Санжар Бердибеков: «АТАМДЫ ДОСТОРУ ӨЛТҮРҮШКӨН ЭМЕС»

Куудул Манас Бердибековдун арабыздан кеткенине бир нече жыл болду. Бирок анын ар бир сатирасын, интермедиясын дал өзүндөй сүйлөп аткарып, элге күлкү тартуулап келе жаткан уулу Санжар Бердибеков бар. Тамашалуу “Трактир” ыры менен ырчы катары да баш көтөргөн Санжардын акыркы күндөрү аты угулбай кетти. “Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?” демекчи, Санжарды конокко чакырып, кайда, эмне иш кылып жүргөнүн сураштырдык.

– Санжар, эмнегедир, акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиң да...
– Жүрөм. Тойлорго анча-мынча тамада боло коюп, концерттерди алпарып, өнөктөшүм туура келсе интермедия ойноп дегендей. Кыскасы, чыгармачылыктан алыс кеткен жокмун. Бирок акыркы убактарда телерадиолорго чыккым келбей, тынч эле жүргүм келип калды.
– Эл көзүнөн алыстап, тынчтыкты каалаганыңды кандай түшүнсөк болот? Же жаш өтүп баратат дегени турасыңбы?
– Жаш өтүп баратат дегендей, өтө деле картая элекмин. Дайыны жок далактагым келбей калды. Балким, бул динге берилип, ыйман жолуна түшкөнүмдүн таасири.
– “Ыйман жолуна түштүм, анан кайра арак ичип алдым” деп жүрдүң эле, эми ыйман жолунан кайтпайм деп ойлойсуңбу?
– Негизи, “намаз окуп, дааватка чыгып жатам” деп жарнама кылыштын өзү туура эмес. Акыркы күндөрү бирөөлөргө “мен мындай элем, эми минтип жатам” деп айткым да келбей калды.
– Ыйман жолунда жүргөнүң жакшы. Бирок сенин сахнага чыгып интермедия аткарганың, тамада болгонуң, ырдаганың шариятка туура келбейт да...
– Киши өлтүргөнгө, тамеки чегип, арак ичкенге, ушак сүйлөгөнгө караганда сахнага чыгып элдин көңүлүн көтөргөндү күнөө деп эсептебейм. Сахнага чыкканда да чектен аша каткырып мылжыңдабаш керек.
– Учурда кайда жашайсың?
– Бишкекке концерт койгону гана эмес, сагынганда жашап кетейин деп деле келем. Бишкекке келсем, бул жакта Ошко барганда Ошто айлап-жылдап жашай берем. Эки жакта тең менчик болбосо да ижарага алып жашачу үйүм бар. Кайсы жакка барбайын, келинчегим дайыма жанымда.
– Келинчегиң Рахат менен жашап жатканыңда «Ошко гастролго барып “үйлөнүп жатам. Келип калгыла” деп туугандарын, досторун чакырткан» деп уктук эле.
– Жок, андай болгон эмес. Бул ушак. Мурун эрке, ызы-чуу бала болуп көчөдө көп жүргөн үчүнбү, көп имиштер болчу. Азыр андай сөздөр бир аз токтоп калды. Өзүм да токтолдум. Бир эле аялым, бир балам бар.
– Балаң окуп калса керек...
– Берадор 1-классты аяктап жатат. Мага караганда балам жакшы окуйт. “5” алдым дегенинен “ий, балам жакшы окуйт” деп сүйүнүп жүргөм. Көрсө, жалаң сүрөттөн эле “5” алат экен да.
– “Мага салыштырмалуу балам жакшы окуйт” дегениңе караганда, мектептен жалаң “2-3кө” окучу окшойсуң, ээ?
– Жакшы көргөн сабактарымды колдон келишинче окуйт элем. Жаман көргөн сабактардан окуткан эже-агайларга ачык эле “сенин сабагыңды жаман көрөм, катышпай эле коёюнчу?! Бул сабактарыңды кийин деле колдонбойм” дечүмүн. Мен жаман көргөн сабактар – физика, химия, алгебра, геометрия эле.
– Мугалимдер менен адатта чектен ашкан тентектер айтышат эмеспи...
– Мен таята-таенемдин 11-баласымын. 10 баланы өстүрүшкөндөн кийин мен алардын колуна 3 айлык кезимде 11-бала болуп барып жатпаймынбы. Алардын мени тарбиялаганга энергиялары деле калбай калган. Анын үстүнө небере болгон үчүнбү, каалагандай чоңой дешип оюма коюшкан. Чын эле мектептен оюма келгенди жасай берчүмүн. Кышында карды тоголоктоп, кайра сууга салып муз кылып, анан бурчтан чыга калып кыздарды урчумун. Ыйлагандарын сураба. Мен болсо ыржактап күлөт элем.
Үйдө баары эле мени жаман көр­гөндөй сезилгенинен бир жолу атымды чыгаргым келди. Үйдүн кире беришиндеги жерге салгыч тиякка-биякка, жадакалса төргө чейин жылып кетет десең. Анан анын төрт жагынан төрт мык кагып койдум. Кагып коюп “мени азыр макташат” деп четте байкап турам. Бир убакта таятам кирип баратып жерге салгычка буту илинип калып бет маңдайынан жыгылды. Мактоо укпай эле таятамдан ошондо таяк жегем.
– Таята-таенең кандай жүрү­шөт? “Таенемди жаман сагындым” деген ырыңа караганда, аларга көп каттабайт окшойсуң?
– Экөөнүн жанына барган жыргал да. Ошол үчүн таенем менен таятама тез-тезден эле каттап турам. Алар токсонго жакындап калышса да күүлүү-күчтүү. Азыр алардын колунда кичүү таякем бар. Айылдагы үй мага арналып курулган эле. Бирок мен минтип артист болуп кетпедимби. Тайларыма гана эмес, чоң атамдыкына, кайын журтума, кыскасы, туугандарымдыкына тез-тез каттап турганды жакшы көрөм. Баса, атамдын ысымы Базар-Коргон районундагы райондук маданият үйүнө ыйгарылды. Анын ачылышы 25-майда болуп өттү. Ачылыш аземине Рахман Разыков баштаган бир нече куудул катышып келдик.
– Куудулдар туурасында сөз болуп кетти, “Манасты жанында жүргөн эле достору көрө албастык кылып өлтүрүп койгон” деген да сөздөр бар.
– Бардык нерсе бир Алла Тааладан. Атамдын бешенесине ушул нерсени жазылган да. Ашынган байлыгы болбосо же айыгышкан душман болбосо, достору эмнеге өлтүрөт? Тескерисинче, атамдын эң жакын достору Рахман менен Абдылда болгон. Андыктан атамды достору өлтүрүшкөн эмес.
Өз апаң менен эне-баладай эле катташасыңбы?
– Апамды Беловодск шаарчасына көчүрүп келип алгам. Азыр анын кийинки жолдошунан эки кыз, эки уулу бар. Алар мени улуу агасындай көрүшөт. Апам мага биртуугандай болуп калган. Апамды эже, жолдошун жезде дейм. Жумасына 1-2 жолу үйүмө каттап турат. Мурун апа катары кабыл ала албай кыйналсам, азыр көнүп калдым. Бирок апа дебейм. Таенемди апа дейм да. Ал киши угуп калса “ий, өлүгүңдү көрөйүн, сага эми таене болуп калдымбы” деп сөксө эмне дейм.
– Манас байкенин кийинки аялынан балдары бар да. Алар менен биртуугандай элесиңби?
– Үч иним, бир карындашым бар. Атамдын куудулдук жагын карындашым Элнура тарткан окшойт. Элнура менин көзүмчө куудулданбаганы менен мен жок жерде укмуш сүйлөйт экен. Аны мага аялым айтып берет. Атама Артур деген инимдин эч жери окшобойт, бирок баскандары атамдын эле өзү. Атам сүрөттү укмуш тартчу эле, мунусу Калый деген иниме ооптур. Элдин айтымында, өң-келбет жагынан ал кишиге мен көбүрөөк окшошмун. Ошентип, мен тайларымды кошо санаганда 19 биртууганмын.
– Чыгармачылыгыңа кайрылсак, “Трактир” деген ырыңдан кийин ыр жараттыңбы?
– Андан кийин беш-алты ыр жараттым. Бирок аларды телерадиого берип хит кылууга аракет кылган жокмун. Өзүм эле концерттерде ырдап коюп жүрөм. Акыркы күндөрү обон жарата баштадым. Бир жолу кыңылдап отуруп обон таап алып, Ильяз Абдыразаковго сөз жазып бербейсиңби деп калдым. Ильяз: “Сиз кызыксыз, өзүңүз аракет кылыңыз да” десе, ой-да каткырып “эй, сөз жазууну башка бирөөгө айтсаң да мага айтпа” дедим. Ошол жигит айткандан кийин жазсамбы деп ойлонуп калдым. ”Таенемди жаман сагындым” деген ырды өзүм жазгам. Негизи, ал кызыктай эле ыр. Жакшылап укпаса, адам түшүнбөй да калат. Таенем бул ырды өзү уга элек. Бирок өзү жөнүндө ыр жаралганын элден угуптур. Мындан сырткары, таенем жөнүндө интермедиям да бар эле. Өткөндө айылга барсам, “мени элдин баарына айтып чыктың, болду эми токтотсоңчу” деди.
– Күйөрмандарың мурункуга караганда азайса керек?
– Мурун жинди экем, “сиз таланттуусуз, мага жагасыз” деген кыздардын баары менен көңүлү калбасын деп сүйлөшө берчүмүн. Азыр деле телефон чалышат, бирок мурункуга караганда аз. Өтө эле жабыша бергендерин “галдирап чала бербечи” деп болушунча урушуп салып жатам.
Үйбүлөлүү болгондон кийин дагы артыңдан ээрчиген кыздар болгонбу?
– Мындан 4-5 жыл мурун болгон. Сахнага чейин чыгып алып “мен сени жакшы көрөм” деп айламды кетиришип, ал гана эмес, үйгө чейин издеп келип абийиримди кетиришкен. Азыр алардан дайын жок.
– Маегиңе чоң рахмат. Ишиңде ийгилик болсун.

Санжар жөнүндө кыскача...

  • Базар-Коргон районунун Чкалов айылында 1978-жылы төрөлгөн.
  • Базар-Коргондогу кесиптик окуу жайындагы тракторчунун окуусун бүтүргөн.
  • Быйыл Искусство институтуна тапшырууну пландаштырып жатат.
  • Убагында бир жылдай картошкадан тарта спиртке чейин сатып базарда соода кылган.
  • Мурун кызганычтан улам куудулдун үйүндө казан-аяк көп кагышчу. Санжар ыйман жолуна түшкөндөн бери казан-аяктын үнү чыга элек.
  • Аялын “аялым го, аялым” деп эркелетет.
  • Өкүл атасы – Бек Борбиев.
  • Көпчүлүк Санжарды кыз жандуу деп ойлошот. Бирок Санжар өзү бул ойго кошулбайт.
  • Көп колдонгон сөзү “жыр­таңдап”.
  • Боюнун узундугу эсинде жок. Салмагы 84 килограмм.
  • Чүчпарадан башка даамдуу жасалган тамактын баарын жей берет. Өзү палоону жакшы басат.
  • Материалдык байлыгы – азырынча эч нерсеси жок.
  • Акылдуу, сулуу, жөнөкөй, чыпташкан көйнөк кийбеген кыздарды жактырат.
  • Кол жазмасы сулуу.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
TUMAN1
2013-11-22 23:39:13
Красафчик
0
№ 343, 29-май - 4-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан