Гезитибиздин өткөн санында жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салган ымыркайдын уурдалышы тууралуу жазганбыз. Эске салсак, 2013-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектин №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, ага медициналык кызматкерлердин да катыштыгы бар болуп чыкты. Наристе аман-эсен ата-энесине кайтарылып берилип, ага жакындары Октябрь РИИБинин урматына Октябрина деген ысым ыйгарышты.
ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Үстүбүздөгү жылдын август айында Нуржан Макенованын боюнан түшүп калып, ал бала багып алууга жардам беришин суранып менчик клиникалардын биринде иштеген Бегайым Алиева аттуу дарыгерге кайрылган. Бегайым «өзүм байланышам» деп анын телефон номерин жазып калган. 28-октябрь күнү Нуржанга Бегайымдын атынан өзүн «Бишкектеги №4-төрөткананын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн дарыгеримин, атым Элмира» деп тааныштырып аталган төрөткананын медайымы Шарапат Мамырканова телефон чалып, аны жолугушууга чакырат. Жолугушуу учурунда ал жаңы төрөлгөн кыз бар экендигин айтып, Нуржандан 1500 АКШ долларын сураган. Экөө соодалашып, жыйынтыгында наристе 1000 долларга бааланган. Анан экөөлөп ымыркайды төрөтканадан кантип алып чыгып кетүүнүн жолдорун сүйлөшүп, медайым кардарын калп эле «оорудум» деп №4-төрөтканага дарылануу үчүн жатууну сунуштайт. Нуржан Макенова анын айтканын аткарып, №15-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жолдомо алып, аталган төрөткананын гинекология бөлүмүндө дарылануу үчүн эртеси, 29-октябрь күнү жатат.
5-ноябрь күнү ал «айыгып» үйүнө чыгарда, болжол менен кечки саат 17:00 чамасында Шарапат Мамырканова ага ымыркайды алып келип берип, убадалашкан акчасын алат. Ымыркайды Нуржан Макенова Бишкектеги Асанбай кичи районундагы апасынын үйүнө алып кетет. 12-ноябрь күнү ага Бегайым Алиева өз үйүнөн «Нуржан Макенова 2013-жылдын 6-ноябрында кечки 18:30да салмагы 2 килограмм 800 грамм, бою 49 сантиметр кыз төрөгөн» деген жасалма аныктама жазып берген. Ал аныктаманы Нуржан Макенова Октябрь районунун нике каттоо бөлүмүнө көрсөтүп, ымыркайга Каныбекова Каныкей Бакытовна деген ысым менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган.
«МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР БАШКА ДА КЫЛМЫШТАРГА КАТЫШТЫГЫ БОЛУШУ МҮМКҮН»
14-ноябрь күнү Нуржан Макенованын кармалышы менен медицина кызматкерлеринин былыктары да чыгып, жогорудагы ишке катыштыгы барлар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин жетекчиси МЕЛИС ТУРГАНБАЕВ алардын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди:– Бул кылмышка шектелип Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова жана Бегайым Алиева аттуу жарандар кармалды. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалышты. Шектүү деп кармалган медицина кызматкерлеринин мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар болушу ыктымал жана жогорудагы кылмышка башка адамдар да аралашуусу мүмкүн.
Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул кылмышты учурда Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмү иликтөөдө. Кылмыш иликтөө жана тергөө бөлүмдөрүнүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен топ түзүлүп, алар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg