Каныкей: “КЫЗДАР МЕНЕН ТАПТАКЫР ДОС БОЛО АЛБАЙМ”

Акыркы учурда радиолордон оригиналдуу үн менен ырдал­ган “Коё бергин мени, кай­г­ы­”, “Жүрөк сыздайт” деген ырлар көп жаңыра баштады. Ал гана эмес, жаштардын уюлдук телефондорунан да у­шу­л ыр жаңырууда. Мына ушул ырлардын автору Каныкей бүгүн биздин мейманыбыз.

–Кош келипсиң, Каныкей. Азыр ырла­рыңдын музыкалык түйүндөрдөн тез-тезден жаңырып жатканына күбө болуп жатабыз...
– Ырларымды көпчүлүк жакшы кабыл алып жатышкандарына, албетте, абдан кубанычтамын.
– Ырчы болуш кыйын бекен?
– Ырчылык өнөрдү ар ким ар кандай түшүнөт. Мен үчүн адамдын жан дүйнөсүн козгой турган өзүнчө баа жеткис дүйнө. Ал эми ыр жаратуу жагынан айта турган болсом, обонун, сөзүн жазар алдында ошол ырым менен айлап, жылдап жашайм. Ырларымдын баарын турмушта өз көзүм менен көргөн, көрбөсөм да сезген туюмдарым аркылуу жазам.
– Өз турмушуңдан алынган ырың барбы?
– Ооба. Мисалы “Коё бергин мени, кайгы” ырым өз турмушумдан алынган. Чынында, ошол учурга кайрылгым келбейт, башымдан көп кыйынчылык өттү. Кайгынын тузагында калганымда жан дүйнө бороон-чапкынын ырда чагылдырган элем. Учурда элге таанымал болуп калган ырларымдын бири “Жүрөк сыздайттын” дагы жаралуу тарыхы кызыктуу. Байкем мектепти бүтүп жатканда мамлекеттик экзаменде Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасына дилбаян жазмак болду. Анда мен 9-класста окучумун. Байкем “мыкты” деген баа алыш үчүн дилбаянды өзгөчө жазышым керек” деп калды. Мен эс тартканы эле ыр жаза баштаганмын да, байкеме “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде 22 куплеттен турган поэма жазып бердим. Чын эле байкем поэмамды көрсөтүп, “эң жакшы” деген баа алды. “Жүрөк сыздайт” ырым ошондогу поэманын айрым куплеттери. – Репертуарыңда азыр канча ырың бар?
– Буюрса, жакында 11 ырды камтыган альбомум жарыкка чыгат. Мындан сырткары, бир нече ырдын үстүндө иштеп жатам.
– Ар бир адамда дос бар. Досторуң туурасында айтып берсең?
– Эмнегедир, мен кыздар менен таптакыр достошо албайм. Бир дагы курбу кызым жок. Досторумдун баары музыка чөйрөсүнө тиешеси бар жигиттер. Эң жакын досум Баласагын деген жигит.
–Достуктан сүйүү жаралат дегендей, күйөө бала ушул досторуңдун ичинен эле чыкса керек...
– Жок. Алар менен кадимки сырдаш жакын достордонмун. Досторум мага моралдык жактан колдоо көрсөткөн, мени түшүнгөн жакшы адамдар. Ички дүйнөмдү эзген кайгыдан кутулуп, эми чыныгы сүйүүнүн даамын татып жатам. Ал адам досторумдун арасында эмес. Жигитимдин мага акылдуулугу, ички дүйнөсүнүн сулуулугу жагат.
– Азыр каникул учуру. Көпчүлүк студенттер, анын ичинде айрым ырчылар кафеде иштеп жатышат. Сен эмне менен алек болуп жатасың?
– Жайкысын студенттердин ар түрдүү жумушта, ал эми ырчылардын кафеде иштегендери мага да жагат. Ырчылар кафеде ырдашса, тажрыйба топтоо менен үндөрү да ачылат. Бирок мен учурда эч жерде иштебей эле ыр жаздыруу менен алектенип жатам.
– Вокал жагынан билим алып жатсаң керек?
– Ырыскелди Осмонкуловдон сабак алам. Мага “сен кыйкырып ырдайсың” деп көп айтат. Ошол себептен агайдын айтканын жоюуга аракет кылуудамын.
– Үнүң гана эмес, кийген кийимиң, чачың да өзгөчө. Сенин имиджиң, ырларың боюнча атайын топ иштейби?
– Замира Молдошева менин имиджиме жардам берет. Ал эми чыгармачылык жаатында болсо продюсердик топ менен келишимдик негизде иштешем. Ырдын текстинен, аранжировкасына чейин бир нече адам иштейбиз. Аталган компания ыр жаздырууга, клип тартууга кеткен чыгымдын баарын өздөрү көтөрүшөт. Баса, менин башка ырчылардан дагы бир өзгөчөлүгүм – эч качан фотосалондон сүрөткө түшпөйм. Байкасаңыз, менин бардык сүрөттөрүм көчөдөн тартылган.
– Бул компания менен кандайча иштешип калдың?
– Улуттук телевидениеде жаңы чыгып келе жаткан ырчылар үчүн “Поющий город” долбоору бар эмес беле. Мен ошонун катышуучусу болуп, жарым финалга чейин жеткем. Ал долбоордон мени көргөндөр азыр тааныбайт болуш керек. Анда чачым узун, көз айнек тагынган кыз элем. Анан эле учурда иштешип жаткан компания кастинг жарыялап калды. Кастингге катышып, бир нече ырымды ырдадым. Мени жактырышты да өздөрүнө кабыл алышты.
– Бул продюсердик топто сенден башка канча ырчы бар? Эмнегедир, мага азыркы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн эч кимиси менен мамилең жоктой туюлат.
– Ал жерде жалгыз мен элемин. Буга чейин биздин ырчылардын эч кимиси менен алака түзүп иштешпегендиктен болсо керек, азыркы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн эч кимисин тааныбайм.
– Ошентсе да ырдагандарын угуп жүрөсүң да. Кайсы ырчыны баалайсың?
– Негизи, мен батыштын ырчыларын көп угам. Алардын ырларынын маанисин, аранжировкасын угуп, ар бирин талдайм. Чынын айткандыгым үчүн кечиришсин, биздин эстрада ырчыларынын бирөөсүнүн да ырын укпаптырмын.
– Бизде уурдоо деген жагымсыз көрүнүш бар. «Батыштын ырчыларынын ырын көп угам» дегениңден улам алардыкын өзүңдүн ырларыңда колдонбойсуңбу деген суроо пайда болду.
– Көчүрүп алуу менде жок. Болбойт дагы. Болгону, ал ырлардын ар бир кайрыгын, музыкалык профессионалдуулугун карап чыгам.
– Ырчы болбосоң, ким болмоксуң?
– Төрткө чыкканымда Мексиканын “Просто Мария” деген телесериалын көрүп, андагы Мариянын ишмердигине катуу таасирленгем. Ошондон тарта менде тикмечиликке, бычмачылыкка кызыгуу пайда болгон. Кичинекей болсом да ар кандай костюмдарды бычып-тиге берчүмүн. Бүгүнкү күндө ал талантым жогорку деңгээлге жетип калды десем болот. Сахнага кийип чыккан кийимдериме оюм-чийимдерди өзүм түшүрөм.
– Өзүңө-өзүң жагасыңбы?
– Өзүмө-өзүм азыр, албетте, жагам. Бирок мектепте окуп жүргөнүмдө жакчу эмесмин. Буттарым аябай ичке болгондуктан, мектепти бүткүчө юбка кийген жокмун. Ушунчалык юбка кийүү керек болсо, юбканын ичинен шым кийип алчумун. Буттарым азыр деле ичке болгону менен, адам баласы өзүн сүйүш керектигин, Кудай жараткан келбетке ыраазы болуш керектигин жакшы түшүнүп калдым.
– Кичинеңден ыр жазарыңды ата-энең билчү беле? Алар дагы чыгармачылыкка жакын адамдарданбы?
– Ыр жазарымды ата-энем билишчү эмес. Качан менин ырларымды радиодон угуп, гезиттерден окугандан кийин апам “кызым, сенин ыр жазарыңды билбептирмин” деди. Алар чыгармачылыктан алыс адамдар. Токмокто жашашат. Байкем болсо үйлөнгөн. Келинчеги менен Кореяда турат.
- Анда ишиңе ийгилик, Каныкей. Чыгармачылык өсүштө бол.

  • Кичи мекени – Токмок шаары.
  • 1987-жылы төрөлгөн.
  • Өзүнөн улуу бир агасы бар.
  • Эл аралык университетинин 4-курсун, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын 2-курсун аяктады.
  • Эки окуусун тең “орто” деген баага окуйт.
  • Учурда Бишкекте туугандарыныкында жашайт.

Кыска-нуска...

  • «Адам сулуу болгусу келсе, өзүнүн психологиясын өзгөртүп “мен сулуумун” деген гана ойдо жашашы керек» деп билет.
  • “Үнүң Орунбасар Кызалаковдукуна окшош” деген сөздү көп угат.
  • Тамакты 8-классынан тарта жасап баштаган. Лагмандын камырын укмуш чоёт.
  • Үйдүн тазалыгына чоң көңүл бурат.
  • Кичине кезинде Нарындагы таятасыныкына барганда көң ташып, тезек терчү.
  • «Байлыктан да, бийликтен да баалуу нерсе – сүйүү» деп ойлойт.
  • Үйүндө дайыма “пресс” жасайт.
  • Бийлегенге анча кызыкпайт.
  • Бош убактысында театрга, операга барат.
  • Келечекте экономист болгону жатса да, ырчылыгымды өнүктүрөм деген ою бар.
  • Жигити чыгармачыл чөйрөдөн.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 353, 7-13-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан