Урмат Усенов: «МЕН ДА ДЕПУТАТ БОЛОМ»

Урмат менен Нелянын түтүн булаткандан кийинки жашоосу ыр сүйүүчүлөрдүн баарына кызык. «Урмат кандай күйөө бала? Неля кандай келин болуп жатат? Жер-жемишке талгак болгон Неля качан көз жарат?» деген сыяктуу суроолордун жообу төмөнкү макалада. Кыскасы, бул үйбүлөдө жаңылык бир куржун.

– Күйөрмандары­ңар “Урмат ме­­нен Неля ырдабай калыштыбы?” деп тынчсызданып жатышат. Үйлөнгөндөн кийин чын эле чыгарма­чылыгыңар токтоп калган сыяктуу.
Урмат: – Жаңы үйбүлө болгондон кийин отурукташуу, көнүшүү деген болот экен. Ошол нерсени баштан өткөрүп жаткан үчүн чыгармачылыгыбыз бир аз тыныгууда. Ошентсе да ырдан четтеп, үйдө отуруп калган жерибиз жок. Жакында эле “Ак сүйүү” деген дуэт жаздырдык. Бул ырга жакында үйлөнүү тоюбуздагы кадрлардан, АКШда жүргөндөрүбүздү аралаштырып клип тартабыз. Буюрса, Неля аман-эсен көз жарып алсынчы, анан чыгармачылыкка кайрадан баш-отубуз менен киришебиз.
– Неля, эне болуу мүнөтү жакындаган сайын кандай сезимдер пайда болууда? Үйдө эмне менен алектенип жатасың?
– Сүйгөн адамымдын сүйүктүү жары болдум. Жакында эне статусуна ээ болом. Мунун баары мен үчүн чоң бакыт. Эртеден-кечке үйдө элемин. Эртең менен саат тогуздарда Урматты жумушка узатам. Анан үй жумуштары менен алек болом дегендей. Саат кечки алтыларда Урмат да, кайним да үйгө келип калышат, алардын курсактарын тойгузуп, анан отуруп алып үчөөбүз кино көрөбүз.
– Ден соолугуң жакшы элеби?
Жайкысын кичинемден эле аллергия боло берем. Аллергиядан бир аз кыйналганымды эсептебегенде, балакайдын да, менин да ден соолугум жакшы.
– Мурун ыр жаздырып же башка иш менен алектенип дегендей, дайыма кыймылда болчусуң. Үйдө отуруп калганга көнбөй жатсаң керек...
– Башында бир аз кыйналдым, бирок азыр көнүп калдым. Урмат кайсы концертке, тойго барбасын чогуу барабыз. Андан сырткары, күнүгө кечинде сейилдейбиз, досторубузду кыдырабыз. Съездбек, Замир, Максат, Бакыт менен шеринелеш достордонбуз. Шерине кезеги бизге келген экен, өткөн жекшембиде Ала-Арчага барып келдик. Ал жактан шишкебек жасадык, ойнодук, кыскасы, ойдогудай эс алдык.
– Урмат, сенин “абдан кызганчаакмын” деген сөзүң эсимде калыптыр. Неляны үйлөнгөндөн кийин деле кызганып жатасыңбы?
– Эртеден кечке бир үйдө чогуу болгонгобу же ишеним арткангабы, ошол мүнөзүм үйлөнгөндөн кийин жоголуп кетти.
– Боюнда бар аял сөзсүз бир нерсеге талгак болот. Неля сени “муну алып бер, тигини алып бер” деп кыйнаган жокпу?
Урмат: – Бактыма жараша жер-жемишке эле талгак болду. Жер-жемишти түрлөп күнүгө алып берем.
– Бойдок кезде күндөп-түндөп көчөдө жүргөн убакыттар болот эмеспи. Азыр андай учурлар азайса керек...
– Үйлөнгөндөн кийин менин дагы бир өзгөрүүм – үйгө эртелеп шашылганым. Такыр жылдырууга болбогон гана иш чыгып калбаса, дайыма үйгө шашып турам. Кеч барсам Неля жасаган тамагын жебей, уктабай мени күтүп отурган болот.
– Неля, бөлөк үйбүлөгө көнүү­нүн өзү кыйын. Андай кыйынчылыктарды жеңе албай кыйнал­бадыңбы?
– Бул жагынан мен кыйналган жокмун. Урмат менен үйлөнө электе эле жакшы достордон болчумун. Таласка гастролго барганыбызда Урматтын үйүндө конок болуп, кайнене, кайнежелерим менен таанышкам. Азыр баары менин көзүмдү карап турушат. Кайнежелерим сырттан киришкенде эле мага бирдеме алып келатышканын билем. Анткени пакеттердин шылдыраганын угам да. Өздөрүнөн мурун мени ойлоп “Неля жесин, ичсин” дей беришет.
– Сен эртеден-кечке үйдөсүң, Урмат көчөдө жүрөт. Кызгануу сезими болобу?
– Кызганбайм. Биринчиден, ишенем. Экинчиден, өзүм чыгармачыл адам болгондон кийин Урматтын да меникиндей күйөрмандары болорун жакшы түшүнөм.
– Урмат, өткөндө “апам Неляны абдан кызганат” дедиң эле, муну кандай түшүнсө болот?
– Кызганат деп айтсам, балким кызыктай угулгандыр. А негизи, апамдын “Неляны эл көзүнө көп алып чыкпа” деген сөзүн айтайын дегем. Экөөбүз тең биринчи жолу турмуш куруп жаткандан кийин туура эмес кадамга барып алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан интервью берерде дагы эки жак менен тең кеңешип жатабыз.
– Нелянын бир эжеси, бир сиңдиси бар эмеспи. Кайнежең менен сыр чечише сүйлөшүп, бажаң менен баш тырмашып жатасыңбы?
– Жездем менден көп жаш улуу, жолуккан жерден саламдашып, төргө өткөрүп жатам. Азырынча кайнежем менен да, бажам менен да сый мамиледемин.
– Кайнененин багын тазалап, мыгын кагып берип дегендей, кол кабыш кылуу күйөө балдардын милдети эмеспи...
– Неля экөөбүз үйлөнгөндө эле кайненем “сени күйөө бала эмес, балам деп айтам” деген. Жаңы баш кошконубузда мен Нелянын үйбүлөсүнө уул катары кошулгам. Азырынча кайын журтум кара жумушка сала элек. Барганда конок болуп эле кетип жатам.
– Жакшы экен. Неля, буюрса, борбордон эле төрөйсүң да.
– Учурда борбордогу жеке менчик бейтапканаларынын биринин көзөмөлүндөмүн. Бишкектен эле төрөйм го. Азыртадан эле “төрөсөң мен багам” деп өзүмдүн апам, кайненем талашып жатышат. Урмат болсо “бизден артпайт го” деп күлүп калат.
– Болочок апа кандай болуш керектиги, баланы тарбиялоо туурасында үйдөн өз алдыңча даярданып жатсаң керек...
– Нью-Йоркто жүргөнүбүздө бизди коноктогон бир эженин үйүнөн жаңы төрөлгөн баланы тарбиялоо туурасында китеп көрүп калгам. Барактап отурсам, эже кызыгып калганымды байкаган окшойт, белек кылган. Азыр ошол китеп аркылуу тажрыйба топтоп жатам.
– Жай айларында төрөлгөн бала тез торолот деп коюшат го. Сен кайсы айга барып каласың? Баса, УЗИге түштүң да.
– Жай мезгилинин аягына барып калам го. Албетте, УЗИге түштүм. Ким болорун азырынча айтпай эле туралы деп чечкенбиз.
– Анда сыр боюнча калып турсун. Урмат, сенин “саясатка аралашып, көп пландарды ишке ашырганы жатам” дегениңди уктум эле...
– Ал жакынкы күндөрдөгү планым эмес. Балким, беш жылда, балким, он жылда ишке ашышы мүмкүн. Журналист болуп жүргөнүмдө шоу-бизнеске аралашып, атымды таанытуу биринчи пландарымдан болчу. Ал планым ишке ашты деп ойлойм. Эми саясат эшигин да сүзүп көрсөмбү деп жатам. Чынында, азыркы депутаттардын иши мени абдан кызыктырат. Ошондуктан депутат болуп, эл өкүлү катары бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болсом деп кыялданам.
– Тилегиңе жетип депутат бо­­­­­луп калсаң ырчылыкты таштайсыңбы?
– Чыгармачылыкты эч качан таштабайм. Менден эч ким тартып да ала албайт.
– Акыркы суроо чыгармачылы­гыңарга байланыштуу болсун. Экөөң тең ырчысың, ич ара атаандаштык болушу мүмкүнбү?
Урмат: – Негизи, менин чыгармачылыгыма өзүнчө, Неляныкына өзүнчө мамиле жасайбыз. Неляга: “Сен мага ырдап эле бер. Уюштуруу иштерин, продюсерликти өз моюнума алам”,- дегем. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай атаандаштык болушу мүмкүн эмес. Нелянын ыры хит болсо мен, меники хит болсо Неля сүйүнөт.
– Убактыңарды бөлүп, келип баарлашканыңарга рахмат. Неля, аман-эсен көз жарып алып, күйөрмандарыңды сагынтпай сахнага тезирээк кел.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 346, 19-25-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан