«РАМАЗАН АЙЫНЫН АКЫРКЫ 10 КҮНҮ-КАДЫР ТҮН»

Элде кадыр түндү белгилөө датасы тууралуу түшүнбөстүк келип чыгып, бизге чалышкандан улам Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Муратаалы Жумановго жана Фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак Жалилов мырзага кайрылдык.

“Кадыр түндүн так датасы жок”

– Чубак мырза, айтсаңыз, быйылкы Кадыр түндүн так датасы кайсы күн?
– Негизи эле кадыр түндүн так датасы жок. Куран рамазан айынын кадыр түнүндө түшүрүлгөн. Алла Таала мусулмандарга “орозо айынын акыркы 10 күнүнүн бири – кадыр түн. Аны издегиле” деп гана эскертип, кайсы күнү белгиленерин айткан эмес. Андыктан мусулмандар Алла Тааладан ырайым жана жакшылык күтүп, күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн тилеп, улуу рамазан айынын акыркы 10 күнүн кадыр түн катары тосуп келишет.
10 күн тосуу бизде Кыргызстанда колдонула элек болгону менен, ислам өлкөлөрүндө, мисалы, Сауд Арабиясында эл 10 күн катары менен тосушат. Анткени 10 күндүн кайсы күнү кадыр түн экенин эч ким билбейт. Бирок ошол 10 түндүн бири кадыр түн экени белгилүү эмеспи.
– Анда «кадыр түн Орозонун 26-түнүнөн 27сине караган түндө» деген кеп кайдан чыккан?
– Рамазан айы башталгандан 26сынан 27-күнгө оогон түнү кадыр түн деп айтылып да, белгиленип да келет. Бул аалымдардын пикиринен улам гана белгиленип келе жатат. Анткени аалымдар көп жыл байкоолор жүргүзүшүп, анын натыйжасында, орозо башталгандан 26сынан 27сине оогон түнү кадыр түндүн жышааналары билинерин айтышкан. Ушундан улам көпчүлүк ошол датаны кадыр түн катары кабыл алып алышкан.
– Кадыр түндүн жышааналары кандай болот?
– Ыйык түндүн жышааналары аалым­дардын айтуусу боюнча төмөн­дөгүдөй болот:
Табият да, адамдар да мемиреп, жымжырттык өкүм сүрөт.
Адамдар жан дүйнөсү жаңыра түшкөндөй сезимге чулганып, жүрөгү­нө ырайым орноп, жашоого болгон кумары арта түшөт. Кадыр түн болор күнү эртең менен күн кыпкызыл болуп чыгат ж.б.
– Анда эмне үчүн календарларда кадыр түндүн датасы көрсө­түлүп келет?
– Муфтият быйыл орозо календарын чыгарган жок. Календарь чыгаргандарга «кадыр түндүн датасы ушул күн деп белгиленсин» деп муфтият көрсөтмө да берген эмес. Коммерциялык багытта чыгаргандардын айрымдары «кадыр түндүн датасы 15-сентябрдан 16сына караган түнү» деп жазышса, кээлери «16сынан 17сине караган түн» деп туура эмес эле жазып коюшкан.

Жаңылыштык кимден кетти?

Биз өткөн сандарыбызда берилген календарда «кадыр түн 15-сентябрдан 16-сентябрга караган түнү» деп берген элек. Бирок көптөгөн окурмандар чалып, «биз кадыр түн 16сынан 17сине оогон түнү деп угуп жатабыз. Ушуну дагы бир тактап бере аласыздарбы?» деп сурап жатышты. Тактоо үчүн муфтиятка чалганыбызда телефонду алган адам «кадыр түн 16сынан 17сине караган түнү белгиленет» деп жооп берип, телефонду коюп койгон. Ошондон улам биз кадыр түндүн датасын кайра жаңылап бергенбиз.
Мындай адашууга биз гана эмес «Кыргызстан обондору» радиосу да кезигиптир. Алардын толкунунда да «кадыр түн 16сынан 17сине караган түнү» деп айтылып жаткан.
Аталган радио кызматкерлерине чалып, сурасак Лилия Абдыбаитова:
– Биз 3 апта мурун муфтиятка чалып сурасак, телефонду алган адам «кадыр түн 16сынан 17сине оогон түнү» деп жооп берип, аты-жөнүн сурагычакты телефонду коюп салган. Кайра чалсак албай коюшкан. Демек, муфтияттан ушинтип айтышкандыктан, туура деген ой менен радиодон айткан элек» деп жооп беришти.

“Ким туура эмес жооп бергенин азыр тактоо кыйын”

Албетте, биз жаңы­лыштык кимден кеткенин сурап, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жумановго кайрылдык.
– Биздин журналисттер жана “Кыргызстан обондору” радиосунун кызматкерлери муфтиятка чалышып сурашканда, кадыр түндүн датасын туура эмес айтышыптыр. Буга ким күнөөлүү?
– Бизде кызматкерлер көп. Кимиси телефонду алып, туура эмес жооп бергенин азыр тактоо кыйын деп айтар элем.
Кыргызстандын мусулмандарына айта кетерим кадыр түндүн так датасы жок. Орозо айынын акыркы 10 күнүнүн бири – кадыр түн. Башкысы чын дилден ыклас кылып тосуу керек.

Мына ушундай окурман, кандай болгон күндө да кадыр түндүн датасын жаңылыш берип, ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Niko
2009-09-26 14:36:20
Id Mubarak!
0
№ 359, 18-24-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан