Бактыгүл Бадыева: «ЖИГИТИМДИН КРИМЧӨЙРӨГӨ ТИЕШЕСИ ЖОК»

Шоу-бизнес чөйрөсүндөгүлөрдөн “ачык-айрым, шайыр-шайдоот кызыңар ким?” деп сураса, Бактыгүл Бадыева деп жооп беришерине ишене бериңиз. Болгонун болгондой айтып, ичине кир сактабаган сулуунун Кытайдагы сапары, ал жакта жана өз мекенинде өткөргөн туулган күнү, жигити туурасындагы маалыматтар төмөнкү макалада.

– Бактыгүл, Кытайга барган сапарың туурасында айтып өтсөң...
– Кытайга эс алганы жана “Жүрөк тагы” деген ырыма клип тарттырганы баргам. Клиптин сценарийи болгон окуядан алынды. Учурда монтаждалып жатат. Кытайга клип тартуучу топ менен бардым. Алар менин жакын досторум. Бир ай Хайнань аралында жүрүп, “Шератон” мейманканасында жашадык.
– “Бака, крокодилдин этинен жасалган тамактар – кытайлардын сыйлуу тамагы” деп коюшат го, жеп көрдүңбү?
– Ооба, крокодилдин, жыландын, таш баканын, баканын этин, куурулган курт жедим. Кытайлар этти кууруп алып, нандын ордуна күрүч менен жешет экен.
– Жүрөгүң айланган жокпу?
– Менюсунда эмне болсо, ошонун баарын татып көрдүм. Турмушта бардык нерсени колдонуп, жеп-ичип, кийип көрүүнү туура деп билем. Тамактарын жегенден кийин жүрөгүм айланган жок. Мага баарынан баканын эти жакты. Ишенесиңби, бул тамакты күнүгө жеп жаттым. Эсимде калганы, көчөдө ырдаганым болду. Сейилдеп жүрүп эки буту жок чолок адам гитара чертип, көчөдө отурганын көрдүк. Мен микрофон менен кыргыз ырларын ырдап, балдар гитара чертип, көп акча топтоп бердик. Майып адам бизге аябай ыраазы болду.
– Бактыгүл, сени Баткендин кызы деп жүрүштү эле. Анан чоң энеңдин кыркын Алайда өткөрүп келдиң. Бул кандайча?
– Атам Алайдын Сопу-Коргон, апам Нарындын Кочкор айылынан. Мен Баткенде 3-класска чейин окугам. Атам анда Баткен районунун биринчи катчысы болуп иштечү. Анан апам экөө ажырашып кетишти. Биз Токмокко көчүп келип отурукташып калдык. Ата-энем ажырашып кетсе да, чоң энем менен катташып турчумун. Көзү өтүп кеткенде апам, эже-агаларым болуп барып, кыркын өткөрүп келдик. Элге куран окуткандан кийин айыл аксакалдарын чогултуп, бата да алдым.
– Сен атаңа окшошсуңбу же апаңабы?
– Мүнөзү жагыман апама окшошмун. Келбетим боюнча апама да, атама да, жадакалса кээ бирөөлөр чоң атама да окшоштурушат.
– Атаң менен катташып турасыңбы?
– Атам экөөбүз анда-санда телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Анын кийинки үйбүлөсү, жашоо-турмушу жөнүндө айтпай эле коёюнчу?!
– Жеңелүү болбодуң беле, кандай кайын сиңди болуп жатасың?
– Жеңем абдан жакшы. Барсам күлүп тосуп алат. Байкем, жеңем Токмокто турушат. Өздөрүнчө жашаганы менен апамдын үйүнө көп келишет. “Кайын сиңди менен жеңе өч болот” деп коюшат го. Биз андай эмеспиз. Анын өз оокаты, менин өз жумушум дегендей. Балким, чогуу жашасак урушканга убакыт табылмак деп койбоюнбу. Баласы Данияр жакында бирге чыгат. Барганда мыжыгып, өпкүлөп аябай ойнойм. Байкемдин баласынан башка эки эжемдин балдары бар. Аларды да абдан жакшы көрөм.
– Чыгармачылы-гыңда кандай жаңы­лы­ктар болуп жатат?
Күзүндө концерт берейин деп турам. Ошого карата азыр бир нече ырдын үстүндө иштөөдөмүн. Мындан сырткары, үлгүсүн өзүм ойлоп тапкан көйнөктөрдүн ачылыш аземи болот, буюрса. Кичинемден эле куурчактарга көйнөк тиккенди жакшы көрчүмүн. Концертимде да өзүм үлгүсүн ойлоп тапкан көйнөктөрдү кийип чыгам.
– “Бактыгүлдүн жигити кримавторитет” деген сөздөрдүн чындыгы барбы?
– Бул сөз баштан-аяк ушак.
– Анда жигитиң ким?
– Жигитимдин кримчөйрөгө тиешеси жок. Кыргызымдын жөнөкөй мырзасы. Анын мага түшүнүктүүлүгү, акылдуулугу, тамашакөйлүгү жагат.
– Толуп кеткениңе байланыштуу эл арасында көптөгөн сөздөр айтылып жүрөт...
– Чын эле толуп кеттим. Каным өтө азайып кеткендиктен, канды көбөйтүүчү дарыларды ичип салмак коштум. Кудай буюрса, азыр ден соолугум жакшы. Мурунку калыбыма келип калдым.
– “Үй салып баштады” деп уктук эле...
– Үй салып баштай элекмин. Азырынча квартирамда эле жашап жатам. Буюрса, эмки жылы баштайм.
– Жакында эле бирөөнүн машинасын сүзүп алыптырсың. Бул иш тынч эле бүттүбү?
– Менби? Жок, мен эмес, ал мени сүзүп алды. Малдыбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө буруларда артымдан келип сүзүп алды. Кичине кызуураак экен. Эртеси машинамды оңдотуп берди.
– КВН командаларында, дегеле, өзүң жөнүндө айтылган тамашаларга кандай карайсың?
– Эгерде КВНде мен жөнүндө айтса, анда мен эл оозундамын. Мен юморду түшүнгөн адаммын. Аларга түшүнүү менен мамиле жасайм.
– Туулган күнүң Кытайдагы сапарыңа туш болуптур. Кандай өттү?
– Ооба, туулган күнүм Кытайдагы сапарыма туш келди. Мен Жеки Чан жашап кеткен номерде жашадым да, туулган күнүмдө ошол номерде клип тарттык. Жеки Чан жаткан жаздыкка башымды коюп “мен дагы дүйнөгө белгилүү адам болсом” деп тилек кылдым. Кыргызстанга келгенде бул жактан да досторум менен кайрадан туулган күнүмдү өткөрдүм. Тоого жалаң шоу-бизнестеги кыздар менен чыгып козу сойдук. Кытайга барып келгени бака-жыландан коркпой калдым да. Кыздар менен ойноп жүрүп, кургаган бака таап алып, алардын моюндарына салып коркутканга да жетиштим.
Маегиңе рахмат. Концертиң ийгиликтүү өтсүн.

  • Буга чейин чачын кара-көк, кызыл, сары, ак өңгө боёгон. Учурда чачы капкара.
  • Кашы ушул формада үч жылдан бери жүрөт.
  • Күмүшкө караганда алтынга кызыгат.
  • Оозун сахнага чыкканда гана ачык түс менен боёйт. Негизи, түссүз ооз боёгучту жактырат.
  • Моюнунун узундугу 8 сантиметр.
  • Параметри 90-63-92
  • Чет өлкөдөн кийингенге аракет кылат. Анткени башкалардан өзгөчөлөнүп турууну жактырат.

Бактыгүл жөнүндө кыскача...

  • Үйүн жыйнабайт деле. Анткени үй кызматчысы бар.
  • Спирт ичимдиктеринин ичинен шампанды гана ууртап коёт.
  • Өзү жөнүндө ушактарды ким айтканын билсе, сазайын бермек.
  • Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштургандарды жактырбайт. Анткени ырчы өзүнө гана окшош.
  • Мектепте укмуш шок болчу. Ашынган тентектигинин айынан 8-класста 3 кызды сабап койгон.
  • “Версус” бий тобундагы бийчи Айпери эң жакын курбусу.
  • Ыр тандаганда алгач маанисине көңүл бурат.
  • Жашоосунда бирөөгө катуу таарынып, кек сактап көрө элек.
  • «Кудай адамды кандай жаратса, ошондой алып кетиши керек» деп билет. Айрымдардын, мисалы, көзүн чоңойтуп, белин кичирейткенин туура эмес деп ойлойт.
  • Жинине катуу тийген адамга кол көтөргөндөн кайра тартпайт.
  • Биртууган эжелери Бактыгүлдөй ачык-айрым эмес. Үйбүлөсү менен жумасына бир жолу үйдө чогулушат же кафеге барышат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан