Рекордчу «Оппа, Гангнам стайл», кыздардын кыял төрүн ээлеген Гу Чжун Пё, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун, «Кышкы соната» менен «Ва-Банк» сериалдары... Ооба, сөз Корея Республикасы тууралуу болмокчу. Чындап эле корейлер ыр-бий, сериал-кино менен гана жашайбы, эмнеликтен ачуу татымалдарга «өч» болушат, сулуулук үчүн ашынган күрөш жана далалат кайдан жаралган?
Корея республикасы
1948-жылы негизделген.
Расмий тили – корей.
Борбору – Сеул.
Аянты – 99 620 чарчы чакырымга жакын.
Калкы – 50 миллиондун тегереги.
Дини – буддизм жана христиан.
Валютасы – 1000 вон орточо 50 сомго барабар.
ТАҢКЫ ШҮҮДҮРҮМДҮН ӨЛКӨСҮ
Корейлер өз мекенин «таңкы шүүдүрүмдүн өлкөсү» деп коюшат. Уламыштын маңызын өз жон-терим менен сезип ынандым. Учактын иллюминаторунан Сеул ондогон чоң экран, жүздөгөн прожектор жана миңдеген лампочкалар күйүп турган шоу-программанын аренасын элестетти. Түнгө карай конуп жатсак да, борбор калаа күндүзгүдөй, туш тараптан жарк-журктар көз уялтат. Чоң шаар, асман тиреген имараттар, кабат-кабат жолдор, кыйма-чийме транспорт кербени, мунун баарын бир ирмемге батырыш үчүн каректериң карбаластап чуркайт.
Мейманканага жайгашкан соң түнкү Сеулга сейилдөөгө чыктык. Адегенде байкаганым, аркыраган шамал организмиңдин ар бир клеткасын аңтар-теңтер кыдырып чыккандай туюлду. Күндүзү кыламык кар жаап өткөнүн айтышкан эле. География сабагынан Кореянын жарым арал экендиги, ал эми анын түштүк бөлүгүн Сары, Япон, Чыгыш-Кытай деңиздери курчап турганы эске түштү. Кафе жана дүкөндөрдүн босогосунан, жол боюндагы күркөлөрдүн жанынан кутуга салынуу кол чатырларды көрүүгө болот. Жаан-чачын көп жаагандыктан чет жердик адамга жайы өтө ысык, кышы өтө суук сезилет. Таң атпай туруп терезени ачып көрдүм, чынында башкача таза аба. Көзүңдү саамга жумсаң, өнүккөн өлкөнүн борборунда эмес, бийик тоонун чокусунда тургандай болосуң. Контрасттар муну менен эле аяктап калган жок...
АЧУУ МЕНЕН «ДОС» ЭЛ
Тамактануучу жайлардагы менюну карардан мурун эгерде ашказаныңыз «назик» болсо, официантка «ачуу болбосун» деп эскерткениңиз оң. Корейлерге тамагынын ачуу болуусу кадыресе көрүнүш. Сапарыбыздын биринчи күнүндө эң жөнөкөй гамбургерин жейбиз деп калемпирге күйдүк. Ал эми кетер күнү шириндик издеп дүкөн текчелерин тытмалап калдык. Корейлер таттууга жакын эл эмес, укканыма караганда, тиш дарыгерлердин кызмат көрсөтүү акысы кымбат болгондуктан, алар момпосуй менен шоколаддан алыс болуп калышыптыр.
Улуттук ашканасы эти аз, бирок чөп-чары менен жашылчасы көп тамактардан турат. Бизде негизги азыктарыбыз эт, камыр, нан болсо, аларда тузу жок бышырылган күрүч. Туздалган жана маринаддалган өсүмдүктөр, анын тамырлары, балык, деңиз продуктыларын буюртма берилген тамак менен кошо столго коюшат. Ушундай өзгөчөлүктөрдөн уламбы, биздегидей улуу жаштагы курсактуу эркектерди же толуп кеткен аялдарды дээрлик учуратканым жок.
Баса, сериалдардан көрүп калган көчө боюнда ар кандай жеңил тамактарды бышыргандарды көрүп жаттык. Жанына чейин басып барууга андан чыккан жагымсыз жыт жеткирбеди. Анан да корейлердин соджу деген арагынын «күчү» 15 градусту гана түзүп, баасы 50 сомдон ашпайт экен.
«ГУ ЧЖУН ПЁ?.. АЛ КИМ?»
Журналисттер тобун коштоп жүргөн Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринен «Гу Чжун Пё Кореяда да өтө популярдуубу?» деп сурап калдым. Анын таң калуусунан жүлжүйгөн көздөрү чоңоё түшүп, мени суроолуу карады. Билбеши мүмкүн деген кыялда «Гу Чжун Пёнун ролун аткарган актёр Ли Мин Хо» дедим. Ал саамга ойлоно калып, көздөрү жайнай «Ооба, ошондой жаш актёр бар. Бирок аны эң популярдуу демек эмесмин» деди. Шаабайым сууй түштү. Ал сөзүн «бизде Ли Бён Хон («Ва-Банк», «Айрис» сериалдарынын башкы каарманы), Пэ Ёң Жун («Кышкы соната»), Сон Хе Кё («Ва-Банк», «Жылуу уя») кадыр-барктуу жана атактуу» деп улантты.
Корей элинде улуу муун менен чини жогору турган адамдарга сый-урмат көрсөтүүсү, баш ийүүсү өтө маанилүү. Атүгүл бири-бирине жат кишилер учурашардан мурун жаш курагын тактап алышат.
Гу Чжун Пёну чала тааныган, балким, эмгегин жетишсиз деп баалаган кызматкердин пикири кийин көз алдымда өзгөрдү. Көчөлөрдө жүргөн автобустардан жаш актёр жана актрисалардын жарнамалык сүрөттөрүн, атактуу корей ырчы жана моделдеринин видеороликтерин, фотосүрөттөрүн супермаркеттерден, экрандардан көп көрүүгө болот. Корея толкунунун күйөрмандары үчүн фан-дүкөндөр да жетиштүү. Ичинде дисктерден өйдө алардын сүрөтү түшүрүлгөн чоң постерлер, кружка, футболка, альбом, сумка, дептер, байпактар да бар.
«МЭЭНЕТКЕЧКЕ АЙЛАНДЫК, БИРОК БАШ ИЙБЕДИК»
26 жаштагы УРМАТ ТУРДУМАМЫТОВ аттуу жердешибиз менен Сеулдун чет өлкөлүктөр көп болгон Тондэмун деген районунан жолугушуп, сүйлөшүп отурдук. – Кореяда жашап жатканыма үч жылдан ашты. Уюлдук телефондун байланышы менен тетиктерине байланыштуу чакан фирмада иштейм. Документ иштерине келсек, адегенде Кыргызстанда келишим түзгөм, кийин ишке ала турган компания чакыруу жөнөтөт. Бул жактагы мекендештердин көпчүлүгү 18-45 жаштын ортосундагылар, бирок эң көбү 28 жашка чейинкилер. Машина тетигин чыгаруучу заводдордо иштегендер басымдуу. Айлыкты 1100 доллардан баштап алышат. Келишим түзүп иштегендердин жатаканасы, тамак-ашы бекер. Орусиядагыдай полиция кызматкерлери чет жердиктерди текшере бербейт, көчөлөрдөн деле токтотушпайт. Иштеп жаткандардын ичинен бутуна туруп кеткендер көбүрөөк. Корейлердин мигранттарга жасаган мамилеси жакшы, эли сылык, жумушта кандайдыр бир маселе жаралып калса, Эмгек министрлигине кайрылса болот. Алар сага маани берип, маселеңди чечүүгө жардам беришет. Ооруканаларга кайрылсаң да чөнтөктөн азыраак акча кетет, акысын иштеген фирмаң менен камсыздандыруу компаниясы төлөйт.
Жаңы келгенде тилинен, анан тамак-ашынан кыйналдым. Көнүшүп кеткенден кийин дүкөндөн азык-түлүктү алып келип, үйдөн өзүбүздүн тамактарыбызды бышырабыз. Бош убакытта футбол ойноп, интернеттен Кыргызстандын жаңылыктарын окуйбуз.
Айтайын дегеним бар эле. Акыркы жылдары кыргыз кыздардын корейлерге турмушка чыгышы өтө көбөйүп кеткен, азыр кыйла азайып калды. Ал кыздарга карата ар кандай жаман-жакшы пикирлер орун алат. Бирок корейлерге турмушка чыгып жаткан кыргыз кыздарынын жыргаган турмуштан ушундай жолго барып жатпаганын моюнга алсак. Ошондой кыздар менен таанышып да калдык, көбү «ата-энеме үй алып берейин, кайсы бир карыздарын төлөйүн, бир туугандарыма жардам кылайын» деген ойлорду айтышат. Ооба, өзүн тобокелге салып турмушка чыккандар да, өз күчү менен бул жакта иштеп, Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багып жаткандар да бар. Ажырашып кеткендер да жок эмес, бирок алар деле тырмышып иш таап кетишет. «Кыздар, Гу Чжун Пёну көрүп алып, жашообуз кинодогудай болот деп элестетпегиле» дегим келет. Корея Республикасынын аянты Кыргызстандыкынан кичинекей, бирок калкынын саны бизден бир канча эсеге көп. Биздин айыл-кыштактагыдай чоң тамдарда эмес, кепе сыяктуу кичинекей үйлөрдө
жашашат. Чоң үйлөрдө жашагандары бай болуп, анда турган корей жигиттер өз кыздарынан артпайт.
Корейлерден эмнени үйрөндүм? Тазалыкты сактоону, сарамжалдуулукту, чыдамдуулук менен талыкпай иштөөнү. Алар мээнеткечтик боюнча дүйнөдө биринчи орунда. «Шеф карап жатат, иштемиш боло калайын» деген жок. Бош жерди да калтырышпайт, чөп айдай коюп, атүгүл каакымдын жалбырагынан өйдө жешет. Бизди жалкоо эл келет дешет го, бекер кеп экен. Бул жакта кээ бир кыргыздар корейлерден ашып түшкөн. Кыргызстанда бизнести жүргүзүүгө, аны алып кетүүгө шарттар, жеңилдиктер каралган эмес. Мисалы, Кореяда завод менен ишканалардын электр энергиясынын тарифи турак үйлөрдүкүнө караганда арзан. «Иштен акча таап келсе, үйүнүн кем-карчын толуктайт» деп ойлонушат корейлер. Бизде, тескерисинче, бизнести өнүктүрүп кетүүдө тоскоолдуктар көп, иш баштасаң да жарык өчүп калат дегендей. Ал эми биздин корейлерге үйрөткөнүбүз, достор арасында болсо да кол алыша учурашуубуз. Баш ийкөө керектигин унутуп калабызбы же каныбызга жат көрүнүшпү, кыскасы, муну үйрөнө албай койдук. Корей башчылары да айтышат экен «отузу учурашып, бирөөсү башын ийкебей калса, ал кыргыз болсо керек» деп.
«КОРЕЯ БИЛИМИ МЕНЕН БҮГҮНКҮГӨ ЖЕТТИ»
Кийинки маектешим Сеулдун Ханяң университетинин магистранты НУРСУЛТАН АЛТЫБАЕВ болду. – Корей коомун жалпылап алса, Кыргызстанды билбейт деле. Жогорку мамлекеттик кызматкерлер менен илим-билимдүүлөрү эле кабардар болушпаса... Бул жакта 3,5 миңдей кыргыз бар, 70 пайызы жумуш кылгандар, 20 пайызы корейлерге турмушка чыккандар жана 10 пайызы студенттер. Кореяда чет өлкөдөн кыз алуу мамлекеттик деңгээлдеги чоң саясат, анткени бир топ демографиялык көйгөйлөр орун алган (ред. Айрым маалыматтар боюнча, мындан 20-25 жыл мурун өлкөдө чоң изилдөө жүрүп, анын жыйынтыгы боюнча корейлердин каны бузулуп бара жаткандыгы аныкталган. Ага корейлердин башка улуттар менен кан аралашпагандыгы себеп деп табылган. Анын негизинде мамлекеттик программа кабыл алынып, корей жигиттер массалык түрдө башка улуттун кыздарына үйлөнүп башташкан. Айтымдарында, мындай үй-бүлөлөргө ар кандай жеңилдиктер да каралат. Кореяда эки улуттун өкүлдөрүнөн төрөлгөн балдар сулуулугу жана акылы менен да эки корейден жаралган балдардан айырмаланып турушат экен). Турмушка чыккан кыргыз кыздарынын көпчүлүгү ажырашып кетишет, анын себептерин айтып отурса, чоң китеп болчудай.
Өзүмө келсем, университетке сынак аркылуу өткөм. Жылына 5 миң доллар төлөп окуйм. Акысы кымбат, ошого жараша билим да беришет. Билим берүү тармагын Кыргызстан менен салыштырбай эле койгон жакшы. Салыштыра турган эч нерсе жок. Кореяны өнүгүүгө алып келген эң чоң түрткү бул – билим. Бул өлкөдөн үйрөнчүбүз абдан көп. Ал бизге эле эмес, учурда дүйнөгө үлгү болууда. Кыска убакыттын ичинде дүйнөдөгү эң кедей мамлекеттердин арасынан суурулуп чыгып, алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен орун алуу сыймыктуу. Кайсы тармак боюнча кызматташуу алып барбайлы, жакшы жагын алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин сапары учурунда корей бизнесмендеринин Кыргызстанга карата кызыгуусу артты. Өзүм 3-4 корей ишкеринин кыргыз тарапка болгон сунуштарын которуп бердим. Алар «бизнесимдин корголушуна ким кепилдик берет?» деген суроону кабыргасынан коюшту. Биздин бийлик өкүлдөрү чет өлкөгө чыгып «инвестор керек» деп айтуудан мурун аларга шарт түзүп берүүнү ойлонуусу керек. Анан Кыргызстандагы олку-солку саясий кырдаал инвесторду эле эмес, карапайым калкты деле чочутуп жатпайбы.
Окууну бүткөндөн кийин чет өлкөдөн карьера жасайын деген пландарым бар. Убактысы келгенде Кыргызстанга кайтып, кызмат кылам. Мыкты мамлекеттик кызматкер болуу – башкы тилегим.
БҮЛБҮЛ ЖАНГАН ҮМҮТ ШООЛАСЫ
Кыргызстанга сапар алар күнү мейманкананын жанындагы көчөлөрдү кыдырып, түбүнөн чокусуна дейре айнек менен капталган мэриянын имаратын көрүп, колуна кофе кармай жумушуна шашып бара жаткандарга күбө болдум. Корейлердин ген өзгөчөлүгүнөнбү, айтор, дээрлик баары көз айнекчен. Улуу муун окшош кыска чач жасалга жана жупуну кийим менен жүрсө, жаштары жалпы фондон жок дегенде калың оронгон шарфтары, чоң экрандуу уюлдук телефонун чукулап бара жаткандыгы менен айырмаланышат. Колдо бар алтындын баркы жокпу, көзүмө көбүнчө «Самсунг» эмес, «Apple» корпорациясынын тиштелген алмалуу телефондору урунуп жатты.
Сеулдун ортосунан агып өткөн Ханган дарыясында 30га чукул көпүрөлөр курулган, борбор шаарда 20 миңден ашуун ишкана бар дешет. Ал эми турак жайлардын райондору алыстан Бишкектин Жал-Артис кичи районундагы корейлер тургузган көп кабаттуу эки үйдүн чоң топтому сыяктуу көрүнөт. Асман тиреген имараттар арасында бак-дарактардын бар экендиги билинбейт, ошентсе да корейлер жолдун боюна жыгачтан жасалган чоң челектерге көчөттөрдү көп өстүрүшөт экен.
Жаркыраган Сеулдан анда-мында лампочка күйгөн Бишкекке конуу саамга нес болуу менен мекенге кайтуу кубанычын тартуулады. Экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Сингапур жана Гонконг менен катар Корея Республикасынын «Азиянын жолборсу» деп атыгуусу сыяктуу жакынкы аралыкта Кыргызстан да «Борбор Азиянын ак илбирси» деп чыгышын кааладым. Өлкөбүз өнүгүүгө болгон кадамдарын бачым шилтесе экен деген тилектер гана бул караңгылыкка бүлбүл жанган үмүттүн шооласын чачыратып жатты...
Бишкек-Сеул-Бишкек
Эльвира Караева
koom@super.kg