Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу Канат Эшимбеков:«АПАМ КАЗА БОЛГОНДО АТАМ КАТУУ ЖОКТОГОН»

Бүгүнкү менин маектешим өтө тамашакөй экен. Анын бул сапаты апасы Таттыбүбү Турсунбаевадан өткөнүн билдим. Театр жана кино ишмерлери Имаш Эшимбеков менен Таттыбүбү Турсунбаеванын туягы Канат Эшимбеков кесиби боюнча тиш доктур болгону менен, жан дүйнөсү искусствого жакын. Өз заманынын жылдыздары, атактуу эки инсандын уулу Канаттын балалыгы кандай жагдайда өткөнүн төмөнкү макаладан окуңуз.

– Канат, келбетиңиз атаңызга окшош экен. Эжеңиз Асел Эшимбекованы көргөндө дароо эле Таттыбүбү Турсунбаеванын элесин көрдүм эле.
– Көзүмдөн башка жерим бүт атама окшош. Асел болсо апама караганда таенеме аябай окшош.

Балалык – өзүнчө аалам, ошол аалам кучагына бой таштабайсызбы дегени турам...
– Ал кезди эстегенде апам, атам, Асел болуп эки күндүн биринде эле куурулган картошка жей бергенибиз көзгө элестейт. Апамдын дайыма иши көп боло турган. Анан бир жакка чыгарда тез эле картошка кууруй койчу да, «ким жетишсе жеп калат» деп тамашалап биздин курсагыбызды тойгузчу. Тамашаны жакшы кабыл алчу, өзү да тамашакөй эле.
Менин балалыгымдын издери театрда, гастролдо жана күнү-түнү иштеген бала бакчада калды. Кээде үйдө деле калчубуз, албетте. Үйдө болгондо биздикинде жашаган туугандарыбыз карашчу. Күнү-түнү иштеген бала бакчада жумалап жашаган да күндөрүбүз болгон. Эмнегедир Аселди дайыма Жумгалга, таенемдикине, мени Кегетиге, чоң атамдыкына жиберишчү. Атамдын агасын чоң ата дечүбүз. Ал киши чабан эле. Кичинемде көп ооруган алсыз бала болуптурмун, сүт ичип оңолсун деп жайлоого эле алып бара бергендери ошондон улам экен.

– «Апам менен гастролдо да көп жүрдүм» деп жатасыз, киного тартылып калган учуруңуз болдубу?
– Апам Уркуяны ойногондо Асел экөөбүз жанында, Баткенде болчубуз. Анда кулагым ооругандыктан, башымды таңып коюшкан. Үй өрттөнгөндөн кийин Сабира Күмүшалиева балдарын жетелеп талаада бараткан кадрдагы кичинекейлердин бири менмин. Асел киного тартылганды жакшы көрчү, «мени тарткыла, мени тарткыла» деп сурана берчү. Режиссёрлордун көбү эмнегедир аны эмес, мени тандашчу. Кичине кезимде эле актёр болгум келген эмес. Атам дагы «актёр болом десеңер, таарынбагыла» деп эжем экөөбүзгө тең тыюу салган.

– Асел эже экөөңөрдүн ортоңор канча жаш?
– Мен андан бир жаш кичүүмүн. Асел 1-класска киргенде апам менен гастролдо көп жүрүп калган. «Сабактардан артта калды, эмне кылабыз?» деген мугалимдер «кайра эле иниси менен чогуу окусун» деп 1-класска отургузуп коюшкан. Ошентип, 28-мектепте экөөбүз бир класста, бир партада окууну баштаганбыз. 8-класстан экөөбүз эки башка багыттагы класска бөлүнүп кеттик.

– Кимиңер жакшы окучу элеңер? Тийишкен балдардан эжеңизди коргочу белеңиз?
– Ар кандай болчу. Кээде мен даярданып барбай калсам, кээде Асел начар жооп берчү. Мен химия, физика сабактардан жакшы болсом, ал гуманитардык сабактардан мыкты болчу. Тийишкен балдарды мага жеткирбей өзү эле жайлап койчу. Мүнөзү аябай катуу эле. Кичине чакта бир жолу экөөбүз үйдөн уруша кетип, аягында Аселди, эркектик кылдым окшойм, мурдун каната ургам. Дагы бир жолу бычактарды кылыч кылып ойноп жатып колумду кесип алгам. Ошондон кийин бычак кармабай калганбыз. Күнөө менден кетсе да, андан кетсе да, мен кечирим сурачумун. Анткени апамды тартып тамашакөй, жумшак, ак көңүлмүн. Аселдин мүнөзү атам жакка оогон окшойт, бир аз катаалыраак.

– Атаңыз кандай адам эле?
– Ал биз үчүн сүрдүү адам болчу. Мен 2-класста окуп жатканда болуш керек, атам менен апам ажырашып кетишти. Анан атам мени алып Ош драма театрына кетип калган. Кийин ойлосом атама жетекчилик да, кесиптештери да начар мамиле кылып, четке сүрүшкөн экен. Жарытылуу роль да беришпептир. Оштон атам бир эле учурда сценарист, режиссёр, актёр дагы болуп эмгектенген. Убактысы тар болсо да, мага көп көңүл бурар эле. Гитара черткенди үйрөнгөм, спорт менен машыкчумун. Атам Кыргыз драма театрында өзү менен чогуу иштеген Жамиля Сыдыкбаевага үйлөнүп, Ошко чогуу кеткенбиз. Ошто жашап жүргөндө карындашым Булана жарыкка келди. Аңгыча атамды кайра борборго чакыртышты.
Борборго келгени мен бир апама барам, бир атамдын колуна келип, эки үйдүн ортосунда жашадым. 9-класстан режиссёр болгум келди. Режиссёрлукту бүтүп келип долбоор ачып, атам менен иштешүү планымда бар болчу. Бирок атам мени Айыл чарба институтунун зоофагына тапшыртып койду. Чынын айтсам, бул адистикке көңүлүм жок эле. Бир жарым жыл окугандан кийин Москвага аскерге кетип калдым.
Асел мектепти аяктаганда филология факультетине тапшырган. Бирок актриса болом деген каалоосу күч болчу. Ленинграддагы театрга студенттерди кабыл алабыз деп атайын өкүлдөр Кыргызстанга келишкен экен. Асел алар менен кеткиси келген, бирок атам уруксат бербей койгон. Анан баарылап жатып уруксатын алып, Аселди окууга кетирген элек. Ошентип, Асел дагы бул жердеги окуусун таштап, Ленинграддан актёрлукту бүтүп келген.
Мен аскерден кадыресе эле чоңоюп келдим. Аскерден келип «ата, менден кайдагы мал доктур чыкмак эле, мен тиш доктур болом» деп Медакадемияга тапшырдым.

– Ленинградга кеткенге чейин Асел эже «Махабат дастаны» тасмасында роль жараткан эле. Балким, сиз да тартылгандырсыз...
– Ооба, Асел башкы ролго тандалды. 9-классты аяктап, каникул учуру эле. Атам мени да «жүрү, сен да иштеп көр» деп ээрчитип алган. Өзү да бай казактын жан-жөкөрүн ойномок. Мен сүрөтчүнүн жардамчысы болуп алдым. Дооронбек байкенин суранычы менен бир эпизодго түшкөм, бирок бир дагы сөз сүйлөбөйм деген шарт менен. Ошентип жүрүп 350 рубль гонорар алгам. Өзүм 50 рублди алып, калганын атама бергем.

– Тасмада Бегимайдын домбра менен ырдаганын Асел эже өзү аткарганбы?
– Тартуу учурунда жаттап өзү ырдаган, бирок дубляжда башка ырчы ырдаган. Асел домбра черткенди билбейт да, «калп эле кармап отура бербей, бир аз колуңду кыймылдатсаң» деп шылдыңдачумун.

– Апаңыздын көзү өтүп кеткен учурду унута албасаңыз керек...
– Капысынан ооруканага жатып, тез эле бизди энесиз кылып кете берди. Атам биз менен жашап калды. Тиги үй-бүлөсүнө да барып турчу. Кээде апамдын ырдаган ырларын ырдап, көпкө ойлонуп отуруп калчу. «Актрисалыкты тандабаса көп жашамак» деп сүйлөй берчү. Ошондон улам атамдын апамды сагынып, жоктоп жатканын, сүйгөнүн сезер элем.
Атам да узак жашабады. 51 жашында Кегетиге картошка казып келем деп кетип кайра кайткан жок. Жүрөгү ооручу эле, инфаркт болуптур.

– «Ата-энем бири-бирин катуу сүйүшкөн» деп жатасыз, эмнеге ажырашып кетишти деп ойлойсуз?
– Атактуу актрисанын жанында жөнөкөй актёрдун турушу эркек үчүн өтө оор болгон. Мындан башка дагы бир топ себептери болгонун кийин түшүндүм.

– Маекти өзүңүздүн жеке жашооңузга бурсак, азыр кайсы жерде иштеп жатасыз?
– Медакадемияны аяктагандан кийин тиш доктур болуп беш жыл иштедим. Анан досум менен бир нече жыл дүңүнөн товар саттык. Урмат жездемдин (ред. Урмат Барыктабасов) жардамы менен жыгачтан эшик-терезе жасоочу цех ачып, азыр ошону менен алектенем.

– Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып кетсеңиз...
– Үч уулум бар. Төртүнчүсү кыз. Келинчегим Айдай кесиби боюнча экономист. Учурда балдарымды карап үйдө. Анын сулуулугун баалайм, мээримдүүлүгүн сыйлайм.

«Эжем Асел экөөбүз классташпыз».

«Атам менен апам репетиция кылып жатышканда Асел экөөбүз башка бөлмөдө отурчубуз».

«Балдарым Адил, Жалил, Камил, баары таланттуу. Кызым Айбийкени көргөндөр чоң энесине окшоштурушат».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
NURZIA
2013-12-02 20:03:04
Билбегенге жердеги бир кыз олду, билгендерге асмандагы жылдыз олду. Таттыбубу Турсунбаева.
+2
NURZIA
2013-12-02 20:04:42
асел деген Кызы жанагы бегимайдын ролун ойногонбу эми билип жатам раймаалы мн ойногон казак кызбы
-3
chynar_09
2013-12-03 09:16:19
Aсел Эшимканова абдан жагат
0
nurali20
2013-12-03 13:36:44
Таттыбубу эже 1944-ж туулса керек эле эгер жанылбасам.Кайталангыс таланттуу,ай чырайлуу,коз карашы менен орттоп,кериле басып маралдай, сулуулугуна ичи куйуп озунун жанындагы достору коро албастык кылган.
0
Aselina_kg
2013-12-03 14:19:36
Бактылуу болушсун уйбулоосу мн!Татынакай балдарына кен келечек
0
kamo
2013-12-03 17:08:03
Таттыбубу эже эмне болуп каза болгон эле?
+1
Kumpulu
2013-12-03 19:27:20
Таттыбүбү Турсунбаеванын сулуулугу эркектердин гана эмес айымдардын да тизесин бүктүрөт. Улуу актриса эжебиздин сүрөтүн карап суктануудан эч тажабайм.
0
Kumpulu
2013-12-03 19:33:09
Таттыбүбү эжекебиздин тукумун сулуулардын династиясы деп койсок болчудай. Эжекебиздин уул-кызы да, уулунун балдары да моюну узун тартып аябай жакшынакай экен.
0
belosnejka1
2013-12-03 20:00:29
Таттыбубунун актриса болушуна каршы болчу экен да куйосу. Аял кишиге эркек тараптан колдоо болуп турбаса карьера да кыйынга тушот. Эх... Таттыбубу кыргызга бир келген ак куу болчу да... ( коро албастар уу берип салган деп окугам) жаткан жери жайлуу болсун.
0
gutler
2013-12-04 02:09:45
маек сонун чыгыптыр. Ушундай белгилуу инсандардын,биз билбеген жактары менен статьялар коп болсо.
0
jonsons
2013-12-04 17:44:59
аялы бир аз улуураак корунот экен, бирок 4 баланын энеси экенине данк!
0
tokitok
2013-12-04 20:42:12
мен т турсунбаеваны псих больницага жаткан деп уккам канчалык чындыгы бар олгондугу тууралуу толук маалымат бергилечи сураныч
+1
s.bekmirza.kg
2013-12-22 23:21:57
таттыбубу эже кыргыздын унутулгус жылдызы козу отуп кетседа ар бир кыргыздын журогундо жашайт
0
Ainura79
2014-02-27 15:06:44
Темасын Имаш Эшимбеков менен Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу... десе болмок экен. Экөөнүн эркек баласы бар экенине кубандым. Сулуу адамдардын балдары да татынакай экен. Эми силер - балдары жашоонун жакшылыгын көп көрүп жашагыла.
0
Aruwka.89
2015-10-04 17:43:38
Эмнегедир Таттыбубу Турсунбаева ж.до окусам еле ыйлагым келе берет,Эх кылымда бир жаралган сулуу да
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан