«Улуу тоого чыккан барбы?
Улар үнүн уккан барбы?» деген кепти баарыбыз эле уккан чыгарбыз. Бул сөз эмнеден улам айтылып калганы жана улар кандай канаттуу экени көпчүлүгүбүзгө кызык болсо керек. Бүгүнкү макалабыздын негизин улар кушу түзмөкчү.
УЛАР БИЙИК ТООЛОРДУ ГАНА БАЙЫРЛАЙТ
Жапайы тоо үндүгү аталган улар Азиянын жана Кавказдын 1500-5100 метр бийиктикке чейинки тоолуу аймактарын байырлайт. Учурда аталган канаттуунун дүйнөдө белгилүү болгон беш түрү гана бар. Алар алтай улары, гималай улары, кавказ улары, каспий улары жана тибет улары деп аталат. Булардын ичинен Кыргызстандын көк тиреген тоолорунан гималай уларын кездештирүүгө болот.
Улар тоонун чокусунда өскөн күчтүү чөптөр менен азыктангандыктан, эти баалуу чүйгүн азык катары бааланат. Ошондой эле илгери ата-бабаларыбыз дарылык касиети бар деп пайдаланып келишкен.
ГИМАЛАЙ УЛАРЫ
Тамактануусу –кар алдындагы өсүмдүктөр, бадалдын жалбырактары жана майда курт-кумурскалар менен азыктанат.
Салмагы – ургаачысыныкы 2,5-3 килограмм, эркегиники 3,5 килограммга чейин жетет.
Өңү – ачык боз түстө келип, майда ак темгилдүү болот. Моюнунун, куйругунун астыңкы жүндөрү агыш жана моюнунун эки капталында кара күрөң сызыкчалары бар.
Денесинин узундугу – 50-70 сантиметр.
Көбөйүүсү – апрель айынын соңунда, май айынын башында уларлар жуп-жубу менен тобунан бөлүнүшөт да, уя салышат. Уясын аска боорундагы шагылдуу жана чөптүү жерди анча терең эмес, казан сыяктуу казып, астына жүндөрдү же өсүмдүктөрдүн сабактарын төшөйт. Ургаачысы 5-15 жумуртка тууп, 30 күндө балапан басып чыгарат.
ЖАШООСУНУН КӨПЧҮЛҮК БӨЛҮГҮ АСКАЛАРДА ӨТӨТ
Улар жашоосунда жылдын төрттөн үч бөлүгүн токой-черден алыс, шагылдуу тоо боорлорунда жана көк муз, ак мөңгү жаткан аскалуу бийиктиктерде өткөрөт. Күз, кыш жана жаз мезгилинде алар 15-20дан топ-топ болуп жашашат. Кышкы суукта тоңуп калбаш үчүн күз мезгилинде денесине майдын көп запасын топтошот.
Улар башка канаттуулардай болуп көп учпайт. Ошондой эле учуп баратканда канаттарын каккылап ашыкча талпына бербейт. Болгону асманга көтөрүлүүдө жана жерге конууга жакындаганда ылдамдыгын азайтуу үчүн гана канаттарын каккылабаса, көктө канаттарын жазып, каалгып учушат. Эртең менен ылдыйды көздөй учуп келишет да, кеч киргенге чейин оттуу жерлерден тоюнуп, жогору көздөй жөө басып чыгышат. Түнкүсүн түнөгү катары башкалар кыйынчылык менен жете турган үңкүрлөрдү, тоо боорундагы тешиктерди пайдаланышат.
КИЙИКТЕРДИН КАРООЛЧУСУ
Уларды көрүнгөн эле адам колго түшүрүп же атып ала албайт. Анткени ал тоо-ташка түспөлдөшүп кеткендиктен, көзгө көп урунбайт. Ошондой эле жайы-кышы кар кетпеген бийиктикте жүрөт жана сактыгы жагынан сагызгандан кем калбайт. Сактыгы улардын өзүнө гана эмес, кийиктер үчүн да жырткычтардын азуусунан жана мергендердин огунан кутулууда чоң жардам берет. Себеби кар калың түшкөн кыш мезгилинде улар тоюнуш үчүн кийиктер карды күрөп оттоп жүргөн жерлерде кошо жүрөт. Мындай учурда улар кийиктин кызматын пайдаланса, кийиктер анын кароолчулук кызматын пайдаланышат. Кандайдыр бир коркунуч туулса, улар тоону жаңырта «ул-ул-ул-ул» деп сайрап учуп жөнөйт. Добушту уккан башка уларлар жана кийиктер мергенчи же жырткычтарды көрбөсө да тоо беттеп жогору качышат. Улар үчүн атайын ууга чыккан мергендер аз. Көпчүлүгү кийикке аңчылык кылып жүрүп атып алышат. Андыктан улар атып олжого тунгандарды жолдуу мергендер деп койсок да болот.
УЛУУ ТООГО ЧЫККАН БАРБЫ?
Кыргызга «Улуу тоого чыккан барбы? Улар үнүн уккан барбы?» деген кеп кеңири таралган. Бул сөз эмнеден улам айтылып калганы боюнча ар кандай уламыш кептер бар. Алардын бирине кайрылсак, мындайча чечмеленет. Илгери ажылык милдетинен кутулуу үчүн Түштүк Арабиядагы Меккеге баргандарга жергиликтүү тургундар жогорудагыдай суроо узатышат. Сыйынуу жөрөлгөлөрүн аткарып жүргөн элдин арасынан бирөөсү оюнда эч нерсе жок «Улуу тоого мен чыгып, улар этин жегем» деп барбалактап чыга калат. Мына ушул жоопту күтүп турган, улардын эти касиеттүү деген арабдар ал адамды дары-дармек жасоо үчүн туш тараптан тытып кетишкендиги тууралуу айтылып келет.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg