Бул ырчы жигит менен маектешип отуруп музыка деп дегдеп, жакынкы эки жылда саясатка да аралашам деп турганына күбө болдум. Эч нерсени жашыра албаган, ачык мүнөз Максат Бегалиев биздин мейманыбыз болмокчу.
– Максат, кош келипсиз.
– Ой, сиздерди да күттүрүп койдум окшойт. Жай мезгилинде ушинтип аллергиям бар. Чүчкүрүп-бышкырып эле жатып калам. Мына азыр да иглотерапиядан келатам.
– Жакшы болуп калдыңызбы?
– Түзүк. Негизи эле биринчи Кудайдан, анан ийне менен жыландан корком.
– Максат аттуу балакайды көз алдыңызга элестетип бере аласызбы?
– Мен азыр уулумдун кылык-жоругун көрүп отуруп, андан өзүмдү көрөм. Анткени уулум куюп койгондой өзүмө окшош. Кичинекей Макс жөнүндө айтсам, Нарында төрөлгөнүм менен, балалыгым Суусамырда өттү. Суусамырда 5-класска чейин окудум. Ашынган тентек деле эмес болчумун. Темир-тезек, зым сыяктууларды чогултуп алып улаштырып-кураштырып ойноп отура берчүмүн. Азыр уулум да телефонумду чукулап, үтүк менен ойноп калат.
– Азыр деле жоошсузбу?
– Ооба, ошондой. Бирок жооштугума кээде жиним келип кетет. Тартынчаак мүнөзүм дагы деле бар. Биздин эжейибиз тартипти катуу кармаган жан эле. Анын сабагына кечигип же кир барсаң, шоруң шорподой катчу да калчу. Ошол үчүн дайыма таза, кечикпей барганга аракет кылчубуз. Бир жолу кышында уктап калыптырмын. Туруп эле чала-бучук кийинип сабакка чуркадым. Көл-шал болуп тердеп алгам. Мектепке жетейин дегенде карасам, бутумда көлөч. Кайра жетишем деп үйгө барып бут кийимимди кийип келсем, сабак башталып калыптыр. Эмне кылышты билбей туруп, карга абдан ооноп-оонап алып, класска кирип бардым. Кирсем эжей “отур, суу болуп калыпсың” деп урушкан жок. Өх, оңой кутулдум деп отуруп калдым. Сабак аягында эжейим чакырып “терезеден карап турсам, карга атайлап оонап келдиң. Экинчи кайталанбасын бул жорук, ошол шылтоо тапканың үчүн да унчукпадым” дейт. Ошондо абдан уят болгом.
– А мектепте кандай окучу элеңиз?
– Суусамырдан борборго көчүп келип, окууну №69-мектептен аяктагам. Бир күнү эжемдин комуз чертип жатканын угуп отуруп, комузга кызыгып үйрөнүп алдым. Комуз чертип ырдаганымды байкаган мугалимдер мени ырдатып, ар кандай конкурстарга катыштырышчу. Бир жолку сынактан акыйнек айтышып калдык. Балдар кыздарча кийинип алып “узун чыбык колго алып, уй айдаган менин апам, кыска чыбык колго алып, кыз тандаган сенин апаң, акый-акый...” деп акыйлашып жатсам, апам ар жактан күлүмсүрөп карап туруптур. Мектептин жамааты баары кыраан-каткы күлкүгө бөлөнүп жатып калышты. Үйгө келсем апам “чыбык эмес эле калем кармайм го, уулум” деп жатпайбы.
– Апаңыздын “калем кармайм го” дегенине караганда, кесиби мугалим го? Атаңызчы?
– Апам мугалимдик кесипте иштеди. Азыр үйдө неберелери менен. Атам Мырзабек Акимович өкмөттөгү Кыргыз техсервистин президенти. Ата-энем баарыбызды билимдүү кылганга жетишти. Үйбүлөдө эки кыз, үч эркекпиз. Иним Түркияда окуйт. Карындашым Кытайда билим алып жаткан, анан Үрүмчүдөгү окуядан кийин чакыртып алдык. Агам үйбүлөлүү. Эң кичүү карындашым да окуйт.
– Жеке жашооңузга кайрылалы, сүйүүгө кабылдыңыз беле? Келинчегиңиз менен кантип таанышып калгансыз?
– Суусамырдагы мектепте окуп жүргөндө шаардан келген өзүмдөн бир жаш улуу кызды жакшы көрүп калгам. Сезимимди билдире баштаганда ал башка айылга кетип калбаспы. Кийин студент кезде ал кызга жолугуп калдым, бирок анда мен үйлөнүп алгам да. Ал эми студент кезде тоок сүйүүлөр көп эле болду. Көчөдөн бир сулууну көрүп сүйүп калдым окшойт деген күндөр да болгон. Чыныгы сүйүүм деп келинчегим Назгүлдү айтам. Назгүл менен дос баламдын тоюнда таанышып калгам. 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, сөйкө салып, той берип үйлөнгөнбүз. Кызыгы, кайненем коомдук ишмер, элге белгилүү айым Токтайым Уметалиева экенин тоюм болгуча билбептирмин. Учурда уулум Айтоо 2ге чыкты. Бактылуу жашап жатабыз.
– «Баланы жашынан, аялды башынан» дешет...
– Мен токтоомун, келинчегим шайыр. Бири-бирибизди атыбыздан айтпай сыйлайбыз. Бир күнү досум менен тааныштырып калып, келинчегимдин атын унутуп калсам болобу. Анда Назгүл таарынып калды. Аял кишиге кол көтөргөн эң жаман нерсе. Кудай сактасын, кол көтөрбөйм дагы. Кээде сөз талашып калганда алгач мен сүйлөйүн, эми сен сүйлө дейм. Назгүлдүн айтып турсаң да, моюнуна албаган эркелиги бар.
– Шайлоодо сиз ар кайсы талапкерге ырдап, роликке тартылып жүрдүңүз. Кайненеңизди таарынтып албадыңызбы?
– Ушул суроону берет деп күтүп отургам. Баары эле ушинтип айтып жатат. Шоу-бизнес аты айтып тургандай эле бизнес. Акча табуунун уяты жок болуп калбадыбы. Тойлорго чакырса барам. Мына ошол сыяктуу эле алар сунуш айтышты. Мен баш тарткан жокмун. Мен аларды жамандап үгүттөгөн да жокмун. Кайненем эч кимди ырдаткан да, роликке тарттырган да жок. “Ушундай сунуш түшүп жатат” десем. Эч тоскоол болгон жок. Кайненем акылман, түшүнүктүү айым.
– Кантип ырдап калгансыз?
– Менин кесибим – мамлекеттик башкаруу адистиги. Суворов аскердик окуу жайын, анан БГУну бүткөм. Алгач кафелерде ырдап жүрдүм. Бир күнү Актан Исабаев ырдаганымды көрүп “сахнага чыкпайсыңбы?” деп кеңеш берди. Ошентип, алгач сахнага Актан Исабаевдин концертинде ырдап чыктым. Кийинчерээк Ассоль Молдокматова менен иштешип калдым. Бирок ортобузда болгон түшүнбөстүктөрдөн улам бирге иштөөнү токтотконбуз. Азыр досум Миргүл чыгармачылыгымда продюсердик кылып көмөктөшүүдө.
– Эмнегедир, Максат Бегалиев дегенде композитор Муратбек Бегалиев менен байланышы бар болсо керек деп ойлойм.
– Туура айтасыз. Композитор Муратбек Бегалиев атамдын биртууган иниси. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бир таарыныч айтып алайын. Ушул убакка чейин агам бир да ыр жазып бере элек. Жолугуп калганымда “Өсө бер, иним, бир күнү ыр жазып берем” дейт. Ал эми айтылуу комузчу Самара Токтакунова апамдын биртууган эжеси. Актан Исабаев бөлөм болот. Албетте, алар менен сыймыктанам.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңиз илгери болсун.
Максат тууралуу
Бурул Исмаилова
star@super.kg