ЭКИ ЫРЧЫНЫН ТАЛАШЫ ЭМНЕДЕ? КӨРӨ АЛБАСТЫКПЫ ЖЕ...

Гезитибиздин өткөн санындагы “Супер-агент” рубрикасына ырчы Айчүрөк Иманалиева шакирти Анжеликаны “акыркы кезде ыплас иштер менен ийгиликке жетип жатканы нааразы кылууда” деп айткан эле. Ошондон улам бул кептин төркүнүн билүү үчүн Анжеликаны редакцияга чакырдык.

Анжелика: “АЙЧҮРӨК ЭЖЕ ҮНҮ ЖОК ДЕП ТҮШТӨН КИЙИН АЙТУУДА”

–Анжелика, кош келипсиң, эки күн күттүрдүң го.
– Кечирип койгулачы, мен укол алып ооруканада жаткан болчумун. Ырчылар жайы-кышы, ысык-суук дебей артист көйнөктөрдү кийип алып ырдап жүрөт эмеспизби. Кичинемде гастролдоп жүрүп суук тийгизип алганмын. Эртең-бүрсүгүнү дарыланам деп жатып бронхитим күчөп кетиптир. Ошентип, дарыланууга туура келди.
–Өзүң ооруканада жатсаң, кызыңды ким карап жатат?
–Кайнежемдин кызын алдырып алгам, кайын сиңдим карап жатат. Андан сырткары, таенеси барып каралашат. Жолдошум “сен бизге керексиң, кызымды өзүм карайм, сен дарылан” деп ооруканага жаткырып койду.
– Эл арасында “Анжелика циркте өткөн долбоордогу Гран-Прини сатып алыптыр, анысын күйөөсү да билбейт экен” деген сөздөр айтылууда. Сен буга эмне дейсиң?
– Эч кандай орунду сатып алган жокмун, аны бардык катышуучулар билишет. Мага ишенбесеңер, калыстар тобундагы Сырга Жапар кызынан, төрага болгон Мелис Эшимкановдон сурагыла. Жадакалса алар менен бетме-бет барып сүйлөшкөн жокмун. Жеңүүчү болгондон кийин, албетте, ушундай сөздөр чыгат экен. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп ойлойм.
– “Маданият министрлигинде 160 миң сомдук алтын таажы жасатканга акча жок. Бул Анжеликанын уюштурган оюну” деп да айтып жатышат...
– Бул сөздү чыгаргандар эмне, министрликтин акчасын санап чыгыптырбы?! Эгерде күйөөм алтын таажы бере турган болсо, белек кылып эле берип коймок. Андан көп акчага салон ачып берген. Мен ал 100 000 сомго муктаж эмесмин. Болгону, циркке өзүмдүн өнөрүмдү көрсөтүү максатында катышып, Гран-Прини жеңип алдым. Мен үчүн циркте жасаган трюктардын сүрөттөрү кийин балдарыма, неберелериме сыймыктануу менен көрсөтчү тарых болду. Абийириң менен күйөөгө тийсең, өз эмгегиң менен ийгиликке жетсең, чет жакка чыгып ырдап келсең да ушундай жаман ушактарга калат экенсиң. Ансыз да бул жаман сөздөрдөн улам ойлоно берип арыктап, сөөгүм эле калды.
– А балким, устатың Айчүрөк Иманалиевага байгеге алган 100 000 сомдон 5 миң сом берип капа кылып койгон чыгарсың?
– Айчүрөк эжеге 5 миң сом бергеним чын. Албетте, кооз сөздөрдү сүйлөп туруп бергем. Анткени Айчүрөк эже ошол кооз сөздөргө татыктуу. Жадакалса апама айтпаган кооз сөздөрдү Айчүрөк эжеге арнагам жана арнай бермекчимин. Бул 5 миң сомду Гран-Примден ырымдап «үйбүлөңүз менен жөн гана ооз тийиңиз» деп бергем. Эженин эмгегин бул акча менен баалаган жокмун. Тууганыма, таанышыма, кайын журтума, цирктеги мугалимдерге, айтор, бардык жакындарыма ооз тийгизүүгө аракет кылдым. Буга эже таарынбайт болушу керек.
– Швейцарияга Айчүрөк эже өзү жиберди беле? Дегеле, ал жакка ким аркылуу барып калдың?
– Ооба, Швейцарияга барарымды Айчүрөк эже билчү. Ал жакка жөнөөчү «Камбаркан» фольклордук ансамблинин катарына премьер-министрдин алдындагы комитеттен Миргүл деген кыз чалып, мени тизмеге кошкон. Албетте, алгач жолдошум менен акылдаштым. “Сен жашсың, мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле келе бербейт, барып эл-жер көрүп кел” деген. Жолдошум аэропортко барып “мен сага ишенейин, сен мага ишен” деп көңүлү ток жөнөткөн.
– Демек, күйөөң көп кызганчаак эмес турбайбы?
– Жолдошум чет жерде көп жүргөн, ой жүгүртүүсү жогорку деңгээлдеги инсан. Баарын түшүнөт, эң негизгиси, мага ишенет.
– Сенин ырдаган ырларың чын эле Айчүрөк эжеңдин үнү менен жазылчу беле, муну өз оозуңдан уксак?
– Эми Айчүрөк эженин үнү менен жазылды деп айта албаймын. Анткени обончудан обон алганыңда, ал 5-6 жолу ырдап берип обонун туура ырдоону үйрөтөт. Ошол сыяктуу эле “Эжекемдей боломун” деген ырдын обону Айчүрөк эженики болгондуктан, ырдап берип мага үйрөткөн. Эгерде менде ошончолук эле үн жок болсо, мугалим катары башында эле «сен ырдай албайсың, үнүң жок экен, жөн эле кой» деп тарбиялабай эле койбойт беле?! Анан “Анжелика калпты кичинесинен сүйлөчү” деп айтыптыр. Зыянсыз калпты ким сүйлөбөйт? Балким, кичинемде айтсам айткандырмын. Минтип майдалана берсек сөз көбөйө берет да, туурабы?
Негизи, Айчүрөк эжеден көп сабактарды алдым. Мисалы, мага көптөр “кантип сен баарына жетишесиң?” деп айтышат. А мен “бул Айчүрөк эжеден алган тарбиям” деп айтып келем. Ооба, сахнадагы мимикамдан баштап, ырдаганым, сүйлөгөнүм бүт устатымдыкы, муну тана албаймын.
– Айчүрөк эжени ушунчалык нааразы кыла тургандай эмне иш кылдың эле?
– Мен Айчүрөк эжеге “эже, мен сиз менен өмүр бою эже-сиңди болуп сый мамиледе калгым келет. Жаман сөз уксаңыз гезитке эмес, өзүмө келип айтыңыз. Экөөбүздүн ортобуздагы сөздү элге жарыя кылып жаман-жакшы айтышкандан эмне пайда?!” деп айткым келет. Андыктан мен эжеге каршы эч кандай жаман сөз айткым келбейт. Бул күндөр да өтөт. Өзүмдү кармап, сабырдуу болууга гана аракет кылып жатам.


Айчүрөк Иманалиева: “АНЖЕЛИКАНЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮ 50 ЖАШТАГЫ АЯЛДАЙ”

–Айчүрөк эже, окуучуңуз Анжелика сизди кандай ыплас иштерге аралашып нааразы кылууда, кененирээк айтып берсеңиз?
– “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей, Анжеликанын ойлогон оюна чейин жакшы билем. Албетте, ал чоң энедей болуп кооз сөздөр менен мактап, жаш баладай кылып баарын алдап коёт. Анжеликанын Швейцарияга чоңдор аркылуу барганы чын. Ким аркылуу барганын мен билем. Эгерде муну тана турган болсо ал адам жөнүндө кеңири маалымат бере алам. Албетте, мындай жол менен ийгиликке жеткени эл алдында дагы, Кудай алдында дагы туура эмес. Анткени “Айчүрөк” эстрада театрына, «Айчүрөк тарбиялаган кыз» деп мага сөз тиет. Андыктан бардык ийгиликтерге өзүбүздүн күчүбүз менен жетишсек болот эле. Бул жөнүндө өзүнө да, күйөөсүнө да айткан күндөрүм болгон. Мен деле өзүм тарбиялаган кызды жамандагым келбейт. Болгону, менин башымды аттап, адам катары санабай, кылган иштери ушуга жеткирип жатат.
– «Анжеликанын үнү жок» деп жатасыз. Үнү жок болсо, эмнеге эмгек коротуп тарбияладыңыз? Анан да аны эмне үчүн мурда эмес, эми айтып жатасыз?
– Ыр – мен үчүн ыйык. Ырдоо үчүн атайын билим алгам, азыр деле чоң-чоң устаттардан ырдоонун жолун үйрөнүп келүүдөмүн.
Анжеликанын үнүнүн диапазону кичинекей, үнү дагы деле тарбиялана элек. Бир кезде Таласка барып, элдин батасын алып, бул кызды тарбиялаймын деп алып келгем. “Үнү ачылып кетер” деп күтсөм, чоңойгондо деле ачылган жок. “Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа” демекчи, тарбиялаймын деп алгандан кийин атасы да жок экен, кайра кайтарып алып барып таштаган эмесмин. Андан көрө мектепти бүткөндөн кийин Москвага Щепкин атындагы окуу жайга жиберип, актриса кылайын дечүмүн. Ага жеткирбей эле күйөөгө тийип кетпедиби.
– Анжеликанын жолдошу үйлөнө электе эле анын чыгармачылыгына демөөрчү болуп жүрчү турбайбы?
– Чындыгында, мурун Урматты таанычу эмесмин. Эч кандай демөөрчү деле болгон эмес. 9-классында концерттен кийин Анжеликаны таксиге салып коёюн деп чыксам, бир бала башкача, жагымсыз кучактаган эле. Сарсанаа болуп телефон чалсам, албайт. Уктай албай жатып апасына чалсам, «ойлонбо, ал «крутой» байкеси» деп койгон. Азыр ойлосом, бир жолу «байкем берди» деп алып келген 200 долларын да ушул Урмат берген экен. Эми аны демөөрчү деп деле айта албаймын. Балким, ошол кезде Анжеликанын апасына, үйбүлөсүнө демөөрчү болуп жүрсө жүргөндүр.
– Анжелика экөө­ңүз­дөрдүн жообу­ңуздар такыр дал келбейт го?
– “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дейт. Мен бул кыздын устаты катары мындай жол менен кетүүсүн эч качан каалабаймын. Негизи, баланын баладай эле болгону жакшы. Анжеликанын сүйлөгөнү, жасаган иштери, куулугу 20 жаштагы кыздай эмес, бардык тарабынан “опытный” 40-50дөгү аялдардай. Кооз сөз менен эмес, чын ниети менен мамиле кылса болмок. «Күйөөм жакшы, күйөөм намаз окуйт» деп өзүнчө чала молдо болуп акыл айтып келет. Жаман жолдо жүргөндөн көрө беш убак намаз окуган, өзүн сүйгөн күйөөсүн сыйлап албайбы?! “Молдонун кылганын кылбай, айтканын кыл” деген сөз туптуура Анжеликага тиешелүү.
– Жаш кызга карата бул сөздөрдү айткандан кыжаалат болбой элесизби?
– Эмгегимди тебелеп, башымды аттап кеткенден Анжелика кыжаалат болбой, эмнеге мен кыжаалат болушум керек?!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
T-1000
2014-05-14 19:12:29
пай паай шумдугун кургур
0
admin_portal
2014-05-26 11:56:01
SayKal1218 - 3 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
+1
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан