин кафеде ырдайм. Иш убактысы саат 11ге чейин болсо, бир сааттай акча бөлүштүрөбүз. Ошентип, үйгө жеткиче түнкү саат 1 болот. Азыр ошого болсо керек, бир аз уйкусурап отурам.
– Биртуугандар арасында сенден башка да ырга жакындары барбы?
– Улуу байкем ЗиЛ, андан кийинки байкем комбайн айдайт. Ошентсе да эжелеримдин, байкелеримдин баары гитарада ойношот. Бирок алар менчилеп элге чыгып ырдагылары келбейт. Баарыбыздын чыгармачылыкка жакын болушубуз ата-энемдин таасири десем болот. Атам комузда ойносо, апам айылда аты белгилүү ырчы.
– Эркектердин кичүүсү экенсиң, айылга барып ата-энеңди бакчу сен турбайсыңбы?..
– Ооба, негизи, ата-энемди мен багышым керек. Бирок шаарга көнүп алдым, айылга барып жашай албайм го. Менден улуусу менен сүйлөшүп койгом. Ал менин ордума айылда калып ата-энемди карайт.
– Келечекке койгон жеке жашоодогу, чыгармачылыктагы пландарың жөнүндө да айтсаң...
– Машина алдым, бирок үстүмдө үйүм жок. Там салсамбы деп жер тилкесин алып койгом, там салып алсам, анан экинчи баланы пландайбыз. Бул жактан там салышыма айылда менин ордума калган агам кичине жардам бериши керек. Чыгармачылыкта көптөгөн пландарым бар. Аларды убагы келгенде айтып берем.
– Кийим, тамак-аш алганда жубайың менен барып соода кыласыңбы?
– Мен кийимге такыр кызыкпайм. Соода түйүндөрүнөн деле кийинбейм. Базарга кирип кымбат болсо арзандатып, түшүрүп өзүмө жакканды сатып ала берем. Келинчегим экөөбүз базарга анда-санда эле барбасак, тамак-ашты деле өзүм жаныбыздагы кичине базардан сатып алам. Негизи, аял киши менен базар кыдырганды жаман көрөм.
– Сапар, кызыктуу маегиңе рахмат. Жаныңда сүйүп алган жубайың, жакшы көргөн кызың аман жүрсүн.
Сапар тууралуу...
Сүйүн Кулматова
star@super.kg