Окурман, телеалпаруучу Эрмек Нурбаевди “детектор лжи”, башкача айтканда, полиграф аркылуу текшергенибиз эсиңизде болсо керек. Эми мындай текшерүүдөн өтүүнү ырчы Айжан Газиевага сунуштадык. “Бул аппаратты биринчи жолу көрүшүм. Чынчыл же калпычы экенимди текшересиңерби?” деп тамашалаган Айжан бул күнү өзү үчүн көп жаңылыктарды билип кетти. Айрыкча өлүм жана сүйүү тууралуу суроолорго Айжандын жүрөгү бирдей реакция бергени таң калычтуу болду. Ырчы кыз сүйүүсү үчүн оттон да, суудан да жадакалса өлүмдөн да кайра тартпайт көрүнөт.
– Айжан, жүрөгүңдө азыр сүйүү барбы?
Айжан: Ооба.
Детектор: Ооба.
– “Шоу-бизнес – интригага толгон ыплас иш” дешет, бул пикирге кошуласыңбы?
А: Ооба.
Д: Жок.
Айжандын комментарийи: Ооба, чынында, шоу-бизнес ыплас оюндарга, интригага толо. Андай иштер өз башымдан деле өтүп келет. Бирок ырдоо менин тээ жүрөк түпкүрүмдөн сүйгөн ишим. Ошол нерсе булганбаса деп кээде кейип кетем.
– Ассоль Молдокматова болбосо, бүгүнкү деңгээлге жетет элем деп ойлойсуңбу?
А: Ооба.
Д: Жок.
Айжандын комментарийи: Мен жашымдан ырдап келе жатам. Талантыма, эркиме, дегеле өзүмө ишенем. Демек, Ассоль Молдокматова болбосо да баары бир сахнадан өз ордумду тапмакмын. Бирок Ассолдун чыгармачылыгымдагы ордун чийип таштоого болбойт да. Ал чыгармачылыкта эле эмес, менин жашоомдо да жаман-жакшы дебейин, айтор, өзгөчө из калтырды.
– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
А: Ооба.
Д: Айжан өз жообуна макул эмес.
Айжандын комментарийи: Кебетеме нааразы болуп наалыбайм деле. Тескерисинче, жүзүм жагымдуу, келбетим келишимдүү экенин билем. Бирок... Көпчүлүккө жарыя кылбай эле коёюн, анча-мынча жаап-жашырган кемчиликтер бар. Ошолорду жойсом, дайыма супсулуу болсом дейм. Менимче, бул туура эле пикир.
– Курбуларыңа ичи тардык кыласыңбы?
А: Жок.
Д: Ооба.
Айжандын комментарийи: Ушул суроо боюнча мен детектор менен макул эмесмин. Анткени калп айткан жокмун. Суроо берилгенде жакын курбуларым Аида, Бактыгүл көз алдыма келди. Мен аларга эч кандай ичи тардык кылбайм. Тескерисинче, мени көрө албай, ар кандай жаман иштерди жасап, бут тоскондор бар. Ошолорду да ойлоп кеттим. Денем ошол жаман окуяларды эстегенден реакция берди окшойт.
– Бактыбек Мамытовду жактырасыңбы?
А: Жок.
Д: Ооба.
Айжандын комментарийи: Жактырасыңбы деген сөздүн өзү ыңгайсызыраак болуп турат. Ал кишини эркек катары эмес, абдан мээримдүү, боорукер, ак көңүл адам катары жакшы көрөм.
– Ачык абадагы секс жагабы?
А: Жагат.
Д: Ооба.
– Өлүмдөн коркосуңбу?
А: Ооба.
Д: Ооба.
– Пластикалык операция жасатышың мүмкүнбү?
А: Ооба.
Д: Ооба.
– Жандуу үн менен ырдап концерт бере аласыңбы?
А: Ооба.
Д: Жок.
Айжандын комментарийи: Кичинекей кезимден бери вокал боюнча сабак алып келем. Азыр консерваторияда окуп жатам. Андыктан жандуу үн менен эки саат ырдап концерт бере алам деп ишенем. Бирок ар түрдүү шарт болушу мүмкүн да. Балким, тамагың ооруп калат, балким, жамгыр жаап туруп алат. Анткени жаан жаап турганда адамдын үнү жакшы чыкпайт. Ошолорду ойлонуп кеттим.
– Сүйүүсүз секске макул болосуңбу?
А: Жок.
Д: Айжан өз жообуна толук кошулбады.
Айжандын комментарийи: Мен үчүн азыр сүйүү менен секс ажырагыс нерселер. Бирок күйөөм менен жашаган жылдарды эстесем бул жообум чындыкка окшошпой калат. Башында аны сүйөм деп ойлочумун. Чын дилден берилген элем, ошол адамга. Кийин ал сезимдер өчтү. Бара-бара секске аялдык милдет катары гана мамиле жасап калгам. Көрсө, андай эмес экен. Муну эми аңдап, түшүнүп жатам.
Шаиста Шатманова
star@super.kg