Тата Улан: «ЖҮЗҮМДҮ ЭЛ ТААНЫШЫН КААЛАБАЙМ»

«Салам, Кыргызстан, жерим – Кыргызстан, элим – Кыргызстан, жаша Кыргызстан!» деген рэпер Тата Улан бизде конокто. Ырчы ырларында өлкөбүздөгү ар бир айылга салам айтып, күйөрмандар аудиториясында кадыр-баркка ээ болуу менен белгилүүлөрдүн катарына кошулду десек жаңылышпайбыз.

– Улан, сени чет жерде төрөлүп өс­көн деп уктум эле.
– Мен төрөлгөндө ата-энем экөө тең Бишкектеги Көркөм сүрөт окуу жайын аяктап жатышкан экен. Анан мени Кеминдеги таене-таятамдыкына таштап, өздөрү окуусун улантуу үчүн Алматы шаарына кетишкен. Ошол, кыскасы Бишкекте эле төрөлгөм.
– Таята-таенеңин эркеси болгон турбайсыңбы анда?
– Ошондой эле болду. Канчалык эрке болгонум менен экөө тең туура тарбия беришти. 7ге чыкканымда таенем каза болуп калды. Ошондо кичинекей болсом да, таенемдин өлгөнүн түшүнүп, колума таяк алып, боз үй алдында өкүрүп жоктогом. Таенемден айрылгандан кийин апам Алматы шаарына алып кетип, орус мектепке берген.
– Өз ата-энеңе барганда тая­таң­ды сагынып, кайра Кеминге кеткиң келдиби?
– Албетте, сагындым. Бирок мектепке киргенде окууга алаксып кеттим. Мектеп босогосун аттаганда бир да орусча сөз билчү эмесмин. Балдар менен булдуруктап сүйлөп жатып, тез эле үйрөнүп кеттим. Үйдө да ата-энем орусча сүйлөшчү. Ошонун да таасириби, мектепти бүткүчө кадимкидей өз тилимди унутуп калгам. 7-8-классымда эле текст жазып, обон чыгарып, гитара менен ырдачумун. Талантымды баалаган мугалимдер айрым сабактардан, экзамендерден жөн эле баа коюп беришчү. Жайкысын эс алуу лагерлерине барганда, пионер вожатый болуп иш алып барчумун.
– Өспүрүм кезиңден ыр жаза баштасаң, сүйүү эрте эле келген окшойт...
– Жайкы лагерлердин биринде жүргөндө армян кызын сүйүп калдым. Мен 16да, ал 14тө болчу. Экөөбүз эки жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Анан Москвага окууга кетип калдым. Ал мени “сен ал жакта башка менен жүрсөң керек” деп кызгана берчү. Анан кызганычтын аягы кол үзүшүү менен аяктады.
– Москвага кайсы окууга кеттиң эле?
– Бишкектен таежем “актёр болосуңбу? Бул жактан көп жаштар Москвага кетип жатышат” деп телефон чалып калды. Анан Алматыдан Бишкекке келип, бир топ жаштар менен Щепкин атындагы театралдык окуу жайына кеттим. Бир да кыргызча билбеген жаным жанталашып бир күн ичинде Айтматовдун китебин окуп, монолог жаттап, окууга өтүп кеттим. Алматыда жүргөндө кыргыз деген мен үчүн бир калк эле. Щепкинге өткөндө анан кыргыздардын нарындык, көлдүк, таластык деп бөлүнөрүн билдим. Мен болсо, дароо эле казак атка кондум.
– Студенттик күндөрдө болгон кызыктуу окуялардан айтып берсең...
– Бир жолу үч бала ооруп калдык, курсагыбыз ач. Чөнтөктөрдү чукулап отуруп, беш сом таап, нан алдык. Ошондо: “Балдар, нанды кургак жесек тойбойбуз. Мен азыр коңшу жашаган корейлерден өсүмдүк майын сурап келем. Анан майга малып жейбиз”,- дедим. Алар менен биздин жашоону салыштырып болбойт эле. Биз ачка отурганда, алар балык менен сыра ичип, телевизор көрүшчү.
Кичинекей чыны көтөрүп алып, бөлмөсүн тыкылдатып май сурасам, “түшүнгөн жокмун” деп ийинин куушуруп, эшигин тарс жаап салды. Айлам кеткендиктен, “наглый болушум керек” деген чечимге келдим. Бөлмөгө келип колумдагыдан да чоң чыны алдым да, корейлердин эшигин тыкылдатпай туруп кирип бардым. Дароо эле шкафын ачып, майды колума алып, чыныны көрсөтүп “налей” дедим. “Түшүнбөйм” деп жаткан неме “хорошо, налей” дегенден башка эч нерсе айта алган жок. Эх, ошондогу май менен нандын даамы укмуш сонун эле... Азыр канча жолу нанды майга малып жебейин, баары бир ошол күнкүгө жетпейт.
– Щепкинди аяктагандан кийин актёр болуп иштедиңби?
– Щепкинди аяктап келген жаштар үчүн Улуттук телевидениенин алдында атайын “Учур” телетеатры ачылды. Ошентип, тобубуз менен ошол театрда иштеп калдык. Баш-аягы ал жерде беш жыл иштедим.
– Театрда иштеп жатканда ырчы катары элге тааныла баштадың окшойт?
– Ооба, ошондой болду. Башында ырларды орусча жазчумун. Рэпке кызыгып, батыштын рэп айткандарын уксам, такыр мээме кирбей койду. “Манас” эпосун таап алып, берилүү менен маанисин түшүнгөнгө аракет кылып окуп чыктым. Эпосто мааниси күчтүү, айтылышы жагымдуу, учурда колдонулбай калган нукура кыргыз сөздөрдү кезиктиргенде, орусча такыр жазгым келбей калды. Саякбай атанын “Манас” айтканын угуп, ыргагын байкап отуруп, өзүмдүн азыркы стилимди, манерамды таптым. Ырларымды канчалык рэпке окшотуп жазбайын, интонацияларым “Манас” эпосунукуна бурулуп кетет.
– Бет кап кийип чыгуу сенин стилиң. Ошентсе да айрымдар “ырайы суук же бетинде бир кемчилиги бар жигит болсо керек” деп ойлошу мүмкүн да.
– Бет капты ойлоп тапканыма өзүмө-өзүм ыраазы болуп кетем. Өзүң көрүп тургандай, ырайым анча суук эмес. Кудайга шүгүр, жүзүмдө кемчилик деле жок. Бет кап кийген себебим, эл менин жүзүмдү эмес, ырларымды тааныса дейм.
– Эл ичинде “рэпти үнү жоктор деле окуй берсе болот” деген сөздөр бар...
– Рэп окуганга чейин мен деле ошентип ойлогом. Бирок андай эмес. Ырдын өзөгүн өзгөчө интонация менен берүү рэпте чоң роль ойнойт.
– Белгилүү дүйнөлүк рэперлердин ырларында уят сөздөр көп колдонулат. А сенде?
– Уят сөздөрдү бир да жолу колдонгон эмесмин, колдонбойм дагы. Эгер бирөөгө катуу айткың келсе, уят сөз колдонбой туруп эле түшүндүрүп койсоң болот. Сөгүнүү – биздин менталитетке туура келбейт. Кыргызстанда менден башка да рэп ырдагандар бар эмеспи. Алар менден үлгү алышса дейм.
– Баса, Тата Улан деген лакап атың эмнени түшүндүрөт?
– Улан – азан чакырылган атым. Ал эми Тата – таятамдын аты. Таятамдын өз аты – Абылкасым. Ал киши сүрөттү укмуш тартчу. Бир жолу Сталиндин сүрөтүн тартып койсо, көрө албаган бирөө башына мүйүз кошуп коюптур. Таятамды ошондо “репрессия кылабыз” деп чыгышканда, тоого качып кетиптир. Анан биротоло Абылкасым атын өчүрүп, Тата болуп паспорт алыптыр кийин.
– Жеке турмушуңа кайрылсак, сени үйлөнгөн деп уктум эле...
– Мен шаарда өскөн, орус чалыш жигит болгонум менен, кыздарга болгон талабым нукура айылдык жигиттердикиндей. Сүйүп эле үйлөнгөм. Үйлөнгөндөн кийин аялым өзүнүн чыныгы жүзүн көргөздү. Мен андай аял менен жашагым келбейт. Ошондон улам кетирип жибергем.
– Деги сага кандай кыздар жагат?
– Учурда сүйлөшкөн кызым жок. Мага жаккан кыз ыймандуу болушу керек.

Улан туурасында...

  • Бирөөнү сүйсө, аны эч кимге алмаштырбайт. Бирок бир көңүлү калса, оңой менен жылыбайт.
  • Эч качан калп айтпаган, дайыма чындыкты баалаган жигит.
  • Казак, орус тилдерин суудай билет.
  • Ырчылыктан сырткары, режиссура менен алектенет.
  • Өзүн акын да, ырчы да деп эсептейт.
  • Ырларынын баарын көргөндөрү, байкагандары, уккандары боюнча жазат.
  • Жакында сейил бакта бир кыздын отургучка жөлөнүп алып ыйлап жатканын көрүп, ага карата “Карындаш” деген ырын жаратты.
  • «Эч качан, эч ким менен дуэт ырдабайм»,- дейт.
  • Тоого барып, суунун жанында отуруп эс алганды жакшы көрөт.
  • Анчалык жашык эмес.
  • Чочуганда “астапыралла”, “бысымылда” дейт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан