ИНСУЛЬТ МЕНЕН ИНФАРКТТАН САКТАП КАЛУУЧУ АППАРАТ БУЗУЛУП, АДАМДАР ӨЛҮМГӨ УЧУРАШУУДАБЫ?

Кыргызстан боюнча адам органдарындагы кан тамырлардын абалын изилдеп, инсульттан, миокарддын инфарктынан алып калуучу мамлекетке караштуу 2 ангиограф аппараты бар. Анын бири 2,5 айдан бери бузук турат. Ушундан улам жүрөк оорулуулар көз жумууда, кезекке тургандар акча берип кезегин жылдырууда деген сөздүн чындыгын изилдеп көрдүк. Бузук аппарат Улуттук кардиология жана терапия борборунда болгондуктан, аталган борбордун директорунун орун басары АКПАЙ САРЫБАЕВДИ маекке тарттык.

– Акпай мырза, адегенде ангиограф тууралуу элге түшүндүрмө берсек. Ал кандай аппарат, канча турат?
– Ангиограф рентгендик нурлардын жардамы менен иштейт. Денедеги ткандардын жана кан тамырлардын (жүрөктүн, мээнин, колу-буттун жана башка) абалын так аныктап, изилдөөгө болот. Кыргызстанда ангиографтан үчөө бар. Анын экөөсү мамлекеттик жана Бишкекте, бирөө биздин борбордо, экинчиси Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда. Үчүнчүсү Ошто, жеке менчик. Биздеги ангиограф Голландиядан 2002-жылы чыгарылган PHILIPS Integris Allura. 2006-жылы декабрда Голландиядан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы бөлүктөр менен толукталып, алынып келинген. Иштөө мүмкүнчүлүгү 5 жылга эсептелген. Бирок дале колдонуп жатабыз. Баасы болжол менен 27 миллион сом болчу. Ангиографтардын азыркы баалары миллион евродон ашык.
Кыргызстан жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча КМШ өлкөлөрүндө алдыда турат. Андыктан бизде ангиографтын жардамы менен жүрөктүн коронардык кан тамырларын текшерүү ыкмасы – коронарография көп колдонулат. Бул тууралуу кыскача түшүнүк берейин. Коронардык кан тамырлардын бир жеринде кан уюп же май түйдөкчөсү (холестериновые бляшки) туруп калса, анда ошол жерден ары кан жүрбөй, органдын ткандары өлө баштайт.
Бул аппарат адамга өзгөчө инсультка (мээге кандын куюлушу), миокарддын (жүрөк булчуңу) инфарктына чалдыккан алгачкы 1-2 саат ичинде абдан зарыл. Анткени кайсы жерге кандын уюп же май түйдөкчөсүнүн туруп калганы так аныкталат. Уюп калган кан дары менен эритилип, кандын андан ары жүрүшү камсыздалат. Ал эми май түйдөкчөсү жалпайтылып, ал жерге катетер аркылуу стент (жасалма кан тамыр) коюлат да кан ары көздөй агып, адам өлбөй калат.
Ангиографты оңдоого бюджеттен акча бөлүнүп жатат, жакында оңдолот.

– Ангиографка текшерилүүгө жана стентке акчаны оорулуулар төлөйбү?
– Коронарографиядан өтүүгө ооруган адам 10-11 миң сом төлөйт. Бул сумма текшерүү жүргүзүү үчүн бир адамга керектүү делген катетердин жана аны өткөрүүчү жабдыктын жана башкалардын баалары. Өкмөт булар үчүн акча бөлбөйт, болгону контрасттык суюктукка каражат чектейт. Стент сапатына жараша 700 доллардан
3,5 миң долларга чейин болот. 700 долларлыктарынын сапаты төмөн болгондуктан, азыр колдонулбайт.

– Бул баалар ким тарабынан коюлат?
– Баалар чыгарылган фирма тарабынан коюлат. Ал бааларды биз Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жөнөтөбүз. Алар биз менен акылдашып, бир суммага токтолуп, анан аны Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштайбыз. Акыркы баа алар тарабынан чектелип, элге ошол баа айтылат. Ага биз 1 тыйын да кошпойбуз.

– Коронарография кандайча жүргүзүлөт?
– Адамдын анализдери алынып, текшерилгенден кийин ангиографка жаткызылат. Ооруну сездирбөөчү укол сайылып, адамдын жоон санындагы же колундагы күрөө кан тамырга ичке катетер киргизилет. Ал катетер жүрөктүн кан тамырларына контрасттык суюктукту, зарыл болсо буга кошо стент жеткирет. Контрасттык суюктук уюган кандын же май түйдөкчөсүнүн кайсы жерде экендигин монитор аркылуу көрүүгө жардам берет.

– «Ангиограф бузулгандан улам инсульт, миокарддын инфарктына чалдыккандар көз жумууда» дегендин канчалык чындыгы бар?
– Көз жумууда деген туура эмес. Бизге келгендердин ичинен шашылыш жардамга муктаждары Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна жиберилүүдө. Бизде ангиограф менен иштеп, операция жасоочу рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмү бар. Калган сурооңуздарга ошол бөлүмдүн жетекчиси толук жооп берет.

«АНГИОГРАФКА АЗЫР КЕЗЕК ЖОК»
Эми биз рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмүнүн жетекчиси МУРАТ ДАДАБАЕВ менен жолугуп, маектештик.

– Мурат мырза, айтсаңыз, ангиограф аппаратынын эмнеси бузулган?
– Электр менен камсыздоочу блогу күйүп кетип, токтоп турат. Өкмөттөн каражат бөлүндү, мүмкүн, 5-6 же 10-15 күндө оңдолот.

– Аппаратты блокко эмес, токко түз туташтырып иштетсе болбойбу?
– Блок токтун бир калыпта келишин көзөмөлдөйт. Эгер аппаратты токко түз туташтырсак, анда аппарат толугу менен күйүп кетет.

– «Ангиограф оңолгондо көрүнүү үчүн адамдар кезекке жазылып, ал кезекти алдыга жылдыртуу максатында 50-60 долларга чейин беришүүдө» дегенге кандай жооп айтасыз?
– Ангиограф бузулганда эле тиешелүү кызматкерлер кезексиз эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Алар жок болгондон кийин адамдарды кезекке жаздыруу болбойт. Аппарат иштеп баштаганда гана кезек болот. Андыктан кезекке жаздырып, аны жылдырууга акча беришүүдө деген калп.

– Анда сиздерде дегеле кезек жок экен да?..
– Ангиограф менен биз жүрөк кемтиктерин бүтөө операцияларын да жасайбыз. Мына ошол операцияга кезекке тургандардын саны 300дөн ашты. Операция скальпелсиз жасалат. Катетер аркылуу атайын материал жүрөккө жеткирилип, кемтик жамалат. Оорулуу 2-3 күндө үйүнө чыгарылат.

– 1 жылда канча адамга жүрөк кан тамырларына стент коюлат?
– Бир жылда 100-150 адамга стент коюу операциясы жасалат. Мурун 1 жыл үчүн мамлекеттик бюджеттен 20-30 стенттин акчасы бөлүнчү. Азыр стент үчүн таптакыр акча бөлүнбөй, оорулуулар өздөрү сатып алышууда. Мамлекет жок дегенде 1 жылга 500-600 стент үчүн каражат бөлсө, биз ошончо адамды майыптыктан, өлүмдөн алып калат элек.

– Аппарат иштеп жаткан учурда күндө канча адам коронарографиядан өткөзүлөт?
– 1 күндө 7-8 адам.

СТАТИСТИКА

  • Өлкөдө ар бир 100 миң адамдын ичинен 230у инсультка кабылат.
  • Улуттук кардиология жана терапия борборунда 1 жылда 900-1000дей адам коронарографиялык текшерилүүдөн өтөт.
  • Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, 1 миллион эл үчүн 1 ангиограф керек. Бирок Кыргызстанда бюджеттик 2 ангиограф гана болуп, үчөө жетишпейт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tilek-x
2013-12-04 16:33:49
Э миллиондоп жеген чиновниктер байлыгынардын азыраак болугуно ушул журок аппаратын алып берип койсонор элдин да сообуна калат эленерго!
+1
TUMAN1
2013-12-04 22:48:07
Депутаттар машиналарын алмаштырбай ушуга окшогон элге керектуу нерселерди алмаштырышса болоор эле, кайран кыргыз элим
+1
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан